Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-июну № 277
Жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын
бөлүп берүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын, атуулдардын жана мекеме-уюмдардын жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү каттарын карап жана талкуулап, Ош шаардык кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2015-жылдын 16-апрелиндеги №10, 2015-жылдын 14-майындагы №11 жана 2015-жылдын 4-июнундагы №12-токтомдорун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 16-апрелиндеги отурумунун №10, 2015-жылдын 14-майындагы №11 жана 2015-жылдын 4-июнундагы №12-токтомдорунун негизинде №1-тиркемеге ылайык жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүүгө макулдук берилсин (тиркеме тиркелет).
2.Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 24-ноябрындагы кезектеги XXIV сессиясынын №243-токтомунун 3-пункту өзгөртүлүп төмөндөгүдөй редакцияда окулсун:
-Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен «Ошшаарсууканал» муниципалдык ишканасынын саркынды сууларды тазалоочу бекетинин капиталдык ремонт иштерине бөлүнгөн 2956,0 миң сом акча каражатынын 2,0 млн. сомун жабдыктарды жана материалдарды «Ошшаарсууканал» ишканасы тарабынан сатып алуу үчүн жана 956,0 миң сом акча каражатын аталган мекеме тарабынан чарбалык жол аркылуу аткарылуучу курулуш иштерине бөлүнсүн.
3.Кыргыз Азиздер жана дүлөйлөр коомунун Түштүк аймактык облустар аралык башкармалыгы тарабынан пайдаланып жаткан Анар кичи районундагы №18–көп кабаттуу үйдүн жер төлөөсүн 2015-2016-жылдарга ижара төлөмдөрүнөн бошотууга макулдук берилсин.
4. Ош шаарынын 2015-жылдын бюджетинин 2215 статьясында «Ош шаары маданий кызматташтык борбору» иш-чарасына каралган 5,0 млн. сом акча каражатын Ош шаарынын мунуципалдык менчик башкармалыгынын 2015-жылга бекитилген титул баракчасынын шаарды жарыктандыруу боюнча иш-чараларына которууга макулдук берилсин.
5.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р.Эргешов).
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Эргешов) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы:
| У. Примов
|
| Ош шаардык кеңешинин 2015-жылдын 8-июнундагы кезектеги XXVIIсессиясынын № 277 -токтомуна №1-тиркеме |
-495,0 миң сом акча каражатын Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын имаратын оңдоп-түзөө иштерине;
-20,0 миң сом акча каражатын 2015-жылдын апрель айында Ош шаарында грек-рим күрөшү боюнча кадеттер арасында турнир өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен жардам иретинде;
-10,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Раззаков көчөсүнүн №36-үй-бүлөлүк жатакананын жашоочусу II топтогу майып М.Тайчабаровага материалдык жардам берүү үчүн;
-10,0 миң Ош шаарындагы «Дайынсыздар» коомунун мүчөлөрүнүн Бишкек шаарына Жогорку Кеңешке барып келүүсүнө;
-8,0 миң сом акча каражатын Ош шаарындагы Киргизская көчөсүнүн №70-үйүнүн жашоочуулары Б.Садыковго жана анын аялы М.Садыковага дары дармек алууга материалдык жардам иретинде;
-250,0 миң сом акча каражатын «Адеп Башаты» коомдук прогрессивдүү фондунун Оштогу филиалынын демилгеси менен курулган Ош шаарынын Анар кичи районунда курулган бала бакчанын Ош «Жылуулуккамсыздоо» ишканасы тарабынан берилүүчү жылуулукка төлөнүүчү карызын төлөөгө жардам иретинде;
-25,0 миң сом акча каражатын С.Ибраимов атындагы Ош Улуттук драмалык театрына компьютер, жана ксерокопия сатып алуу үчүн;
-10,0 миң сом акча каражатын Тез жардам станциясына фонендоскоп жана тонометр алуу үчүн;
-10,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Керме-Тоо көчөсүнүн №4-30 үйүнүн тургуну, II топтогу майып А.Орунбаевдин дарылануусуна жардам иретинде;
-5,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Париж Коммунасы көчөсүнүн №23-үйүнүн тургуну III топтогу майып У.Мамировго дарылануу үчүн;
-15,0 миң сом акча каражатын Ош шаардык клиникалык ооруканасынын I хирургия бөлүмүн косметикалык ремонтоо үчүн;
-13,0 миң сом акча каражатын Ош шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын «Менин үйүм менин коргонум» коомдук фондуна жардам иретинде;
-10,0 миң сом акча каражатын №3-«М.Ломоносов» атындагы мектеп гимназиясынын электробайланыштарын монтаждоо жана ремонттоо иштерине;
-5,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Садовая көчөсүнүн №9-үйүнүн тургуну М.Ибрагимовго материалдык жардам берүү үчүн;
-7,0 миң акча каражатын Ош шаарынын А.Темур кичи шаарчасынын С.Айни көчөсүнүн тургуну А.Хусановага материалдык жардам иретинде;
-110,0 миң сом акча каражатын Түштүк аймактык спорт мектебинде волейбол боюнча мелдеш өткөрүүгө жардам иретинде;
-50,0 миң сом акча каражатын Республикалык «Кыргыз тили» коомунун Түштүк региондук өкүлчүлүгүнө Кыргыз тилин өнүктүрүү иш-чараларына көмөктөшүү үчүн;
-8,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Кулатов кичи районунун тургуну К.Саиповго дарылануу үчүн;
-10,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Жим 3а көчөсүнүн №25-батиринин тургуну Э.Дүйшоевге дарыланууга материалдык жардам иретинде;
-10,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Гастелло көчөсүнүн №1а үйүнүн жашоочусу Ф.Базаровага дарылануу үчүн;
-25.0 миң сом акча каражатын №9-«Рудаки» мектеп-гимназиясына интерактивдик доска алуу үчүн;
-20,0 миң сом акча каражатын Ош шаарындагы №10-«В.И Ленин» атындагы мектепке проектор сатып алуу үчүн;
-22,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын тургуну М.Рахматовго материалдык жардам берүү үчүн;
-25,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Исанов көчөсүнүн №17а көп кабаттуу үйүнүн №24-батиринин тургуну Н.Бабековага материалдык жардам катары;
-45,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Төлөйкөн кичи районун №26-көп кабаттуу үйүнүн №4-батиринин тургуну Ш.Абжамиловго материалдык жардам берүү үчүн;
-10,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Алиев көчөсүнүн №97-үйүнүн тургуну П.Салахованын дарылануусуна жардам иретинде;
-10,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Увам көчөсүнүн №5-үйүнүн тургуну О.Акматовдун дарылануусуна жардам иретинде;
-5,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Ж-Абад көчөсүнүн тургуну М. Джумабаевага материалдык жардам иретинде;
-10,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын тургуну М.Эргашевага материалдык жардам берүү үчүн;
-10,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын тургуну С.Ишановага материалдык жардам берүү үчүн;
-10,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын тургуну Т.Закировага китеп чыгарууга жардам иретинде;
-15,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын тургуну С.Имадиновго материалдык жардам берүү үчүн;
-90,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын №4-мектеп гимназиясынын баскетбол жана волейбол спорт аянтчаларын оңдоо үчүн;
-150,0 миң сом акча каражатын акын-жазуучу К.Бобуловдун 5 томдук китебин чыгаруу үчүн;
-7,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Кулатов кичи районунун №26-үйүнүн №49-батиринин тургуну С.Акимбаевге материалдык жардам берүү үчүн;
-100,0 миң сом акча каражатын Ош шаарындагы Улуттук Илимдер Академиясынын Түштүк бөлүмүнүн окумуштулары тарабынан «Совет коомунун тарыхы» аттуу окуу китебин чыгарууга;
-5,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Моминова көчөсүнүн №99-үйүнүн тургуну М.Бувашованын дарылануусу үчүн;
-30,0 миң сом акча каражатын Ош шаарындагы Кайырма мүрзөсүнүн жолдорун цементөө үчүн;
-100,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Аэропорт кичи шаарчасынын №7-26 батиринин тургуну С.Акбашованын Алма-Ата шаарындагы ЭКО клиникасында дарыланып келүүсү үчүн;
-10,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Ашимахунова көчөсүнүн №5-2 үйүнүн тургуну Р.Валегинанын дарылануусуна жардам иретинде;
-15.0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Ш. Руставели көчөсүнүн №126К-12 үйүнүн тургуну А.Сатыбалдиеванын дарылануусу үчүн;
-11,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Таджикская -47-көчөсүнүн тургуну М.Садикованын дарылануусу үчүн;
-11,0 миң сом Ош шаарынын Касимов көчөсүнүн №10-үйүнүн тургуну М.Касимовага дарылануу үчүн;
-11,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Щорс көчөсүнүн №56-үйүнүн тургуну М.Кадырованын майып баласын дарылоо үчүн;
-11,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Моминова көчөсүнүн №26а үйүнүн тургуну Н. Гафуровго материалдык жардам көрсөтүү үчүн;
-15,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Алиев көчөсүнүн №219-үйүнүн тургуну К.Жамановго материалдык жардам берүүгө;
-11,0 миң сом Ош шаарынын Моминов көчөсүнүн №26-үйүнүн тургуну Н.Гафуровага дарылануу үчүн;
-60,0 миң сом акча каражатын Туркия мамлекетинин Маниса шаарында 2015-жылдын 21-27-апрелинде өтүүчү Эл аралык Месир фестивалына катышуу үчүн Ош шаардык Кеңешинин депутаттары Р.Турдуевдин жана А.Турдубай уулунун сапар чыгымдарына;
-50,0 миң сом акча каржатын Ош шаарынын тургуну Ч.Исаеванын күйөсүнүн көзүн дарылоого жардам иретинде.
Жалпы: 1975,0 миң сом акча каражаты
Ош шаарынын 2015-жылдын жергиликтүү бюджетинин 6 айлыгынын жыйынтыгы менен ашыкча аткарылуусунун эсебинен бөлүнүүчү акча каражаттарынын тизмеси:
-270,0 миң сом акча каражатын Ош шаардык Кеңешинин жумуш кабинеттерин эмеректер менен камсыздоого бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 14-майындагы отурумунун №11-токтомуна ылайык жергиликтүү бюджеттин 2015-жылдын 1-январына калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен бөлүнүүчү кошумча акча каражаттарынын тизмеси:
-20,0 миң сом акча каражатын Ош шаарындагы Төлөйкөн айылынын Жаңы-Чек көчөсүнө электр зымдарын сатып алууга жардам иретинде;
-50,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын №12 «Курманжан-Датка-2» Аймактык кеңешинин аймагында кичи футболдук аянтчанын курулушуна жардам иретинде;
-15,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Төлөйкөн айылынын А.Таштанов көчөсүнүн №10 үйүнүн жашоочусу С.Аттокуровдун ооругандыгына байланыштуу ага материалдык жардам иретинде;
-15,0 миң сом акча каражатын Ош шаарындагы Ж.Мамытов атындагы мектептин ремонт иштерине жардам иретинде;
-30,0 миң сом акча каражатын Ош шаарындагы Төлөйкөн айылынын тургуну Ө.Орозовдун дарылануусуна жардам иретинде;
-10,0 миң сом акча каражаттын Ош шаарынын Киров көчөсүнүн №5-21 үйүнүн тургуну А.Юсупованын дарылануусуна жардам иретинде;
-10,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын МЖК көчөсүнүн №5-үйүнүн тургуну Г.Кадированын дарылануусуна жардам иретинде;
-80,0 миң сом акча каражатын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча Ош шаардык инспекциясынын имаратын оңдоп-түзөө үчүн;
-5,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын тургуну Т.Калбаевдин сынган колун дарылоо үчүн;
-5,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын А.Темур көчөсүнүн тургуну А.Самиевге материалдык жардам көрсөтүү үчүн;
-5,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Р.Абдыкадыров көчөсүнүн тургуну Н.Абдыкадыровго материалдык жардам көрсөтүү үчүн;
-5,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын тургуну, оруктун (тылдын ветераны) ардагери М.Эрматовго материалдык жардам берүү үчүн;
-5,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын тургуну, оруктун (тылдын ветераны) И.Халматовага материалдык жардам иретинде;
-20,0 миң сом акча каражатын Набережная көчөсүнүн бузулган жерлерине шагыл төшөө үчүн;
-20,0 миң сом акча каражатын Ирригатор көчөсүнө шагыл төшөө үчүн;
-20,0 миң сом акын, кинодокументалист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Республикалык Молдо Нияз адабий сыйлыгынын ээси, Ош мамлекеттик юридикалык институтунун ардактуу профессору Закирова Тазагүлдүн Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата «Тирүү сөз» аттуу китебин чыгаруу максатында;
-20,0 миң сом акча каражатын Жапалак аймактык айылдык башкармалыгынын «Кеңеш» айылынын жаштарынын арасында топ оюндарын өткөрүү максатында;
-40,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Ак-Алтын көчөсүнүн №89-үйүнүн тургуну Юлдашева Мукадамга майып уулу Алимжанов Олимжанды дарылануудан өткөрүүгө материалдык жактан колдоо көрсөтүү үчүн;
-21,0 миң сом акча каражатын №7-«Алымбек-Датка» аймактык кеңешинин А.Маматсакова көчөсүнүн арыктарын бетондоо үчүн 3 тонна цемент жана шагыл алуу үчүн жардам иретинде;
-70,0 миң сом акча каражатын Ош шаарындагы «Жаш Кадам» жаштар уюму тарабынан өткөрүлүүчү спорт аркылуу жаштарыбызды тынчтыкка, достукка үндөө максатында 2015-жылдын 7-8 май күндөрү спорттун футбол, волейбол түрлөрү боюнча мелдеш өткөрүүгө жардам иретинде;
-10,0 миң сом акча каражатын Аксакалдар сотунун ардагерлерин куттуктоо үчүн;
-20,0 миң сом акча каражатын Шаумян көчөсүнө лоток коюу үчүн;
-19,0 миң сом акча каражатын Улуу Ата-Мекендик согуштун 70 жылдыгына карата өткөрүлүүчү футбол мелдешине жардам катары;
-20,0 миң сом акча каражатын №1-«Туран» аймактык кеңешининдеги Ворошилов жана Манас атындагы көчөлөрүнө канализация түтүктөрүн киргизүүгө жардам иретинде;
-10,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Достук микрорайонундагы 60-көчөсүнүн 23-үйүнүн тургуну 2-топтогу майып Н.Ризаматовдун дарылануусуна жардам иретинде;
-10,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын А.Тимур көчөсүнүн №31-үйдүн тургуну Б.Тишаевдин дарылануусуна жардам иретинде;
-10,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Ферганская көчөсүнүн №49-үйдүн тургуну 2-топтогу майып С.Ядигаровдун дарылануусуна жардам иретинде;
-10,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Ашхабадская көчөсүнүн тургуну Э.Абдулинанын дарылануусуна жардам иретинде;
-15,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Достук микрорайонундагы №91-көчөсүнүн №26-үйүнүн тургуну 2-топтогу майып Б.Жансариеванын дарылануусуна жардам иретинде;
-10,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын 2-Кара-Суу 348 дарегинин тургуну Н.Хамидованын үй бүлөөсүнүн турмуш тиричилигинин оордугуна байланыштуу материалдык жардам берүү үчүн;
-15,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Достук микрорайонундагы 61-көчөсүнүн 4-үйүнүн тургуну М.Туракуловго турмуш тиричилиги оордугуна байланыштуу жардам иретинде;
-5,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Ашимахунова 42-58 дарегинин тургуну З.Идиятулинанын үй-бүлөөсүнүн турмуш тиричилигинин ордугуна байланыштуу материалдык жардам көрсөтүү үчүн;
-15,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын МЖК К/Р 5,26-БАТ дарегинин тургуну Т.Жанбулатованын дарылануусуна жардам иретинде;
-20,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Кызыл-Аскер көчөсүнүн №134-үйүнүн тургуну тубаса майып А.Турдиевге турмуш-тиричилик шартынын оордугуна байланыштуу жардам иретинде;
-20,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Кызыл-Аскер көчөсүнүн №132-үйүнүн тургуну жалгыз бой пенсионер Д.Маматалиевага турмуш-тиричилик шартынын оордугуна байланыштуу жардам иретинде;
-40,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Кызыл-Аскер көчөсүнүн №139-үйүнүн тургуну М.Махмудовго жубайы экөөнүн Бишкек шаарына барып дарылосуу үчүн жардам иретинде;
-20,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Нурматова көчөсүнүн №34-үйүнүн тургуну С.Сыдыковага тубаса майып кызы Эркин кызы Зияданы дарылоо үчүн;
-10,0 миң сом акча каражатын Ош шаарындагы №1-Федченко атындагы орто мектебинин айланасын тосмолоого материалдык жардам катары;
-60,0 миң сом акча каражатын Улуу Ата-Мекендик согуштун 26 ардагерине шаардык Кеңештин атынан материалдык жардам көрсөтүү үчүн;
-100,0 миң сом акча каражатын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын маданият үйүн оңдоп-түзөө үчүн;
-30,0 миң сом акча каражатын Жалал-Абад шаарында өтүүчү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү Кеңештеринин депутаттарынын арасында кичи футбол боюнча мелдешке Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын футболдук командасынын катышуусу үчүн;
Жалпы: 935,0 миң сом акча каражаты
Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2015-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен аткарылуусунун эсебинен бөлүнүүчү акча каражаттарынын тизмеси:
-497,0 миң сом акча каражатын Ош шаардык клиникалык ооруканасынын терезелерин пластикалык терезелерге алмаштыруу үчүн;
-1900,0 миң сом акча каражатын «Ошшаарсууканал» муниципалдык ишканасына турмуш-тиричилик калдыктарын чыгаруу үчүн атайын автоунаа сатып алуу үчүн.
Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 4-июнундагы отурумунун №12-токтомуна ылайык жергиликтүү бюджеттин 2015-жылдын 1-январына калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен бөлүнүүчү кошумча акча каражаттарынын тизмеси:
-10,0 миң сом акча каражатын Ош шаарындагы №38-мектеп-гимназиясынын ремонт иштери үчүн;
-10,0 миң сом акча каражатын Ош шаардык клиникалык ооруканасынын хирургия бөлүмүн ремонтто үчүн;
-3,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Т. Абдуллаев көчөсүнүн №25-үйүнүн тургуну Х.Карабаеванын ден-соолугун чыңдоо үчүн;
-35,0 миң сом акча каражатын №10-В.Ленин атындагы орто мектебинин ашканасын ремонтто үчүн;
-10,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Гагарин көчөсүнүн тургуну Р. Рузматовго материалдык жардам берүү үчүн;
-7,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Киргизская көчөсүнүн №45-үйүнүн тургуну I топтогу майып М.Акбарханованын уулу И.Рахмановго дары дармек сатып алуу үчүн;
-5,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Парижская Коммуна көчөсүнүн №90-үйүнүн тургуну В.Гуляровдун II топтогу майып кызы М.Гулярованын ден соолугун чыңдоо үчүн дары дармек сатып алуу үчүн;
-5,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Парижская Коммуна көчөсүнүн №23-үйүнүн тургуну II топтогу майып М.Мамированын ден соолугун чыңдоо үчүн дары дармек сатып алуу үчүн;
-10,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын тургуну Т.Калекеевдин ден-соолугун чыңдоо үчүн;
-20,0 миң сом акча каражатын №9-Аймактык кеңешине имарат куруу үчүн;
-5,0 миң сом акча каражатын №47-мектебин ремонтто иштерине;
-5,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын тургуну А.Орунбаевдин дарылануусу үчүн;
-12,0 миң сом акча каражатын №53-мектебинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн;
-6,0 миң сом акча каражатын №46-мектебинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн;
6,0 миң сом акча каражатын №51-мектебинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн;
5.0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын тургуну Таалайбек уулу Мирбекке материалдык жардам берүү үчүн;
-70,0 миң сом акча каражатын №25-«Ак-Тайлак» балдар бакчасынын ремонт иштерине;
-10,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Ташкулов көчөсүнүн тургуну Нурлан уулу Актилекке материалдык жардам берүү үчүн;
-55,0 миң сом акча каражатын №3-аймактык Кеңешинин Моминова, Молдонияз, Козубаева, Строительная жана Пролетарская көчөлөрүнө шагыл төгүү үчүн;
-100,0 миң сом акча каражатын ОшМУнун доценти Б.Темированын жетекчилигинде жазылган «Манас» үчилтиги менен кыргыз адабиятынын карым катнашы деген китепти чыгаруу үчүн;
-10,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Техническая көчөсүнүн №41-үйүнүн тургуну III топтогу тубаса майып М.Тешебаевага материалдык жардам берүү үчүн;
-10,0 миң сом акча каражатын Достук кичи районун №61-көчөсүнүн №16-үйүнүн тургуну, II топтогу тубаса майып Б.Нурдиновдун апасы Г.Махамаджановага материалдык жардам берүү үчүн;
-60,0 миң сом акча каражатын Лидерлер мектеби окуу долбоорунун катышуучулары тарабынан Ош шаарында «Балдардын жаркын келечеги үчүн» акцияны өткөрүүгө;
-40,0 миң сом акча каражатын Ош шаарында аймактык жаштар кеңештеринин арасында спорттук мелдеш өткөрүү үчүн;
-50,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Краснофлотская көчөсүнүн №5а-үйүнүн тургуну Ажибек кызы Артыкбүгө материалдык жардам берүү үчүн;
-50,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Ашимахунов көчөсүнүн №6-үйүнүн тургуну А.Алымкуловго материалдык жардам берүү үчүн;
-17,0 миң сом акча каражатын №12-кесиптик лицейинин дене-тарбия жетекчиси К.Умурзаковго мугалимдер арасында спартакиадага катышууга форма тиктирүү үчүн;
-20,0 миң сом акча каражатын Ош шаардык клиникалык ооруканасынын терапия бөлүмүнүн алдына олтургуч орнотуу үчүн;
-30,0 миң сом акча каражатын Ош шаарындагы №42-Керме-Тоо мектебинин материалдык техникалык базасын чыңдоо үчүн;
-26,0 миң сом акча каражатын Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий кызматкери В. Джанибековага илимий монография чыгаруу үчүн;
-25,0 миң сом акча каражатын Исанов көчөсүндөгү №35,35а көп кабаттуу үйлөрдүн алдына балдар аянтчасын курууга кошумча жардам иретинде;
-80,0 миң сом акча каражатын Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөөлөрүндөгү таза жана саркынды суу түтүктөрүн ремонттоо үчүн Ош шаардык муниципалдык коммуналдык турак-жай башкармалыгы аркылуу;
-10,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Пичугина көчөсүнүн №29-үйүнүн жашоочусу II топтогу майып А.Курбановдун дарылануусуна жардам иретинде;
-10,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Аэропорт кичи шаарчасынын №4-үйүнүн тургуну Ч.Айтматовдун Кыргыз авиациясы тууралуу китеп чыгарууга жардам иретинде;
-80,0 миң сом акча каражатын Ош шаардык клиникалык ооруканасынын травматологиялык борборун ремонттон өткөрүү үчүн;
-20,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын тургуну, II майып П.Мурзаеванын дарылануусуна жардам иретинде.
-50,0 миң сом акча каражатын Германиялык эл аралык кызматташтык уюмунун бизнес жаатында идеяларды колдоо максатында долбоорду ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен колдоо иретинде.
Жалпы: 977,0 миң сом акча каражаты
Ош шаарынын 2015-жылдын жергиликтүү бюджетинин 6 айынын жыйынтыгы менен аткарылуусунун эсебинен бөлүнүүчү акча каражаттарынын тизмеси:
-495908 сом акча каражатын Урицкий көчөсүндө жайгашкан №6-жатаканасынын сыртта жайгашкан ажатканасын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн;
-198,0 миң сом акча каражатын Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын Жапалак айылдык аймагын тейлөөчү 4 штаттык бирдигин кармоо үчүн;
-83,0 миң сом акча каражатын Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы тарабынан Сибир жарасын хлор акиташ менен залалсыздандыруу үчүн хлор акиташ сатып алууга.