Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-июну № 278
Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы Ош шаарында ипотекалык кредиттөө шартында бөлүнүп берилүүчү турак-жайлар боюнча Жоболорду бекитүү жөнүндөгү № 230-токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө
Ош шаарында жеке менчиктеги жер тилкелерди, үйлөрдү коомчулуктун жана шаардын кызыкчылыгы үчүн алган учурларда «Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү» дирекциясы тарабынан курулган үйлөрдөн компенсация катары берүү боюнча, Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы Ош шаарында ипотекалык кредиттөө шартында бөлүнүп берилүүчү турак-жайлар боюнча Жоболорду бекитүү жөнүндөгү №230-токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндөгү Ош шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 26-майындагы 55/08-6 сандуу катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 31-мартындагы №15-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы №230-токтомунун №2-тиркемесиндеги ипотекалык кредиттөө шартында турак-жай бөлүп берүүгө макулдук берүү боюнча комиссия жөнүндөгү Жобонун 3.1 бөлүгү «-жеке менчиктеги жер тилкелерди, үйлөрдү Ош шаарынын жана коомчулуктун муктаждыгы үчүн алган учурларда, компенсация катары Ош шаарында курулган көп кабаттуу үйлөрдөн батир бөлүп берүүгө макулдук берүүгө укуктуу» деген 4-пункт менен толукталсын.
2.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (Р.Эргешов).
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы:
| У.Примов
|
| Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы №230-токтомуна № 2-тиркеме |
Жалпы жоболор
II. Комиссиянын ишин уюштуруу тартиби жана курамы
III. Комиссиянын укук-милдеттери жана функциялары
IV. Отурумдарды өткөрүү тартиби
I. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Турак-жай кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты жана турак жай алууга укугу бар Ош шаарында туруктуу каттоодо турган, Кыргыз Республикасынын жарандарынын категорияларынын тизмесине ылайык, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансында турган турак-жайларды, Кыргыз Республикасынын жарандарына ипотекалык шартта бөлүп берүүгө макулдук берүү боюнча турак-жай комиссиянын (мындан ары-комиссия) иштөө тартибин аныктайт.
2.1. Комиссиянын ишин уюштуруу, ошондой эле комиссиянын отурумдарын өткөрүү, тиешелүү документтерди даярдоо Ош шаарынын мэриясынын жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаментине (мындан ары-Департамент) жүктөлөт.
Департамент комиссиянын курамын, отурумунда керектүү болгон канцелярдык товарлар менен камсыздайт.
2.2. Комиссиянын отуруму өткөрүлө турган ордун, убактысын жана дареги боюнча департамент комиссиянын мүчөлөрүнө кабардар кылат.
2.3. Комиссиянын курамына төмөндөгү кызматтын өкүлдөрү киргизилет:
- Ош шаарынын муниципалдык менчик, шааркуруу саясаты жана курулуш маселелери боюнча вице-мэри - комиссиянын төрагасы;
- Ош шаарынын мэриясынын жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаментинин директорунун орун басары – төраганын орун басары;
Комиссиянын мүчөлөрү жана катчылыгы:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынан;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн;
- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча атайын укуктуу мамлекеттик органынан;
- архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан;
- кредит берүүчү юридикалык тараптардын өкүлчүлүгүнөн;
- жарандык коомчулуктун (ӨЭУ) өкүлдөрү;
- комиссиянын катчылыгы департаменттин турак-жай бөлүмүнө жүктөлөт.
2.4.Комиссиянын мүчөлөрү өз компетенцияларына ылайык комиссиянын отурумуна коюлуп жаткан документтер боюнча жоопкерчиликтүү;
2.5. Комиссиянын турак-жай маселеси боюнча өткөрүлгөн отурумуна байкоочу сектор катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу жана социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрүнөн өкүлдөр макулдашуу тартибинде тартылат.
2.6. Комиссиянын курамы Ош шаарынын мэриясынын сунушу менен Ош шаардык Кеңеши тарабынан бекитилет.
3.1. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- тиешелүү кызматтардан жана чарбакер субьекттерден отурумда каралуучу маселелерге таандык документтерди, маалымкаттарды, корутундуларды жана башка материалдарды алууга;
- тиешелүү корутундуларды даярдоо боюнча адистерди жана көз карандысыз эксперттерди тартууга;
- комиссиянын иши жөнүндө материалдарды жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого;
- ипотекалык шартта жана түз сатуу жолу менен жарандарга турак-жай бөлүп берүүгө макулдук берүү жана белгиленген тартипте жарандардын өтүнүчтөрүн канаатандыруусуз калтыруу боюнча чечимдерди кабыл алууга;
- өзгөчө учурларда мурда кабыл алынган чечимдерди кайра кароого, кароонун жыйынтыктары боюнча аларды күчүндө калтыруу же жокко чыгаруу жөнүндө жаңы чечимдерди кабыл алууга;
- ипотекалык шартта Ош шаарында катталган юридикалык жактардын кадрларын бекемдөө, жаштардын, жаш үй-бүлөөлөрдү турак-жай маселелерин чечүүгө жардамдашуу максатында кезексиз турак-жай алуучу жарандардын тизмесин бекитүүгө жана чечим кабыл алууга;
- баалоочунун корутундуларын бекитүүгө жана корутунду боюнча каршы пикир келтирип кайрадан кароого жөнөтүүгө;
- жеке менчиктеги жер тилкелерди, үйлөрдү Ош шаарынын жана коомчулуктун муктаждыгы үчүн алган учурларда, компенсация катары Ош шаарында курулган көп кабаттуу үйлөрдөн батир бөлүп берүүгө макулдук берүүгө укуктуу.
(Ош шаардык кеңешинин 2015-жылдын 8-июнундагы кезектеги ХХVII сессиясынын № 278-токтомунун редакциясына ылайык)
3.2.Комиссиянын милдеттери:
- ипотека шартында батир алууга өтүнүч берген жарандын улутуна, рассасына, жынысына туткан динине карабай документтерди кароого;
- кабыл алынган тиешелүү чечимдер боюнча ипотекалык укук-мамилелеринин катышуучуларына, комиссиянын отуруму болуп өткөндөн кийин 14 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө жазуу түрүндө кабар берүүгө;
- бир категориядагы жарандардын арыздарын кароодо биринчи кезек үй-бүлөө мүчөлөрүнүн санына, үй-бүлөнүн ишке жарактуу мүчөлөрүнүн санына (багуучусуна) жараша, үй-бүлөөдө жашаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын топтук таандыктуулугун эске алуу менен өтүнүчтү кароого;
3.3. Комиссия функциялары:
- ипотекалык шартта турак-жай бөлүп берүү боюнча арыздарды, аларга кошулган документтерди белгиленген тартипте изилдейт жана турак-жай бөлүп берүү же бөлүп берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим чыгарат;
- турак-жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон жарандардын арыз-өтүнүчтөрүн, алардын социалдык абалдарын эске алуу менен, арыз-өтүнүчтөрүн комиссиянын кароосуна кезексиз алып чыгуу жумушун ачык айкын алып барат;
- жарандардын турак-жай алууга арыз берүүсүнүн фактысын комиссия эсепке алуу журналына каттайт, ал номерленип, боо өткөрүлүп байланып жана барактын санын көрсөтүү менен мөөр басып чапталат;
- комиссиянын жыйындары мезгилдүү, бирок эки айда бир жолу уюштурулат жана отурум өткөрүлөт;
- комиссия жарандардын арыздарын белгиленген тартипте изилдейт жана чечим кабыл алат, бул чечим тиешелүү протокол менен таризделет, чечим комиссия мүчөлөрүнүн жарымынан көбүнүн добушу менен кабыл алынат.
Комиссия кабыл алган протокол Ош шаарынын мэриясынын токтому менен бекитилет.
Комиссиянын күнүмдүк жумушун Департаменттин турак-жай бөлүмү ишке ашырат.
4.1. Бардык материалдар жана керектүү иш кагаздар департаменттин турак-жай бөлүмүндө чогултулат жана комиссиянын отурумуна протоколдун долбоору даярдалат.
4.2. Даярдалган протоколдун долбоору комиссиянын ар бир мүчөсүнө отурум өткөрүүгө үч күн калганга чейин таркатылат.
4.3. γч жумушчу күндүн ичинде комиссиянын мүчөлөрү күн тартибине коюлган материалдар менен таанышат жана протоколдун долбоору боюнча катчылыка жазуу түрүндө алымча-кошумчаларды, сунуштарды берет.
4.4. Комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси жыйынга катышкан учурда чечим кабыл алынат жана кворум бар деп эсептелет.
Чечимдер комиссия мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүгү менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат.
Добуштар тең болуп калган учурда төрагалык милдетин аткаруучунун добушу чечүүчү болуп эсептелет.
4.5. Комиссиянын чечими, ипотекалык шартта турак-жай алууга макулдук берүүчү токтомдорду даярдоого негиз болуучу протокол менен таризделет.
4.6. Комиссиянын чечиминен көчүрмө арыз берүүчүгө, чечим кабыл алынгандан кийин 14 жумушчу күндүн ичинде берилет.
4.7. Комиссиянын чечимине белгиленген тартипте даттануу берилиши мүмкүн.