Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты № 01-10/13
Баткен шаарынын жер участокторуна менчик же ижара укуктарын акы төлөө менен берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобосун жана комиссия курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» 2011-жылдын 11-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 5-пункутуна ылайык, шаар аймагындагы айыл чарба жерлерин асылдуулугун сактоо жана максаттуу иштетүү үчүн муниципалдык менчик департаментинин «айыл чарба жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндөгү» сунуштаган жобосун угуп талкуулап чыгып Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаарынын жер участокторуна менчик же ижара укуктарын акы төлөө менен берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобосу бекитилсин.(жобо тиркелет)
2. Бекитилген комиссия курамы каралган маселелер үчүн берген добушуна жоопкерчиликтүү экендиги эскертилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары М.Дубанаевге тапшырылсын.
Төрага | А. Ташбеков |
| Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясынын №01-10/13 токтомуна тиркеме |
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик
фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндөгү
Кеңешинин курамы
1. Султанов М. Баткен шаарынын 1-вице мэри комиссиянын төрагасы
Комиссиянын мүчөлөрү
2.Эргешов К. Баткен областтык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын
башчысы, жерге жайгаштыруу, курулуш куруу жана архитектура
маселелери боюнча эксперт, комиссиянын төрагасынын орун басары.
3.Дубанаев М Баткен шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары, комиссиянын
мүчөсү
4.Акматов А. Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик
департаментинин директору
5.Имаров А. Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө
укуктарды каттоо башкармалыгынын орун басары, жерге жайгаштыруу
жана кыймылсыз мүлк боюнча эксперт, комиссиянын мүчөсү
6.Жунусалиев Д Баткен областтык СЭСинин башкы врачынын орун басары, санитардык
эпидемия маселелери боюнча эксперт, комиссиянын мүчөсү
7.Пинназаров А Баткен шаардык Кеңешинин депутаты, муниципалдык менчик, айыл
чарба , агрардык жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын
мүчөсү
8.Примкулов А Баткен шаардык Кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү
9.Довлятбек у Ч Баткен шаардык Кеңешинин депутаты, комиссиянын мүчөсү
10.Калилов Ы ММДнин айыл чарба секторунун башкы адиси
11.Курбанбеков М Баткен шаарынын Кызыл-Доң кварталынын башчысы
12.Максытов К Баткен шаарынын Келечек кварталынын башчысы
13.Асанов С Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын башчысы
14.Талибаев А Баткен шаарынын Чет-Булак кварталынын башчысы
Баткен шаарынын жер участокторуна менчик же ижара укуктарын акы төлөө менен берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
2. Бул жободо колдонулган түшүнүктөр
3. Тооруктун жана түз сатуунун уюштуруучулары, катышуучулары жана предмети
4. Жер участокторуна укуктарды берүүнүн негизги шарттары
5. Укуктарды берүү, долбоорлоо жана куруу үчүн жер участокторун
тандоонун жана даярдоонун жол-жоболору
6. Тооруктарды жана түз сатууларды өткөрүүнүн тартиби
7. Жүргүзүлгөн тооруктардын жана түз сатуулардын жыйынтыктары
боюнча документтерди тариздөөнүн тартиби
8. Акча каражаттарды бөлүштүрүү
9. Жер участокторуна укуктарды тоорук өткөрбөстөн ижара шартында берүүнүн өзгөчө шарттары
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты жана республиканын калктуу конуштарында жер участокторуна менчик же ижара укуктарын акы төлөө менен берүүнүн тартибин жана шарттарын белгилейт.
Муниципалдык жана мамлекеттик менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун акы төлөө менен берүү ушул жобого ылайык ишке ашырылат. жобонун 3.2-пунктунда каралган учурларда жер участокторун менчикке же ижарага акы төлөө менен берүү тике сатуу жолу менен ишке ашырылышы мүмкүн. Мында жер участоктору мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга ижара шартында гана, жер участокторуна укук берүүнүн жана объекттерди долбоорлоого, курууга жана эксплуатацияга киргизүгө уруксат документтерди тариздөөнүн тартибин жөнгө салуучу № 1-9-схемаларга ылайык берилет.
1.2. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-статьясында каралган учурларда жер участокторун акы төлөө менен берүүдө бул Жобонун талаптары жер участокторун тактоонун бардык учурда аткарылууга тийиш болгон процедурасынан башка учурларга карата колдонулбайт.
2. Бул жободо колдонулган түшүнүктөр
2.1. Бул жободо колдонулган түшүнүктөр:
жерлерди ижаралоо - менчик ээсинин/жер пайдалануучунун (ижарага берүүчүнүн) жер участогун ижарачыга тийиштүү акы менен белгилүү бир убакытка пайдалануу укугу менен бериши;
аукцион - тооруктун түрү, мында баарынан кымбат бааны сунуштаган жак утат;
гарантиялык взнос - жер участогуна укукту алуу максатында тоорукка катышууну каалаган талапкер гокквн акчанын суммасы;
шаар куруу регламенти - шаар куруу документтеринде, курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелеринде жер участокторун, шаардык жана айылдык калктуу конуштардагы кыймылсыз мүлктүн башка объекттерин уруксат менен пайдалануунун аныкталган параметрлери менен түрлөрүнүн, ошондой эле шаар куруу ишин жүргүзүүдө кыймылсыз мүлктүн объекттерине жол берилчү өзгөртүүлөрдүн жыйнагы;
шаар куруу документтери - калктуу конуштарды пландоонун структурасынын региондук жана райондук пландарынын документтери, башкы пландары, кварталдарды, имараттарды жана башка элементтерди куруу түйүндөрүн деталдуу пландоонун, чектөөнүн, куруунун, долбоорлору;
сары линиялар - бул кыйраткыч жер титирөөлөрдүн, табигый же техногендик башка кырсыктардын натыйжасында имараттардын (түзүлүштөрдүн, курулуштардын) урандыларынын мүмкүн болгон түшүүсүнүн максимум жол берилүүчү зоналарынын чектери. Сары линиялар, эреже катары, имараттар менен курулуштардын ортосундагы аралыктарды жөнгө салуу үчүн колдонулат;
конкурс сатып алуучулардан тооруктун предметине карата тийиштүү шарттарда аткарууну талап кылуу менен тооруктун предметин сатуу;
кызыл линиялар - бул көчөлөрдү жана жолдорду пландык структуранын башка элементтеринен бөлүп туруучу, көчөлөрдүн жана жолдордун жазылыгын аныктоочу жана чек ара болуп эсептелген линиялар;
лот - алуу укугу тоорукка коюлган конкреттүү жер участогу;
кыймылсыз мүлктү көз карандысыэ баалоочу - кыймылсыз мүлктү баалоо боюнча атайын адистикке окуганы жөнүндө тийиштүү сертификатты аныкталган тартипте алган жана баа берилчү объектке карата уюштуруучусу, менчик ээси, акционери, мүлктүк кызыкчылыгы бар жак болбогон, ал адамдар менен жакын туугандык мамилеси жок адам;
курулуш куруунун жана жерди пайдалануунун эрежелери - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кыймылсыз мүлк объекттерин пайдаланууну жана өзгөртүп курууну шаар куруу регламенттерин киргизүү жолу менен жөнгө салуучу нормативдик укуктук актылары;
түз сатуу - жеке адамдарга жана юридикалык жактарга (арыз бергендерге) жер участогуна менчик же ижара укугун тоорук өткөрбөстөн түз сүйлөшүү жүргүзүү жолу менен берүү ыкмасы;
жер участогун тоорук өткөрбөстөн берүү - жеке адамдарга жана юридикалык жактарга (арыз ээлерине) жер участогуна ижара укугун тоорук өткөрбөстөн, маселени комиссияда кароо жолу менен берүү ыкмасы;
жер участстогуна менчик укугу - жеке адамдардын жана юридикалык жактардын өзүнө таандык жер участогуна Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде белгиленген чектөөлөр менен өз каалоосу боюнча ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Жер кодекси жана башка мыйзамдык актылары менен таанылуучу жана корголуучу укугу;
жер участогун уруксат менен пайдалануу - кыймылсыз мүлк объектилерин калктуу конуштардын шаар куруу документтери жана жерди пайдалануу жана курулуш куруу эрежелери менен белгиленген шаар куруу регламенттерине, ошондой эле көрсөтүлгөн объектилерди пайдаланууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген чектөөлөргө, ошондой эле сервитуттарга ылайык пайдалануу;
жер участогунун старттык баасы - тоорукта сатуу үчүн коюлган жер участогунун баштапкы баасы;
иш жүзүндөгү чек - жер участогунун схемаларда көрсөтүлгөн, масштаб менен аткарылган, чөлкөмдө белгиленген үлгүдөгү чектик белгилер менен бекитилбеген чек арасы;
белгиленген чек ара - жер участогунун белгиленген үлгүдөгү
чектик белгилер менен юридикалык документтердин негизинде чөлкөмдө бекитилген, капиталдык имараттарга жана курулуштарга, туруктуу табигый ориентирлерге же геодезиялык пункттарга байлаштырылган, бурулуш чекиттеринин баары белгилүү координаттарга ээ чек арасы;
жерлердин максаттуу арналышы - жер участокторун жер участогуна болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтерде, келишимде же укук белгилөөчү башка документтерде көрсөтүлгөн максаттарда пайдалануу.
3. Тооруктун жана түз сатуунун уюштуруучулары,катышуучулары жана колдонмолору
3.1. Жер участогуна менчик же ижаралоо укугун акы төлөө менен берүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан ачык тооруктарда ишке ашырылат.
Ыйгарым укуктуу органдардын жер участогун берүүгө тиешелүү чечимдеринин үстүнөн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык соттук тартипте даттанууга болот.
3.2. Жер участогуна менчик же ижара укугун ыйгарым укуктуу орган жеке адамдарга жана юридикалык жактарга (арыз бергендерге) төмөнкүдөй учурларда түз сатуу жолу менен бере алат, эгер:
- мурда мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген жер участокторунда ал адамдарга менчик укугунда таандык капиталдык имараттар жана курулуштар болсо;
- жер участогу ачык тоорукка эки жолу коюлса жана сатылбаса.
3.3. Жер участокторуна укуктарды берүү процессин ишке ашыруу үчүн ушул Типтүү жобого ылайык курулуш куруу жана жер пайдалануу боюнча комиссиялар түзүлөт (мындан ары - комиссия).
Комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик органдын жергиликтүү структуралык бөлүмдөрүнүн (мындан ары - архитектура жана курулуш боюнча жергиликтүү органдар) жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик органдын (мындан ары - Мамкаттоонун жергиликтүү органдары) жетекчилери, жергиликтүү техникалык кызматтардын, коммерциялык эмес уюмдардын жана коомчулуктун өкүлдөрү кирет.
Комиссиянын курамын жергиликтүү кеңеш ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча бекитет.
Комиссиянын чечимдери мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси катышканда добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болот. Комиссиянын протоколун комиссиянын төрагасы бекитет.
3.4. Комиссия төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү мүмкүндүгү жөнүндө чечим чыгарат;
- жер участогуна укуктун түрлөрүн (менчик, ижара), аларды берүүнүн ыкмаларын (аукцион, конкурс, түз сатуу ж.б.) аныктайт;
- лоттун старттык баасынын же сатуу жөнүндө түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн жер участокторунун баштапкы баасынын өлчөмдөрүн аныктайт;
- тооруктун уюштуруучусу болот;
- тооруктун жыйынтыгын аныкталган тартипте бекитет;
- ушул Типтүү жободо жана башка нормативдик укуктук актыларда каралган компетенциясынын чегинде жер участокторуна укуктарды берүүгө байланышкан башка маселелерди карайт.
3.5. Тооруктардын жана түз сатуулардын катышуучулары Кыргыз Республикасынын жеке адамдары жана юридикалык жактары болушат. Калктуу конуштардын, курорттук-рекреациялык зоналардын жерлерин ижарага берүүдө чет өлкөлүктөр да ижарачы боло алышат.
3.6. Тооруктун жана түз сатуунун предмети болуп калктуу конуштун чегинде жайгашкан жер участокторуна курулуш курууга, ал жерде турган объекттерге менчик же ижара укуктары саналат.
4. Жер участокторуна укуктарды берүүнүн негизги шарттары
4.1. Муниципалдык жана мамлекеттик менчикте турган жер участокторуна укуктарды ал участоктор аларды берүү учуруна карата калыптанган шартта берүүгө мүмкүн болот.
Жер участоктору төмөнкүдөй учурларда калыптанган деп эсептелет:
- үчүнчү жактардын (сервитут аркылуу бекитилген укуктардан башка) укуктарынан бош болсо;
- жер участогунун чек арасы белгиленсе;
- уруксат берилген пайдалануунун белгиленген түрлөрү жана башка керектүү шаар куруу регламенттери болсо.
4.2. Калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери менчикке берилбейт. Өзгөчө учурларда аларды ыйгарым укуктуу орган кыска мөөнөткө беш жылга чейин ижарага бериши мүмкүн. Андай жерлерге жеңилдетилген типтеги курулуштарды жана түзүлүштөрдү курууга уруксат берилиши мүмкүн.
4.3. Пайдалануу укугун берүү үчүн жер участокторунун тизмесин архитектура жана курулуш боюнча жергиликтүү мамлекеттик орган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тапшырмасы боюнча жана жеке адамдардын жана юридикалык жактардын арызынын негизинде түзөт.
Жеке адамдардын жана юридикалык жактардын арызында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- арыз берүүчү жөнүндө маалымат (аны бир орундуу идентификациялоого керектүү маалыматтар, юридикалык жактар үчүн ал чет өлкөлүк же чет өлкөлүк эместиги көрсөтүлөт);
- арыз ээсинин инвестициялык жана курулуштук ниеттерин, участоктун болжолдуу аянтын жана анын турган жерин кошо көрсөтүүчү курулуштун белгиленген объекти, арызга ылайык участоктордун варианттары ушул боюнча тандалат;
- жер участогуна суралган укуктун түрү;
- пайдалануу үчүн суралган жер участогунун сүрөттөмөсү, имараттарды жана курулуштарды, турган объекттердин реконструкциясын көрсөтүү менен.
Арыз ыйгарым укуктуу органга берилип, ал 3 күндүн ичинде архитектуранын, курулуштун жана Мамкаттоонун жергиликтүү органдарына жер участогуна укукту берүү мүмкүндүгү жөнүндө корутунду даярдоо үчүн тапшырмаларды жиберет. Катталган арыздын бир көчүрмөсү арыз ээсине берилет.
4.4. Тоорукта менчикке же ижарага берилчү жер участокторунун өлчөмдөрү конкреттүү курулуш объектине болгон суроого, калктуу конуштардын башкы пландарына, курулуш куруунун жана жер пайдалануунун эрежелерине, курулуш куруу боюнча башка документтерге, курулуштук нормаларга жана эрежелерге ылайык аныкталат.
4.5. Жер участокторун ижаралоо мөөнөттөрү кыска мөөнөттүү - 5 жылга чейин, орто мөөнөттүү - 15 жылга чейин жана узак мөөнөттүү - 50 жылга чейин болушу мүмкүн.
Жер участоктору ижарага берилүүчү мөөнөттү ыйгарым укуктуу орган аныктайт, анын ичинде жеке адам же юридикалык жак берген арыздын негизинде аныктайт.
4.6. Тооруктун ар бир предмети Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык алдын ала бааланууга тийиш. Жер участогунда курулуштар жана түзүлүштөр, ошондой эле бүтпөгөн курулуш болгон учурда участоктун баасына андай объектилердин наркы да киргизилет.
Жер участогунун старттык баасын комиссия белгилейт. Жер участогунун старттык баасын белгилөө үчүн комиссия көз карандысыз баа берүүчүлөрдү тартууга укуктуу.
Тоорукта жер участогун ижарага берүүдө старттык баа комиссия тарабынан белгиленген ижара акысынын өлчөмү болот.
4.7. Түз сатуунун ар бир предмети боюнча жер участогунун баштапкы баасын комиссия көз карандысыз баа берүүчүлөрдүн корутундусунун негизинде белгилейт. Сүйлөшүү процессинин жүрүшүндө комиссия өзүнө берилген укуктардын чегинде жер участокторун берүүнүн шартын жана баасын өзгөртө алат.
5. Укуктарды берүү, долбоорлоо жана куруу үчүн жер участокторун тандоонун жана даярдоонун жол-жоболору
5.1. Укуктарды берүү үчүн жер участокторун тандоо, долбоорлоо жана куруу архитектуранын жана курулуштун жергиликтүү органы тарабынан ишке ашырылат.
5.2. Архитектуранын жана курулуштун жергиликтүү органы тандалган жер участогу боюнча курулуш куруу регламентине ылайык корутунду берет, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- жер участогу жайгашкан жердин шаардын (поселоктун) башкы планына, башка долбоордук-пландоо документерине, Курулуш куруунун жана жер пайдалануунун эрежелерине, курулуштук нормаларга жана эрежелерге ылайыктыгы;
- участоктун долбоордук чек аралары жана шаар куруу регламенттери бар экендиги (участоктун кыймылсыз мүлк катары калыптанганына баа);
- инженердик коммуникацияларга кошуу мүмкүндүгү;
- участоктун жер титирөө жагдайындагы шарттары, опурталдуу инженердик-геологиялык жана техногендик кубулуштардын бар же жок экендиги;
- жер участогунун сүрөттөмөсү;
- жер, участогун берүү мүмкүндүгү (мүмкүн эместиги) жөнүндө сунуштар;
- жер участогун калыптандыруу боюнча даярдоо жумуштарынын зарылдыгы жана көлөмү.
Мамкаттоонун жергиликтүү органы зарыл болсо архитектуранын жана курулуштун жергиликтүү органынын суроо-талабы боюнча ага 5 иш күндүн ичинде тийиштүү малыматты берет.
Корутунду 12 иш күндүн ичинде даярдалат. Курулуш көлөмү 15000 куб м. ашкан же татаал шаар куруу кырдаалындагы чоң объектерге, анын ичинде инженердик камсыздоо шарттары татаал объекттерге корутунду даярдоо мөөнөтү 7 иш күнгө узартылышы мүмкүн.
Архитектуранын жана курулуштун жергиликтүү органынын корутундусу Мамкаттоонун жергиликтүү органына берилет.
5.3. Мамкаттоонун жергиликтүү органы архитектуранын жана курулуштун жергиликтүү органы берилген корутундунун негизинде тандалган жер участогу боюнча корутунду берет, анда булар көрсөтүлөт:
- каралып жаткан участоктун укуктук статусу (менчик укугу, мөөнөтү чектелбестен пайдалануу укугу);
- сервитуттардын, башка чектөөлөрдүн бар же жок экени;
- башка жактардын мүлктүк укуктары;
- белгиленген чек аралардын иш жүзүндөгү чек араларга дал келээрин чектеш жер пайдалануучулардын жана жер участокторун пайдалануучулардын чек аралары менен салыштырып аныктоого болуучу чектик белгилердин же таанылуучу бекем чекиттердин бар экендиги;
- имараттардын, түзүлүштөрдүн, башка курулуштардын бар экендиги;
- жер участогун берүү мүмкүндүгү (мүмкүн эместиги) жөнүндө сунуш.
Үчүнчү жактардын укуктары же салынган милдеттер бар болгон учурда Мамкаттоонун жергиликтүү органы үчүнчү жактардын укуктарын жана салынган милдеттерди көрсөтүү менен участоктун чек арасынын схемасын корутундуга тиркейт.
Архитектуранын жана курулуштун жергиликтүү органы зарыл учурда, Мамкаттоонун жергиликтүү органынын суроосу боюнча ага 5 күндүн ичинде тийиштүү маалыматты берет.
Мамкаттоонун жергиликтүү органы корутундуну 10 иш күндүн ичинде даярдап, ал архитектуранын жана курулуштун жергиликтүү органынын корутундусу менен кошо комиссияга берилет.
5.4. Комиссия корутундуну алгандан кийин 7 иш күндүн ичинде карайт.
Комиссия берилген корутундуга макул эмес болгон учурда ал архитектуранын, курулуштун жана Мамкаттоонун жергиликтүү органдарына толуктап иштөөгө кайра жиберилет. Толуктап иштелип чыккан корутундулар 10 иш күндөн кечиктирбестен кайра каралат.
Комиссиянын жер участогун тоорукка коюу жөнүндө чечими протокол түрүндө таризделет. Протоколдо жер участогун калыптандыруу (анын ичинде долбоордук варианттарды иштеп чыгуу зарылдыгы жана мөөнөттөрү), жер участогуна берилүүчү укуктун түрү (менчикке, ижарага), жер участогунун старттык баасы, аны берүүнүн мөөнөтү жана ыкмасы (аукцион, конкурс) боюнча аткарылуучу даярдоо иштери көрсөтүлүүгө тийиш. Протокол ыйгарым укуктуу органга жиберилет жана анда түшкөндөн кийин 3 иш күндүн ичинде бекитилүүгө тийиш.
Ыйгарым укуктуу орган бекиткен протоколдун көчүрмөсү архитектуранын, курулуштун жана Мамкаттоонун жергиликтүү органдарына жиберилет.
Эгер жер участогу жеке адамдын жана юридикалык жактын арызынын негизинде тоорукка коюлуучу жер участокторунун тизмесине киргизилген болсо, комиссиянын протоколунун көчүрмөсү арыз ээсине да жиберилет.
5.5. Комиссия жер участогун тоорук аркылуу берүү жөнүндө чечим чыгарса, архитектуранын, курулуштун жана Мамкаттоонун жергиликтүү органдары жер участогун калыптандыруу боюнча жумуштарды аткарышат. Бул жумуштар ушул Типтүү жобонун 8.2. жана 8.3-пункттарына ылайык, өткөрүлгөн тооруктарда менчик жана ижара укуктарын сатуудан түшкөндөн куралуучу каражаттардын эсебинен аткарылат.
Жер участогун түз сатуу аркылуу менчикке же ижарага берүүдө жер участогун даярдоо боюнча жумуштарга акыны арыз берүүчү төлөйт.
5.6. Архитектуранын жана курулуштун жергиликтүү органы Жер участогундагы долбоорлонгон объектинин схемасын даярдайт, ал 2 нускада түзүлөт. Жер участогунун долбоорлонгон схемасына төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган графикалык жана тексттик материалдар кирет, алар:
1) жер участогунун турган жери (дареги);
2) жер участогунун аянты;
3) ал жерде турган курулуштардын тизмеси, курулуш куруунун жана жер пайдалануунун тийиштүү эрежелерине ылайык келбеген курулуштарды кошо камтуу менен;
4) жер участогунун атайын топографиялык материалда 1:500 масштабда аткарылган планы, планга төмөнкүлөр киргизилет:
- мурдатан турган курулуштар, курулуш куруунун жана жер пайдалануунун эрежелерине ылайык келбеген курулуштарды кошо камтуу менен;
- жер участогу аркылуу өткөн инженердик-техникалык коммуникациялардын трассалары;
- опурталдуу табигый жана техногендик процесстерге дуушарланып, бузуу же көчүрүү зарыл болгон имараттар, курулуштар, курулмалар жана инженердик-техникалык коммуникациялар.
5.7. Архитектуранын жана курулуштун жергиликтүү органы конкреттүү жер участогунда курулуш куруу боюнча баштапкы материалдардын көчүрмөлөрүн экологиялык көзөмөлдөө органдарына, санитардык-эпидемиологиялык кызматка жана өрт көзөмөлүнүн органдарына тийиштүү корутунду алуу үчүн жиберет. Макулдашуу корутунду түрүндө ишке ашырылат, алар материалдар алынгандан кийин 7 иш күндүн ичинде даярдалат. Корутундулар архитектуранын жана курулуштун жергиликтүү органына берилет.
Эгер жер участогуна укуктар чектерди пландоо белгилөө долбоорунун негизинде өткөрүп берилип жатса жогоруда аталган органдардын макулдугу талап кылынбайт.
5.8. Жер участокторун калыптандыруу стадиясында архитектуранын жана курулуштун жергиликтүү органы инженердик-техникалык коммуникацияларга кошуунун алдын ала шарттарын аныктайт.
Бул көрсөтүлгөн шарттардын болбошу жер участокторун сатуу-сатып алуу же ижаралоо келишимдерин түзүүгө, ошондой эле ал келишимдерди, укукту белгилөөчү башка документтерди мамлекеттик каттоого тоскоол боло албайт.
5.9. Архитектуранын жана курулуштун жергиликтүү органы комиссияда жактырылып, берилген жер участогунда конкреттүү объектини долбоорлоого архитектуралык-пландоочу тапшырманы (АПТ) даярдайт. Архитектуралык-пландоочу тапшырмага графикалык жана тексттик материалдардын комплектиси кирет, аларда төмөнкүдөй маалыматтар болот:
- жер участогун пайдалануу боюнча имарат курууга карата талаптар жөнүндө маалыматтар (долбоорлончу имаратка, курулмага, имараттардын комплексине карата талаптардын ичинде);
- объектини шаардык инженердик коммуникацияларга, инженердик техникалык коммуникациялардын трассаларына кошуунун техникалык шарттары;
- сервитут колдонулган чектер чектөөлөрдүн баяндамасы менен;
- ушул Типтүү жобонун 5.6-пунктунда көрсөтүлгөн материалдар. АПТнын биринчи нускасына жергиликтүү архитектура жана курулуш органынын жетекчиси кол койт.
5.10. Мамкаттоонун жергиликтүү органы Жер участогунун планын бардык чектеш жер пайдалануучулар - жер участогунун менчик ээлери менен чек араларды белгилөө, шаар куруу регламенттери, сервитуттар жана чектөөлөр жагында макулдашат. Архитектуранын жана курулуштун жергиликтүү органы зарыл учурларда жер участогунун чек арасын тактайт, кошумча маалыматтарды киргизет (кызыл, ал эми зарыл учурда сары сызыктар, курулуш куруу сызыктары жана башка пландык чектөөлөр).
Мамкаттоонун жергиликтүү органы Жер участогунун планын макулдашат жана жер участогуна китепче комиссияга материалдар Мамкаттоонун жергиликтүү органына келгенден кийин 15 иш күндөн кечиктирклбестен берилет.
5.11. Комиссия тооруктун ар бир предмети боюнча гарантиялык взностун өлчөмүн, тоорукка катышуучулардын аны төгүүсүнүн мөөнөтүн жана тартибин, аукциондук кадамды (аукцион өткөрүлгөн учурда) же конкурстун шарттарын (конкурс өткөрүлгөн учурда), төлөмдүн түрүн, сатып алуу-сатуу же ижара келишимин түзүүнүн мөөнөтүн аныктайт, ыйгарым укуктуу органдын жер участогуна менчик же ижара укугун берүү жөнүндө токтомунун, сатып алуу-сатуу же ижара келишиминин долбоорлорун даярдайт.
5.12. Комиссия тоорук өткөрүлөөрдөн отуз күн мурдатан тоорук өткөрүү жөнүндө кабарды жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт, аны тооруктун предмети жайгашкан калктуу конуштагы жалпыга көрүнүктүү жерге илет.
Кабарда тоорук өткөрүлчү убакыт, тооруктун орду жана түрү, предмети жана өткөрүүнүн тартиби, тоорукка катталуунун, тоорукта жеңген адамды аныктоонун тартиби, ошондой эле баштапкы баа, гарантиялык взностун жана комиссиялык жыйымдын суммасы которулуучу банктын реквизиттери, тооруктун предметтеринин старттык баасы, арыздарды кабыл алуу бүтүүчү мөөнөт, толук маалымат алуу үчүн жергиликтүү комиссиянын телефону жана дареги көрсөтүлүүгө тийиш.
6. Тооруктарды жана түз сатууларды өткөрүүнүн тартиби
6.1. Тооруктар төмөнкүдөй түрлөрдө өткөрүлөт:
а) Ачык аукцион түрүндө.
Аукционду комиссия дайындоочу аукциончу өткөрөт. Аукциончу тооруктун предметтерин, аны сатуунун шарттарын жана тооруктун кадамдарын баяндайт. Аукциондо тооруктун башталышы болуп тооруктун предметинин старттык баасы жарыяланган учур эсептелет. Минималдуу жол берилүүчү кадамдардын өлчөмү жана саны ар бир лот боюнча комиссия тарабынан аукцион башталганга чейин аныкталат. Кийинки кадамдардын өлчөмдөрү минимум жол берилүүчү кадамдан төмөн болбоого тийиш.
Эгер аукциондун жүрүшүндө баштапкы баа үч жолу жарыялангандан кийин тооруктун предметин сатып алууга даяр сатып алуучу чыкпаса, аукциончу бааны 10 проценттен төмөн эмес арзандатууга укуктуу.
Тооруктун жүрүшүндө аукциондун катышуучулары (же алардын ишенимдүү адамдары) катышуучунун аукциончуга каратылган номерлүү белетин көтөрүшөт жана өзүнүн берген баасын айтышат.
Эгер аукциончу акыркы бааны үч жолу жарыялагандан кийин катышуучулардын бири андан ашыгыраак бааны сунуш кылбаса, аукциончу балканы уруу менен тооруктун предметин акыркы бааны сунуштаган катышуучу сатып алганы жөнүндө жарыялайт.
б) Шарттары чапталган конверттерде сунушталуучу конкурс түрүндө.
Тоорукка коюлган тигил же бул жер участогун пайдалануунун тийиштүү шарттарында аны пайдалануунун ылайыгына жараша комиссия тоорукту конкурс түрүндө өткөрүү жөнүндө чечим чыгара алат. Мында конкурстун катышуучуларына коюлуучу шарттар мурдатан белгиленет.
Лотко талапкерлер өздөрүнүн шарттарын жашырын расмий арызда сунуш кылышат, ал конвертке чапталат. Сатып алуучулар өз шарттарын арыздарды кабыл алуу расмий аяктаганга чейин канча кааласа ошончо жолу сунуштай алышат. Сунуштарды киргизүүгө белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин конверттердин баарын комиссиянын төрагасы ачат жана участок баарынан артык шартты сунуштаган талапкерге берилет.
6.2. Аукциондо жер участокторуна укуктар, тооруктун предмети баарынан кымбат бааны сунуштаган аукциондун катышуучусуна берилет. Мында сатып алуучудан жер участогун белгиленген шаар куруу регламенттерине, бекитилген жер жайгаштыруу жана шаар куруу документтерине, жер маселеси боюнча чектөөлөргө жана салынган милдеттерге ылайык пайдалануу талап кылынат.
Конкурста жер участокторуна укуктар, тооруктун предметтери конкурстун баарынан жакшы шарттарды сунуштаган катышуучусуна берилет, ал шарттар ыйгарым укуктуу органга макулдашуу боюнча комиссия тарабынан алдын ала аныкталат.
6.3. Комиссиянын талабына ылайык экиден кем эмес сандагы арыз берилген жер участокторуна менчик же ижаралоо укуктары аукционго жана конкурска биринчи кезекте коюлат.
6.4. Калктуу конуштардагы, курорттук-рекреациялык зоналардагы жер участокторуна тооруктар инвестициялык кызыктуулугуна жараша конкурс түрүндө өткөрүлөт.
6.5. Тоорукка коюлуп аукцион жана конкурс аркылуу сатылуучу бардык объектер лотторго бөлүнүүгө тийиш.
6.6. Тоорук өткөрүлөөрү жөнүндө кабар ушул Типтүү жобонун 5.12-пунктунда белгиленген тартипте жарыяланат.
6.7. Тооруктун уюштуруучусу катышуучулар үчүн документтерди даярдайт, аларда төмөнкүдөй маалыматтар болот: сатып алуучунун тоорукка катышуу номери; тооруктун предметинин аталышы; аукционду жана конкурсту өткөрүүнүн шарты; ушул Типтүү жобонун 5.6-пунктунда каралган графикалык жана тексттик материалдардын көчүрмөлөрү. Тоорукта объекттер "бир белет - бир лот" деген схема боюнча сатылат.
6.8. Талапкер тоорукка катышууга укук алуу үчүн торуктун уюштуруучусуна төмөнкүлөрдү берет:
- сатып алуучу укукту алууну каалаган жер участогу көрсөтүлгөн, аныкталган формадагы жазуу жүзүндөгү арыз;
- ким экенин билдирүүчү документ (жеке адам үчүн) же юридикалык жактын атынан чыгуу укугун күбөлөндүргөн ишеним кат;
- арыз берилген жер участогунун старттык баасынын 0,5 проценти өлчөмүндөгү комиссиялык жыйымды жана гарантиялык взносту төккөнүн ырастоочу төлөм документтери.
6.9. Гарантиялык взносту талапкер сатуучунун учурдагы эсебине акчалай эмес которуу жана сатуучунун кассасына акчалай төгүү жолу менен төгөт. Анын өлчөмүн комиссия тооруктун предметинин старттык баасынын 10 процентинен ашык эмес белгилейт.
6.10. Эгер талапкер аукционго жана конкурска бир нече объект боюнча катышса, гарантиялык взнос ар бир объект боюнча төлөнөт. Эгер тоорук болбой калса, бардык катышуучуларга 0,5 процент өлчөмүндөгү комиссиялык жыйым жана гарантиялык взнос кайра берилет. Тоорукта утпаган бардык катышуучуларга гарантиялык взностор эки аптанын ичинде кайра берилет, ал эми жер участогунун старттык баасынын 0,5 процентинин өлчөмүндөгү комиссиялык жыйым комиссиянын карамагында калат.
6.11. Аукциондун жеңүүчүсү менен келишим түзүүдө гарантиялык взностун суммасы тооруктун сатык баасына киргизилет.
6.12. Аукциондун жана конкурстун катышуучусу төмөнкүдөй укуктарга ээ, алар:
- тоорукка өзү же өкүлдөрү аркылуу акысыз катышуу;
- тооруктун предмети жөнүндө толук маалыматты акысыз алуу;
- тоорукка катышуудан баш тартуу, бирок тоорук өткөрүлөөрдөн он күн мурда, бул жөнүндө тооруктун уюштуруучусуна билдирип жана гарантиялык взносту белгиленген мөөнөтүндө алуу керек, көрсөтүлгөн мөөнөт бузулган учурда гарантиялык взнос кайра берилбейт;
- тооруктун предметин кароо;
- анын тооруктун катышуучусу катары укугу бузулган учурда сотко кайрылуу.
6.13. Аукционго жана конкурска катышууга өтүнмөлөрү кабыл алуу комиссиянын информациялык кабарында көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин жүргүзүлөт. Комиссия катышуучуларды каттайт жана арыздарды кабыл алуунун жыйынтыгы жөнүндө протокол түзөт. Тооруктун бир гана арыз берилген предмети тооруктан алынат жана кийинки торуктарга коюлушу мүмкүн. Талапкерлер комиссиянын төрагасы жана катчысы жергиликтүү комиссиянын заседаниесинин протоколунун негизинде кол коюшкан комиссиянын жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн алган күндөн баштап тооруктун катышуучусунун статусун алышат. Тооруктун катышуучуларына номерлер ыйгарылат.
6.14. Тооруктун катышуучусу болбогон адамдарга кирүү билеттери сатылат. Кирүү билетинин баасын комиссия аныктайт.
6.15. Комиссия аукциондон кайсы учурда болбосун, бирок ал өткөрүлөөрдөн үч күндөн кем эмес мурда, ал эми конкурстан - конкурс өткөрүлүүчү күндөн 30 күндөн кеч эмес мурдатан айнууга укуктуу. Мындай учурларда тооруктун катышуучуларына тооруктан айнуунун себептери жөнүндө жүйөлүү түшүндүрмө берилет жана комиссиялык жыйымдар, гарантиялык взностор кайра берилет.
6.16. Түз сатыкка ушул Типтүү жобонун 4.1-пунктунда каралган шарттарда калыптанган жер участоктору жеке адамдардын жана юридикалык жактардын арыздарынын негизинде коюлат.
Жер участогун капиталдык имараттардын жана курулуштардын менчик ээлерине менчикке же ижарага түз сатуу жолу менен берүүдө жер участогун капыптандыруу боюнча жумуштар ушул Типтүү жобонун 5.2, 5.3, 5.6-пункттарына ылайык аткарылат.
6.17. Түз сатууларды комиссия арыз берүүчү менен берилчү жер участогунун шарттары жөнүндө ушул Типтүү жобонун 4.7-пунктунун талаптарын эске алып сүйлөшүү жолу менен ишке ашырат.
7. Жүргүзүлгөн тооруктардын жана түз сатуулардын жыйынтыктары боюнча документтерди тариздөөнүн тартиби
7.1. Тооруктун жүрүшүндө объектиге акыркы бааны сунуштаган аукциондун катышуучусу, же конкурстун баарынан жакшы шартты сунуштаган катышуучусу тооруктун жеңүүчүсү деп жарыяланат жана ошол эле күнү тооруктун уюштуруучусунун өкүлүнө өзүндөгү катышуучунун билетин көрсөтүүгө жана тооруктун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюуга тийиш. Протоколго комиссиянын ыйгарым укуктуу адамы жана аукциончу да кол коюшат.
7.2. Протоколго төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет: тооруктун сатылган предметинин старттык жана акыркы баасы, тараптардын тооруктун же түз сатыктын предметин сатуу-сатып алуу же ижаралоо келишимине кол коюу боюнча милдеттенмелери, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш эсебинин номери. Тооруктун жыйынтыгы жөнүнде протоколдун көчүрмөсү тооруктун жеңүүчүсүнө берилет.
7.3. Тооруктун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан баш тарткан тооруктун катышуучусу тоорукка андан кийин катышуу укугунан ажыратылат, ага гарантиялык взнос кайра берилбейт. Мындай учурда ал предмет боюнча тоорук кайра өткөрүлөт.
7.4. Ак ниет эмес атаандаштык аныкталган учурда комиссия коюлган лотту кайсы учурда болбосун алып салууга же лот боюнча тооруктун жыйынтыгын жокко чыгарууга укуктуу.
7.5. Комиссия катышуучунун ак ниет эмес атаандаштыгын аныктаган учурда ал ошол лот боюнча андан аркы тооруктарга катышуу укугунан ажыратылат жана гарантиялык взносу кайра берилбейт.
7.6. Тооруктун жана түз сатыктын жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин ыйгарым укуктуу орган протоколдун негизинде он иш күндүн ичинде жер участогун тооруктун жеңүүчүсүнө берүү жөнүндө токтом чыгарат, анын негизинде жер участогуна менчик укугун сатып алуучу менен ыйгарым укуктуу органдын ортосунда сатуу-сатып алуу келишими түзүлөт. Жер участогун ижарага берүүдө ыйгарым укуктуу орган менен тооруктун жеңүүчүсүнүн ортосунда токтомдун негизинде ижара келишими түзүлөт, анда ижаранын мөөнөтү, ижара акысынын өлчөмү, ижаранын шарттары жана келишимдин башка орчундуу шарттары көрсөтүлөт.
7.7. Акы накталай акча же накталай эмес (которуу менен) төлөнсө болот. Тооруктун предметинин акысын төлөө мөөнөтүн жана түрүн комиссия ыйгарым укуктуу органга милдеттүү түрдө макулдашуу менен белгилейт.
7.8. Келишим мамлекеттик каттоого коюлууга тийиш жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда нотариуста күбөлөндүрүүнү талап кылбайт. Жер участогуна менчик укугу же ижара укугу ал мамлекеттик каттоого коюлгандан кийин юридикалык күчүнө кирет.
7.9. Жер участогуна менчик укугу Жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт менен күбөлөндүрүлөт. Жер участогун ижаралоо укугу Жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугуна күбөлүк менен күбөлөндүрүлөт. Укукту күбөлөндүрүүчү документтер жер участогуна менчик укугун сатуу-сатып алуу же ижаралоо келишимине кол коюлгандан кийин бир айдын ичинде таризделет жана берилет.
Жер участогунун схемасынын биринчи нускасы шаар куруу элементтери, ушул Типтүү жобонун 5.2. жана 5.6-пункттарына ылайык башка маалыматтарды камтуу менен төмөнкүдөй пайдаланылат:
- долбоорлоо - иликтөө иштери үчүн баштапкы материал катары;
- инженердик-техникалык коммуникациялар өтүүчү долбоордук трассаларды жана аларга кошуу чекиттерин чийүү үчүн графикалык негиз катары.
Жер участогунун схемасынын экинчи нускасы укукту күбөлөндүрүүчү документтин графикалык бөлүгү катары пайдаланылат жана Мамкаттоонун жергиликтүү органынын жетекчиси кол коет.
7.10. Мамкаттоонун жергиликтүү органы жер участогунун чек арасынын ошол жерде аныкталышын (натуралай көрсөтүлүшүн) камсыздайт.
7.11. Акыны төлөө мөөнөтү же башка орчундуу шарттар бузулган учурда келишим комиссиянын демилгеси менен бузулушу мүмкүн, мында гарантиялык взнос жана комиссиялык жыйым кайра берилбейт.
7.12. Сатып алуучу менчик укугун же ижара укугун алган учурга карата тооруктун предмети реалдуу абалынан орчундуу айырмаланган учурда комиссия соттун чечими боюнча жоопкерчилик тартат.
7.13. Тооруктун жыйынтыгы жөнүндө маалыматты комиссия протоколго кол коюлгандан кийин беш күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт.
8. Акча каражаттарды бөлүштүрүү
8.1. Жер участокторун тоорукта жана түз сатууларда менчикке же ижарага берүүдөн алынган каражаттар тийиштүү жергиликтүү жана республикалык бюджеттерге түшөт.
8.2. Жер участокторун тоорукта менчикке же ижарага акы төлөө менен берүүгө байланыштуу чыгымдар, анын ичинде архитектуранын жана курулуштун, Мамкаттоонун жана башкалардын жергиликтүү органдарына акы төлөөгө чыгымдарды ыйгарым укуктуу орган көтөрөт.
9. Жер участокторуна укуктарды тоорук өткөрбөстөн ижара шартында берүүнүн өзгөчө шарттары
9.1. Жер участокторуна укуктарды тоорук өткөрбөстөн ижара шартында берүү жеке адамдардын жана юридикалык жактардын көп кабаттуу турак үйлөрдү, ар кыл арналыштагы объектилерди куруу, ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана жарандарды турак жай-курулуш кооперативдерине бириктирүү жана башка ниеттери жөнүндө тийиштүү арыздарынын негизинде берилет, ал арыздарды комиссия карайт.
9.2. Комиссиянын жер участогун тооруксуз берүү жөнүндө чечими протокол түрүндө таризделет. Протоколдо жер участогуна берилчү укуктун түрү, жер участогун пайдалангандык үчүн акынын түрү, аны берүүнүн мөөнөтү жана ыкмалары көрсөтүлөт. Протокол ыйгарым укуктуу органга жиберилет жана ал аны келгенден кийин 3 иш күндүн ичинде бекитет.
9.3. Ыйгарым укуктуу орган бекиткен протоколдун көчүрмөсү жергиликтүү архитектура, курулуш жана Мамкаттоо органдарына жиберилет.
Комиссиянын протоколунун көчүрмөсү арыз ээсине да жиберилет.
9.4. Жер участогун укуктарды тоорук өткөрбөстөн ижарага берүүдө жер участогун калыптандыруу боюнча жумуштар ушул Типтүү жобонун 5.2, 5.6, 5.8, 5.10, 5.11-пункттарына ылайык аткарылат.