Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 9-ноябры № 32/6-3
Токмок шаарынын коммуналдык ишканалар Комбинатына акча каражат бөлүү жөнүндө
Токмок шаарынын коммуналдык ишканалар Комбинатынын өтүнүч катын карап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарын жетекчиликке алып, экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын чечиминин негизинде Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын каржы бөлүмүнүн башчысы тарабынан (Котко Н.Т.) коммуналдык ишканалар Комбинатына жергиликтүү бюджетин ашык аткаруунун эсебинен жол белгилерин жасатууга 93 (токсон үч) миң сом суммасында акча каражат бөлүнсүн.
2. 2012-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча киреше бөлүгүнүн планынын ашык аткарылышынын эсебинен жергиликтүү бюджеттин чыгаша өлүгү боюнча өзгөрүүлөрдүн тизмеги бекитиллсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок шаарынын биринчи вице – мэрине жана Токмок шаардык Кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Токмок шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Р. Таманбаев |
| Токмок шаардык Кеңешинин №32/6-3 2012-ж. 9 ноябрьдын токтомуна №1 тиркеме |
(миң.сом) (миң.сом)
Бөлүм |
Уюмдардын аталышы |
Бардыгы |
"Эмгек акы" |
Соц/фондго чегерүү | "Ар кандай кызм. сатып алуу" |
2111 | 2121 | 2215 | |||
1 | Мэрия | 221,8 | 192,7 | 29,1 |
|
2 | Шаардык Кенеш | 226,1 | 215,9 | 10,2 |
|
3 | Шаардык финансы бөлүмү | 492,5 | 420,5 | 72,0 |
|
4 |
Мамлекеттик салык кызмат башкармалыгы |
350,0 |
300,0 |
50,0 |
|
5 | Шаардык чарба, капиталдык курулуш, транспорт жана коммуникация муниципалдык башкармалыгы |
152,9 |
142,5 |
10,4 |
|
6 | Киновидеодирекция | 27,5 | 23,5 | 4,0 |
|
7 | «Менин шаарым» газетасынын редакциясы | 79,2 | 67,6 | 11,6 |
|
8 | Муниципалдык менчик башкармалыгы |
4642,2 |
|
| 4642,2 |
| Бардыгы | 6192,2 | 1362,7 | 187,3 | 4642,2 |