Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 24-январы № 6-14-4
“Жерге-Тал айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 15-беренесине ылайык, Аксы районунун Жерге-Тал айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын элдик жыйындарда жергиликтүү жамааттардан, депутаттардан түшкөн сын-сунуштар,пикирлерди эске алып, мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп, Жерге-Тал айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна таянып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Жерге-Тал айылдык кеңешинин жергиликтүү жамаатынын 1-курултайынын «Жерге-Тал айылдык кеңешинин жергиликтүү жамаатынын мыйзамын кабыл алуу жөнүндө» 1996-жылдын 14-декабрында кабыл алынган токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин ушул токтому, Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жерге-Тал айылдык кеңешинин мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Жерге-Тал айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Муратбеков
|
| Бекитилди : Жерге-Тал айылдык кенешинин 24 январь 2015-жыл. №6-14-4 токтомуна тиркеме |
Жерге-Тал айылдык аймагынын
жергиликтүү жамаатынын
Уставы
I. Жалпы жоболор
II. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү маанидеги маселелер
III. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары
IV. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселерди чечүүгө катышуусу
V. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздери
VI. Корутунду жоболор
I. Жалпы жоболор
1. Жалпы жоболор
1.1. Жерге-Тал айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы - жергиликтүү жамааттын жыйындарында (чогулуштарында) же курултайларында талкуунун жыйынтыгы менен айылдык кеңештин токтому аркылуу бекитилүүчү, жергиликтүү жамааттын ич-ара жашоо-турмушун негизги эрежелерин жана принциптерин жөнгө салуучу, жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин кароочу, жергиликтүү жамааттардын бюджеттик процесстерге катышуусун кошкондожергиликтүү маанидеги маселелерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин башка маселелерин чечүүдө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бири бири менен жана жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартибин кароочу акт болуп саналат.
1.2. Ушул Устав Жерге-Тал айыл аймагында колдонулат жана өздөрүнүн уюштуруу-укуктук түрлөрүнө карабастан, айыл аймагында иштеп жаткан бардык юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар жана алардын бирикмелери үчүн милдеттүү болуп саналат.
2. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
Ушул Уставда төмөндөгү түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
жергиликтүү маанидеги маселелер – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле өздөрүнүн түздөн түз эрктерин билдирүү менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү чечүүчү, айыл аймагынын калкынын жашоо-турмушун түздөн түз камсыз кылуунун маселелери;
өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар – мыйзамдын же келишимдин негизинде аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар;
элдик демилгени жүзөгө ашыруу боюнча демилгелүү топ – ушул Уставга ылайык элдик демилгени жүзөгө ашыруу боюнча ыктыярдуу негизде түзүлгөн, 11 адамдан кем эмес курамдагы жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү;
айылдын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча демилгелүү топ – айыл аймагында жашаган 11 ашык жарандардынжалпы кызыкчылыктардан улам айылдын муктаждыгын (жергиликтүү маанидеги маселелерди) чогуу иликтеп жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте чечүү боюнча түзүлгөн ыктыярдуу бирикме;
айылдык чогулушту жана курултайды өткөрүү боюнча демилгечи топ – Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине жана ушул Уставдын жоболоруна ылайык айылдын чогулушун же курултайды өткөрүүнү демилгелеген, курамы 11 адамдан аз эмес жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү;
жергиликтүү жамааттын курултайы – жалпы кызыкчылыктарды жараткан жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушунун маанилүү маселелерин талкуулоо максатында айыл аймагынын (шаардын) жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн жыйыны;
жергиликтүү жамаат – жергиликтүү маанидеги маселелерди түздөн-түз жана алар тарабынан түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен тиешелүү айылдык аймактын (шаардын) аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары;
муниципалдык менчик – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун киреше алуу булагы болуп саналган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ээлик кылуусунда, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган жергиликтүү жамааттын менчиги;
жергиликтүү (элдик) ченем чыгаруу демилгеси – жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорун (токтомдун долбоорун) иштеп чыгууга жана жергиликтүү кеңештин кароосуна белгиленген тартипте киргизүүгө жергиликтүү жамааттын укугу;
жарандардын чогулушу – бир көчөнүн, кварталдын же айылдын аймагында жашаган жарандардын жыйынында маселелерди талкуулоо жолу менен аларды чечүүгө, алар боюнча сунуштарды жана чечимдерди кабыл алууга жергиликтүү жамааттын түздөн-түз катышуу формасы;
коомдук угуулар – жамааттын турмушунун маанилүү маселелери боюнча калктын пикирин иликтеп билүүгө, сунуштарды жана рекомендацияларды алууга, оптималдуу, таразаланган чечимдерди табууга калктын кызыкчылыгын эске алуу мененчечимдерди кабыл алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү, ачык талкуулоо формасындагы уюштурулган иш-чара;
айылдын муктаждыгын чогуу иликтөө – маалыматтарды биргелешип жыйноо, аларды талдоо процесси жана калктын пикирлерин жана кызыкчылыктарын эске алуу менен ишти пландаштыруу.
3. Айылдык аймактын территориясы
3.1. Айылдык аймактын территориясы айылдык аймактын административдик-аймактык чек араларынын чектериндеги жерлерди өзүнөкамтыйт.
3.2 Айылдык аймактын территориясы төмөндөгүайылдардыөзүнөкамтыйт:
1. Жерге-Тал
2. Капчыгай
3. Боспиек
4. Айылдык аймактын жергиликтүүжамааты
4.1. Жергиликтүүмаанидегимаселелердиөзүнүнжоопкерчилигимененөзалдынчачечүүгөжалпыкызыкчылыктарымененбириккен, Кара-Сууайылдыкаймактатуруктуу жашашкан Кыргыз Республикасынын жарандары айылдык аймактын жергиликтүүжамаатынтүзүшөт.
4.2. Жергиликтүүжамааттын 18 жаштанжогоркумүчөлөрүжынысына, расасына, улутуна, тилине, тегине, мүлктүк жана кызматтык абалына, динге карата мамилесине, ынанымына, коомдук бирикмелерге жана саясий партияларга таандыктыгына карабастан түздөнтүзжана,жеалартүзүшкөнжергиликтүүөзалдынчабашкарууорганыаркылуужергиликтүүөзалдынчабашкаруунуишке ашырууга теңукуктуу.
4.3. Жергиликтүүжамаатөзүнүнжергиликтүүөзалдынчабашкарууоргандарыаркылууэларалыкжанареспубликалыкбирликтергежанажергиликтүүжамааттардынассоциацияларынакирүүгөукугубар.
4.4. Жергиликтүүжамаатмыйзамдаргаылайыктарыхый, маданий, улуттук жана башка жергиликтүүсалттардыжанаөзгөчөлүктөрдүчагылдырганрасмийсимволдордубелгилөөгөукутуу. Символдордунсүрөттөпбаяндалышыжанаалардыпайдалануунунтартибиайылдыккеңештинтоктомумененбелгиленет.
5. Жергиликтүүжамааттынмүчөлүгүнөөтүүнүнжанамүчөлүгүнөн
чыгуунун тартиби
5.1. Кыргыз Республикасынын жаранын Жерге-Тал айылдык аймактын жергиликтүүжамаатынынмүчөсүдептаанууүчүннегизболупКыргызРеспубликасынынмыйзамдарындабелгиленгентартипте айылдык аймакта жашаган жери боюнча каттоодон өтүүфактысысаналат.
5.2. Жергиликтүүжамааттынмүчөсүболупэcептелбеген (каттоосубоюнча), бирокайылдыкаймакта 1 жылданашуунжашаганКыргызРеспубликасынынжарандары, ошолжердинжергиликтүүөзалдынча башкаруу органдарына шайланууга жана шайлоо укуктарын кошпогондо, жергиликтүүжамааттынмүчөлөрүсыяктууэлекалганбаардыкукуктаргажанамилдеттергеээ.
5.2. Ушул Уставда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган негиздерден тышкары, Кыргыз Республикасынын жаранын жергиликтүүжамааттынмүчөлүгүнөкирүүсүнөкандайдыр-бирбашкашарттардыбелгилөөгөжолберилбейт.
5.4. Кыргыз Республикасынын жараны төмөнкүучурдажергиликтүүжамааттынмүчөлүгүнөнчыгат:
- ал Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо;
- аны өлдү, дайынсызжокболдудептаануужөнүндөсоттунчечимимыйзамдуукүчүнөкиргенде;
- каза болгондо;
-айыл аймагынан сырткары туруктуу жашоо үчүнчыгыпкеткенде.
6. Жергиликтүүжамааттынмүчөлөрүнүнукуктарыжанамилдеттери
6.1. Жергиликтүүжамааттынмүчөлөрүрасасына, этностуктиешелүүлүгүнө, дингеболгон мамилесине карабастан, төмөндөгүукуктаргаээ:
- жергиликтүүмаанидегимаселелердичечүүгөкатышууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик органдарга жана жергиликтүүөзалдынчабашкарууоргандарына шайланууга жана шайлоого;
- жергиликтүүөзалдынчабашкарууоргандарындаөзишинпрофессионалдыкнегизде (муниципалдыккызматта) ишкеашырууга;
- мыйзамдарда жана ушул Уставда белгиленген тартипте айылдык кеңештинтоктомдорунундолбоорундемилгелөөжанаалардыайылдыккеңештинкароосунакиргизүүүчүндемилгелүүтоптордутүзүүгө;
- айылдын муктаждыгын иликтөөгөжанаалардыжергиликтүүөзалдынчабашкарууоргандарыжана (же) мамлекеттикоргандарменен бирдикте чечүүүчүндемилгелүү топторду түзүүгө;
- инвестицияларды тартуу жана жергиликтүүмаанидегимаселелердичечүүүчүндолбоордукдокументтердииштепчыгууга;
- айыл өкмөтүнө, айылдыккеңешке, мамлекеттикоргандардынаймактыкбөлүмчөлөрүнө, уюмдарга, мекемелерге, ишканаларга жана алардын жетекчилерине жеке өзүкайрылууга, ошондойэлесунуштар, арыздаржанадаттануулармененкошожекежанаколлективдүүкайрылуулардыжөнөтүүгө;
- мамлекеттик сырларга тийиштиги бар маалыматтарды, ошондой эле купуя маалыматтарды (кызматтык сырларды) кошпогондо, мамлекеттик органдардын, жергиликтүүөзалдынчабашкарууоргандарынын, уюмдардын, мекемелердинжанаишканалардынкарамагындатурганмаалыматтардыоозекижежазуутүрүндөсуратыпалууга;
- жергиликтүүжамаатка, айыл өкмөтүнүнбашчысына, айылдыккеңештинтөрагасынажанадепутаттаргаалардынбиржылдагы (жежарымжылдагы) аткарганишининжыйынтыктарыжөнүндөмаалыматберүүтууралуужергиликтүүөзалдынчабашкарууоргандарынаоозекижежазуутүрүндөкайрылуужөнөтүүгө;
- жергиликтүүжамааттынмүчөлөрүүчүнбелгиленгенжеңилдиктерденпайдаланууга;
- маалыматтарды эркин алууга (жетүүгө) жанажергиликтүүөзалдынчабашкарууоргандарынынкадимкииштөөубактысындамуниципалдыкменчиктинмүлкүнүнобьектилерининреестринин мазмуну менен таанышууга;
- айыл чарбасына жарактуу Мамлекеттик фондунун жерлерин , муниципалдык жерлерди жана муниципалдык менчикте турган башка мүлктөрдүберүүбоюнчажергиликтүүөзалдынчабашкарууоргандарыөткөргөнсатууларга (аукциондоргожанаконкурстарга) катышууга;
- айылдык чогулуштарга, курултайларга, коомдук угууларга, айылдык кеңештиначыксессияларынажанаайылдыккеңештинтуруктуу (убактылуу) комиссияларынынжыйналыштарына, жетекчилерининмакулдугубоюнчамуниципалдыкишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын чогулуштарына катышууга, ал жерде өзпикиринээн-эркинбилдирүүгөжанажергиликтүүмаанидегимаслелелербоюнчасунушкиргизүүгө;
- жамааттын башка мүчөлөрүтарабынанкоомдуктартипти, ушулУставдынэрежелеринбузганучурда, алардан мыйзамдардын, ушул Уставдын аткарылышын, коомдук тартипти сактоону жана укук бузуларды токтотууну талап кылууга, керек болсо жергиликтүүөзалдынчабашкарууоргандарынажанаукуккоргоооргандарынакайрылууга;
- жамааттын жашоо шартын жакшыртуу максатында өткөрүлгөн коомдук пайдалуу, демөөрчүлүкиш-чараларына (ашарларга, ишембиликтерге, демөөрчүлүкакцияларына, иш-чараларга, марафондорго) катышууга;
- микрорайондордун, турак жай комплекстеринин, үй, көчө, кварталдыккомитеттеринин, жамааттардын (общиналар) кеңештерижанакомитеттеритүрүндөаймактыккоомдукөзалдынчабашкаруунуКыргызРеспубликасынынмыйзамченемдеринекарама-каршыкелбегенформаларындатүзүүгө;
- жаштар комитетин, аялдар кеңешин, аксакалдаркеңешин, ыктыярдууэлдиккошундарды, коомдук алдын алуу борборлорун (КААБ) жана башка коомдук уюмдарды түзүүгөжеаларгамүчөболупкирүүгө;
- жергиликтүүбюджеттитүзүүгөкатышууга, ошондойэлежергиликтүүбюджеттенчыгымдалыпжатканкаражаттартууралуумаалыматалууга;
- ушул Уставда жана мыйзамдарда каралган тартипте жергиликтүүжамааттынмүчөлүгүнөнөзэркимененчыгууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башкаукуктардан пайдаланууга;
Жергиликтүүөзалдынчабашкаруунужүзөгөашырууда, КыргызРеспубликасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, жергиликтүүжамааттынмүчөлөрүнүнукуктарынчектөөгөжолберилбейтжанасоттуктартиптедаттанылышымүмкүн.
6.2. Жергиликтүүжамааттынмүчөлөрүрасасына, этностуктиешелүүлүгүнө, дингеболгон мамилесине карабастан, төмөндөгүлөргөмилдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой элеушул Уставды бекем сактоого;
- жергиликтүүжамааттынбашкамүчөлөрүнүнукуктарынжанаэркиндиктерин урматтоого;
- жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүкжебашкаабалы, ошондойэлебашкажагдайларыбоюнчаадамдардыбасмырлоогожолбербөөгө;
- этностук маанидеги көйгөйлөргөөтүпкетүү ыктымалы бар социалдык жана башка характердеги конфликтерди алдын алуу боюнча укук коргоо органдарына жана жергиликтүүбийликкекөмөккөрсөтүүгө;
- этностук жамааттардын маданиятынын өзгөчөлүктөрүнөтолеранттууболууга;
- жаратылыш айлана-чөйрөгө, өсүмдүктөргөжанажаныбарларгааярмамилежасоого;
- муниципалдык менчикке аяр мамиле жасоого;
- калктуу конуштарда мал кармоодо айдоолорду майкандоого, талаадагы айыл чарба өсүмдүктөрүнүнжыйналгантүшүмүнкеректөөдөнчыгаруужежоккылуу, бак-дарактарга зыян келтирүүгөжолбербөөгө, санитардык ветеринардык жоболорду сактоого;
- менчигиндеги малдын же канаттулардын айдоолорду майкандатпоого, айыл чарба өсүмдүктөрүнүнталаадагыжыйналгантүшүмүнкеректөөдөнчыгартпоогожежоккылбоого, бак-дарактарга зыян келтирбөөгө;
Эскертүү: Эгерде мал же канаттуулар тарабынан бул көрсөтүлгөн аракеттер жасалып, башкаларга анча чон эмес өлчөмдө же олуттуу зыян келтирилсе, малдын же канаттуунун менчик ээси Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 185-беренесинин 1,2 бөлүктөрүнө ылайык, администрациялык жоопкерчиликке тартылып, эсептешүүкөрсөткүчүнүнонбештенкырккачейинкиөлчөмүндөадминистрациялыкайыпсалынуугаалыпкелет. Ошонумененбирге, зыянтартканжаранкелтирилгензыяндынордун, КыргызРеспубликасынынЖарандыккодексининталабынаылайык, сотаркылуудоотартибиндеөндүрүпалуугаукуктуу.
- мал жайууда малды Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө»мыйзамынаылайыкжайыткачыгарууга,жеатайынмалжайуугаылайыкжерлергежайууга;
-бадачылар жайлоого чыгарда ар бир малдын башына элдик жыйында коюлган тарифтерди жогорулатпоо;
- мал багуучу малдарды багууга алган учурда, эмдөөдөн өткөн малды, жарандык ченемдик-укуктук актылардын негизинде түзүлгөн кызмат көрсөтүү жөнүндө келишим түзүп, багуусу;
- малчылар жайлоого эгин эгилгенге чейин көчүп кетип кайра эгин жыйналганда гана көчүп келишсин.Тактап айтканда, жакынкы жайыттарга март апрелде,андан кийин жайлоого чыгып, сентябрь айында жакынкы жайыттарга, октябрь айында гана айылга түшсүн.
- калктуу конуштун ичинде санитардык жоболорду сактоого жана таштандыларды атайын көрсөтүлгөнжерлергечыгарууга (мусорныйящиктерге);
- калктуу конуштардагы жалпы колдонуудагы жерлерде жүргөндөтазалыктысактоого;
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 489-беренесине ылайык турмуш-тиричиликтин таштандыларын жана башка буюмзаттарды атайын белгиленбеген жерлерге таштоо, күйгүзүү - сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүнбирөлчөмүндөадминистрациялыкайыпсалуугаалыпкелет. Ошондой эле өндүрүштүкташтандылардыжанабашкабуюмзаттардыбелгиленбегенжерлергеташтоо, күйгүзүү - кызмат адамдарына сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүүкөрсөткүчүнүнэлүүдөнжүзөлчөмүнөчейинадминистрациялыкайыпсалуугаалыпкелет.
- таза сууну, суугат сууну колдонуу эрежелерин сактоого.
- суугат сууну колдонууда, Кыргыз Республикасынын «Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирликтери жөнүндө»мыйзамдынталаптарынсактоомененкошунаайылгасуугатсуунутоспоогожанабурупалбоого;
-ар бир айылда бада же кезүү уюштурулуп, бош жүргөн малга көзөмөл жүргүзүүгө;
- өз менчигиндеги жан-жаныбарларды ветеринардык кызматы тарабынан коюлган талабы боюнча ветеринардык кароодон өткөрүүгө;
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын «Ветеринария жөнүндө» мыйзамынын
46-беренесинин 2 пунктуна ылайык иммунопрофилактика жүргүзгөндөюридикалык жактар, жеке ишкерлер жана жаныбарлардын ээлери - жарандар жаныбарлардын ооруларынын тизмегине киргизилген жаныбарларды милдеттүүтүрдөэмдетүүжөнүндөгүжеэпизоотиялыккөрсөткүчтөрмененшартталганжаныбарларгаиммунопрофилактикажүргүзүүжөнүндөгүветеринардык кызматкерлердин талаптарын аткарууга милдеттүү.
Эгерде ветеринардык кызматкерлердин талабы боюнча ушул статьянын
2-пунктуна ылайык иммунопрофилактика жана диагностикалык изилдөөлөрдүжүргүзүүүчүнжаныбарлардынээситарабынанкөрсөтүлбөсөаларды сатууга, ташууга (айдоого), союуга, ошондой эле ал жаныбарлардан алынган азыктарды сатып өткөрүүгөжолберилбейт.
- улууга урмат, кичүүгө ызат, аялдарга сый көрсөтүү, араккечтикке, уурулукка, баңгиликке, сойкулукка, бузукучулукка, зордук зомбулукка, жалкоолукка барбоо жамааттын башка мүчөлөрүнүн укуктарын жана эркиндигин ызаттоо, коомдук тартипти сактоого катышууга;
- өз үй-бүлөсүнө ынтымактуу бейпил турмушту камсыз кылуу, кошуна-колоңдор менен тынчтыкта жашоо, үй-бүлө мүчөлөрүн айрыкча муундардын Ата Мекенин, өз жерин сүйүүгө, патриоттукка, интернационализмге, достукка тарбиялоого;
- ар бир улуттун маданиятын жана каада-салттарын урматтоо, улуттар аралык ынтымакты, тынчтыкты, биримдикти чындоого;
-балага кам көрүү, аны туура тарбиялоо ар бир ата-эненин милдети,ата-энелерине камкордук кылуу ар бир эмгекке жарамдуу баланын милдети;
- турак жай имараттарын куруу эрежелерин, турак үйлөрдү, ага жакын аймактарды пайдаланууда өрт коопсуздугунун, санитардык эрежелерин так сактоого;
- айылда өткөрүлүп жаткан той-мааракелерди саат 23.00 чейин өткөрүүгө жана жанырып жаткан музыканы каттуу жаныртпоого;
- жылдын 21-мартына чейин менчигиндеги короо-жайлардагы жана жер үлүшүндөгү арыктарды чабууга жана тазалоого, көчөлөрдө жалпы тазалык ишембиликтерди өткөрүп, ага активдүү катышууга, жашаган көчөсүн ар дайым тазалыкта сактоого;
- айылда өткөрүлүп жаткан жыйындарга, чогулуштарга, коомдук угууларга жана курултайларга ар бир кожолуктун бир мүчөсүнүн катышуусу;
- айылдык аймактагы ар бир ата-эне (мыйзамдуу өкүл) мектеп курагындагы балдарды жана өспүрүмдөрдү окуу процесс учурунда мечитке барууга жана даваатка чыгууга тыюу салууга, саат 22.00 кийин себепсиз, чондордун коштоосуз кечинде чыгарбоого жана Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын 27 беренесинин талабына ылайык, төмөнкүлөргөмилдеттүү:
а) баланын ар намысын ызаттоого, эмгекти сүйүүгө, мээримдүүлүкжанабоорукердиксезимдеринойготууга, үй-бүлөгө, жашыбоюнчаулууларга, мамлекеттикжанаэнетилге, элдикүрп-адаттарга, салттарга ызаттоо менен мамиле жасоого тарбиялоого;
б) элдин улуттук, тарыхый, маданий баалуулуктарын урматтоого, тарыхый-маданий мурастарга жана айлана чөйрөгөаярмамилежасоого, Атамекендисүйүүгөтарбиялоого;
в) жалпы билим берүүуюмумененүзгүлтүксүзкызматташууну (ата-энелер чогулуштарына катышуу, мугалимдердин баланы окутуу жана тарбиялоо боюнча педагогдордун сунуштамаларын аткаруу) колдоого;
г) ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) билимберүүуюмунунаймагынансырткары, окуудантышкарыубактаболгонбалдардынсаламаттыгы жана өмүрүүчүнтолукжоопкерчиликтартышат.
Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) баланынжалпынегизгибилималышыбоюнчамилдеттеринаткарбагандыгыүчүнКыргызРеспубликасынынмыйзамдарынаылайыкадминистративдикжоопкерчиликтартышат.
- Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 15-беренесинин талабына ылайык, баланын ден соолугуна коркунуч туудурган же анын билим алуусуна тоскоол болуучу же болбосо анын ден соолугуна, дене-тарбиялык, акыл-эс, руханий, адеп-ахлактык жана социалдык өнүгүшүнөзыянкелтиргенкандайболбосун жумуштарга баланы кабыл алууга же аткаруу үчүнтартуугатыюусалынатдепкөрсөтүлгөн, ата-эне (мыйзамдуу өкүл) мектеп курагындагы балдарын базарга же башка жумушка чыгарбоого.
Эскертүү: Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) баланынжалпынегизгибилималышыбоюнчамилдеттеринаткарбагандыгыүчүнКыргызРеспубликасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 65-беренесине ылайык ата- эненин же бул милдеттер тагылган башка адамдын, ошого тете педагог же билим берүү, тарбиялоо, дарылоожеболбособашкамекеменинкызматкерининжашыжетелекти (өспүрүмдү) тарбиялоожанаокутуубоюнчамилдеттердиаткарбашыжеталаптагыдайаткарбашы, - үчтөнбешкечейинэсептиккөрсөткүчтөрөлчөмүндөадминистрациялыкайыпсалуугаалыпкелет.
Ушул берененин биринчи бөлүгүндөкөрсөтүлгөнадамдардынжашыжетелекти (өспүрүмдү) тарбиялоожанаокутуубоюнчамилдеттердикыянаттыкмененаткарбашы -сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен бештен онго чейин эсептик көрсөткүчтөрөлчөмүндөадминистрациялыкайыпсалуугаалыпкелет.
Ушул берененин биринчи жана экинчи бөлүктөрүндөкөрсөтүлгөнжашыжетеэлектердиалкоголдукичимдиктердиичүүгө, баңгикаражаттарынжанапсихотроптук заттарды такай пайдаланууга же болбосо селсаяктык же кайырчылык кылууга түрткөниш-аракеттер, ошоготетеалартарабынанжасалганкылмышжеатайылападминистрациялыкукукбузуулардынбелгилеринкамтыганжосундар, - эсептешүүкөрсөткүчүнүнондон жыйырма өлчөмүнөчейинадминистрациялыкайыпсалуугаалыпкелет.
6.3. Жергиликтүүжамааттынмүчөлөрүрасасына, этностуктиешелүүлүгүнө, дингеболгонмамилесинекарабастан, төмөнкүлөрсунушталсын:
-Ата-эне(мыйзамдуу өкүл) мектеп курагындагы балдарын мыйзамдын негизинде бирдиктүү форма менен камсыздандырууга;
Ата-эненин багуусунан ажыраган балдарды , ошондой эле багар көрөрү жок кары картандарды,эмгекке жараксыздарды камкордукка алууга;
- айыл аймагындагы коомдук жумуштарга активдуу катышууга;
- борбордук көчөлөрдөгү турак-жайлардын ээлерине турак-жайлардын сырткы көрүнүшүн ирээтке келтирүү,жашылдандыруу;
- үйлөнүү-үлпөт тойлорго чыгуучу транспорт каражаттарын санын 5тен ашырбоого;
- каза болгон адамды акыркы сапарга узатууда чыгымдарды азайтууга, б.а. кийиттерди, себеттерди, баштыктарды берүүнү токтотууга, союштарды жана өткөрүлө турган мааракелерин азайтууга;
-маркумду узатууда жамаат мүчөлөрүнүн улуттук өзгөчөлүгүн эске алуу менен каада салтын сактоого;
-маркумду узатууда жашына карабастан кара ашына кара мал союлбасын жана жыртыш жыртылбасын, кийит кийгизилбесин
- маркумду узатууда соорун берүү шарт эмес,кошумчалар акчалай же мал түрүндө берилсин;
-маркумду узатууда жергиликтүү жамааттын жаштары тамактануу үчүн кирбесин;
-
- жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн ортосунда чыккан талаш-тартыштарды, Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соттору жөнүндө» мыйзамынын талабына ылайык, аксакалдар соту менен биргеликте чечүүсү.
Эскертүү: Аталган мыйзамдын 15-беренесинин талабына ылайык, аксакалдар соттору төмөнкүдөйиштерди (материалдарды) кароогоукуктуу:
а) жарандардын мүлктүкжанаүй-бүлөлүкталаш-тартыштарыжөнүндө:
- мүлктүккарыздарды төлөтүпалуубоюнча;
- мүлктүбөлөкбирөөнүнмыйзамсызээлөөсүнөнкайрасуратыпалуубоюнча;
- мүлктүбөлөкбирөөнүнмыйзамсызээлөөсүнөнкайтарыпалуубоюнча;
- сактоого коюлган мүлктүкайтарыпалуубоюнча;
- ижаралык төлөөнүөндүрүпалуубоюнча;
- зыян келтирилген мүлктүнордунтолтуруубоюнча;
- жубайлардын жалпы орток мүлкүнбөлүштүрүүбоюнча;
- улуттук нике мамилелери жана нике-үй-бүлөмамилелеримененбайланышканкаада-салттарбоюнча;
б) ата-энелердин, үй-бүлөнүнбашкамүчөлөрүнүнбалдардыбагуу жана тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбаганы жөнүндө;
в) бойго жеткен балдардын эмгекке жарамсыз ата-энелерин же аларды белгиленген тартипте тарбиялаган жана баккан адамдарды багуу боюнча милдеттерин аткарбаганы жөнүндө;
г) эмгек келишими боюнча аткарылган иш үчүнакытөлөөжөнүндө;
д) жер участокторун пайдалануучулардын ортосундагы сугат боюнча талаштар;
е) коомдон обочолонтуу менен байланышпаган жаза каралган анчейин оор эмес кылмыштар боюнча (18.07.2014-ж. редакциясы).
7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана аны ишке ашыруунун формалары
7.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу – жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсүнүн Конституция менен кепилденген укугу жана чыныгы мүмкүнчүлүлүгү.
7.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга өкүлчүлүктүү жана түз катышуусу менен ишке ашырылат.
7.3. Жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга өкүлчүлүктүү катышуусу айылдык кеңеш аркылуу жүзөгө ашырылат.
7.4. Жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга түз катышуусу төмөндөгүдөй формада жүзөгө ашырылат:
- коомдук жана мамлекеттик турмуштун бардык маанилүү маслелелерин жана жергиликтүү маанидеги маслелелерди жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарында, курултайларында, ошондой эле коомдук угууларда талкуулоо;
- жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолор;
- ченем чыгаруу демилгелерин көтөрүү жана/же жергиликтүү маанидеги өзгөчөмаанилүү маселелер боюнча түз добуш берүүгө катышуу.
II. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү маанидеги маселелер
8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
8.1. Жерге-Тал айылдык аймактын (айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, башка ченемдик укуктук актыларынын, ушул Уставдын негизинде жалпы калктын атынан жүзөгө ашырат.
8.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы мыйзамдардын аткарылышы боюнча мамлекеттин жана анын органдарынын алдында, өз иштеринин натыйжалары боюнча-жергиликтүү жамааттын алдында жоопкерчилик алып барат.
8.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына, башка ченемдик укуктук актыларына, ушул Уставга ылайык келбеген актыларды чыгарууга, ошондой эле конституциялык түзүлүшкө жана улуттук коопсуздукка түздөн-түз коркунуч келтирген аракеттерди жасоого, ошондой эле мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн бузууга, улуттар аралык жана диний каршылашууну пропагандалоого жана тутандырууга укугу жок.
9. Айылдык кенеш
9.1. Жерге-Тал айылдык Кенеши – мыйзамда белгиленген тартипте 4 жылдык мөөнөткө түзүлүүчү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.
9.2. Айылдык кеңеш юридикалык жак болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен анын компетенциясына киргизилген бардык маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу.
9.3. Айылдык кеңештин ишинин уюштуруучулук-укуктук формасынын негизи болуп анын сессиялары жана туруктуу (убактылуу) комиссияларынын жыйындары саналат. Сессияларды жана жыйындарды өткөрүүнүн тартиби жана алардын мезгилдүүлүгү айылдык кеңештин регламентинде белгиленилет.
9.4. Айылдык кеңештин сессиялары жана туруктуу (убактылуу) комиссияларынын жыйындары коомчулук үчүн ачык. Ар бир жаран айылдык кеңештин регламентине ылайык сессияларга, жыйындарга катышууга укугу бар. Эгерде каралып жаткан маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга тийиштүү болсо, айылдык кеңештин сессиясы жабык өтөт.
9.5. Айылдык кеңеш сессиянын: жыйындын датасы жана күн тартиби жөнүндө алдын ала жарандарга маалымдоого, алардын сессияга, жыйындарга киришине шарт түзүүгө, ошондой эле кабыл алынган чечимдер боюнча жергиликтүү жамаатты маалымдоого милдетүү,
9.6. Айылдык кеңештин депутаты өзүнүн шайлоочулары менен туруктуу байланыш түзүүгө, аларды айылдык кеңештин иши жана шайлоочулардын суроо-талаптарынын аткарылышы тууралуу байма-бай маалымдап турууга милдеттүү. Депутат өзүнө келип түшкөн сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды кароого, айылдык кеңештин дептутатынын ыйгарым укутарын аткарууга багытталган башка иштерди жүзөгө ашырууга милдеттүү.
9.7. Жергиликтүү кеңештин депутаты мезгил-мезгили менен, бирок жылына бир жолудан кем эмес өзүнүн иши жана айылдык кеңештин иштери тууралуу шайлоочулардын алдында отчет берүүгө милдеттүү.
9.8. Депутаттын отчету шайлоочулардын талабы боюнча кайсы учурда гана болбосун өткөрүлүүгө тийиш.
9.9. Депутаттын отчету тийиштүү шайлоо округунун шайлоочуларынын жыйналыштарында же жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн башка жыйындарында (чогулуштарында) өткөрүлөт. Депутат өз отчетун өткөрүүнүн убактысын жана ордун жергиликтүү кеңешке жана жергиликтүү жамаатка маалымдайт.
9.10. Жергиликтүү кеңеш жергиликтүү жамааттын алдында депутаттардын отчетторун өткөрүүнүн болжолдуу мөөнөтүн аныктайт жана аларды отчет үчүн керектүү болгон маалымат берүүчү материладар менен өз учурунда камсыз кылат.
9.11. Шайлоочулардын алдында депутаттардын отчетторун өткөрүү менен байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүзөгө ашырылат.
9.12. Айыл өкмөтү айылдык кеңештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, шайлоочулардын алдында отчетторун даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтөт.
9.13. Айылдык кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү тартиби, айылдык кеңештин, анын туруктуу (убактылуу) комиссияларынын ишин уюштуруунун тартиби, депутаттын ыйгарым укуктары жана статусу, депутаттын шайлоочулар менен иштөө тартиби «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгенилет.
10. Айыл өкмөтү
10.1. Айылдык аймакта аткаруу бийилигин жүзөгө ашыруу үчүн айыл өкмөтү иштейт.
10.2. Жерге-Тал айыл өкмөтү юридикалык жак болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен анын компетенциясына киргизилген бардык маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу. Айыл өкмөтүнүн ишин уюштуруунун тартиби, айыл өкмөтүнүн компетенциясы, айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Устав менен белгиленилет.
10.3. Өз иши боюнча айыл өкмөтү айылдык кеңешке, ал эми өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар боюнча - тийиштүү мамлекеттик органдарга отчет берет.
10.4. Айыл өкмөтү айылдык кеңештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, айылдык кеңештин сессияларын, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйналыштарын өткөрүүгө, ошондой эле шайлоочулардын алдында отчетторун берүүдө көмөк көрсөтөт.
10.5. Айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары жана аппаратынын кызматкерлери өзүнүн иштерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдырына ылайык жүзөгө ашырышат, муниципалдык кызматчылар болуп саналышат жана окутуучулук, илимий жана башка чыгармачылык иштерден тышкары, акы төлөнүүчү иш менен алектенүүгө тийиш эмес. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында партиялык уюмдарды, бирикмелерди жана кыймылдарды түзүүгө жол берилбейт.
11. Жергиликтүү маанидеги маселелер
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактын жашоо тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин уюштуруу жана өнүктүрүү, социалдык-экономикалык пландаштыруу жана калкка социалдык жана маданий кызмат көрсөтүү үчүн «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинде белгиленген жергиликтүү маанидеги маселелерди чечет.
III. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары
12. Жергиликтүү жамааттын курултайы
12.1. Жарандардын жыйындарында (чогулуштарында) жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн ичинен шайланган курултайдын делегаттары жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү менен талкуулоону талап кылган жергиликтүү маанидеги маанилүү маселелер боюнча коллективдүү чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы N 152 Жарлыгы менен бекитилген «Жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн элдик курултайы жөнүндө жободо» белгиленген тартипте айыл аймагында жергиликтүү жамааттын курултайы (мындан ары - курултай) чакырылат.
12.2 Курултай төмөнкүлөрдү камтуу менен жергиликтүү жамааттардын турмуштук мааниге ээ болгон бардык маселелерин кароого укуктуу:
- жергиликтүү жамааттын Уставын кабыл алуу, ага өзгөртүү жана толуктоо киргизүү;
- аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана жергиликтүү калкты социалдык жактан коргоо программаларынын долбоорлору;
- жергиликтүү жамааттардын аймагында өзүн-өзү каржылоону, өзүн-өзү камсыз кылууну, өзүн-өзү жөнгө салууну уюштуруунун негизги принциптерин жана эрежелерин бекитүү;
- жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү бюджетин, ошондой эле бюджеттен тышкаркы каражаттарын түзүү, аткаруу жана пайдалануу;
- коомдук тартипти коргоо боюнча негизги эрежелерди жана иш-чараларды белгилөө, майрамдарды, жүрүштөрдү жана диний ырым-жырымдарды, башка иш-чараларды уюштуруунун жергиликтүү жамааттардын турмуш-тиричилигине таасир этиши мүмкүн болгон экологиялык жана санитардык талаптарды сактоо;
- өзгөчө кырдаалдарда жана коомчулуктун таламында жергиликтүү жамааттардын күчүн жана каражатын моблизациялоону талап кылган башка шарттарда жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн коомдук кызмат өтөшү боюнча милдеттүү нормаларды белгилөө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жергиликтүү жамааттардын Уставына каршы келбеген, жергиликтүү жамааттардын турмуш-тиричилигине тиешеси бар башка маанилүү маселелерди кароо.
12.3. Курултайдын чечимдери сунуштама түрүндө болот жана айыл өкмөтүнүн башчысынын катышуусу менен айылдык кеңеште милдеттүү түрдө каралат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга карама каршы келбеген жергиликтүү жамааттын курултайынын чечимдери айылдык кеңеш жактыргандан кийин айыл аймагынын бардык жеринде аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат. Курултайды чакыруу, анын күн тартиби жана өткөрүү датасы айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынат. Жергиликтүү жамааттын курултайын даярдоо жана өткөрүү айыл өкмөтүнө жүктөлөт.
12.4. Курултайдын делегаттары жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн санына жана айыл аймагынын өзгөчөлүктөрүнө жараша айылдык кеңеш тарабынан белгиленген өкүлчүлүктүн нормаларына ылайык, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жашаган жери боюнча айылдык жыйналыштарда (чогулуштарда) шайланат.
Эгерде айыл аймагы бирден ашык калктуу пунктан турса, анда өкүлчүлүктүн нормасы ар бир айылдын калкынын пропорционалдык санынын өкүлчүлүгүн эске алууга зарыл.
12.5. Күн тартибин көрсөтүү менен курултайды чакыруу демилгеси айылдык кеңешке, айыл өкмөтүнүн башчысына, жергиликтүү жамааттын демилгечи тобуна тийиштүү болот.
12.6. Жергиликтүү жамааттын демилгечи тобунун демилгесинин негизинде курултайды чакыруудан баш тартуу сотко даттанылышы мүмкүн.
12.7. Курултайды чакырууну уюштуруунун, курултайга делегаттарды шайлоонун тартиби, ошондой эле жергиликтүү жамааттын курултайынын ишин уюштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы N 152 Жарлыгы менен бекитилген «Жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн элдик курултайы жөнүндө» Жободо белгиленет.
13. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн ченем чыгаруу (элдик) демилгеси
13.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченем чыгаруу (элдик) демилге укугуна ээ. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан ченем чыгаруу демилгеси тартибинде иштелип чыккан жана айылдык кеңешке киргизилген токтомдун долбоору милдеттүү түрдө демилгечилердин жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнүн катышуусунда каралууга жатат.
13.2. Айыл аймагында жашашкан жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн үчтөн биринен аз эмеси жергиликтүү ченем чыгаруу демилге укугуна ээ.
13.3. Ченем чыгаруу демилгесин ишке ашырууга чет элдик жарандар, мыйзам тартибинде аракетке жөндөмсүз деп таанылган, ошондой эле соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратылган жерде кармалган жарандар катыша албайт.
13.4. Элдик ченем чыгаруу демилгени ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын бардык аймагында же айыл аймагында согуштук же өзгөчө кырдаалдар киргизилген шарттарда жол берилбейт.
13.5. Ченем чыгаруу демилгеси иретинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама каршы келген айылдык кенештин токтомунун долбоорлору айылдык кеӊешкекиргизилишимүмкүнэмес.
14. Айылдык кеңештин ченемдик укуктук актыларынын (токтомдордун) долбоорлорун демилгелөө тартиби
14.1. Айылдык кеңештин токтомунун долбоорун демилгелөө жана киргизүү тууралуу сунуш менен чыккын жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү элдик демилгени ишке ашыруу үчүн курамы 13 адамдан кем эмес демилгелүү топту түзүшөт. Айыл аймагында жашап турган жана 18 жашка чыккан жергиликтүү жамааттын мүчөсү демилгелүү топтун мүчөсү боло алат
14.2. Демилгелүү топ айылдык кеңештин токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана аны айылдык кеңешке киргизүү үчүн кол топтоо, аны айылдык кеңеш караган учурда жергиликтүү жамааттын кызыкчылгын коргоо үчүн түзүлөт.
14.3. Демилгелүү топтун мүчөлөрү төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
- айылдык кеңештин токтомунун долбоорун иштеп чыгуу;
- токтомдун долбоорун айылдык кеңешке киргизүү демилгесин колдоого кол топтоо;
- элдик демилгени ишке ашыруу боюнча мыйзамдуу жолдор жана каражаттар аркылуу маалыматтарда жайылтуу;
- жыйналыштарда (чогулуштарда), курултайларда, коомдук угууларда жалпыга маалымдоо каражаттарында, ошондой эле жарандардан кол топтоо учурунда айылдык кеңешке токтомдун долбоорун киргизүү тууралуу сунуш үчүн үгүт иштерин жүргүзүү;
- мыйзамдарда тыюу салынбаган жана жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченем чыгаруу (элдик) демилге укугун ишке ашырууга багытталган башка аракеттерди аткаруу.
14.4. Демилгелүү топ өзүнүн ичинен ачык добуш берүү менен мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен демилгелүү топтун координаторун шайлоого укуктуу. Координаторду шайлоо тууралуу демилгелүү топтун чечими протокол менен жол-жоболоштурулат, ага демилгелүү топтун мүчөлөрү кол коет.
14.5. Демилгелүү топтун координатору төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
- демилгелүү топтун кызыкчылыгын мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коргоп чыгууга;
- демилгелүү топтун ишин координациялоого;
- токтомдун долбоорун иштеп чыгууга катышууга, кол топтоого жана токтомдун долбоорун киргизүүнү колдоо боюнча үгүт иштерин жүргүзүүгө, мыйзамдарда тыюу салынбаган жана жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченем чыгаруу (элдик) демилге укугун ишке ашырууга багытталган башка аракеттерди жасоого.
14.6. Демилгелүү топтун чечими анын катышуучуларынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
14.7. Кол топтоо демилгелүү топ түзүлгөндөн кийин жана ченемдик укуктук актынын долбоору негиздемеси менен даярдалгандан кийин башталат.
14.8. Ченемдик укуктук актынын долбоору демилгелүү топ тарабынан айылдык жыйналыштарда (чогулуштарда, курултайларда), дайындуу коомдук жерлердеги же жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жарнактарда жалпыга маалымдалышы мүмкүн.
14.9. Кол топтоо укугу демилгелүү топтун мүчөлөрүнө тандык болот. Жарандардын колун топтоого багытталган иш-чараларын даярдоого жана өткөрүүгө багытталган чыгымдар жергиликтүү жамааттын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат. Кол топтоону жүргүзгөн демилгелүү топтун мүчөсү айылдык кеңештин кароосуна сунуш кылынган токтомдун долбоорунун текстин тааныштыруу үчүн жарандарга берүүгө милдеттүү.
14.10. Жарандардын колун топтоо жашаган, иштеген, кызмат өтөгөн, окуган жерлери боюнча, ошондой эле башка жерледе жүргүзүлүшү мүкүн.
14.11. Жергиликтүү жамааттын мүчөсү токтомдун долбоорун колдоо иретинде бир гана жолу кол коюуга, ошондой эле демилгечи тобуна арызын берүү аркылуу айылдык кеңешке кол коюу барагын өткөргөнгө чейин өзүнүн колун чакыртып алууга укуктуу.
14.12. Демилгелүү топ жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн үчтөн биринин бар экендигин тастыктаган кол топтоо бүткөндөн кийин токтомдун долбоорун айылдык кеңешке киргизет.
14.13. Токтомдун долбоорун киргизүү үчүн демилгелүү топ токтомдун долбоорун демилгелүү топтун өкүлдөрүнүн катышуусу менен айылдык кеңештин кезектеги (кезексиз) сессиясында кароо жөнүндө арыз менен айылдык кеңештин төрагасына кайрылат.
14.14. Токтомдун долбоорун кароо тууралуу арызга төмөндөгүлөр кошо тирелет:
- токтомдун долбоорун айылдык кеңештин кароосуна киргизүү тууралуу чечим кабыл алынган демилгелүү топтун жыйналышынын протоколу;
- токтомдун долбоорунун тексти, ошондой эле анын электрондук версияы;
- маалымкат-негиздеме;
- айылдык кеңештин мурда кабыл алынган токтомуна өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор киргизилген учурда салыштырма таблица;
- төмөндөгү маалыматтар камтылган кол коюу барагы: жергиликтүү жамааттын мүчөсүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, жашаган (туруктуу) жери, паспортунун сериясы жана номери, айылдык кеңешке демилгелүү топ даярдаган токтомдун долбоорун киргизүү үчүн коюлган колу.
14.15. Элдик демилге иретинде жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан киргизилген айылдык кеңештин токтомунун долбоору айылдык кеңеш тарабынан милдеттүү түрдө эң жакынкы өтө турган кезектүү (кезексиз) туруктуу комиссиянын жыйынында жана айылдык кенештин сессиясында каралууга жатат. Аталган долбоорду айылдык кеңештин туруктуу комиссиянын жыйынында жана сессиясында кароо демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн милдеттүү түрдө катышуусу менен жүргүзүлөт.
14.16. Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда ишин токтоткон учурда жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан киргизилген токтомдун долбоору өз күчүн сактап калат жана жаңы чакырылыштагы айылдык кеңеш тарабынан каралууга жатат.
14.17. Жергиликтүү жамааттын элдик демилге укугун эркин ишке ашырууга күч колдонуу, коркутуу, алдоо, сатып алуу же башка жолдор менен тоскоолдук кылган, айылдык кенешке токтомдун долбоорун киргизүү жөнүндө үгүттөө жүргүзүүгө бөгөт болгон адамдар, ошондой эле документтерди, кол коюу барагындагы жарандардын колдорунун аныктыгын бурмалаган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышат.
15. Айылдык чогулуштар
15.1. Жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн пикирлерин эске алуу, айылдык кеңештин депутаттарынын жана айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматтарын угуу жана талкуулоо максатында бир көчөнүн, бир кварталдын, кичи райондун же айылдын аймагында жашашкан жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн катышуусу менен айылдык чогулуш өткөрүлөт, ал боюнча сунуштар кабыл алынат.
15.2. Чогулуштарды даярдоо, өткөрүү жана натыйжаларын аныктоо ачык айкын ушул Уставда белгиленген тартипте ишке ашырылат.
15.3. Айылдык чогулушта талкууланып жаткан маселелер боюнча жергиликтүү жамааттардан түшкөн суроолорго, сунуштарга, сын-пикирлерге жооптор мүмкүнчүлүккө жараша ошол жерде берилет, ошол жерде жооп берүүгө мүмкүн болбой калган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 3 күндүн ичинде каралат, алардын жыйынтыктары суроолорду, сунуштарды, сын-пикирлерди берген айылдык чогулуштун катышуучуларына жазуу жүзүндө маалымдалат.
15.4. Айылдык чогулуштарды өткөрүү менен байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жабылат..
16. Айылдык чогулуштарда каралуучу маселелер
Айылдык чогулуштарда төмөндөгү маселелер каралат:
- жергилктүү жамааттын уставынын долбоору, ошондой эле жергиликтүү жамааттын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоору;
- айыл аймагын өнүктүрүүнүн пландарынын жана программаларынын долбоорлору, анын ичинде аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө долбоорлор;
- айылдын, кварталдын, көчөнүн белгилүү болгон өзгөчө көйгөйлөрүн чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин планы;
- айылдык аймакта этностор аралык мамилелерди жакшыртуу, этностор аралык конфликттерди болтуроо боюнча алдын алуу жумуштарын жүргүзүү;
- жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана тескөөнүн тартибин белгилөө;
- ичүүчү сууну, сугат сууну пайдалангандыгы (эгер болсо канализация, жылуулук менен камсыз кылуу), ошондой эле тиричилик калдыктарын жана башкаларды жыйноо жана чыгаруу үчүн тарифтерди талкуулоо;
- турак жай фондусун, турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана көчөлөрдү, кварталдарды, айылдарды көрктөндүрүү;
- аймакты куруунун башкы планы, архитектура жана шаар куруунун нормаларын жана эрежелерин сактоо маселелери;
- жергиликтүү жамааттар демилгелеген (элдик демилге) ченемдик укуктук актылардын долбоорлору;
- айыл башчысынын талпкерлигин кароо жана айыл өкмөтүнүн башчысы болгон айыл башчысынын кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү;
- айылдык кеңештин депутаттарынын, айыл өкмөтүнүн башчысынын бир жылдагы (жарым жылдагы) ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарын угуу;
- айыл аймагынын территорияларынын чектеринде айыл аймактарын, калктуу конуштарды түзүү жана жоюу тууралуу маселелерди талкуулоо, алардын чек араларын белгилөө жана өзгөртүү, администрациялык борборду белгилөө жана которуу, калктуу конуштардын категорияларын аныктоо, айыл аймагын, айылдарды, көчөлөрдү атоо жана кайра атоо, ошондой эле алардын аталыштарындагы транскрипцияларды өзгөртүү;
- жергиликтүү жамааттын турмуш-тиричилигин камсыз кылууга байланышкан башка маселелер.
17. Айылдык чогулуштарды өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү
17.1. Айылдык чогулуштар айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңештин депутаттары тарабынан, ошондой эле жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн (демилгелүү топтун) сунуштары боюнча зарылчылыкка жараша пайда болгон маселелерге ылайык, бирок жылына эки жолудан аз эмес, ушул Уставда белгиленген мөөнөттө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн алдын ала кабарлоо аркылуу чакырылат.
17.2. Кечиктирилгис маселелерди чечүү үчүн чогулуштар айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңеш же анын төрагасы тарабынанбелгилеген мөөнөттө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө жана кызыкдар адамдарга шашылыш тартипте алдын ала кабарлоо менен чакырылышы мүмкүн.
18. Айылдык чогулуштарды өткөрүү демилгеси
18.1. Айылдык чогулуштарды өткөрүүнүн демилгечилери катары жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү (демилгелүү топтор), айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңеш боло алышат.
18.2. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү айылдык чогулушту өткөрүү боюнча саны 11адамдан кем эмес демилгелүү топту түзүүгө укуктуу.
18.3. Эгерде демилгелүү топ, айылдык кеңештин депутаттары айылдык чогулушту өткөрүүнүн демилгечиси катары чыккан учурда, анда жогоруда көрсөтүлгөн субөекттер айыл өкмөтүнүн башчысына, айылдык кеңештин төрагасына өздөрүнүн кайрылуусунда белгиленген жергиликтүү маанидеги маселе (маселелер) боюнча айылдык чогулуш өткөрүүнүн зарылдыгы жөнүндө кайрылуу жөнөтүшөт.
18.4. Эгерде айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңеш же болбосо анын төрагасы айылдык чогулушту өткөрүү демилгесин көтөрсө, айылдык чогулушту өткөрүү жөнүндө чечим, тийиштүүлүгүнө жараша, айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңеш же болбосо анын төрагасы тарабынан өз алдынча кабыл алынат.
19. Айылдык чогулушту өткөрүү демилгеси менен кайрылуу
19.1. Айылдык чогулушту өткөрүүнү демилгелеген кайрылуу өзүнө төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- айылдык чогулушту өткөрүүнүн зарылдыгы жөнүндө негиздемени;
- иш-чаранга катышуучуларынын божомолдуу санын (көчөлөрдүн, кварталдын, айылдын, айылдардын, айылдык аймактын);
- иш-чараны өткөрүү болжолдонгон орунду;
- кароого киргизилип жаткан маселени (маселелерди);
- демилгелүү топтун мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар, алардын фамилияларын, ысымдарын, атасынын аттарын, жашаган жерлери.
19.2. Кайрылуу айыл өкмөтүнүн башчысы же айылдык кеңештин төрагасы тарабынан кайрылуу катталган күндөн тартып 14 күндүн ичинде каралат.
19.3. Кайрылууну кароонун жыйынтыктары боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы айылдык чогулушту өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат жана аларды өткөрүүнү уюштурат, же болбосо аларды өткөрүүдөн баш тартат.
Кайрылууну кароонун жыйынтыктары боюнча айылдык кеңештин төрагасы кайрылуу менен макул болгон учурда айыл өкмөтүнүн башчысына айылдык чогулушту өткөрүүнү тапшырат же болбосо аларды өткөрүүдөн баш тартат.
19.4. Айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кеңештин төрагасы төмөнкү учурларда айылдык чогулушту өткөрүүдөн баш тартууга укуктуу:
- ушул Уставдын 19.1.-пунктунда көрсөтүлгөн талаптар бузулганда;
- аларды башка мыйзамдуу жолдор менен чечүүнүн мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу, кайрылууда көрсөтүлгөн маселелерди чогулуштарда талкуулоо максатка ылайыксыз болгондо;
- эгерде кайрылууда көрсөтүлгөн маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларына жана ушул Уставга карама-каршы келгенде.
Айыл өкмөтүнүн башчысынын, айылдык кеңештин төрагасынын айылдык чогулушту өткөрүүнү четке кагуу тууралуу чечимдери сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
20. Айылдык чогулушту уюштуруунун тартиби
20.1. Айылдык чогулушту өткөрүү жөнүндө чечимде төмөнкүлөр каралат:
- иш-чараны өткөрүүнүн орду, датасы жана мөөнөттөрү;
- айылдык чогулушка киргизилип жаткан маселелердин аттары жана (же) документтердин аталыштары (айыл өкмөтүнүн чечими, айылдык кеңештин токтому);
- талкууланып жаткан маселелер боюнча кызыкдар адамдардан ой пикирлерди жана сунуштарды кабыл алуунун тартиби.
20.2. Айылдык чогулушка жергиликтүү жамааттын ой пикирин эсепке алуу, угуу, талкуулоо жана жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча сунуштамаларды жыйноо үчүн күн тартибине бир эле убакта бир нече маселе киргизилиши мүмкүн.
20.3. Айыл өкмөтүнүн башчысы айылдык чогулушту өткөрүүгө карата даярдык көрүүнүн жүрүшүндө:
- чогулуш өткөргөнгө чейин 5 күн калгандан кечиктирбестен, бул үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын, почта кабарландырууларын, короолой (батирлер боюнча) кыдырып чыгууну, кулактандырууларды жана башка мүмкүн болгон каражаттарды пайдалануу менен айылдык аймактын (көчөлөрдүн, кварталдын, айылдын, айылдардын) жашоочуларын: демилгечи, чогулушка киргизилген маселе, иш-чараны өткөрүүнүн тартиби, орду, датасы жана убактысы тууралуу кабарландырууну уюштурат;
- айылдык аймактын (көчөлөрдүн, кварталдын, айылдын, айылдардын) жашоочуларына жана бардык кызыкдар болгон мамлекеттик органдардын, катышуу ниетин билдиришкен жеке жана юридикалык жактардын эркин жетимдүүлүгүн камсыз кылат;
- зарыл болгон учурда кызыкдар болгон мамлекеттик органдардан, уюмдардан, мекемелердин жана ишканалардан жазуу жүзүндө чогулушка киргизилип жаткан маселе боюнча зарыл маалымат (маалыматтар, материалдар жана документтер суроо-талап алынган күндөн тартып 5 күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен, уюштуруучуга берилет) суратып алат;
- зарыл болгон учурда консультациялык жана эксперттик жумуштарды аткарыш үчүн эксперттерди жана адистерди тартат;
- иш-чараны өткөргөнгө чейин 2 күн калгандан кечиктирбестен катышуучулардын жана чыгып сүйлөөчүлөрдүн тизмесин түзөт (иш-чарада чыгып сүйлөөчүлөрдүн тизмесине киргизилген адамдар бул тууралуу күн мурунтан кабарландырылат);
- чогулуштун катышуучуларын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн (зарыл болгон учурда) чакырууну жана каттоону, протокол жүргүзүүнү жана жыйынтыктоочу документтерди жол-жоболоштурууну камсыз кылат;
- чогулушта кароо үчүн сунушталган чечимдердин долбоорлорун даярдайт;
- иш-чараны даярдоодо жана уюштурууда демилгечилер менен өз ара аракеттенишет.
21. Айылдык чогулушту өткөрүүнүн тартиби
21.1. Чогулушту алып баруу үчүн төрагасы жана катчысы, зарыл болгон учурда добуштарды саноо үчүн эсептөө комиссиясы шайланат. Күн тартиби катышып отургандардын санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.
21.2. Төрагалык кылуучу иш-чараны алып барат жана жумуш процессинде күн тартибиндеги маселелерди талкуулоонун тартибин көзөмөлдөйт.
21.3. Иш-чара төрагалык кылуучунун (же алып баруучунун) кыскача сөзү менен башталат, ал өзүн жана катчыны тааныштырат, талкуулануучу маселенин маңызы, анын маанилүүлүгү жана иш-чараны алып баруунун тартиби (иш-чаранын регламенти жөнүндө) кабарландырат.
21.4. Кайрылуунун негизинде даярдалган, чогулушта каралып жаткан маселелерди чечүү анын компетенциясына кирген баяндамачынын маалыматы угулат.
21.5. Чыгып сүйлөөлөр аяктагандан кийин, чогулушта белгиленген маселелерди чечүү компетенциясына кирген баяндамачыга, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн өкүлдөрүнө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарына жана башка кызматкерлерге иш-чаранын катышуучулары тарабынан оозеки да, жазуу жүзүндө дагы суроолор берилиши мүмкүн.
21.6. Чыгып сүйлөө үчүн сөз бардык каалаган катышуучуларга, суроолордун жазуу түрүндө түшкөн тартибине же болбосо кол көтөрүүсүнө ылайык берилет.
21.7. Иш-чаранын узактыгы талкууланып жаткан маселелердин мүнөзү менен аныкталат. Төрагалыккылуучутанаписжөнүндөчечимкабылалуугаукуктуу.
21.8. Чогулуштун катчысы протокол жүргүзөт, андаиш-чаранынөткөндатасыжанаубактысы, катышыпжатканжарандардынжалпысаныжаначакырылганадамдардынжалпысаны, күнтартиби, чыгып сүйлөөлөрдүнмазмууну, чыгыпсүйлөгөндөржөнүндөмаалыматтар, ошондойэлесурообергендержөнүндөмаалыматтар, кабылалынганчечимжанасунуштамаларкөрсөтүлөт. Протоколгочогулуштунтөрагасыжанакатчысыколкоңт. Чогулуштун, коомдукугуунунчечимижанаүже сунуштамалары ачык добуш берүүменен, катышыпотругандардынсанынынжөнөкөйкөпчүлүгүнүндобушумененкабылалынат.
21.9. Чогулуштун протоколунда милдеттүүтартипте, арбирмаселебоюнчаиш-чаранынкатышуучуларыныналартарабынанталкуунунжүрүшүндөайтылган позициялары чагылдырылышы керек.
21.10. Иш-чаранын протоколу, чогулушта кабыл алынган чечимдер жана сунуштамалар жергиликтүүөзалдынчабашкарууоргандарынаөткөрүпберилет. Жергиликтүүөзалдынчабашкарууоргандарыжанакызматадамдарыбирайлык мөөнөттөкалкка (иш-чаранынкатышуучуларына) жалпыгамаалымдоокаражаттарыаркылуу, жекоомчулукүчүнжеткиликтүүжерлердемаалыматтардыжайгаштыруумененчечимдердижанасунуштамалардыаткаруубоюнчакабылалынганжекөрүлгөнчараларжөнүндөбилдирүүгөмилдеттүү.
21.11. Эгерде ага тийиштүүаймактын (көчөнүн, кварталдын, айылдын, айылдардын) айылдыкчогулушкачакырылгандардын 51 пайызыкатышса, айылдыкчогулушукукченемдүүболупэсептелет.
21.12. Тийиштүүаймактын (көчөнүн, кварталдын, айылдын, айылдардын) жашоочуларынын, же айылдык чогулушту өткөрүүүчүнчакырылганкатышуучулардынзарылсаныболбогонучурда, андакөрсөтүлгөниш-чараларкатышуучулардынмакулдугумененбелгилүүмөөнөткөжылдырылат.
22. Коомдук угуулар
22.1. Коомдук угуулар – калктын кызыкчылыгын эске алуу мененжамааттын турмушунун маанилүүмаселелерибоюнчакалктынпикириниликтепбилүү, алардынкатышуучуларынансунуштардыжанарекомендациялардыалуужанаоптималдуу, таразаланганчечимдердианыктооүчүнжергиликтүүөзалдынчабашкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү, ачыкталкууформасындауюштурулганиш-чара.
22.2. Коомдук угуулар жергиликтүүөзалдынчабашкарууоргандарытарабынансунушкылынганчечимдикоомчулукканчалыкколдоорунтүшүнүүгөмүмкүнчүлүктүзөт, калккаталкууланган маселе боюнча өзүнүнойпикиринайтууга, жергиликтүүөзалдынчабашкарууоргандарынын, мамлекеттикоргандардынаймактыкбөлүмчөлөрүнүнжетекчилериненсуроогожоопалуугу, жергиликтүүөзалдынчабашкарууоргандарынаөзжумуштарынынсапатыжөнүндөжана алардын жасаган жумушуна элдин канааттандырылуусу жөнүндөбилүүгө, зарылболгонучурдаөзиш-аракеттеринэлдинкызыкчылыктарынэскеалуумененоңдоп-түзөтүүгөмүмкүнчүлүкберет.
22.3. Коомдук угуулар жергиликтүүмаанидегимаселелербоюнчаөткөрүлүшүмүмкүн, алардычечүүдөжергиликтүүөзалдынчабашкарууоргандарынынтуурачечимдердикабылалууларыүчүнжергиликтүүжамааттынойпикирлериөзгөчөмаанилүүболупсаналат.
22.4. Коомдук угууларга алып чыгарылуучу маселелер:
- жергиликтүүбюджеттитүзүүжана аткаруу;
- муниципалдык менчикти башкаруу (муниципалдык жерлерди, обөекттерди ж. б. сатуу, ижарага берүү, пайдалануу);
- ичүүчүжана суугат суу боюнча, канализация, жылуулук менен жабдуу, турмуш-тиричиликтик калдыктарды жыйноо жана ташып чыгаруу ж. б. тарифтерди бекитүү;
- жергиликтүүжамааттынжашоо-турмушункамсызкылуумененбайланышканбашкамаселелер.
22.5. Жергиликтүү жамаат үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон маселе боюнча жергиликтүү жамааттын ой пикирин дыкат иликтөө, угуу, талкуулоо, сунуштамаларды чогултуу жана маалыматтарды алмашуу максаттарында коомдук угууга биргана маселени алып чыгуу сунушталат.
22.6. Коомдук угуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан милдеттүү түрдө:
- жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу боюнча маселелер жыл сайын өткөрүлөт;
- муниципалдык мүлктү башкаруу стратегиясын долбоорун бекитүүдө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекет тарабынан башкарууга өткөрүлүп берилген муниципалдык мүлктү бекитүүдө,мындай стратегияларды иштеп чыгуу жана бекитүү учуру пайда болгондо жүргүзүлөт.
Кызмат көрсөтүүлөргө (ичүүчү суу, суугат суусу, канализация, жылуулук менен жабдуу, турмуш-тиричиликтик калдыктарды жыйноо жана ташып чыгаруу ж. б.) тарифтерди бекитүү маселелер боюнча коомдук угуулар зарылдыгына жараша өткөрүлөт.
22.7. Коомдук угууларды уюштуруу жана өткөрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына (айыл өкмөтүнө) жүктөлөт жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
22.8. Коомдук угуулар, эгерде ага өкүлдөрдүн, коомдук угууга чакырылгандардын жарымынан кобу катышканда укук ченемдүү болот.
23. Коомдук угууну уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби
23.1. Белгилүү маселе боюнча коомдук угууну өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин айыл өкмөтү төмөнкү ырааттуулукта аракеттерди көрүүсү зарыл:
Коомдук угууга чейин 3-4 жума калганда өткөрүүнүн датасын, убактысын жана ордун аныктоо зарыл.
Коомдук угууга чейин 2 жума калганда талкуулоонун предмети боло турган сунуштун жана документтин долбоору (мисалы: бюджеттин кыскача сыпаттамасы же сатууга сунуш кылынган муниципалдык менчик обөекттеринин тизмеси жана анын негиздемеси, же ичүүчү суу же сугат суусун берүү кызматына сунушталган тарифтердин өлчөмү ж б.) даярдалат.
Коомдук угууга чейин 1-2 жума калганда:
- коомдук угууга алып чыгып жаткан документтердин долбоору жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат;
- коомдук угууга чакыруу барактарын иштеп чыгуу жана жана даярдоо жүргүзүлөт;
- калкка, уюмдарга, мекемелерге, ишканаларга, жарандык топторго, өкмөттүк эмес уюмдарга чакыруу барактарын жана документтин долбоорлорун таратуу;
- маалыматты илүү жана башка мүмкүн болгон каражаттар менен жалпыга жарыялоо;
- документтин долбоорун алуу жайын маалымдоо менен, коомдук угуу жөнүндө пресс-релиз чыгаруу жана жалпыга маалымдоо каражаттарын маалымдоо ;
- коомдук угууну даярдоо жана өткөрүү боюнча айыл өкмөт аппаратынын кызматкерлерин окутууну (нускама берүүнү) жүргүзүү;
- коомдук угуунун максаттарын, датасын, убактысын жана өткөрүлүүчү ордун көрсөтүү менен калкты талкууланып жаткан маселе менен тааныштыруу үчүн айылдардын жалпыга жетимдүү жайларында кулактандырууларды жайгаштыруу;
- жамааттын негизги чечүүчү адамдарына, жергиликтүү кеңештин депутаттарына, айыл өкмөтүнүн аппаратынын бөлүмдөрүнө, зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине жеке кабарлоо;
- коомдук угуунун алып баруучусун жана катчысын (өкүлчүлүктүү же аткаруу органынан) тандоо;
- зарыл болгон учурда кызыкдар мамлекеттик органдардан, уюмдардан, мекемелерден, ишканалардан угууга киргизилген маселе боюнча зарыл маалыматтарды, материалдарды жана документтерди суратып алуу (маалыматтар, материалдар жана документтер уюштуруучуга суроо-талап алынган күндөн тартып 5 күндөн кечиктирбестен берилет);
- зарыл болгон учурда консультациялык жана эксперттик жумуштарды аткаруу үчүн эксперттер жана адистер тартылат.
Коомдук угууга чейин 1 жума калганда:
- өткөрүлүүчү орунду даярдоо (катышуучулар үчүн орундар, алып баруучу жана катчы үчүн үстөл, жарык берүү, жылытуу, үн күчөткүчтөр ж.б.);ү
- көрсөтмө материалдарды даярдоо: плакаттар, доскалар, слайддар ж.б.;
- чыгып сүйлөөчүлөрдү дайындоо, күн тартибин даярдоо, коомдук угуу учурунда таратуу үчүн материалдардын кошумча көчүрмөлөрүн даярдоо;
- коомдук угууларды өткөрүүнүн эрежелерин даярдоо жана таратуу.
Коомдук угууга чейин 3 күн калганда:
- катышуучуларды каттоо баракчасын даярдоо;
- коомдук угуунун протоколунун формасын даярдоо;
- сунуштар/ой-пикирлер/сунуштамалар/суроолор үчүн бланктарды даярдоо.
Коомдук угууга чейин 1 күн калганда:
- орун жайдын жана жабдуулардын даярдыгын көзөмөлгө алуу;
- катышуучулардын, чыгып сүйлөөчүлөрдүн тизмесин жана күн тартибин тактоо;
- катышуучуларга таратуу үчүн кошумча материалдардын даярдыгын көзөмөлгө алуу ж.б.
Коомдук угууну өткөрүү күнү катышуучуларды, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн (зарыл болгон учурда) каттоо жүргүзөт, протоколду жүргүзөт жана жыйынтыктоочу документтерди жол-жоболоштурууну камсыз кылат.
23.2. Айыл өкмөтү коомдук угуу өткөрүлгөндөн кийин 10 күндүн ичинде анын натыйжасын жалпылайт жана жол-жоболоштурат, калк арасында коомдук угуунун натыйжалары жөнүндө, ошондой эле жыйынтыктары боюнча кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтарды таратат. Ошол эле учурда айыл өкмөтү оозеки билдирүүнү, маалымат тактайларына жайгаштыруу, жалпыга маалымдоо каражаттарын, интернетти жана башка ыкмалар менен жааматка карата колдонууга мүмкүн болгон маалыматтарды таратуунун ар түрдү ыкмаларын пайдаланат.
24. Жергиликтүү жамааттын айылдын муктаждыктарын биргелешип иликтөө жолу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуу
24.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү айылдык аймакты өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык программаларын натыйжалуу ишке ашыруу, аймактын турмуш-тиричиликтик тутумдарын өнүктүрүү, калкка зарыл болгон мамлекеттик жана мунициалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү максаттарында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракетте катышууга укуктуу.
24.2. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусу айылдын муктаждыктарын биргелешип иликтөө аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
24.3. Айылдын муктаждыктарын биргелешип иликтөө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жамааттын айылдын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн табуу жана демилгечил жана башка жумушчу топтор аркылуу айылдык аймактын айылынын (айылдарынын) жашоочуларынын ой-пикирлеринин жана кызыкчылыктарын эске алуу менен аларды чечүү боюнча биргелешкен иш процессин карайт.
24.4. Айылдын муктаждыктарын биргелешип иликтөө үчүн айыл өкмөтү демилге көтөрүү менен айылдык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү менен бирдикте төмөнкү иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашырат:
- маалыматтарды жыйноо жана айылдагы кырдаалды иликтөө;
- айылдын көйгөйлөрүн аныктоо;
- айылдын көйгөйлөрүн тандоо: көйгөйлөрдүн себеби эмне болуп саналат жана алардын кесепеттери;
- биринчи кезекте чечилүүгө жаткан артыкчылыктуу маселелерди аныктоо;
- артыкчылыктуу маселелерди чечүүнүн жолдорун биргелешип талкуулоо;
- артыкчылыктуу маселелерди чечүү боюнча демилгечил топторду түзүү;
- биргелешкен аракеттердин пландарын иштеп чыгуу;
- айылдык чогулуштарда, коомдук угууларда жергиликтүү жамаат менен артыкчылыктуу маселелерди чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин пландарын талкуулоо;
- жергиликтүү бюджетте биргелешкен аракеттердин пландарын чагылдыруу;
- биргелешкен аракеттердин пландарын ишке ашыруу;
- биргелешкен аракеттердин ишке ашырылып жаткан пландарынын биргелешкен мониторинги жана баа берүү;
- айылдык чогулуштарда, коомдук угууларда, курултайларда биргелешкен аракеттердин пландарын ишке ашыруу боюнча иштердин натыйжалары жөнүндө отчет.
24.5. Айылдын муктаждыктарын биргелешип иликтөө процессине төмөнкүлөр катыша алышат:
- жынысына, расасына, улутуна, тилине, туткан динине, кызматтык жана мүлктүк абалына көз карандысыз 18 жашка толгон жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү;
- мамлекеттик уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, коомдук бирикмелердин ж.б. өкүлдөрү;
- айылдык кеңештин депутаттары;
- айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери.
25. Айылдын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча демилгелүү топтор
25.1. Айыл өкмөтү, айылдык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү жамаат менен биргеликте айылдын артыкчылыктуу маселелерин аныктоодо, айылдын муктаждыктарын биргеликте иликтөө процессинде, ыктыярдуу негизде ар кайсы тармактар боюнча демилгелүү топторду түзөт, ошондой эле аткаруу мөөнөттөрүн, ресурстарын, аларды аткаруу боюнча жооптууларды белгилөө менен биргелешкен аракеттердин планын иштеп чыгышат.
25.2. Демилгелүү топтордун курамына төмөнкүлөр кирет:
- айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери;
- айылдык кеңештин депутаттары;
- жергиликтүү жамааттын жигердүү мүчөлөрү;
- мамлекеттик уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, коомдук бирикмелердин ж.б. өкүлдөрү.
25.3. Демилгелүү топтордун курамы төмөнкүлөрдү эске алуу менен аныкталат:
- гендердик теңдемди сактоо;
- айылдык аймактын ар бир айылынын өкүлчүлүгүнүн болуусун;
- демилгелүү топ тарабынан тандалган артыкчылыктуу маселени чечүүдө тажрыйбанын болуусу;
- айылдын артыкчылыктуу маселелерин чечүү үчүн кайтарымсыз негизде иштөөгө каалоосунун болуусу;
- демилгелүү топтордун иштерине ийгиликтүү катышуу үчүн каалоосун жана шыктуулугун билдиргендиги.
25.4. Демилгелүү топтун отуруму ачык жыйналыш формасында жүргүзүлөт.
25.5. Демилгелүү топтун мүчөлөрү, өз катарынан ачык добуш берүү менен, алардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добуштары менен демилгелүү топтун жетекчисин шайлашат. Демилгелүү топтун жетекчисин шайлоо тууралуу чечим протокол менен жол-жоболонот, ага демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн колдору коюлат. Демилгелүү топтун чечимдери ага тиешелүү бардык маселелер боюнча алардын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгүнүн добуштары менен кабыл алынат.
25.6. Демилгелүү топтун жетекчиси төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарда демилгелүү топтун кызыкчылыктарын жактоого;
- демилгелүү топтун жумушун координациялоого;
- демилгелүү топтун жыйналышын өткөрүүгө;
- демилгелүү топтун атынан документтерге кол коюуга ж.б..
25.7. Демилгелүү топтун мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
- айылдык аймактын өнүгүү пландарын, анын ичинде биргелешкен аракеттеги пландарын, социалдык-экономикалык өнүгүү пландарын, стратегиялык өнүктүрүү пландарын ж.б. иштеп чыгууга катышууга;
- окууларга, жыйналыштарга, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана айылдык аймактын территориясында иштеп жаткан башка уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин айылдын артыкчылыктуу маселелерине тиешеси бар маселелери боюнча отурумдарына катышууга;
- тандалган көйгөйлөрдү чечүү жана аларды ишке ашыруу боюнча долбоорлорду иштеп чыгууга;
- жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын демилгелүү топ тарабынан тандалып алынган көйгөйлөрдү чечүү боюнча демилгелүү топтун жумуштарынын жүрүшү боюнча маалымдоого;
- жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында тандалып алынган көйгөйлөрдү чечүү үчүн иштелип чыгылган долбоорлордун презентациясын өткөрүүгө жана коргоого;
- долбоорлорду/биргелешкен аракеттердин планын ишке ашыруу боюнча мониторинг жүргүзүүгө;
- айылдык чогулуштарда, коомдук угууларда, курултайларда жергиликтүү жамааттын алдында иштердин натыйжалары боюнча отчет берүүгө;
- зарыл болгондо мыйзамдарда жана ушул Уставда белгиленген тартипте айылдык кеңешке киргизүү үчүн ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун демилгелөөгө.
26. Айылдын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча демилгелүү топтордун курамдарын жана биргелешкен аракеттердин планын бекитүү
26.1. Айыл муктаждыктарын биргелешип иликтөөнүн натыйжасында табылган айылдын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү үчүн айыл өкмөтү айылдык кеңештин депутаттарынын, жергиликтүү жамааттын жана демилгелүү топтордун мүчөлөрүнүн катышуусу менен жумушчу жолугушууларды уюштурат, анда төмөнкү маселелер каралат:
- артыкчылыктуу көйгөйлөрдүн бет ачаарлары жана аларды чечүүнүн жолдору;
- биргелешкен аракеттердин планын иштеп чыгуу;
- артыкчылыктуу көйгөйлөр боюнча демилгелүү топтордун санын жана алардын курамын алдын ала бекитүү;
- каралып жаткан маселелерди талкуулоо, алар боюнча сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгуу;
- жалпы талкуулоо үчүн айылдык чогулушка (жыйналышка) биргелешкен аракеттердин планын алып чыгуунун тартибин талкуулоо;
- биргелешкен аракеттердин планын ишке ашыруу боюнча андан аркы аракеттерди пландоо;
- биргелешкен аракеттирдин планын ишке ашыруусуна баа берүү жана мониторинг жүргүзүү;
- жергиликтүү жамаатка алардын жашоо-турмушун камсыздоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарга баа берүү жана мониторинг жүргүзүү.
26.2. Айыл өкмөтү жумушчу жолугушуулардын натыйжалары боюнча айылдык чогулушка, коомдук угууга төмөнкүлөрдү алып чыгат:
- айылдын муктаждыктарын биргелешип иликтөөнүн натыйжалары;
- табылган артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин планын;
- тандалып алынган багыттар боюнча демилгелүү топтордун санын;
- жергиликтүү жамаат менен макулдашуу (өзгөртүү, толуктоо) үчүн демилгелүү топтордун мүчөлөрүнүн тизмесин.
26.3. Айылдык чогулушта демилгелүү топтордун саны жана алардын курамы, биргелешкен аракеттердин планы жергиликтүү жамаат менен макулдашылат, андан кийин айылдык чогулуштардын, коомдук угуулардын катышуучуларынан келип түшкөн ой-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен биргелешкен аракеттердин планы, демилгелүү топтордун курамы жана саны айыл өкмөт башчысынын чечими (же айылдык кеңештин токтому) менен бекитилет. Бул маалымат айыл өкмөтүнүн маалыматтык тактайына илинүү жолу менен жалпы элге жеткирилет.
26.4. Кийинки жылга жергиликтүү бюджеттин адепки долбоору бекитилген биргелешкен аракеттердин планын эске алуу менен айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмү тарабынан түзүлөт.
26.5. Айыл өкмөтү биргелешкен аракеттердин планын эске алуу менен жергиликтүү бюджеттин адепки долбоорун айылдык кеңеш менен макулдашат жана финансы министрлигинин тиешелүү түзүмдүк бөлүмчөсүнө берет. Финансы министрлиги айыл өкмөтүнө жергиликтүү бюджет боюнча такталган маалыматтарды бергенден кийин айыл өкмөтү биргелешкен аракеттердин планын эске алуу менен жергиликтүү бюджеттин адепки долбоорун тактайт жана аларды бекитүү үчүн айылдык кеңешке берет.
26.6. Жергиликтүүбюджеттиндолбоору жалпы талкуулоо үчүнбюджеттикугуугакиргизилет, андансоӊкийиначыкжанаайкынайылдыккеңештинсессиясындакаралат., Жергиликтүүбюджетжергиликтүүжамааттынмүчөлөрүнүной-пикирлеринжанасунуштарынкарапчыкканданкийинайылдынартыкчылыктуукөйгөйлөрүн чечүүбоюнчабиргелешкенаракеттердинпланынэскеалуумененайылдыккеңештарабынанбекитилет. Айылдыккеңештинтийиштүүжылгажергиликтүүбюджеттибекитүүтууралуутоктомужергиликтүүжалпыгамаалымдоокаражаттарындажарыялануугажатат.
26.7. Айылдын артыкчылыктуу маселелерин чечүүбоюнча биргелешкен аракеттердин планы иштелип чыгылган жана бекитилген учурда айылдык кеңеш тарабынан жергиликтүү бюджет бекитилгенден кийин жергиликтүү бюджетке тийиштүү тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштамалар менен айыл өкмөтү биргелешкен аракеттердин планын айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына киргизүүгө укуктуу.
26.8. Бюджет боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы айылдын артыкчылыктуу маселелерин чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин планын өзүнүн отурумунда карайт жана биргелешкен аракеттердин планын каржылоо жана ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджетке тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө корутундусу (же чечими) менен айылдык кеңештин отурумуна киргизет.
26.9. Бюджеттик комиссиянын сунушу менен макул болгон учурда жана жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгү болгондо айылдык кеңеш биргелешкен аракеттердин планын каржылоо жана ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджетке тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
27. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү
27.1. Айылдын артыкчылыктуу маселелерин аныктоо жана чечүү боюнча ачыктыкты, айкындыкты камсыз кылуу жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн жергиликтүү коомдук маанилүү чечимдерди кабыл алууга тартуу, ошондой эле жергиликтүү жамааттын, донор уюмдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айылдык аймактын өнүгүшүнө чегерилген каражаттарынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча иш чаралары жүргүзүлөт.
27.2. Биргелешкен мониторинг жана баа берүүнүн максаттары төмөнкү болуп саналат:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттерине жана муниципалдык кызматтардын сапатына баа берүү жана мониторинг жүргүзүү;
- айылдык аймактын территориясында жергиликтүү жана (же) республикалык бюджеттен, эл аралык жана башка донор уюмдардын, спонсорлордун жана башка мыйзамдар менен тыюу салынбаган булактардан каржыланып ишке ашырылуучу жергиликтүү демилгелердин/долбоорлордун/программалардын иш жүзүнө ашыруу натыйжаларына мониторинг жүргүзүү жана баа берүү;
- жергиликтүү демилгелерди/долбоорлорду/программаларды ишке ашыруу процессин, ошондой эле муниципалдык кызматтарды жакшыртуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;
- этностор аралык конфликтерди алдын алуу жана болтурбоо максатында айылдык аймактын чегинде этностор аралык мамилелерге мониторинг жүргүзүү.
27.3. Жогоруда көрсөтүлгөн милдеттерди аткаруу үчүн айылдык кеңеш биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча жумушчу топ түзүүгө укуктуу. Айылдык кеңеш ушул Уставдын 27.2. пунктунда көрсөтүлгөн маселелер боюнча кошумча биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча жумушчу топторду түзүүгө укуктуу. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча жумушчу топтордун иш-аракеттеринин тартиби айылдык кеңеш тарабынан аныкталат.
27.4. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча топтун курамына айылдык кеңештин депутаттары, демилгелүү топтордун, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жана башка жактар жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоо мүнөздөгү жагдайларга карабастан кирүүгө укуктуу. Топтун курамы айылдык кеңеш тарабынан бекитилет.
27.5. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча топ төмөнкүлөргө мониторинг жүргүзүүгө жана баа берүүгө укуктуу:
- айыл өкмөтүнүн жана анын структуралык бөлүмдөрүнүн, ошондой эле муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын иш-аракеттерин;
- тийиштүү аймактын жергиликтүү жамаатынын жашоо-турмушун камсыздоо боюнча кызмат көрсөткөн коомдук уюмдардын жана бирикмелердин (суу колдонуучулар ассоциацияларын (АВП), таза-суу колдонуучулардын айылдык бирикмеси (СОППВж.б.) иш-аракеттерин;
- айылдык аймактын өнүгүү пландарын (анын ичинде биргелешкен аракеттеги пландарын, социалдык-экономикалык өнүгүү пландарын, стратегиялык өнүктүрүү пландарын ж.б.);
- жергиликтүү жана (же) республикалык бюджеттен, эл аралык жана башка донор уюмдардын, спонсорлордун жана башка мыйзамдар менен тыюу салынбаган булактардан каржыланыпишке ашырылуучу жергиликтүү демилгелердин/долбоорлордун/программалардын ишке ашырылуусун;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын этностор аралык маселелер боюнча иш аракеттерин.
27.6. Аталган милдеттерди аткаруу үчүн биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча топ:
- жумуштун планын (графигин) бекитет;
- сурамжылоолорду (анкеттөөнү) жүргүзөт;
- жерине баруу менен, ишке ашырылган долбоордон көрсөтүлүүчү кызматтарды жана/же пайда алуучулар менен түздөн-түз маектерди жүргүзөт;
- документтерди (анкеталарды, графиктерди, отчетторду, каттоо журналдарын, катышуучулардын тизмесин) талдоону жүзөгө ашырат;
-тиешелүү иш-чараларга (тендер, сатып алуу, демилгелерди/долбоорлорду/программаларды ишке ашыруу) катышат;
- демилгелердин/долбоорлордун/программалардын өз убагында бүткөрүлүшүн жана/же көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын камсыз кылуу үчүн сунуштамаларды берет;
- демилгелерди/долбоорлорду/программаларды аткаруунун жүрүшүндө, кызматтарды көрсөтүүлөрдө табылган көйгөйлөр, ошондой эле өзүнүн аткарган жумуштарынын натыйжалары жөнүндө айыл өкмөтүн, айылдык кеңешти жана жергиликтүү жамаатты өз убагында кабарландырат;
- пландарды ишке ашыруу боюнча, кызматтардын көрсөтүлүшүн жакшыртуу боюнча, долбоордун аткарылышынын журүшүнө түзөтүү киргизүү боюнча сунуштарды берет.
27.7. Айыл өкмөтү ушул Уставдын 27.1.-27.2. пункттарында көрсөтүлгөн максаттарга жетүүгө жана маселелерди чечүү үчүн өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча биргелешкен мониторинг жана баа берүү топторун түзүүгө укуктуу.
27.8. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү тобунун иштеринин натыйжалары маалыматтык керегелерге илинет, жарыяларда, жалпыга маалымдоо каражаттарында таратылат, ошондой эле талкуулоо үчүн айылдык чогулуштарга, коомдук угууларга, курултайларга киргизилиши мүмкүн.
28. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу
28.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнү өз иштерин координациялоо үчүн өз ара жардамдашуу, жашоо-турмуш тиричиликтик, социалдык, экономикалык жана маданий милдеттерди биргелешип чечүү өздөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын кыйла натыйжалуу жүзөгө ашыруу максаттарында жашаган жери боюнча аймактык коомдук өз алдынча башкарууну уюштурууга укуктуу.
28.2. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу кичи-райондордун комитеттери, турак жай комплекстеринин, үй, көчө, кварталдык комитеттер, жамааттар (коомдоштук) кеңештери жана комитеттери формасында, Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана башка мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка формаларда жүзөгө ашырылат.
28.3. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруулардын аймактарынын чектери жашоочулардын сунуштарын эске алуу менен айылдык кеңеш тарабынан белгиленет.
28.4. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу алар айылдык кеңеш тарабынан каттоого алынган учурдан тартып өз статустарына ээ болушат. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жак статусуна алууга укуктуу.
V. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздери
29. Муниципалдык менчик
29.1. Муниципалдык менчик - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кирешелерин алуучу булак катары кызмат кылуучу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга зарыл жергиликтүү жамааттардын менчиги;
29.2. Жергиликтүү жамаат жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуу жолу менен муниципалдык менчикти башкарууга жана тескөөгө түздөн-түз катышат, бул кайрылуулар тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан милдеттүү түрдө каралышы керек.
29.3. Муниципалдык менчик өзүнө кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын акчалай каражаттарын, баалуу кагаздарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мүлктүк укуктарды камтыйт.
29.4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттары, ошондой эле бюджеттен тышкаркы фонддордун каражаттары дагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык менчиги болуп саналат. Бюджеттик каражаттарды, ошондой эле бюджеттен тышкаркы фонддордун каражаттарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, башкы органдардын алып коюусуна жол берилбейт.
29.5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мүлккө муниципалдык менчик обөекттеринин реестрине ээ болууга жана аны жүргүзүүгө милдеттүү.
Реестрде төмөнкүдөй негизги маалыматтар:
- обөектти сыпаттап жазуу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же башка юридикалык же жеке жактар ээлик кылган мүлккө муниципалдык менчик обөекттерине карата укуктарды ырастаган документтер;
- обөекттерди пайдаланууга карата чектөөлөрдүн тизмеси;
- обөекттердин бааланган наркы;
- мүлккө муниципалдык менчик обөекттеринин өзгөчөлүктөрүнө жана аларды пайдаланууга байланышкан башка маалымат камтылууга тийиш.
29.6. Мүлккө муниципалдык менчик обөекттеринин реестринин мазмуну жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадимки иш учурунда аларды жарандар иликтөө үчүн пайдалана алгыдай болууга тийиш.
29.7. Мүлккө муниципалдык менчик обөекттеринин реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруучу органдары тарабынан белгиленет жана жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилет.
30. Жергиликтүү бюджет жана аны бекитүү тартиби
30.1. Жергиликтүү бюджет – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш милдеттерин финансылык жактан камсыз кылуу үчүн багытталган айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын бюджети. Жергиликтүү бюджет айылдык кеңештин чечими менен бекитилет. Жергиликтүү бюджетти түзүүнү жана аткарууну айыл өкмөтү жүзөгө ашырат.
30.2. Жергиликтүү бюджет кирешелерден жана чыгымдардан турат:
- жергиликтүү бюджеттин кирешелери – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тескөөсүнө келип түшкөн акчалай каражаттар, алар жергиликтүү салыктардан жана жыйымдардан, салыктык эмес келип түшүүлөрдөн; республикалык деңгээлде бөлүштүрүүчү салыктардан жана кирешелерден; трансферттерден, ыктыярдуу төгүмдөрдөн турат. Жергиликтүү салыктардан жана жыйымдардан, салыктык эмес келип түшүүлөрдөн алынган жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджеттке алууга жатпайт;
- жергиликтүү бюджеттин чыгымдары – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерин жана иш-милдеттерин финансылык камсыз кылууга багытталган акча каражаттары.
30.3. Айылдык кеңештин төрагасы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы мамлекеттик салык кызматтарынан, айыл өкмөтүнөн жана юридикалык жактардан жергиликтүү бюджеттин долбоорун өз убагында жана сапаттуу түзүү үчүн зарыл болгон бардык маалыматтарды суроого жана алууга, өзүнүн отурумдарына бул органдардын жетекчилерин чакырууга жана угууга укуктуу. Жергиликтүү бюджеттин долбоорун түзүү үчүн зарыл болгон маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.
30.4. Айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясы бюджеттин долбоорун алдын ала кароону өткөрөт жана айыл өкмөтүнүн отчетун угат, бюджеттин долбоору боюнча өз корутундусун, бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетту айылдык кеңештин сессиясына берет.
30.5. Жергиликтүү бюджеттин долбоорун кароо ачык жана жалпы эл алдында жүргүзүлөт. Бюджеттин долбоору боюнча, ошондой эле бюджеттин аткарылышы боюнча коомдук угуулар милдеттүү түрдө өткөрүлөт.
30.6. Айылдык кеңеш сессияда жергиликтүү бюджеттин адепки жана такталган долбоорун карайт жана бекитет же болбосо жергиликтүү жамааттын жана бардык кызыктар тараптардын ой-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыгууга жөнөтөт, бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетту карайт, бекитет же болбосо аны четке кагат.
30.7. Айылдык кеңештин тиешелүү жылга бюджетти бекитүү тууралуу токтому, ошондой эле бюджеттин аткарылышы тууралуу айыл өкмөтүнүн отчету жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланууга жатат.
VI. Корутунду жоболор
31. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынуучу сыйлоо чаралары
31.1. Ушул Уставдын талаптарын үлгүлүү аткаргандыгы, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкандыгы, жеке жана үй-бүлөлүк үлгүлүү жүрүм-туруму, кайрымдуулук ишмердиги, спонсорлугу, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө айкын көмөк көрсөткөндүгү, жергиликтүү жамаатка кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга катышкандыгы үчүн тийиштүү жарандарга карата төмөнкүдөй моралдык жана материалдык сыйлоо чаралары колдонулушу мүмкүн:
- алкыш жарыялоо;
- баалуу белектер, башка материалдык жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоо;
- грамоталар менен сыйлоо;
- “Мыкты үй-бүлө”, “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү көчө”, “Үлгүлүү айыл” ардактуу наамдарын ыйгаруу;
- жамааттын Ардак тактасына илүү;
- жамааттын Ардак китепчесине киргизүү;
- “Айылдын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу;
- “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтүү.
31.2. Моралдык жана материалдык сыйлоо чараларын колдонуу томөнкү тартипте жүргүзүлөт:
- жамааттын мүчөлөрүн сыйлоого көрсөтүү демилгеси айылдын жашоочуларынын чогулушуна, аксакалдар сотторуна, коомдук уюмдарга, аймактык коомдук өз алдынча башкарууларга, айыл башчысына, айыл өкмөтүнүн башчысына, айылдык кеңештин депутаттарына, айылдык кеңештин төрагасына таандык;
- алкыш жарыялоо, баалуу белектер, башка материалдык жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоо, грамоталарды тапшыруу, “Мыкты үй-бүлө”, “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү көчө”, “Үлгүлүү айыл” ардактуу наамдарын ыйгаруу жөнүндө чечим айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан кабыл алынат;
- Ардак тактасына илүү, Ардак китепчесине киргизүү, “Айылдын ардактуу жараны”, “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамдарын ыйгаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтүү жөнүндө чечим айыл өкмөт башчысынын сунуштамасы боюнча айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынат.
31.3. “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамы жергиликтүү жамааттын эң жогорку наамы болуп саналат, ал айылдык аймактын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкондугу үчүн айыл кеңешинин чечими менен берилет. Айылдык кеңеш “Айылдык аймактын ардактуу жараны” наамы бар адамдар үчүн атайын жеңилдиктерди, ошондой эле алар үчүн стипендияларды жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын чектеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана башка материалдык сыйлыктарды белгилей алат.
32. Жергиликтүү жамааттын Уставын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
32.1. Ушул Уставдын талаптарын бузган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө карата коомдук айыптоо чаралары колдонулушу мүмкүн.
32.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызмат адамдары ушул Уставдын талаптарын бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
33. Жергиликтүү жамааттын Уставын кабыл алуунун жана
өзгөртүүнүн тартиби
33.1. Жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоору айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими менен түзүлгөн жумушчу топ тарабынан иштелип чыгат.
33.2. Жумушчу топтун курамына төмөнкүлөр кирет:
- айылдык кеңештин төрагасы;
- айыл өкмөтүнүн башчысы;
- айылдык кеңештин депутаттары;
- айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлери;
- жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү (тийиштүү айылдык аймакта жашаган азчылык улуттардын өкүлдөрүн эске алуу менен);
- коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү (ӨЭУ, КУ,КФ, жаштар комитети, аялдар кеңеши, аксакалдар кеңеши, ишкерлер коомчулугу жана башка айылдык аймакта иш алып барган уюмдар).
33.3. Жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан Уставдын долбоору жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жана/же айылдык кеңештин веб-сайтында (же башка расмий жарыялоо булактарында) жарыяланат жана айылдык чогулуштарга же жергиликтүү жамааттын курултайына талкуулоо үчүн алып чыгарылат, аны ушул Уставда белгиленген тартипте айыл өкмөтү уюштурат.
33.4. Курултайдын делегаттары, ошондой эле айылдык чогулуштун катышуучулары, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү Уставдын долбоору боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды киргизүүгө укуктуу.
33.5. Айыл өкмөтүнүн башчысы Уставдын долбоорунун акыркы вариантын жумушчу топ тарабынан иштелип чыккандан кийин айылдык кеңештин кароосуна кабыл алуу үчүн киргизет.
33.6. Айылдык кеңештин Уставды бекитүү жөнүндө токтому айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добуштары менен кабыл алынат.
33.7. Кабыл алынган Уставга карата өзгөртүүлөр жана толуктоолор айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добуштары менен аларды айылдык чогулуштарда же курултайда жүргүзүлгөн талкуунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынат.
33.8. Кабыл алынган Уставга карата өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү демилгеси жыйналыштардын (чогулуштардын, курултайдын), жарандардын топторунун же жалпы санынын үчтөн биринен кем эмес айылдык кеңештин депутаттарынын тобунун сунушу боюнча жүргүзүлөт.
33.9. Жергиликтүү жамааттын Уставы айылдык кеңештин Уставын бекитүү жөнүндө токтому тийиштүү басма сөздө расмий жарыяланган же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын расмий веб-сайттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Күчүнө киргенден кийин жергиликтүү жамааттын Уставын бекитүү тууралуу айылдык кеңештин токтому Уставдын тексттин тиркөө менен ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик Реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жиберилет.