Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты № 01-10/14
Баткен шаар мэриясынын алдындагы «Архитектуралык-шаар куруу кеңешинин» жобосун жана курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» 2011-жылдын 11-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 5-пункутуна, 18-берененин 15-пункутана жана Баткен шаар мэриясынын архитектуралык-шаар куруу кеңешинин иштеп чыккан жобосуна, сунуштаган комиссиянын курамына ылайык Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаар мэриясынын алдындагы “Архитектуралык-шаар куруу кеңешинин” №1 тиркемеге ылайык жобосу, №2 тиркемеге ылайык комиссиянын курамы бекитилсин. (жобосу тиркелет)
2. Бекитилген комиссия курамы комиссиянын кароосунда каралган маселелер үчүн берген добушуна жоопкерчиликтүү экендиги эскертилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары М.Дубанаевге тапшырылсын.
Төрага | А. Ташбеков |
| Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясыныны №01-10/14 токтомуна №1 тиркеме |
Баткен шаарынын Архитектуралык-шааркуруу кеңеши жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор.
2. Архитектуралык-шааркуруу кеңешинин милдеттери, функциялары жана милдеттенмелери.
3. Архитектуралык-шааркуруу кеңешинин укуктары.
4. Архитектуралык-шааркуруу кеңешинин ишмердигин уюштуруу.
1. Жалпы жоболор
1.1. «Баткен шаарынын Архитектуралык-шааркуруу кеңеши жөнүндө жобо» Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын шаар курулуш жана архитектура жөнүндө » мыйзамына, Кыргыз Республикасынын «Баткен шаарынын статусу жөнүндө» мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин жана Жарандык Кодекстерине, Кыргыз Республикасынын аймагында шааркурулуш жана архитектура ишмердигин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
1.2. Архитектуралык-шааркуруу кеңеши төмөндөгү маселелерди коллегиялдык жана профессионалдык түрдө кароо, чечим кабыл алуу жана баа берүү үчүн түзүлөт:
- жарандардын турмуш-тиричилигине ыңгайлуу чөйрөнү жаратуу боюнча максаттуу багытта шааркуруу саясаты боюнча;
- шаардын башкы планына ылайык, Баткен шаарынын аймагындагы регионалдык шааркуруу программаларын жана долбоорлору боюнча;
- тарых жана маданият эстеликтерин, табият ландшафттарын коргоо боюнча көмөктөшүү;
- шаардын жер ресурстарын пайдалануунун рационалдуулугу боюнча;
- жарандардын турмуш-тиричилигинин ыңгайлуулугун жаратуучу маселелер боюнча;
- калкты архитектура жана шааркуруу областында кесипкөйсүз ишмердүүлүктөн коргоо;
- Баткен шаарынын аймагындагы шааркуруу жана архитектуралык чечимдерди, курулуш долбоорлорун (ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчик түрүнө карабастан);
- Шаар чөйрөсүн түзүүчү кичи архитектуралык формаларды жана комплекстерди;
- Шаарды жашылдандыруу жана абаттандыруу долбоорлорун;
- Мамлекеттик, коомдук жана жеке кызыкчылыктарды сактоо менен шааркуруу жана архитектура чөйрөсүндөгү шарттарды түзүү;
- Шааркуруу маанисине ээ болгон башка маселелер;
1.3. Архитектуралык-Шааркуруу кеңешинин курамы Баткен шаарынын башкы архитекторунун сунушу боюнча түзүлөт жана Баткен шаарынын мэри тарабынан бекитилет.
1.4. Архитектуралык-Шааркуруу кеңеши шааркурулуш жана архитектура областындагы жогору квалификациялуу адистерден, ошондой эле каралып жаткан маселеге жараша шаардык эксплуатациялык жана көзөмөлдөө кызматтардын («Баткен электр тармактар ишканасы», «Таза-суу муниципалдык ишканасы», Баткен шаардык телефон тармактары, Баткен шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору, Баткен шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгы, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Баткен аймактык башкармалыгы ж.б.) жетекчилеринен түзүлөт жана Баткен шаардык депутаттар кеңешинин атайын комитетинин макулдашылган жана сунушталган үч депутаттар курамды толуктайт.
Баткен шаарын жана шаардык чарбанын, анын инфраструктурасын өнүктүрүүнүн өзгөчө көйгөйлөрүн кеңири талкулоо жана Архитектуралык-Шааркуруу кеңешинин кеңешмесинде квалификациялуу чечим иштеп чыгуу үчүн туруктуу мүчөсү болбогон республикалык тийиштүү органдардын жана уюмдардын өкүлдөрү чакырылышы мүмкүн, алардын келишинин чыгымдарын каржылоо маселеси Баткен шаарынын мэриясы тарабынан ишке ашырылат.
1.5. Архитектуралык-шааркуруу кеңеши өз ишмердигин:
-пленардык кеңешме түрүндө;
-оперативдик иш түрүндө (Архитектуралык-Шааркуруу кеңешинин кезектеги пленардык кеңешмесинде кароого маселелерди киргизүү үчүн материалдарды талдап кароо жана даярдоо) жүзөгө ашырылат.
1.6. Архитектуралык-шааркуруу кеңешинин чечими, Баткен шаарынын аймагында жүзөгө ашырылуучу долбоорлорду каржылоо, долбоорлоо, экспертиза, макулдашуу жүргүзүүчү мамлекеттик бийлик органдары, юридикалык жана жеке тараптар тарабынан чечимдерди кабыл алууда милдеттүү мүнөзгө ээ;
1.7. Архитектуралык-шааркуруу кеңеши өз ишмердигинде Кыргыз Республикасынын мыйзамын жана кодекстерин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Баткен шаардык кеңештин, Баткен шаардык мэриясынын токтомдорун, Кыргыз Республикасынын аймагында шааркурулуш-архитектуралык жана курулуш ишмердигин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин жана эрежелерин, башка ченемдик укуктук актыларын жетекчилике алат.
1.8. Архитектуралык-шааркуруу кеңешинин ишмердүүлүгү Баткен шаарынын баардык аймактарына тиешелүү.
2. Архитектуралык-Шааркуруу кеңешинин милдеттери, функциялары жана милдеттенмелери
2.1. Архитектуралык-Шааркуруу кеңешинин милдеттери болуп Баткен шаарынын мэриясында жана Баткен шаарынын башкы архитекторуна Баткен шаарынын бекитилген Башкы планынын негизинде багыттарын ишке ашырууда жана архитектуралык шааркурулуш жана инженердик-техникалык долборлоо чечимдеринин сапатын баалоо:
- уруксат берүү жана долбоорлоо документерин жол жоболоштурууда жана иштеп чыгууда субьектелер тарабынан шааркурулуш-архитектуралык ишмердик ченемдик-укуктук жана шааркурулуш талаптарынын сакталышын контролдоо;
- облус борборунун өзгөчө жана өзүнчө бир башкача архитектуралык көркөмдүк тышкы көрүнүшүн түзүү;
- рационалдуу пландоо, транспорттук комуникациялык жана инженердик техникалык инфраструктурасы менен бирдиктүү жайлуу жана өнүгүүчү шаардык чөйрөнү түзүү;
- шаардык чөйрөнү жана өнөр жай жана комуналдык кампа зоналарын реаблитациялоо;
- жаратылыш чөйрөсүн, шаардык ландшафтын архитектуралык-шааркурулуш жана эстетикалык сапаттарын сактоо жана көбөйтүү, тарыхый эстеликтерди, маданиятты, шааркурулушту, архитектураны, жашылдандырууну жана монументалдык искусствону коргоо;
- Баткен шаарынын баардык аймагындагы жаңы жана реконструкциялануучу куруу зоналарынын жана шаардын четиндеги зоналарынын шааркурулуш архитектуралык-көркөмдүк деңгеелин жогорулатуу максатында Баткен шаарын курууда жана реконструкциялоодо бирдиктүү шааркурулуш саясатын жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат.
2.2. Архитектуралык-Шааркуруу кеңеши Баткен шаарынын деталдуу пландоо зоналарынын долбоорлорун, Баткен шаарынын конуштарынын жана жеке турак курулуш зоналарынын башкы пландарынын чиймелерин карайт жана бекитет.
Архитектуралык-Шааркуруу кеңеши тарабынан каралган жана жактырылган жогоруда саналган шааркурулуш документ Баткен шаарынын Башкы архитектору менен макулдашылат.
2.3. Архитектуралык-Шааркуруу кеңешине төмөнкү обьекттер боюнча Баткен шаарынын Башкы архитектору менен макулдашканга чейин иштелип чыккан долбоорлоо документтерин кароо жана талкулоо функциялары жүктөлөт.
- мамлекеттик же шаардык бюджеттен толук же толук эмес каржылануучу курулуш обьекттери боюнча;
- долбоорлонуучу обьекттин архитектуралык-пландоо жана архитектуралык –көркөмдүк чечимдерин макулдашуу талаптарын өзүнө камтыган шааркурулуш регламенттерин коюу үчүн жер участокторго жайгашкан обьекттер боюнча.
2.4. Архитектуралык-шааркуруу кеңешине Баткен шаарынын мэри жана Баткен шаарынын башкы архитектору менен макулдашуу үчүн квалификациялуу эксперттик корутундуларды эске алуу менен төмөндөгүлөр боюнча рационалдуу жана оптималдуу чечимдерди кароо жана талкулоо, аларды кабыл алуу жүктөлөт.
- Баткен шаарынын шааркурулуш түйүндөрүнүн, аянттарынын, магистралдарынын курулушун өнүктүрүүнүн орто жана узак мөөнөттүү шааркурулуш концепцияларынын негизинде оперативдүү жана стратегиялык чечими боюнча:
- Баткен шаарынын кварталдарынын курулушунун шааркурулуш жана архитектуралык пландоо долбоорлору жана реконструкциясы боюнча;
- жашылдандыруу ландшафтык архитектура долбоору боюнча;
- шаардык чөйрөнүн дизайнынын, декоративдүү жарыктандыруусунун, жарнаманын, монументалдык искусствонун жана кичи архитектуралык формалардын долбоору боюнча.
2.5. Архитектуралык-Шааркуруу кеңешинин талкуусуна утурумдук долбоордук сунуштар менен катар долбоорлоо уюмдарынан, инвесторлордон, заказчы курулушчулардан, кээ бир жарандардан жана коомдук уюмдардан же жогору турган органдардан Баткен шаарын, анын кээ бир аймактарын жана шаар четиндеги зоналарын прогрессивдүү, рационалдуу жана натыйжалуу өнүктүрүүгө багытталган сунуштар киргизилиши мүмкүн.
2.6. Архитектуралык-шааркуруу кеңешинин кеңешмесинин укуктуулугу анын мүчөлөрүнүн кворуму менен белгиленет.
Архитектуралык-шааркуруу кеңешинин чечими Архитектуралык-шааркуруу кеңешинин кеңешмесинде катышып жаткан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
2.7. Архитектуралык-шааркуруу кеңешинин чечими кенешме өткөндөн кийин бир жумалык мөөнөттө кабыл алынып жаткан чечимдерди так жана негиздүү аргументтери менен протокол түрүндө жоболоштурулат.
2.8. Архитектуралык-шааркуруу кеңешинин кенешмесинин протоколу Архитектуралык-шааркуруу кеңешинин төрагасы Баткен шаарынын биринчи вице мэри тарабынан бекитилет.
2.9. Архитектуралык-Шааркуруу кеңешинин белгиленген тартипте бекитилген чечими алардын менчиктин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан бардык субьектер, ошондой эле Баткен шаарынын мэриясынын кварталдык администрациялары жана шаардык эксплуатациялоочу кызматтары тарабынан шааркурулуш архитектуралык жана курулуш ишкердигин Баткен шаарынын аймагында аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат.
Архитектуралык-Шааркуруу кеңешинин белгиленген тартипте бекитилген чечими Баткен шаарында обьекттерди долбоорлоого уруксат берүү документтерин жол жоболоштуруу үчүн бирден бир негизи болуп саналат.
2.10. Архитектуралык-Шааркуруу кеңешинин кенешмеси туруктуу негизде долбоордук сунуштардын түшүүсүнө жараша жүргүзүлөт.
3. Архитектуралык-шааркуруу кеңешинин укуктары
3.1. Архитектуралык-шааркуруу кеңеши төмөнкү укуктарга ээ:
- Баткен башкы архитектурадан, Баткен шаарынын эксплуатациялык жана ведомстволук көзөмөлдөө кызматтарынан, алардын менчиктин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан долбоордук уюмдардан жана заказчы курулушчулардан Архитектуралык-шааркуруу кеңешинде кароодо шааркуруу ниеттери жөнүндө долбоордук материалдарды даярдоо процессинде зарылчылыгы табылган материалдарды (документтер, эсептер, иймелер, сүрөттүү материалдар) суроого:
- Архитектуралык-шааркуруу кеңешинин кенешмесинде долбоордук сунуштарды кароо жана талкулоо процессинде катышуусу керек болгон инвесторлордон, заказчы курулуштардан, долбоордук жана подряддык уюмдардан, Баткен шаарынын эксплуатациялык кызматтарынын жана башка уюмдардан жана ишканалардан кызыккан өкүлдөрүн чакырууга;
- жогору турган органдардын тапшырмасы боюнча долбоордук сунуштар боюнча квалификациялуу эксперттик корутундуларды берүүгө;
- массалык маалымат каражаттарына жарыялоо үчүн Архитектуралык-шааркуруу кеңешинин жалпылоо, анализдөө жана корутундуларды даярдоого жана берүүгө;
- жогору турган инстанцияларга долбоордук документти бекитүүгө берүүгө;
- тиешелүү органдарга мыйзамсыз курулуштар боюнча, долбоордук чечимдерден одоно алыстаган курулуштарды токтотуу, шааркуруу тартиптерин, күчүндөгү мыйзамдарды, курулуш нормаларын жана эрежелерин бузган күнөөлүү жактарды административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча сунуштарды берүү;
3.2. Төрага төмөнкү укуктарга ээ:
1) Төрага жогору турган органдарга Шааркурулуш кеңешинин чечимдерин сунуштоо жана коргоо укугуна ээ.
2) Архитектуралык-шааркуруу кеңешмесинде өз көз карашын, сунуштарын коргоо;
3) Архитектуралык-шааркуруу кеңешинин кезексиз кеңешмесин чакыруу;
4) Архитектуралык-шааркуруу кеңешинин кеңешмесине чакырылган мүчөлөрдүн, долбоордун үстүндө иштеп чыгууда жана жүзөгө ашырууда катышкан буюртмачылардын өкүлдөрүн, долбоордук, курулуш жана башка уюмдардын өкүлдөрдүн, андан сырткары кызыгуусун жараткан коомчулуктун өкүлдөрдүн, шаардын жарандардын тизмесин аныктоо;
5) ар бир кеңешмеде регламентти так аныктоо;
6) Архитектуралык-шааркуруу кеңешинин кеңешмесинин протоколун бекитүү;
3.3. Төраганын орун басары төмөнкү укуктарга ээ:
1) Архитектуралык-шааркуруу кеңешинин төрагасынын катышпаган учурда анын милдеттерин аткаруу;
2) Архитектуралык-шааркуруу кеңешинин отурумуна чейин кеңешмеде каралуучу материалдардын тизмесин макулдашуу;
Архитектуралык-шааркуруу кеңешинин ишмердигин уюштуруу.
4.1. Архитектуралык-шааркуруу кеңешин Баткен шаарынын биринчи вице мэри жетектейт.
4.2. Баткен башкы архитектуранын башчысы - Баткен шаарынын Башкы архитектору Архитектуралык-шааркуруу кеңешинин төрагасынын орун басары болуп саналат.
4.3.Баткен башкы архитектуранын өкүлү - Архитектуралык-шааркуруу кеңешинин катчысы Архитектуралык-шааркуруу кеңешинин ишмердигин уюштурууну жана координициялоону жүзөгө ашырат.
4.4. Архитектуралык-шааркуруу кеңешинин кеңешмесин өткөрүү орду – Баткен шаарынын мэриясынын жыйындар залы.
| Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясыныны №01-10/14 токтомуна №2 тиркеме |
Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы архитектуралык шаар куруу Кеңешинин курамы
1.Султанов М.М. Баткен шаарынын 1-вице мэри, Кеңештин төрагасы
2.Эгешов К.М. Арихитектура жана шаар куруу башкармасынын башчысы, төраганын орун басары
мүчөлөрү:
3.Аззамов Н. шаар мэриясынын өнөр жай, курулуш жана айыл чарба секторунун башчысы
4.Сейдалиев К. Баткен, Сүлүктү шаарлары жана Баткен, Лейлек райондору боюнча техникалык коопсуздук жана экологиялык инспекциясынын регионалдык башкармалыгынын башчысы
5.Акматов А Баткен шаар мэриясынын алдындагы ММД башчысы
6.Эргешов А Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана мамлекеттик каттоо башкармалыгынын башчысы
7.Маркаев К Баткен райондук электр тармактар ишканасынын башчысы
8.Исаев А ИИМнин Баткен облустук ички иштер башкармалыгын патрулдук бөлүмүнүн башчысы
9.Сулайманов А “Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору
10.Камчиев Д “Таза-суу” муниципалдык ишканасынын директору
11.Каразаков А №2 ДЭП башчысы (макулдашуу менен)
12.Гыязов А Баткен шаардык өрткө каршы кызматынын башчысы
13.Эназаров А ӨКМнин Баткен шаардык бөлүмүнүн башчысы
14.Жунусалиев Д Баткен областык СЭСтин башкы врачынын орун басары
15.Добутов М Баткен шаардык Кеңешинин депутаты, курулуш куруу, архитектура, коммуникация жана транспорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын башчысы
16.Шарапов Д Баткен шаардык Кеңешинин депутаты,
17.Сейдалиева Т Базар-Башы кварталынын башчысы
18.Максытов К Келечек кварталынын башчысы
19.Курбанбеков М Кызыл-Дөң кварталынын башчысы
20.Турдубаев А Булак-Башы кварталынын башчысы
21.Асанов С Кызыл-Жол кварталынын башчысы
22.Талибаев А Чет-Булак кварталынын башчысы
Жооптуу катчы | Ж.Алдашова |