Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-июну № 389
«Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституцясынын 79-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Т. А. Сариев |
Долбоор
«Күрөө жөнүндө» Кьгргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 6, 377 бер.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 3-берене төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын: «Ипотека күрөөсү - менчик ээсинин төмөнкүлөргө укуктуулугун ырастоочу документтик ордердик баалуу кагаз:
- бул милдеттенмелердин бар экенин аныктаган башка далил көрсөтпөстөн, ипотека менен камсыздалган акчалай милдеттенме боюнча аткарууну алууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, ипотека менен оордотулган мулктүн эсебинен, ипотека менен камсыздалган, милдеттенмелердин канааттандырылышын алууга.».
2. ll-берене төмөнкүдөй мазмундагы 10-пункт менен толукталсын:
«10. Ипотека күрөөсүн берүүдө мындай мүлктүн кийинки курөөлөрүнүн бар-жогу эсепке алынбайт.».
3. 19-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
«5. Ипотека күрөөсүнө ээ болгон күрөө кармоочу аны үчүнчү жакка индоссамент жүргүзуү аркылуу өткөрүп берүүгө укуктуу. Ипотека күрөөсү боюнча күрөөгө алуучу жана насыяга берген тараптын укуктары жаңы ээсине өтөт. Ипотека күрөөлүгу боюнча укуктарды өткөрүп берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоого алынууга тийиш.».
4. З6-берене төмөндөй редакцияда берилсин:
«З6-берене. Ипотека күрөөсү тууралуу негизги жоболор.
1. Ипотека менен камсыз кылынган милдеттенмеге карата жана ипотека жөнүндө келишим боюнча күрөө кармоочунун укугу ипотека күрөөсү менен күбөлөндүрүлүшү мүмкүн.
2. Ипотека күрөөсү ипотекалык насыяга алыньш жаткан турак-жайдын ээси тарабынан түзүлөт. Башка учурларда, ипотека жөнүндөгү келишимдеги ипотека курөөлүгү тууралуу шарттар жараксыз деп эсептелет..
3. Ипотека күрөөсү ипотека менен камсыз кылынган милдеттенме аяктаганга чейин ар кандай учурларда күрөө берүүчү тарабынан түзүлүшу мүмкүн. Ипотека күрөөлүгү боюнча күрөө кармоочунун укугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоого алынууга тийиш. Эгерде ипотека күрөөлүгү белгиленген тартипте каттоодон өтпөсө, анда анын бар-жогу эсепке алынбайт.
4. Ипотека күрөөсүн түзгөн жак, же анын ээси өз ара макулдашуу боюнча ипотека күрөөсүндө мурда белгиленген шарттарды өзгөртүүгө укуктуу. Мындай макулдашууну тузүүдө ипотека күрөөсүнүн мазмунуна өзгөртүү киргизүү аркылуу, мьндай макулдашуунун ипотека күрөөсүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналаарын көрсөтүү менен түп нускасы тиркөө, же ипотека күрөөсүн жокко чыгарып, ошол эле учурда тийиштүү өзгөртүүлөрдү эске алуу менен түзүлгөн жаңы ипотека күрөөсүн берүү каралат. Ипотека күрөөсүнүн мазмунун өзгөртүү мьндай өзгөртүүлөр мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ипотека күрөөсүнүн ээси аны лицензияланган депозитарийге эсепке алуу үчүн берүүгө укуктуу. Ипотека күрөөсүн депозитардык эсепке алуу эрежеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.».
5. 4-глава төмөндөгүдөй мазмундагы 361, 362 жана 363 - беренелери менен толукталсын:
«361 - берене. Ипотека күрөөсүнүн мазмуну.
1. Ипотека күрөөлүгү төмөнкүлөрдү камтышы керек:
1) документтин аталышына киргизилген «ипотека күрөөсү» деген сөздөр;
2) күрөө берүүчүнүн жана ипотека менен камсыз кылынган милдеттенмелер боюнча карызкордун ысымдары, ошондой эле ким экендигин күбөлөндүрүучү документ жөнүндө маалымат;
3) алгачкы күрөө кармоочунун (кредитордун) аталышы, анын юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу маалымат, ошондой эле күрөө келишими жана кредиттик келишим түзүлгөн дата, орду жөнүндө маалымат;
4) ипотека менен камсыздалган милдеттенменин суммасын жана пайыздардын өлчөмүн көрсөтүп, эгерде алар ушул милдеттенме боюнча төлөнүүгө тийиш болсо же тийиштүү мезгилде бул сумманы жана пайыздарды аныктоого мүмкүндүк берген шарттарды көрсөтүү;
5) ипотека менен камсыз кылынган милдеттенменин суммасын жана ал боюнча пайыздарды төлөө меөнөтү, эгер бул сумма бөлүп-төлөнүүго тийиш болсо, тийиштүү төлөмдөрдүн мөөнөттөрү (мезгилдүүлүгү) жана ар биринин өлчөмү же төлөмдөрдүн мөөнөтүн жана өлчөмүн аныктоого мүмкүндүк берген шарттар (карызды төлөө графиги);
6) аталышы жана ипотека коюлган мүлктү идентификациялоо үчүн жетиштүү болгон сыпаттап жазуу, ошондой эле мындай мүлктүн жайгашкан ордун көрсөтүү;
7) көз карандысыз баалоочунун бүтүмү менен ырасталган ипотека коюлган мүлктүн акчалай баасы;
8) ипотеканын предмети болуп саналган мүлктүн күрөө берүүчүгө таандык укугунун жана мамлекеттик каттоонун номерин, датасын жана ордун көрсөтүү менен бул укукту каттоого алган органдын аталышы;
9) ипотеканын предмети болуп саналган мүлк толугу менен күрөө берүүчүнүн менчигинде экенин жана ипотеканы мамлекеттик каттоо учурунда кандайдыр бир үчүнчү жак тарабынан ээликтен ажыраталбагандыгын көрсөтүү;
10) күрөө берүүчүнүн нотариус күбөлөндүргөн. колу;
11) ипотека күрөөсүнүн мамлекеттик катталышы жөнүндө белги жана ипотека мамлекеттик катталышы жөнүндө маалыматтар;
12) ипотека күрөөсү түзүлгөн датаны жана ордун көрсөтүү.
2. «Ипотека күрөөсү» дел аталган, берененин 1-пунктунун 1-12-пункчаларында көрсөтүлгөн маалыматтары жок документ ипотека күрөөлүгү болуп саналбайт жана алгачкы күрөө кармоочуга берилбейт.
3. Ипотека күрөөсүн түзүүдө ага ушул берененин 1-пунктунда каралбаган маалыматтар жана шарттар киргизилиши мүмкүн.
4. Эгерде тараптар ипотека жөнүндө келишимде же мыйзамдын күчүнөн улам ипотеканы пайда кылуучу келишимде күрөөгө коюлган мүлктү соттон тышкары тартипте өндүрүп алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө шартты караштырса, анда мындай шарт ипотека күрөөсүндө камтылышы керек.
5. Эгерде тараптар ипотека женунде келишимде же мыйзамдын күчүнөн улам ипотеканы пайда кылуучу келишимде соттун чечими боюнча ипотека предметин өндурүүдө курөөгө коюлган мүлктү сатуу ыкмасын жана тартибин караштырса, тийиштүү жобо ипотека күрөөсүндө камтылышы керек.
6. Эгерде ипотека күрөөсүндө анын жаңы ЭЭСИ тууралуу белгилер же кандайдыр-бир жазуулар үчүн орун жок болсо, ага кошумча барак тиркелет. Бардык барактар биригип жалпы бир ипотека күрөөлүгүн түзөт. Алар бири - бирине бекитилип, номер коюлуп, кызмат адамынын колу менен күбөлөндүрүлүшү же кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жүргүзгөн органдын мөөрү басылып бекитилиши керек. Ипотека күрөөсүнүн өзүнчө барактары бүтүмдөрдүн предмети боло албайт.
7. Ипотека күрөөсү ипотека жөнүндө келишимге же милдеттенмеси ипотека менен камсыз кылынан келишимге ылайык келбесе, аны алуучу бутүмду түзүү учурунда мындай ылайык эместер жөнүндө билсе же билиш керек болгон учурлардан башка убакта ипотека күрөөсүнүн мазмуну туура деп эсептелет.
Ипотека күрөөсүн түзүүчү анын ээсинин талабы боюнча көрсөтүлгөн ылайык эместиктерди жокко чыгарат жана ошол эле учурда жаңы ипотека күрөөсүн берет, эгерде талаптар мындай шайкеш келбестиктер тууралуу ипотека күрөөсүнүн ээсине белгилүү болгондон кийин дароо кайрылса.
Ипотека күрөөсүн түзүүчү көрсөтүлгөн ылайык эместиктер жана аны жок кылууга байланыштуу пайда болгон чыгымдар үчүн жоопкерчиликтүү болот.
8. Ипотека күрөөсүнө ипотека же күрөө кармоочу ипотека күрөөсү боюнча өзүнүн укуктарын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон шарттарды аныктоочу документтер тиркелиши мүмкүн. Ипотека күрөөсүнүн жаңы ээсине тапшырууда ага тиркелген бардык документтер кошо берилет.
62 - берене. Ипотека күрөөсү боюнча укуктарды ишке ашыруу жана ипотека менен камсыздалган миддеттенмелерди аткаруу.
1. Ипотека күрөөсүнүн ээси өзүнүн укуктарын ишке ашырууда ипотека күрөөсүн ал боюнча милдеттүү жакка көрсөтүүтө милдеттүү. Ипотека күрөөсүнүн ээси ипотека күрөөсү депозитардык. эсепке алууга берилген учурда аны көрсөтпөй коюуга укуктуу. Эгерде, ипотека күрөөсүнө депозитардык эсепке алуу ишке ашырылып жатса, карызкор анын ээсинен ыйгарым укуктуу жактын колу жана депозитарийдин мөөрү басылып күбөлөндүрүлгөн, депозиттик эсеп боюнча көчүрмөдө анын укуктарын ырастоону талап кылууга укуктуу,
2. Күрөө кармоочу, ипотека менен камсыз кылынган милдеттенмелери аткарылгандан кийин милдеттенмелерди толук атткарылгандыгы жөнүндө белгиси менен ипотека күрөөлүгүн күрөө кармоочуга дароо берүүгө милдеттүү, эгерде милдеттенмелер жарым-жартылай аткарылса, - күрөө берүүчү үчүн жеткиликтүү болгон жана ипотека күрөөсүнүн кийинки ээлери үчүн түшүттуктүү ыкмада жарым-жартылай аткарылгандыгын, анын ичинде тийиштүү финансылык документтерди тиркейт же ага милдеттенмедердин айрымдарынын аткагандыгы жөнүндө жазуу менен ырастайт.
3. Ипотека күрөөсү күрөө кармоочуда турса же анда ипотека менен камсыз кылынган милдеттенменин башкача түрдө, же жарым-жартылай аткарылганын ырастоочу белги, жок болсо бул милдеттенмелер же тийиштүү бөлүктөрү аткарылбагандыгын күбөлөйт. Карызкор тарабынан милдеттенмелердин аткарылбагандыгы далилденсе, анда милдеттенмелер жарандык мыйзамдарга ылайык кредиторго жүктөлөт.
4. Карызкор ипотека менен камсыз кыльшган милдеттенме боюнча өз карыздарьш толук же анын ээсине же ипотека боюнча укуктарды ишке ашырууга ипотека күрөөсүнүн ээсин жазуу жүзүндө ыйгарым укук берген жактын милдеттерин жабуу графигине ылайык, ипотека күрөөсү боюнча өзүнүн милдеттерин аткарууга тийиш болгон бөлүгүн жабат.
5. Ипотека күрөөсү боюнча милдеттүү болгон жак ипотека күрөөсүн көрсөтүүдө ипотека күрөөсү боюнча өзүнүн укуктарын ишке ашыруудан баш тартууга укуктуу, эгерде сот тарабынан ипотека күрөөлүгунө берилген укуктарды жараксыз деп таануу жөнүндө, же бул бүтүмдүн жараксыздыгынын кесепеттерин колдонуу жөнүндө, же ипотека күрөөсүнүн өзүнүн жараксыздыгы жөнүндө доо кароого алынса.
Ипотека күрөөсү боюнча милдеттүү болгон жак анын мыйзамдуу ээсинин ал боюнча укуктарды ишке ашыруу жөнүндө талаптарына каршы ипотека күрөөсүнө негизделбеген эч кандай карышылыктарды келтирүүгө укуксуз.
6. Ипотека күрөөсү ал боюнча милдетүү болгон жакта же кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону ишке ашырган органда турса, эгерде ушул Мыйзамда башкача белгиленбесе, ипотека менен камсыз кылынган милдеттенме аткарылгандыгын күбөлөндүрөт. Ипотека күрөөсү ээлигинде турган жак жогоруда аталган башка жактарга кечиктирбестен бул тууралуу кабар берүүгө милдеттүү.
Эгерде, ушул Мыйзамга ылайык ипотека күрөөсү жокко чыгарылса, кыймылсыз мулк укуктарын мамлекеттик каттоону ишке ашырган орган ипотека күрөөсүн алаары менен кечиктирбестен мындай мамлекеттик органдынн ыйгарым укуктуу жагынын колу жана ошол органдын мөөрү коюлуп, ипотека күрөөсүнүн бетине тийиштүү жазуулар менен белгилөө аркылуу жокко чыгарылат, ошону менен ипотека күрөөсүн толугу менен жок кылууга тыюу салынат,
36³ - берене. Жоготулган ипотека күрөөсүнө карата укуктарды калыбына келтирүү.
1. Жоготулган ипотека күрөөсүнө карата укуктарды калыбына келтирүү күрөө берүүчү тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
2. Жоголгон ипотека курөөлүгүнө карата укугун калыбына келтирүү, аны депозитардык эсепке алууну ишке ашыруу, тийиштүү депозитарий тарабынан берилүүчү ипотека күрөөсүнүн жоготулган фактысын көрсөтүү менен, ал күрөөнүн акыркы ээси жөнүндө маалымкаттын негизинде жүргүзүлөт, ошону менен бирге депозитардык эсепке алуу боюнча жазууларга ылайык ипотека күрөөсүн жоготкон жак анын ээси катары саналат.
3. Күрөө кармоочу жоготулган ипотека күрөөсүн жараксыз деп таануу жөнүндө соттун чечимин алгандан киййн, 3 күндүн ичинде «дубликат» деген белгиси менен ипотека күрөөсүнүн дубликатын түзүүгө жана анын кыймылсыз мүлк укуктарын мамлекеттик каттоону ишке ашырган органга берүүгө милдеттүү.
4. Ипотека күрөөсүнүн .дубликаты мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин, кыймылсыз мүлк укуктарын мамлекеттик каттоону ишке ашырган орган тарабынан күрөөлүктү жоготкон жакка тапшырылат,».
5. 63 - берене төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын: «Эгерде күрөөнүн объектиси ушул Мыйзамдын 42¹ - беренесинде белгиленген
тартипте сатып алынган турак үй же батир болсо, сот доогердин талабы боюнча аталган маселеге кошумча көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлк объектисин күрөө берүүчүнү жана аны менен жашаган үй-бүлө мүчөлөрүн, ошондой эле ар кандай башка үчүнчү адамдарга чыгаруу тууралуу маселени чечет.».
6. 65 - берененин үчүнчү абзацы «жеке адамдын менчик укугуна тиешелүу» деген сөздөрдөн кийин «жана мындай турак - жай ушул Мыйзамдын 42¹- беренесинде белгиленген тартипте сатып алынбаса» деген сөздөр менен толукталсын.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.