Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-июну № 366
"Секторду реформалоого контракт - Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо" (DCI-ASIE/2014/025-021) программасы боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа союзунун ортосунда Брюссель шаарында 2015-жылдын 27-мартында кол коюлган финансылык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тиркелгендер жактырылсын:
-"Секторду реформалоого контракт - Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо" (DCI-ASIE/2014/025-021) программасы боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа союзунун ортосунда Брюссель шаарында 2015-жылдын 27-мартында кол коюлган финансылык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
-"Секторду реформалоого контракт - Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо" (DCI-ASIE/2014/025-021) программасы боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа союзунун ортосунда Брюссель шаарында 2015-жылдын 27-мартында кол коюлган финансылык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Т. А. Сариев |
Долбоор
«Секторду реформалоого контракт - Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо» (DCI-ASIE/2014/025-021) программасы боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа союзунун ортосунда Брюссель шаарында 2015-жылдын 27-мартында кол коюлган финансылык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене
«Секторду реформалоого контракт - Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо» (DCI-ASIE/2014/025-021) программасы боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа союзунун ортосунда Брюссель шаарында 2015-жылдын 27-мартында кол коюлган финансылык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.