Загрузка документа…
КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-марты № 4/8
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2017–жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги шаардык кеңештин 2017–жылга карата иш планынын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, иш пландын долбооруна шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары, иш планды талкуулоодо шаардык кеңештин депутаттары тарабынан берилген сунуштарды эске алып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2017–жылга карата түзүлгөн иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин. (2017–жылга иш план тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин төрайымы У.Дариповага орун басарлары А.Мамадиевге, М.Миркадыровго жана шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларына тапшырылсын.
Төрайым | У. Дарипова |
| Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) 2017-жылдын 7-мартындагы кезексиз 4-сессиясынын №4/8 токтомуна №1-тиркеме |
Кызыл – Кыя шаардык кеңешинин 2017–жылга карата түзүлгөн
ИШ ПЛАНЫ
№ | Каралуучу маселелер | Мөөнөтү | Ким аткарат |
Кызыл – Кыя шаардык кеңешинин сессияларында каралуучу маселелер | |||
1 | Кызыл–Кыя шаарынын 2015–жылдагы жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2016-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө. | 2017-жылдын 1–кварталы | Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы. |
2 | Кызыл–Кыя шаарынын социалдык–экономикалык өнүгүүсүнүн көрсөткүчтөрүнүн 2016–жылдын жыйынтыгы тууралуу. Кызыл–Кыя шаарынын мэринин отчету. | 2017-жылдын 1–кварталы | Кызыл–Кыя шаарынын мэри. |
3 | Кызыл–Кыя шаарынын 2017–жылга жергиликтүү бюджетин кабыл алуу жөнүндө.
| 2017-жылдын 1–кварталы | Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы. |
4 | Кызыл–Кыя шаарынын 2018–2019–жылдарга жергиликтүү бюджеттеринин божомолу жөнүндө. | 2017-жылдын 1–кварталы | Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы. |
5 | Кызыл-Кыя шаарына караштуу Караван аймактык башкармалыгынын 2016-жылга жүргүзгөн иштери жана 2017-жылдын түшүмү үчүн жүргүзүлүп жаткан жазгы талаа иштеринин абалы жөнүндө | 2017-жылдын 1-кварталы | Ишкерлер, өнөр – жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы |
6 | Калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча шаардык “Кызыл-Кыя Сууканал” муниципалдык ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө. | 2017-жылдын 2-кварталы | Ишкерлер, өнөр – жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы |
7 | Шаардын көчөлөрүн жарыктандыруужана шаардын жолдорун оңдоп түзөө жөнүндө маселелер. | 2017-жылдын 2-кварталы | Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясы |
8 | «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» КР 2012–жылдын 7–декабрындагы №196 Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014–жылдын 7–февралындагы «Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө Коргоо кеңешинин чечимин ишке ашыруу тууралуу» №24 Жарлыгынын Кызыл–Кыя шаарында аткарылышы жөнүндө | 2017-жылдын 2-кварталы | Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы |
9 | Кызыл–Кыя шаарынын аймагында 2017–жылга жер салыктарын жана мүлккө салыктардын 1,2,3 топторун киргизүү жөнүндө | 2017-жылдын 2-кварталы | Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы. |
10 | Кызыл-Кыя шаардык ИИБнүн 2016-жылга кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча абалы жөнүндө | 2017-жылдын 2-кварталы | Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы |
11 | Кызыл–Кыя шаарынын 2017–жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө: –6 айлык бюджеттин аткарылышы боюнча отчет –9 айлык бюджеттин аткарылышы боюнча отчет –12 айлык бюджеттин аткарылышы боюнча отчет | 2017-жылдын июль айы, октябрь айы, 2018–жылдын февраль айы. | Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы. |
12 | Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын Кызыл-Кыя шаардык башкармалыгынын салыктарды жыйноо боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө. | 2017-жылдын июль айы, октябрь айы, декабрь айы. | Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы. |
13 | Кызыл-Кыя шаарынын мэри Э. Топчубаевдин 2017-жылдын 6 айына карата аткарган иштери жөнүндө. | 2017-жылдын 3-кварталы | Кызыл–Кыя шаарынын мэри. |
14 | Кызыл-Кыя шаардык спорт, маданият жана миграция тармагындагы болуп жаткан иштер жөнүндө | 2017-жылдын 3-кварталы | Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясы
|
15 | Кызыл-Кыя шаарынын көчөлөрүндө “кызыл” “сары” “жашыл” сызыктарда, жолдордо, тротуарларда мыйзамсыз орнотулган, курулган обьектилерди аныктоо жана аны жөнгө салуу маселеси. | 2017-жылдын 3-кварталы | Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясы |
16 | Кызыл-Кыя шаарындагы жалпы мекеме-ишканалардын кышка даярдыгы жөнүндө. | 2017-жылдын 3-кварталы | Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясы. |
17 | Кызыл-Кыя ШИИБнүн участкалык инспекторлорунун өздөрүнүн участкаларында аткарып жаткан иштери жөнүндө | 2017-жылдын 4-кварталы | Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы |
18 | Диний экстремизимдин алдын алуу жана аны менен күрөшүү боюнча Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын маалыматы жөнүндө | 2017-жылдын 4-кварталы | Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы |
19 | Кызыл-Кыя шаарындагы жалпы саламаттыкты сактоо багытында жана билим берүү тармагында иш алып барган мекемелердин ишмердүүлүгү жөнүндө | 2017-жылдын 4-кварталы | Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясы |
Уюштуруу иштери | |||
1 | Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш. Атамбаевдин “2017 – жылды – Адеп, ыйман жана маданият жылы”, – деп жарыялаган Жарлыгын аткаруу боюнча иш–аракеттерди жүргүзүү. Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттары аркылуу Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш. Атамбаевдин “2017 – жылды – Адеп, ыйман жана маданият жылы”, – деп жарыялаган Жарлыгын элге жеткирүү. | Жыл ичинде. | Шаардык кеңеш, шаардын мэриясы. |
2 | Шаардык кеңештин депутаттары менен окуу кеңешмелерин өткөрүү. | Жыл ичинде. | КР ЖӨБИ боюнча мамлекеттик агенттиги, шаардык кеңеш эл аралык уюмдар менен. |
3 | Кызыл–Кыя шаарын көрктөндүрүү, жашылдан– дыруу, санитардык тазалоо жана калкка коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча иш–аракеттердин жүргүзүлүшүнө көмөк көрсөтүү жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө. | Ай сайын | Шаардык кеңеш, шаардын мэриясы, шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары |
4 | Шаардык кеңештин сессияларында жана шаардык кенештин туруктуу комиссияларынын отурумдарында кабыл алынган токтомдордун, чечимдерин аткарылышын көзөмөлдөө. | Жыл ичинде. | Шаардык кеңештин трууктуу комиссиялары. Шаардык кенештин аппараты. |
5 | Шаардык кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен болгон жолугушууларында айтылган сын – сунуштарынын аткарылышын көзөмөлдөө. | Жыл ичинде. | Шаардык кеңештин аппараты. |
6 | Шаардын кварталдык, үй комитеттери жана аксакалдар соттору менен иш алып баруу. | Жыл ичинде. | Шаардык кеңеш, шаардык кенештин туруктуу комиссиялары. |
7 | Шаардагы ардагерлер кеңеши, жаштар уюмдары, аялдар кеңештери жана башка коомдук уюмдар менен иш алып баруу. | Жыл ичинде. | Шаардык кеңеш, шаардык кенештин туруктуу комиссиялары. |
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин аппаратынын жетекчиси |
Р. Абдукаюмов |