Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(КР Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-майы № 9 токтомунун редакциясына ылайык)
2015-жылдын 8-июну № 280
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы №164-«Курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 26-майындагы чыгыш № 196/08-6- №164-«Курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизип берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 27-майындагы отурумунун №19-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, депутаттардын Ош шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы №164-токтому менен бекитилген №1-тиркемесиндеги «Курулуштарга жана жерди пайдаланууга уруксат берүү» боюнча комиссиясынын курамынан Ош шаарынын мэриясынын юристи С.Шакенов жана жеке ишкер А.Темировдорду чыгарып алардын ордуна Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы К.Нарынбаева жана жеке ишкерлер ассоцациясынын мүчөсү Ш.Эргешовдор киргизилсин. (№1-тиркеме тиркелет).
2. Комиссиянын мүчөсү ээлеген кызматынан бошогондугуна байланыштуу комиссиянын курамынан чыккан учурда анын милдеттери ушул кызмат ордуна жаңы дайындалган адамга өтөөрү белгиленсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (Р.Эргешов).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы:
| У. Примов
|
| Ош шаардык Кеңешинин 2015-жылдын 8-июнундагы кезектеги XXVII-сессиясынын №280-токтомуна №1-тиркеме |
(КР Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-майы № 9 токтомунун редакциясына ылайык)
1.Ормонов Ж. - Ош шаарынын вице-мэри, комиссиянын төрагасы;
2.Семетеев А. - Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары
Комиссиянын мүчөлөрү:
3.Камчы уулу К. - Ош шаардык Кеңешинин депутаты, (макулдашуу менен);
4.Нариев Ж. -Ош шаардык Кеңешинин депутаты, (макулдашуу менен);
5.Осмонов А.. -Ош шаардык Кеңешинин депутаты, (макулдашуу менен);
6.Турдубай уулу А. - Ош шаардык Кеңешинин депутаты, (макулдашуу менен);
7.Каримбеков А. - Ош шаардык Кеңешинин депутаты, (макулдашуу менен);
8. Мамбетов К. - Ош шаардык Кеңешинин депутаты, (макулдашуу менен);
9.Пирматов А. - Ош шаарынын мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча бөлүм башчысы;
10..Жолдошов А. - Ош шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгынын башчысы;
11.Марифов Т. - Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысы;
12.Каратаева У. - Ош шаардык мамлекеттик санитардык-эпидомологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери;
13.Эшбаев Т. - Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы;
14.Нажиев Ш. - Көз карандысыз баалочу (макулдашуу менен);
15.Нарынбаева К. – Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы;
16. Ш. Эргешов - Жеке ишкерлер ассоцациясынын мүчөсү; (макулдашуу менен) Комиссиянын катчысы:
17.Мамазаиров С. - Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жер укуктарын сатуу бөлүмүнүн башчысы.