Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты № 01-10/12
Баткен шаар мэриясынын алдындагы курулуш куруу жана жер пайдалануу боюнча комиссиясы жөнүндө жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» 2011-жылдын 11-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 5-пункутуна, 18-берененин 15-пункутана ылайык Баткен шаардык Кеңешинин курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаар мэриясынын алдындагы курулуш куруу жана жер пайдалануу боюнча комиссиясы жөнүндө жобосу бекитилсин. (жобо тиркелет)
2. Бекитилген комиссия курамы каралган маселелер үчүн берген добушуна жоопкерчиликтүү экендиги эскертилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баткен шаардык Кеңешинин курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына М.Добутов тапшырылсын.
Төрага | А. Ташбеков |
| Баткен шаардык Кеңештин VI чакырылышынын Кезектеги III сессиясынын №01-10/12 токтомунун тиркемеси |
Баткен шаарнын мэриясынын алдындагы курулуш куруу жана жер пайдалануу боюнча комиссиясы жөнүндө
Жобо
1. Жалпы жоболор
Баткен шаарынын мэриясына караштуу калктуу конуштарында жер участокторуна укуктарды берүү иш аракеттерин жүзөгө ашыруу үчүн курулуш куру жана жер пайдалануу боюнча комиссия түзүлөт (мындан ары-Комиссия).
Курулуш куруу жана жер пайдалануу боюнча комиссия өзүнүн ишмердигин кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-фебралындагы № 57 Токтому менен бекитилген «Калктуу конуштардагы жер участокторуна менчик же ижара укуктарын акы төлөө менен берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» Ушул жобого, жана Комиссиянынын ишмердиги белгилүү эрежелерге жана тартипке келтирүүчү Шаардык кеңеш тарабынан тастыкталган ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзөт.
2. Комиссияны түзүү тартиби
Комиссияныны курамын Мэрдин сунушу менен шаардык кеңеши бекитет.
Комиссиянын төрагасы болуп I вице мэридин жооптуу катчысы (же мэриянын башка бир жетекчи адиси же жооптуу кызматчысы) саналат.
Комиссиянын төрагасынын орун басары болуп төмөнкүлөр саналат.
-Баткен областык шаар курулуш архитектуралыгын башкармалыгы башчысы (же башчынын орун басары же аталган Баткен шаарыны тейлеген архитектуранын тиешелүү адиси)
-райондук Госрегистирдин башчысы (же башчынын орун басары же аталган Баткен шаарынын тейлеген райондук Госрегистирдин тиешелүү адиси)
Комиссиянын курамына төмөндөгү мекемелердин жана уюумдардын өкүлөдрү кирет:
-шаар мэриясынын өнөр жай курулуш,айыл чарба секторунун башчысы
-шаар мэриясынын айыл чарба жер маселелер боюнча жетекчи адис (же мэриянын алдындагы Муниципалдык менчигин башкаруу боюнча жетекчи адис)
-шаардык Кеңештин 3 депутаты:
-АТО башчылары
Комиссиянын курамы жалпы саны -10(АТО башчыларыдан тышкары)
Комиссияга мүчөлүк мөөнөтүнөн мурда төмөнкү учурларда токтотулат:
-Комиссиянын мүчөсүнүн өзүнүн ыктыярдуу арызынын негизинде :
-Мэрдин чечиминин негизинде:
-Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында алдын алаа караштырылган учурлардын негизинде.
3. Комиссияныны ишмердигин негизинде
Өзүнүн ишмердиги Комиссия отурум түрүндө жүргүзөт. Комиссиянын отурумунун жыйынтыктыры протокол түрүндө таризделет.
Мэрияныны жеке адамдардын жана юридикалык жактардын тиешелүү
Жеручастокторуна укугун ээликке берүү жөнүндө арыздарынын негизинде даярдарган керектүү иш кагаздары Комиссиянын кароосуна келип түшкөндөн кийин,Комиссиянын төрагасы отурумдун өткөрүлүүчү мөөнөтүн белгилейт.
Комиссиянын отурумуна анын бардык мүчөлөрү милдеттүү турдө чакырылат.
Комиссиянын отурумунун жүрүшүн төрага алып барат, ал жок болгон кезде-орун басарларынын бири же төрага тарабынан өкүлдүк берилген Комиссия мүчөсү.
Комисиянын чечимдери мүчөлөрүнүн жалпы саны үчтөн экиден кем эмес катышканда добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда Комиссиянын төрагасы добуш чечүүчү болот. Комисиянын протоколун Комисичнын төрагасы бекитет.
Конкретүү суроо каралып жаткан мезгилде жана ошол суроо боюнча добуш берүүдө Комиссиянын кайсы мүчөсү болбосун, төмөнкү учурларда Комиссиянынын жүргүзүлгөн ишине катышуудан бошотулат.
Эгерде:
-каралып жаткан маселе боюнча түз финансылык же мүлктүк кызыкчылыгы бар болсо;
-жер участогуна укугун ээликке берүү жөнүндө кайрылган арыз ээси менен туугандык мамилеси болсо.
Мэрия Комиссиянын отурумдарын өткөрүү үчүн ыңгайлуу жай бөлүп берет.
Комиссиянын төрагасынын сунушу менен Мэр тооруктан түшкөн акча каражаттардын эсебинен Комиссиянын мүчөлөрүнө бир жолу берилүүчү акчалай сыйлоого укуктуу.
4. Комиссиянын аткарган кызматтары
4.1. Комиссия төмөнкудөй кызматтарды аткарат:
жер участокторуна менчик же ижара укугун беруу мумкундугу жөнунде чечим
чыгарат;жер участогуна укуктун турлерун (менчик, ижара), аларды беруунун ыкмалары (аукцион, сынак, туз сатуу ж.б.) аньпстайт;
лоттун бапггапкы наркын же сатуу женунде туз суйлөшуулөрду жургузуу учун же участокторунун бапггапкы наркынын елчемдерун аныктайт; тооруктун уюпггуруучусу болот; тоорукгун жьшынтыгьш аныюгалган тартипте бекитет;
өзунун демилгеси менен же жеке адамдардан жана юридикалык жактардан тушке арыздардьш негизинде төмөнкудөй маселелер боюнча коомдук угууларды өткөрө' шаар куруу регламенттерине ылайык жер участокторун жана башка кыймылсы мулктөрун пайдаланууга уруксат, беруу; калктуу конуштардын генералды пландарьш, чектөөлөрду жана башка шаар куруу документтерин макулдашуу; калктуу конупггардагы жер участокторуна укуктарын беруучу жергиликту ченемдик укуктук актыларга өзгөртуулөрду жана толуктоолорду киргизуу жөнундө сунуштарды даярдайт;
керектүү учурларда тиешелүү жер участокторуна сервитут (бирөөнун же участкасына чектелүү пайдалануу укугу) белгилөө жөнундө мэр сунуштайт;
ушул Жободо жана бөлөк ченемдик укуктук актыларда каралган компетенциясьн чегинде жер участокторуна укуктарды береге байланышкан башка маселелерд карайт.
4.2. Комиссия төмөнкулөргө укуктуу:
отурумда карала турган суроолор боюнча менчиктик турунө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан жергиликтуу мамлекеттик органдардын тутумундап бөлумдөрунөн, техникалык кызматтардан жана ишканалардан расмий корутундун беруусун, жыйынтык (экспертиза) чыгарып берүү жагын жана башка керектуу ип кагаздарды даярдап беруусун талап кылууга;
Жооптуу катчы | Ж. Алдашова |