Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 105 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-декабры № 703
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы № 694 "Жаныбарларды идентификациялоо эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Жаныбарларды идентификациялоо боюнча иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү максатында, "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы № 694 "Жаныбарларды идентификациялоо эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жаныбарларды идентификациялоо эрежесинде:
- бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "жаныбарларды идентификациялоо боюнча ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "жаныбарларды идентификациялоо жаатындагы ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Жеке идентификациялык номер 12 (он эки) символдон турууга тийиш, алар төмөнкүдөй маанилерге ээ:
1) мүйүздүү бодо мал жана топоз үчүн кулак биркасынын коду 2 тамгадан жана 10 цифрадан турууга тийиш:
KG C10 С9 C8 С7 С6 С5 С4 СЗ С2 С1, алар төмөнкүлөрдү билдирет:
KG - ISO 3166 эл аралык стандартка ылайык биринчи деңгээлдеги домен үчүн коддордун эки тамгалуу системасы;
C10-C1 - жаныбардын жеке идентификациялык номерин билдирүүчү 10дон 1ге чейинки цифралар (10 символ);
2) кой жана козу үчүн кулак биркасынын коду 2 тамгадан жана 10 цифрадан турууга тийиш:
KG С10 С9 С8 С7 С6 С5 С4 СЗ С2 С1, алар төмөнкүлөрдү билдирет:
KG - ISO 3166 эл аралык стандартка ылайык биринчи деңгээлдеги домен үчүн коддордун эки тамгалуу системасы;
C10-C1 - жаныбардын жеке идентификациялык номерин билдирүүчү 10дон 1ге чейинки цифралар (10 символ);
3) чочко үчүн кулак биркасынын коду 2 тамгадан жана 10 цифрадан турууга тийиш:
KG С10 С9 С8 С7 С6 С5 С4 СЗ С2 С1, алар төмөнкүлөрдү билдирет:
KG - ISO 3166 эл аралык стандартка ылайык биринчи деңгээлдеги домен үчүн коддордун эки тамгалуу системасы;
C10-C1 - фермердик чарбанын жеке идентификациялык номерин билдирүүчү 10дон 1ге чейинки цифралар (10 цифра).
Жылкы үчүн радиожыштыктуу инъекциялык транспондердин электрондук коду 13 цифрадан турууга тийиш:
1ден 3кө чейинки цифралар өлкөнүн кодун, 417 - БУУда ISO 3166 эл аралык стандарт боюнча пайдаланылуучу үч орундуу цифралык системага ылайык Кыргызстандын кодун билдирет;
- 4төн 13ке чейинки цифралар (10 символ) жаныбардын жеке идентификациялык номерин билдирет.";
- 10-пунктунун алтынчы абзацы "бирканын дубликаттын" деген сөздөрдөн мурун "ушул Эреженин 5-тиркемесине ылайык форма боюнча" деген сөздөр жана цифра менен толукталсын;
- 3-главасынын тогузунчу абзацы "жазуу жүзүндөгү арыз" деген сөздөрдөн мурун "ушул Эреженин 6-тиркемесине ылайык форма боюнча" деген сөздөр жана цифра менен толукталсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жаныбарларды идентификациялоонун эрежесинин 2-тиркемесинде:
5-пунктунун "б" пункчасындагы "15" жана "15ке чейинки (12 символ)" деген цифралар жана сөздөр "13" жана "13кө чейинки (10 символ)" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жаныбарларды идентификациялоонун эрежесинин 4-тиркемесинде:
"(С8-С1)" жана "(8 символ)" деген цифралар, сөз жана тамгалар "(С10-С1)" жана "(10 символ)" деген цифралар, сөз жана тамгалар менен алмаштырылсын;
- ушул токтомдун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык редакцияда 5 жана 6-тиркемелер толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| С.Жээнбеков |
1-тиркеме
|
| "Жаныбарларды идентификациялоонун эрежесине 5-тиркеме |
Форма
|
| _____________________________________ |
|
| (Ветеринардык кызматтын аталышы) |
|
| (аты-жөнү, атасынын аты (бар болсо) |
|
| ИНН/юридикалык жактын аталышы, БИК) |
|
| Дареги ______________________________ |
АРЫЗ
Бирканын дубликатын берүүнү суранам
Себеби __________________________________________________________________________
Жаныбардын түрү _________________________________________________________________
Жаныбардын саны _________________________________________________________________
Айыл чарба малынын идентификациялык номери: ______________________________________
Бирканын жоголгону, бузулганы боюнча фактыны ырастоочу төмөнкү документтерди тиркейм:
Байланыш телефондору ____________________________________________________________
Е-mаil ____________________________________________________________________________
Маалыматтык системаларда камтылган, мыйзам менен корголуучу сырды түзгөн
маалыматтарды колдонууга макулмун.
Берилген маалыматтардын аныктыгын ырастайм.
20___-жылдын ________________ __________________________
(арыз ээсинин колу)
Тиркеме: ________________ барак(та) 1 нускада _____________
Документтер кабыл алынды 20___-жылдын __________________
_______________________________________________________
(документти кабыл алган адамдын колу)".
2-тиркеме
|
| "Жаныбарларды идентификациялоонун эрежесине 6-тиркеме |
Форма
|
| _____________________________________ |
|
| (Ветеринардык кызматтын аталышы) |
|
| (аты-жөнү, атасынын аты (бар болсо) |
|
| ИНН/юридикалык жактын аталышы, БИК) |
|
| Дареги ______________________________ |
АРЫЗ
Бирканын дубликатын берүүнү суранам
Себеби ___________________________________________________________________________
Жаныбардын түрү __________________________________________________________________
Жаныбардын саны _________________________________________________________________
Айыл чарба малынын идентификациялык номери: ______________________________________
Ветеринардык күбөлүктүн жоголгону, бузулганы боюнча фактыны ырастоочу төмөнкү
документтерди тиркейм:
Байланыш телефондору ____________________________________________________________
Е-mail ____________________________________________________________________________