Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 9-ноябры № 33/6-3
Токмок шаарынын 145-жылдыгын
өткөрүүгө акча каражат бөлүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын өтүнүч катын карап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарын жетекчиликке алып, туруктуу депутаттык комиссиянын чечиминин негизинде Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын каржы бөлүмүнүн башчысы тарабынан (Котко Н.Т.) Токмок шаарынын 145-жылдыгын өткөрүүгө чыгымдар сметасына ылайык 1150300 (бир миллион жүз элүү миң үч жүз) сом суммасында акча каражат издеп таап жана бөлүнсүн (тиркеме).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаарынын биринчи вице – мэрине жана Токмок шаардык Кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Токмок шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Р. Таманбаев |
| Токмок шаардык Кеңешинин №33/6-3 2012-ж. 9 ноябрдын токтомуна тиркеме |
№ к/э | Уюм | Иш-чаралар | Суммасы (сом) |
| КИК | Токмок ш. ыңгайлаштырууга чыгымдар. | 83710 |
| ММБ | Токмок ш. мэриясын учурдагы оңдоого жана жабдууга ММБнын чыгашалар сметасы. | 299000 |
| Токмок ш. мэриясы | Токмок ш. 145 жылдыгын майрамдоону өткөрүү боюнча мэриянын чыгашалар сметасы. | 190050 |
| Маданият бөлүмү | Токмок ш. 145 жылдыгын майрамдоону өткөрүү боюнча маданият бөлүмүнүн чыгашалар сметасы. | 577540 |
| Бардыгы |
| 1150300 |