Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бүргөн айылдык Кеңешинин кезексиз чакырылышынын IV сессиясы
2013-жылдын 6-марты № 4/2
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин 2013-жылга карата иш планы жөнүндө
V шайланган депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин 2013-жылга карата иш планы бекитилсин.
2. Сессиянын материалдарын өз убагында даярдап, сессияга сунуш кылуу жагы жооптуу катчы М.Төрөбек кызына милдеттендирилсин.
Кара-Бүргөн айылдык Кеӊешинин төрагасы |
У. Кыдыров |
| Депутаттардын Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз IV сессиясынын №4/2 токтомуна тиркеме |
1.Кара-Бүргөн айылдык Кеңешинин 2013-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө.
2.М.Базаркулов атындагы орто мектебинин окуу, тарбия иштеринин жүргүзүлүшү жана 1-4-класстардын окуучуларына шашке тамагынын берилишинин абалы туурасында директор А.Тиленбаеванын отчету.
3. Калктын саламаттыгын жакшыртууда №4 ҮДТда аткарылып жаткан иштердин абалы жөнүндө Г.Айтбаеванын отчету.
4. Чакан ишкердикти өнүктүрүүдө аткарылып жаткан иштердин абалы туурасында Кара-Бүргөн айылындагы чакан ишканалардын жетекчилеринин отчету. (жыгач иштетүүчү ишкана-М. Конушов, кийим тигүүчү ишкана-Б.Рахматова, Тех сервис-К.Суранбаев, АЗС-С.Карагулов)
1.Калкты пенсия, пособие, ММКы менен камсыз кылууда аткарылып жаткан иштер туурасында байланыш бөлүмүнун башчысы К.Соодонбековдун отчету.
2.Калктын социалдык абалын көтөрүүдө коомдук уюмдардын аткарып жаткан иштери туурасында коомдук уюмдардын жетекчилеринин отчету.
3.Маданият жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө У.Сыдыковдун отчету.
4.Калктын аялуу катмарын социалдык жактан коргоодо аткарылып жаткан иштердин абалы туурасында соц адистин отчету.
5.Мал арасындагы эпизоотиялык абалды турукташтыруу багытында аткарылып жаткан иштер жөнүндө мал чарба адисинин отчету.
1.Жаш өспүрүмдөргө билим. Тарбия берүүдө жүргүзүлүп жаткан иштеридин абалы туурасында «Жамал апа» балдар бакчасынын жетекчиси Г.Кадыкееванын отчету.
2.Калкты таза суу мененкамсыз кылууда аткарылып жаткан иштер жөнүндө « Жениш-Саз» ИСКАКБсынын жетекчиси Д.Муктар уулунун отчету.
3.Кылмыштуулукту алдын-алууда аткарылып жаткан иштердин абалы туурасында аксакалдар сотунун төрагасы А.Назаровдун отчету. 4.Аскердик кызмат өтөө боюнча аткарылып жаткан иштер туурасында Аскер учет столунун башчысынын отчету. 5.Жер маселелерине байланышкан иштердин абалы жөнүндө Жер жайгаштыруу жана айыл чарба адиси жана жер, турак-жай маселелери боюнча отчету.
1.Жарандардын кайрылууларынын өз убагында аткарылышынын абалы туурасында Жооптуу катчы М. Төрөбек кызынын отчету. 2.Жайыттардын инфраструктурасын жакшыртууда аткарылып жаткан иштердин6 абалы туурасында жайыт комитетинин төрагасы Т.Калдарбековдун отчету.
3.Кара-Бүргөн айылын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө 2013-жыл ичинде аткарылган иштер жана келээрки жылдын программасы жөнүндө айыл өкмөт башчысы Н.Соодонбековдун отчету.
4.Жергиликтүү жыйымдардын жана салыктардын чогултулушунун абалы туурасында салык инспекторунун отчету.
5.КБФнун жерлерин ижарага берүү жана андан түшкөн жыйымдардын чогултулушунун абалы туурасында жер адисинин отчету.