Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-марты № 4/4
Нарын райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын 03.02.2017-жылдагы №11 катын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аймагындагы малдарды идентификациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамы жана «Жаныбарларды идентификациялоо эрежесин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.12.2014-жылдагы №694 жана 27.12.2016-жылдагы №703 токтомдорунун негизинде 2017-жылдын 6-январындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 03-01/02 протоколунун. Нарын райондук ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын 03.02.2017-жылдагы №11 катына ылайык, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кенешинин IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүндөгү малдарды идентификациялоодо бирка 37сом 76 тыйын, оператордук кызмат көрсөтүү 2сом 24тыйын, жеке менчик вет. сервистердин кызмат көрсөтүүсү 30сом болуп бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго тапшырылсын.
Төрага | Т. Сыдыкбеков |