Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 13-марты №2
Шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамын жана жобосу бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин жооптуу катчысынын, шаардык кеңештин жобосу жана туруктуу комиссиялардын курамдары жөнүндө маалыматын угуп, шаардык кеңештин кезексиз V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын жобосу 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жалал-Абад шаардык кеңешинин туруктуу комиссиялардын курамы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Шаардык кеңештин депутаттарына жана шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлерине иш жүргүзүүдө кабыл алынган ченемдик-укуктук актыларды колдонуу жагы милдеттендирилсин
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысы Э. Баймурзаевге милдеттендирилсин.
Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы |
М. Тагаев
|
| Шаардык кеңештин 2013-жылдын 13-марты № 2 кезексиз V сессиясынын токтомуна 1 -тиркеме |
Жалал-Абад шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын ЖОБОСУ
Шаардык кеңештин компетенциясына кирген маселелерди алдын ала кароо жана тескөө, алардын аймагында жайгашкан мекеме-ишканалар, уюмдар тарабынан кеңештин токтомдорун аткарууну көзөмөлдөө максатында шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары түзүлөт.
1-ст. Туруктуу комиссиялар шаардык кеңештин органы катары эсептелет. ага баш ийет жана анын алдында жоопту. Шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын укуктук абалы жергиликтүү кеңештерди жөнгө салуучу укуктук - ченемдик актылар жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын колдоого алып иш жүргүзөт.
2-ст. Комиссиялардын түзүмүн жана сандык курамын шаардык кеңештин депутаттары аныктайт.
Туруктуу комиссиялар шаардык кеңештин депутаттарынан түзүлөт. Комиссиялрадын курамына төрага жана анын орун басарлары шайланбайт. Ыйгарым укук мөөнөтүндө кеңеш зарылдыгы пайда болсо жаңы туруктуу комиссияларды түзүүгө, жоюуга жана мурда түзүлгөн комиссияллрды кайрадан оңдоп түзөөгө жана курамына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
3-ст. Туруктуу комиссиялар өздөрүнүн отурумдарында төрагасын жана анын орун басарын шайлашат. Туруктуу комиссиянын катчысы катары шаардык кеңештин төрагасынын буйругу менен аппараттын кызматкерлеринен бир адам дайындалат.
4-ст. Шаардык кенештиин депутатты бир гана туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат. Туруктуу комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктары анын берген арызы боюнча жана милдеттерин аткара албай турган жагдайлар пайда болгондо токтотулат.
5-ст. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары:
• Шаардык кеңештин кароосуна кирүүчү шаардын социялдык, экономикалык. маданий -укуктук өнүгүүсү менен байланышкан маселелерди кароодо катышышат;
• Шаардын экономикалык өнүгүүсүнүн пландарын. шаардын бюджетиин жана анын аткарылышын алдын ала карашат, алар боюнча өздөррүнүн пикирлерин билдирет жана зарылдыгы болсо. шаардык кеңештин кароосуна киргизет;
• Шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдорго көзөмөл жүргүзүшөт;
• Шаардык кеңештин сессиясына кире турган маселелерди алдын ала кароодо катышышат;
• КРнын мыйзамдарынын жана шаардык кеңештин иштөө Регламентации чегинде башка ыйгрым укуктарга ээ.
6- ст. Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялры шаар аймагында жайгашкан ишкана-мекемелердин, уюмдардын жетекчилерин алардын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер боюнча угууга укуктуу.
Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары ишине адистерди, илимпоздорду, тажрыйбалуу кызматкерлерди жана башка жактарды чакырууга укуктуу.
7-ст. Туруктуу комиссиялаардын ишинин негизги уюштуруу формасы болуп отурумдар эсептелет. Туруктуу комиссиялардын отурумдары шаардык кеңештин пландрынын багыттары кирген туруктуу комиссиянын иш планынын негизинде чакырылат. Туруктуу комиссиялардын отурумунда теңинен коп мүчөсү катышкан учурда отурум тен укуктуу болуп санлат. Комиссиянын курамына кирбеген депутаттар туруктуу комиссиянын отурумуна кенешме добуш берүү укукгу менен катышууга болот. Бир нече туруктуу комиссиянын карамагына кирген маселелер комиссиялардын жана шаардык кеңештин тапшырмасы менен чогуу каралууга тийиш.
8-ст. Туруктуу комиссиялар тарабынан каралган баардык маселелер боюнча чечим кабыл алынат. Туруктуу комиссиялардын чечимдери сунуштама мүнөздө болот, бирок дарактелген орган же кызматкер тарабынан милдеттүү түрдө каралууга тийиш.
9-ст. Шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын ийгиликтүү ишердүүлүгүнүн негизги шарттарынын бири - булл мүчөлөр арасында милдеттерди рационалдуу бөлүнүшү.
Төрага:
- туруктуу комиссиянын ишин жетектейт;
- отрумдарды чакырат жана анда төрагалык кылат;
- отурумдарда керектелүү болгон материалдарды даярдоону уюштурт;
- комиссиянын мүчөлөрүнө түрдүү тапшырмаларды берет;
- комиссиянын тапшырмасы менен шаардык кеңештин сессияларында баяндама жасайт:
Төраганын орун басары:
- комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарт, төраганын жоктугунда жана төрага тарабынан өз милдеттерин аткара албаган учурларда төрагалык кылат.
Катчы:
- отрумдардын протоколдорун жана иш-кагаздарын алып барат;
- комиссиянын чечимдерин убагында аткаруучуларга жиберип, алардын жообун алууну көзөмөл кылат;
- ага жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат (комиссияга түшкөн материлдарды тескөө. отрумдарды даярдоо комиссия мүчөлөрүн кабарлоо ж.б.).
Туруктуу комиссияларынын мүчөлөрү:
А) милдеттуү турдө:
- туруктуу комиссиянын отрумдарына катышу;
- туруктуу комиссия тарабынан кабыл алынган чечимдерди аткарууга комок көрсөтүү;
- комиссия төрагасынын тапшырмаларын аткарууга (туруктуу мүнөздөгү жана бирдиктүү мүнөздөгү);
Б) укугу бар:
- комиссия тарабынан карлуучу маселеде чечүүчү добушка:
- туруктуу комиссиянын кароосуна маселелерди киргизүүгө, аларды кароого жана талкуулоого:
- шаардык кеңешке комиссия тарабынан макулдук алынбаган макулдук алынбаган маселени кат түрүндө киргизүүгө.
Жоопту катчысы | Э. Баймурзаев |