Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН
ТОКТОМУ
2011-жылдын 16-марты №11
Жалал-Абад шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу муниципалдык автобазанын Жобосун бекитүү жөнүндө
Жалал-Абад шаардык кенешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын 2011-жылдын 12-марттындагы жыйындын чечимин эске алып, жүргүнчүлөрдү ташуучу муниципалдык автобазанын жетекчиси Ш. Худайбердиевдин маалыматын угуп. Жалал-Абад шаардык кеңешинин XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык мэриянын алдында жүргүнчүлөрдү ташуучу муниципалдык автобаза түзүлсүн.
2. Жалал-Абад шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу муницыпалдык автобазанын Жобосу 1-тиркеме ылайык бекитилсин.
3. Жалал-Абад шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу муниципалдык автобазанын структурасы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жалал-Абад шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу муниципалдык автобазасынын калкка кызмат кылуу акысы 5 (беш) сом болуп түзүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына жүктөлсүн.
6. Ушул токтомдун Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинен мамлекеттик катоодон өткөрүү жагы Жалал-Абад шаардык кеңештин жооптуу катчысы-юристи Б. Адыловго милдеттендирилсин.
Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы |
Т. Энназаров |
| Жалал-Абад шаардык мэриянын 2011-жылдын 30-январынын №62 токтому №1 тиркеме |
I. Жалпы жобо
1.1. Жүргүнчүлөрдү ташуучу муниципалдык автобаза мындан ары «Мекеме» өзүнүн балансында негизги жана айлампа мүлктөрүнө ээ болгон. Жалал-Абад шаардык мэриясынын өз алдынча юридикалык бөлүмү болуп эсептелет.
1.2. Уюштуруу жана укуктук формасы боюнча мекеме муниципалдык мекеме болуп эсептелет.
1.3. Мекеме өз ишкердигин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, нормативдик актыларынын шаардык мэриянын токтом жана буйруктарынын шаардык Кеңеш сессиясынын чечимдерин ошондой эле ушул «Жобунун» негизинде пландаштырат.
1.4. Мекеме өз алдынча баланска, банк мекемелеринде эсептик жана башка бирдигине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби чагылдырылган мөөргө штапка, кыргыз жана орус тилдеринде өз аталышын чагылдырган бекитилген белгидеги бланкаларга ээ болуп өзүнө бекитилген тапшырмаларды жана опрацияларды аткаруу үчүн иш жүргүзөт.
1.5. Мекеменин юридикалык дареги: Жалал-Абад областы , Жалал-Абад шаары, «Спутник» кичи району Гагарин көчөсү №1.
1.6. Мекеменин уюштуруучусу Жалал-Абад шаарынын мэриясы.
2.1. Мекеменин негизги тапшырмасы жүргүнчүлөрдү ташуу. Эмгек жамаатынын жана уюштуруучунун социалдык жана экономикалык кызыкчылыктарынын негизинде алынган кирешенин негизинде коомдук керектөөчүлөрдүн транспорттук кызмат көрсөтүү керектөөсүн канаатандыруу.
2.2. Өзүнүн негизги милдеттерин аткаруу үчүн мекеме төмөнкүлөрдү камсыз кылат.
2.2.1. Шаардагы жана областагы керектөөчүлөр, мекеме жана ишканалар менен келишим түзүү жана ошондой эле киреше табуу максатында жүргүнчүлөрдү тейлөө ташуу иштерин аткарат.
2.2.2. Түзүлгөн келишимдер боюнча мекеменин жылдык, кварталдык жана айлык өндүрүштүк чарбалык ишкердигинин планы иштеп чыгылып, Жалал-Абад шаардык мэрия тарабынан бекитилет.
2.3. Бекитилген ченемде оперативдик, статистикалык жана бухгалтердик отчет тапшырат.
2.4. Шаардык мэрияга мекемени өнүктүрүү мындан ары өрчүшү маселелери боюнча сунуштарды даярдайт жана берет.
2.5. Эмгекти коргоо жана техника коопсуздугу боюнча иш-чара иштеп чытып, анын аткарылышын көзөмөлгө алат.
2.6. Жаны техникаларды киргизүү жумушту илимий негизде уюштуруу, материалдык-техникалык каражаттарды, күйүүчү-майлоочу майларды, энергетикалык ресурстарды үнөмдүү пайдалануу үчүн иш-чараларды иштеп чыгат.
2.7. Материалдык - техникалык жактан камсыз кылуу боюнча план-керсетмө түзүп аны Жалал-Абад шаардык мэриясынын кароосуна берет.
2.8. Жүргүнчү ташууда алардын техникалык коопсуздугуна жооп берет.
3.1. Шаар мэриясы мекемени иш жүргүзүү үчүн Уставтык фонд жана айлампа мүлк менен камсыздайт.
3.2. Мекеменин мүлкү шаар мэриясынын муниципалдык менчиги эсептелет жана мекемеге оперативдик башкаруу укугунда берилет. Мекеме өзүнүн карамагындагы мүлктү башкарууну мүлктүн ээси менен макулдашылган негизде жүргүзөт.
3.3. Мекеме мэриянын милдеттери боюнча жооп берет, мэрия мекемени милдетери боюнча жооп бербейт.
4.1. Муниципалдык менчиктеги объктилерди кармоо, иштетүү жана тейлөө үчүн мекеменин иш жүргүзүсүн каржылоо булактары элди тейлөөдөн тапкан пайдасынан түзүлөт.
4.2. Мекеме квартал сайын Жалал-Абад шаар мэриясыны өз иштери боюнча эсеп берип турат.
4.3. Мекеме мыйзам негизинде бухгалтердик жана статистикалык эсеп алып барат, ошондой эле өкмөттүк органдарга керектүү билдирүүлөрдү берип турат жана аны тууралыгы боюнча жооп берет.
4.4. Мекеменин иш жүргүзүүсүн текшерүү жана ревизиялоо жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана мыйзам негизинде ушуга тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлөт.
5.1. Мекеме өз ишин жүргүзүдө шаардык Кеңешке жана мэрияга баш ийет.
5.2. Мекеменин түзүлүшү, штаттык расписаниясы, киреше жана чыгаша сметасы Жалал-Абад шаарыны мэри тарабынан сунушталып Жалал-Абад шаар Кеңеши тарабынан бекителет.
5.3. Шаар мэриясы Кыргыз Республикасынын күчкө ээ болгон мыйзамдарынын негизинде күн тартибин орнотуп берет. Шаардык Кеңеш бекитилген фондтун чегинде ишчилердин кызмат акысын коюп берет. Эмгек акысына бөлүнгөн каражаттар мекеменин эмгек жамаатына жана мекеме үчүн эмгектик келишим негизинде иштеп жаткан тараптардын эмгек акысына коротулат.
5.4. Администрация менен эмгек жамааттын мүчөлөрү ортосундагы эмгектик мамиле эмгек жөнүндөгү мыйзам негизинде иреттештирилет жана келишим менен бекитилет.
5.5. Мекеме жетекчи тарабынан башкарылат. Жетекчи мекеменин ишин уюштурат жана мекеменин иши боюнча жеке жооп берет.
5.6. Жетекчи Жалал-Абад шаарынын мэринин сунушу менен шаардык Кеңеш тарабынан кызматка коюлат жана бошотулат.
5.7. Жетекчи келишимдерди түзөт, ишеним кагазын берет, керек маалында банк мекемелеринде эсептик бирдик ачат, өз укугунун чегинде мекеме мүлкүн башкарат.
6.1. Мекеменин иш жүргүзүсүнүн максаты жүргүнчүлөрдү ташуу, коомдук керектөчүлөрдүн транспорттук муктаждыгын канаатандыруу жана кирешенин негизинде эмгек жамаатынын .чечүлөрүн социалдык жана экономикалык кызыкчылыгын кандыруу.
6.2. Мекеменин негизги тапшырмасы физикалык жана юридикалык жактардын унаа ташуу муктаждыктарын кандыруу, транспорттук процессти өнүктүрүү- жүргүнчүлөрдү ташууда бирдиктүү илимий-техникалык саясат жүргүзүү, транспорт кызмат көрсөтүү сапатын жогорлатуу, ташуу процессии коопсуздукту камсыз кылуу технологиясы менен уюштуру.
6.3. Мекеменин негизги ишкердигин түрү бул жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүү болуп эсептелет.
6.4. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү ишкердиктери:
- айдочуларды сапатту жана жогорку деңгээлде тейлөөгө окутуу;
- жүргүнчүлөрдү жана кол жүктөрдү ташуу боюча кызмат көрсөтүү,
мекемелерге жана жеке адамдарга башка автотранспорттук кызмат көрсөтүү, сервистик ремонт аткаруу, бардык маркадагы жеке менчик жана ижарадагы транспортук каражаттарды шаардык каттамдарды тейлөөгө колдонуу;
- баардык маркадагы жеке менчик жана ижарадагы транспорттук
каражаттарды шаарлар аралык, эл аралык жана ички ташууларга Кыргыз Республикасынын чегинде туристик кызмат көрсөтүү ишкердигине тартуу; траспорттук каражаттарды коопсуз иштөөсүн камсыз кылуу боюнча техникалык түзүлмөлөр менен камсыз кылуу, айдочуларды даярдоо, кесиптик деңгээлин жогорлатуу боюнча кызмат көрсөтүү;
- мекеме жана ишканаларга кызматтык колдонуу үчүн жеңил жана
чакан автобустарды берүү боюнча кызмат көрсөтүү;
- автотранспорттук каражаттарга запастык тетиктерди сатуу;
- курулуш ишкердигин алып баруу.
6.5. өндүрүштүк жана комерциялык чейрөдөгү ишкердиги:
- жүргүнчүлөрдү жана кол жүктөрдү ташуу;
- күйүчүү жана майлочу майларды алып келүү жана сатуу, автотранспорттук каражаттарга ар түрдүү типтеги май күйүүчү станцияларды уюштуруу, техникалык тейлөөчү станцияларды куруу жана ишин уюштуруу;
- айыл чарба, өсүмдүк жана мал чарба продукцияларын өндүрүү жана сатуу;
- өндүрүштүк жана граждандык курулушутарды жүргүзүү, жол жана көпүрө куруу, куруу-оңдооо ишке түшүрүү иштерин жүргүзүү;
- эл керектөөчү жана өндүрүштүк - техникалык максаттагы товарларын өндүрүү жана сатуу;
- жарнамалык ишкердик жүргүзүү. ошондой эле жарнамалык такталарды жана илгичтерди жасоо жана орнотуу;
- өндүрүштүк калдыктарды жана чыгындыларды кайра иштетүү;
- тышкы экономикалык ишкердикти жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасыны мыйзамдары тыйуу салбаган башка ишкердиктерди жүргүзүү.
6.6. Атайын уруксат (лицензия) талап кылуучу ишкердиктерди мекеме атайын мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары негизинде берилүүчү лицензияын негизинде жүргүзөт.
7.1. Мекеме өзүнүн уставдык тапшырмаларын аткаруу үчүн укуктуу:
- негизги жана айланпа каражаттарды өзүнүн финансалык ресурстарын,
насыяларынын, ссуда жана башка булактарынын чегинде негизги жана айланпа каражаттарды сатып алуу же ижарага алуу;
- Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексинин 230 беремесинин
негизинде, шаардык Кеңешинин макулудуугусуз мекеме кыймыл мүлктөрдү башка бирөөгө берүүгө же ижарага берүүгө акысыз; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тышкы экономикалык ишкердикти жүргүзүү;
- кызмат керсетүүнү керектечүлөрдүн талабына ылайык өндүрүштүү
материалдык-техникалык жактан камсыздоо мекеменин социалдык чейресуну енуктуруу, ез ишкердигин пландаштыруу;
7.2. Мекеменин милдеттери:
- мекеменин жумушчуларын коопсуз эмгек шарттары менен камсыздоо;
- өз милдеттерин Кыргыз Республикасынын мызамдарынын жана түзүлгөн келишимдер негизинде аткаруу.
- мекеме жумушчуларын социалдык, медициналык жана башка милдеттүү
страхованияларды аткаруу;
- мекемени статистикалык жана салык отчетторун өз убагында тапшыруу
жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жана елчемде салыктарды телее.
7.3. Мекеме төмөнкү тартип бузуулар боюнча жооп берет:
- келишимдик, насыялык, эсептик жана салыктык милдеттер боюнча;
- өндүрүштүк коопсуздук эрежелер боюнча;
- мекеменин жумушчуларын ден-соолугуна жана эмгек мүмкүнчүлүгүнө зыян келтиргендиги учун.
- айлана чейрону колдонуу шартын бузгандыгы учун.
8.1. Мекеменин ишкердигин токтотуу аны жоюу же кайра куруу жолу менен ишке ашырылат.
8.2. Мекеменин ишкердигин токтотуу шаардык Кеңеш тарабынан кабы л алынат.
8.3. Мекемени кайра курууда анын укугу жана милдеттери анын укук алуучусуна өтөт.
8.4. Мекеме жоюу үчүн Жалал-Абад шаарынын мэриясы мыйзам негизинде иштөөчү комиссия түзөт.
8.5. Мекеме жоюлган учурда анын мүлктөрү мэриянын мүлкүнө өтөт.
8.6. Мекеме кайра уюштурулганда же жоюлган учурда иштен
бошотулган жумушчуларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде укуктарын сактоого кепилдик берет.
Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык жүргүнчүлөр ташуучу автобазанын жетекчиси |
Худайбердиева Ш.Т |
| Жалал-Абад шаардык кеңешинин XVII сессиясы 2011-жылдын 16-март айьндагы №11токтомуна № 2, тиркеме |
Муниципалдык автобазанын директору |
Жалал-Абад шаардык кеңешинин жооптуу катчысы-юристи |
Б. Адылов |