Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты № 01-10/25
Баткен шаардык Кеңешинин КСДП фракциясынын депутаттарынын катарын толуктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 13-январындагы «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» №3 Мыйзамынын 1-бөлүмүнүн 3-статьясынын 3-пункутчасына ылайык Баткен шаардык Кеңешинин КСДП фракциясынан депутат Рахимов М.Т. Баткен шаарынын мэри болуп шайлангандыгына байланыштуу Рахимовдун арызынын жана КСДП саясый партиясынын Баткен шаардык Кеңешине депутатыкка талапкерлердин кезегинде турган атуулду чакыруу жөнүндөгү саясый партиянын райондук жана шаардык уюмунун 2017-жылдын 13-январындагы чечиминин негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаардык Кеңешине КСДП фракциясынан депутат Рахимов М.Т баткен шаарынын мэри болуп шайлангандыгына байланыштуу, өзүнүн жазган арызына ылайык, мандаты токтотулсун. (арызы тиркелет)
2. Баткен шаардык Кеңешине КСДП фракциясынан депутаттыка №13 кезектеги талапкер Имаров Абылбек Амирбекович чакыртылсын. (чечим тиркелет)
3. Ушул токтомдун бекитип берүү жагы КР БШ комиссиясынан суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысы Ж.Алдашовага тапшырылсын.
Төрага | А. Ташбеков |
«Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясый партиясынын Баткен райондук жана шаардык уюумунун чечими»
Баткен шаары 2017-жыл 31-январь
«Талапкерлердин тизмесинде турган талапкерлердин кезектүүлүгүн өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө»
Кыргызстан социалдык-демократиялык партиясы» саясый партиясынын Баткен райондук жана шаардык уюуму Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» мыйзамынын 51-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык
ЧЕЧТИ:
1. КСДП саясый партиясынын №8 кезекте турган, Баткен шаардык кеңешинин депутататы Раимов Мамыржан Тойчуевич Баткен шаарынын мэри болуп шайлангандыгына байланыштуу, берген арызына ылайык Баткен шаардык Кенешинин депутаты мандаты токтотулсун.
2. КСДП саясый партиясынын №13кезегинде талапкер Имаров Адылбек Амирбекович Баткен шаардык Кенешинин депутаты мандатына ээ болсун.
3. КСДП саясый партиясынан Имаров А.А Баткен шаардык Кенешинин депутаты мандатына ээ болуусун бекитип берүү жагы Баткен шаардык Кенешинин кезектеги сессиясына суралсын.
Координатор | Э.А. Рахматов |