Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
2010-жылдын 30-ноябры № 1
Жалал-Абад шаарында 2010-жылдьн июнь окуяларында жабыр тарткан шаар тургундарына турак жай берүү боюнча жергиликтүү комиссиянын Жобосун жана курамын бекитүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткан шаар тургундарынын турак жай укугун камсыздоо, турак жай бөлүштүрүү боюнча иштерди уюштуруу максатында, КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 22-ноябрындагы №295-токтому менен бекитилген КР жарандарына биринчи кезектеги турак-жай берүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобонун 9-пунктун жетекчиликке алып, Жалал-Абад шаарынын кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткан шаар тургундарына турак жай берүү боюнча жергиликтүү комиссиянын Жобосу 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткан шаар тургундарына турак жай берүү боюнча жергиликтүү комиссиянын курамы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы төраганын орун басарына К.Айткаловго жүктөлсүн.
4. Ушул токтом кол коюлгандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | Т.Энназаров
| ||
|
Шаардык кеңештин2010-жылдын 30-ноябрдын XV сессиясынын №1-токтомуна 1-тиркеме | ||
|
| ||
Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткан шаар тургундарына турак жай берүү боюнча жергиликтүү комиссиянын Жобосу
1. Бул Жобо Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткал шаар тургундарына турак жай берүү боюнча жергиликтүү комиссиянын (мындан ары комиссия) иш алып баруу тартибин аныктайт.
2. Комиссия иш алып барууда мыйзамдуулук, көз карандысыздык, жарандар мыйзам алдында бирдей принциптерине таянат.
3. Комиссиянын Жобосу жана курамы жергиликтүү кенештердин чечими менен түзүлөт жана бекитилет. Комиссиянын курамьша төмөнкүлөрдүн өкүлдөрү киргизилет:
-жергилктүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынан;
-шаардык кеңештин депутаттарынан;
-саламаттыкты сактоо кызматкерлеринен;
-шаардык ички иштер бөлүмүнөн;
-шаардык социалдык камсыздандыруу башкармалыгынан;
-жабыр тарткан адамдардын өкүлдөрүнөн;
-жарандык коомчулуктун (ӨЭУ) өкүлдөрүнөн.
4. Комиссиянын курамы 15 адамдан, анын ичинде төрага, орун басары, жана мүчөлөрүнөн түзүлөт.
5. Комиссиянын төрагасы:
-комиссиянын ишин алып барат;
-комиссиянын чечимдерин (турак-жай берилүүгө жатат деген) мамкомиссияга жөнөтүлшүн көзөмөлдөйт.
-комиссиянын курамын өзгөртүү боюнча сунушун шаардык кеңешке сунуштайт.
- жергиликтүү органдардан ишке байланышкан тиешелүү документтерди талап кылат.
- комиссиянын төрагасы ченемдик укуктук актыларга каршы келбеген жана башка иш аркеттерди жүргүзө алат.
6. Комиссиянын төрагасынын орун басары комиссиянын төрагасы жок учурунда анын иш аракетин убактылуу аткарат.
7. Комиссия өз ишин Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 22-ноябрындагы №295-токтому менен бекитилген Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында, 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына биринчи кезекте турак-жай берүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобого ылайык иш алып барат.
8. Комиссия турак-жайды биринчи кезекте алууга укугу бар жарандарды Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 22-ноябрындагы №295-токтому менен бекитилген турак-жайды биринчи кезекте алууга укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандарынын тизмесинин негизинде аныктайт.
9. Комиссияга берилген арыздарга кошумча тиркелүүчү документтер:
-пасспорттун же өзүн күбөлөндүргөн башка документтин көчүрмөсү;
-жер участогун ыктыярдүү түрдө өткөрүп берүү жөнүндө арыз, ага үй бүлөөнүн жашы жеткен баардык мучөлөрү кол коет (жер участогу бар болсо);
-жашаган жеринен үй бүлөөнүн курмы жөнүндө маалымкат же үй китебинин көчүрмөсү (бар болсо);
-жер участогуна менчик укугу жөнүндө актышын көчүрмөсү (бар болсо);
-2010-жылдын июнундагы окуялардын натыйжасында келтирилген зыянды баалоо боюнча комиссинын изилдөө актысы;
-Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнь окуяларыньн кесепетинен турак-жайсыз калгандыгы же турак жайы талкалангандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин маалымкаты;
-Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнь окуяларынын кесепетинен үй-бүлөө мүчөсү каза болгондугу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (каза болгон адамдардын үй-бүлөөлөрү үчүн);
-2010-жыддьш июнь окуяларыньш кесепитинен майып болгондугу женүндө медициналык-социалдьж, эксперттик комиссиянын (МСЭК) маалымкаты (майып болгон адамдар үчгүн);
-Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнь окуяларыньш кесепетинен үй-бүлөө мүчөсү дайынсыз жоголгон деп таануу жөнүндө соттун чечими (туугандары дайынсыз жоголгон үй-бүлеө мүчөлөрү үчүн);
10. Турак-жайды алууга укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандарынын кезегинин тизмесин түзүүнү балдардын ата-энеси жана мыйзамдуу өкүлдөрү жок болгон учурда балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар, ошондой эле жарандар берген арыздардын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында түзүүлүчү комиссиялар (мындан ары комиссиялар) жүргүзөт.
11. Комиссия жыйындарын мезгилдүү, бирок 10 күндө бир жолудан кем эмес өткөрөт.
12. Комиссия жарандардан же балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдардан түшкөн арыздарды белгиленгеп тартипте изилдейт жана чечим кабыл алат, бул чечим тиешелүү протокол менен таризделет. Чечим комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү бар болгондо көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
13. Комиссиялардын протоколодору ушул Жобонун 9-пунктарында аталган арыздар жана документтер тиркелип, мамкомиссиянын жактыруусуна 3 жумушчу күндүн ичинде жиберилет.
14.Турак-жайды алууга укугу бар жарандарга турак-жай берүү жөнүндөгү комиссиянын мамкомиссия жактырган чечими турак-жайды жарандын менчигине берүү жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органынын тиешелүү чечимин кабыл алууга негиз болуп эсептелинет.
15. Турак-жайды алууга укугу бар жарандардын арыздарын кароонун натыйжаларын мамкомиссия чечим кабыл алгандан кийин 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде комиссия жарандарга маалымдайт.
16. 2010-жылдын июнь айында үйлөрү талкаланган жарандарга турак-жайды менчикке берүү турак жайды жер участогуна алмашуу келишимин түзүү жолу менен тариздилет, ал келишим жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча жергиликтүү органга катталууга тийиш.
17. Комиссияга берилүүчү арыздар жана ага тиркелеген документтер шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетине (ММБК) тапшырылат. ММБК келген документтерди топтоштурат, ошондой эле комиссиянын ишин уюштурат. ММБКнын өкүлүк комиссиянын жыйынында катчылыкты жүргүзөт, протоколодорлу тариздейт жана мамкомиссияга жөнөтүүнү уюштурат.
18. Комиссиянын. чечимине каршы Кыргыз Республикасьшьш мыйзамдарында каралган тартипте даттануу берилиши мүмкүн.
19. Комиссия тарабынан алып барылган иш боюнча комиссия өзү жоопкерчиликтүү болуп саналат.
Жооптуукатчы-юрист | Б.Адылов |
|
|
| Шаардык кеңештин 2010-жылдын 30 ноябры кезексиз XV-сессиясынын 1-токтомуна 2-тиркеме
|
Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткан Жалал-Абад шаарынын тургундарына турак-жай белүштүрүү боюнча жергиликтүү комиссиясыиын курамы
Айтакалов Каныбек Коккозович - шаардык кеңештин төрагасынын орун басары, комиссиянын төрагасы
Сартбаев Орозаалы Мурзабекович- коммуналдык маселелер боюнча мэрдин орун басары комиссиянын төрагасынын орун басары
Комиссиянын мүчөлөрү:
Умаров Салыжан Юсуфжанович- жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы;
Миянов Маматжан Орозматович-үй-бүлөлүк медициналык борборунуну директору;
Бекташева Апал Бекташевна- үй-бүлөлүк медициналык борборунуну кызматкери;
Усенов Жылдыз шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкери;
Хашимов Улукбек - шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкери;
Асанова Айнура Жантороевна- шаардык социалдык жактан коргоо башкармасыньн башчысы;
Пятова Татьяна - шаардык социалдык жактан коргоо башкармасынын кызматкери;
Байбаева Назира- жабыр тарткан шаар тургуну;
Абдыхакимов Абдыхалык- жабыр тарткан шаар тургуну.
Линдоренко Лидия Петровна- «Либра» коомдук уюмунун жетекчиси;
Мавлянова Эльмира - бейөкмөт уюмунун жетекчиси;
Маматкулов Махамаджан- шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясыиын мүчөсү;
Атажанова Нурсулуу Адыловна- шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер. коомдук уюмдар, партиялар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү.
Жалал-Абад шаардык кеңештин жооптуу катчысы- юрист |
Б.Адылов
|
|
|