Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-февралы №7/3-6
15.01. 2013-жылдагы № 1/1-6 чечими менен кабыл алынган Кара-Көл шаардык кеңешинин Регламентине толуктоолорду, өзгөртүүлөрду киргизүү жөнүндө
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 11-пунктун жетекчиликке алып жана Кара-Көл шаардык кеңешинин Регламентинин 14-главасынын негизинде VI чакырылыштагы депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин Регламентине төмөндөгүдөй кошумчалар жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 11- главанын 11.6 пунктунун 4-абзацында "жараксыз деп эсептелет" деген сөздөрдөн кийинки точканын ордуна "жана" деген сөз жазылсын, андан кийинки сөз кичине тамга менен башталсын, "кошумчалар" деген сөздөн кийин кашаанын ичине (точка, үтүр түрүндөгү ж. б.у.с. өз эркинче белгилер) деген түшүндүрмө сөздөр жазылсын.
Төрага | М.К. Женбеков |
| Шаардык кеңештин 15.01.2013-жылдагы I сессиясынын №1/1-6 токтому менен бекитилди |
Депутаттардын Кара-Кол шаардык кеңешинин иштөө РЕГЛАМЕНТИ (2013.14.02. өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен)
Глава. Шаардык кеңештин Регламентине толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартиби
1БӨЛҮМ
1.3.Депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңеши Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кара-Көл шаарындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогорку өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
1.4.Депутаттардын Кара-Кол шаардык кеңеши (мындан ары -шаардык кеңеш) жалпыга бирдей, тең жана тике шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш менен Кара- Көл шаарынын аймагында жашаган жарандар тарабынан пропорцияуу система боюнча саясий партиянын тизмеси менен 4 жылдык мөөнөткө шайланган жана сессия формасында иштеген 31 депутаттан турат.
1.5.Шаардык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен өздөрүнүн компетенциясына таандык кылынган маселелерди өз алдынча чечет, өзү кабыл алган чечимдердин аткарылышын камсыз кылат, кабыл алынган чечимдердин турмушка ашырылышына контролдук кылат жана юридикалык жак статусуна ээ.
1.6.Шаардык кеңеш өз алдынча мүлккө ээ, өзүнүн атынан мүлк алууга жана мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды жүзөгө ашыра алат жана милдеттерди алып жүрөт, мөөрү, штампы жана жергиликтүү башкаруунун символикалары менен бланкасы, банк мекемелеринде эсептик жана башка счеттору бар.
1.7.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген жана өз укуктарынын чегинде кабыл алынган шаардык кеңештин чечимдери өз алдынча башкаруунун кызмат адамдары, шаарда жашаган жарандар жана жарандыгы жок тараптар, менчигинин түрүнө карабастан шаардын аймагында жайгашкан бардык ишканалар,мекемелер, уюмдар тарабынан аткарылууга милдеттүү.
1.8.Шаардык кеңештин жана анын органдарынын ишинин тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана башка укуктук ченемдик актылары, шаардын Уставы жана ушул Регламент менен аныкталат.
1.9.Шаардык кеңештин Регламента шаардык кеңештин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруунун тартибин,анын уюштуруу жана иштөө маселелерин, сессияны чакыруу жана өткөрүү тартибин, шаардык кеңештин органдарын түзүүнү белгилейт,ошондой эле анын контролдук ишинин тартибин жана жол-жоболорун аныктайт.
1.10. Жергиликтүү кеңештин иши мыйзамдуулук, коллегиялуулук, саясий көп түрдүүлүк жана коп партиялуулук, объективдүүлүк, депутаттардын маселелерди эркин талкуулоо жана чечимдерди кабыл алуу принциптерине негизделет.
1.11. Шаардык кеңештин депутаттары Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары жана укуктук ченемдик актылары, ошондой эле ушул Регламент менен белгленген кепилдиктердин негизинде өз укуктарын жана милдеттерин тоскоолдуксуз жүзөгө ашырууга укуктуу.
2.1. Шаардык кеңеш "Жергиликтүү өз алдьшча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу. Жалаң сессияларда төмөндөгүдөй масел ел ер чечилет:
- жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилоо;
- жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле лышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы маалыматты угуу;
- аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарыльннын контролдоо, бул маселе боюнча шаардын мэринин отчетун угуу;
- жергиликтүү салымдарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
- жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин обьектилерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен аныктоо, муниципалдык менчиктин пайдаланышына контролду ишке ашыруу;
- шаардагы иштердин жалпы абалы жөнүндө мэрдин отчетун угуу;
- мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
- шаардын мэрии шайлоо;
- депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шаардын мэрине ишенбестик билдирүү;
- жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
- тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында админстрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарьшан бошотуу, кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу;
- кеңештин регламентин бекитүү;
- өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;
- Өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде мэрдин сунушу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү;
- муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен камсыз кылууну пайдалангандык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу тиричилик таштандыларын жыйнагандык, ташып чыгаргандык жана жок кылгандык үчүн тарифтерди бекитүү;
- алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейинки чектөөлөрүн аныктоо;
- ирригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо;
- мыйзамдарда бекитилген шаар жерлерине салыктын базалык ставкаларынын чегинде шаар жерлерине салыктын жиктелген ставкаларын белгилөө;
- жергиликтүү жамааттын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү;
2.2. Өзгөчө учурларда шаардык бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелер, ошондой эле шаардык каржы бөлүмү тарабынан көрсөтүлгөн негиздүү документтердин негизинде ( өзгөчө кьфдаалдын кесепеттерин жоюу, өзгөчө кырдаалдын кесепетинен жабыр тарткандарга тез материалдык жардам көрсөтүү, чоң материалдык чыгымдуу дарьшануу талап кылынган шаардын өтө муктаж болгон оорукчан жарандарына материалдьпс жардам көрсөтүү, ошондой эле айыптык санкциялардьш пайда болушуна жол бербөө максатында бюджеттик мекемелердин кредитордук карыздарын жабуу) бюджеттик каражаттын бардыгына жараша шаардык кеңештин бюджет, экономика, финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу боюнча шаардык кеңештин кезектеги сессиясында бекитүү менен өз алдынча башкаруунун тиешелүү органынына каржылоого уруксат берилет.
3.1. Шаардык кеңештин төрагасы тиешелүү кеңештин сессиясында көпчүлүк фракциялардын же көпчүлүк фракциялардын коалициясынын депутаттарынын ичинен депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн жашыруун добушу менен жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.
Шаардык кеңештин төрагальпс кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү укугуна көпчүлүк фракциялардын же көпчүлүк фракциялардын коалициясынын депутаттары ээ.
Добуш берүү алдында шаардык кеңештин төрагалык кызматына талапкер депутаттардын алдьшда өзүнун программасы менен чыгат жана алардын суроолоруна жооп берет. Ар бир депутат талапкерге суроо бергенге укуктуу. Талапкерликти талкуулоо шаардык кеңештин катышып жаткан депутаттарынын саныньш көпчүлүгүнүн добушу менен токтотулат.
Эгерде шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы саныньш теңинен көбү ага добуш бергенде, төрага шайланды деп табылат.
Эгерде шаардык кеңештин төрагалык кызмат ордуна экиден ашык талапкер көрсөтүлсө жана алардын ичинен бири да добуштардын шайланууга талап кылынган санын албай калса, анда добуштардын көбүрөөк санын алган эки талапкер боюнча кайрадан добуш берүү өткөрүлөт. Эгерде бул учурда да алардын ичинен бири да депутаттардын жалпы санынын ичинен добуштардын зарыл болгон санын албай калса, анда жаңы талапкерлерди көрсөтүү жүргүзүлөт.
Добуш берүү бюллетенине киргизилген депутаттардьш жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушун албай калган депутатты кайрадан көрсөтүүтө жол берилбейт.
Төрага шайлагандыгы жөнүндө шаардык кеңештин токтому кабыл алынат. Шаардык кеңештин төрагасы илимий, педагогикалык жана башка чыгармачыл иштен тышкары акы төлөнүүчү башка кызмат ордун ээлөөгө укуксуз.
3.2.Шаардык кеңештин төрагасы:
- шаардык кеңештин сессиясын чакырат жана жыйналышты алып барат;
- шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизилүүчү маселелерди даярдоого жана шаардык кеңештин сессиясына даярдык көрүүгө жалпы жетекчилик кылат;
- шаардык кеңештин чечимдерине кол коет жана алардын аткарылышын контролдоону уюштурат;
- шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишин координациялайт;
- шаардык кеңештин аппаратынын иш -аракетине контролду жүзөгө ашьфат;
- шаардык кеңештин төрагасынын орун басарынын, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын төрагаларынын кызматтьгк милдеттерин аткаруусуна контролдук кылат;
- депутаттарга өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, жарандарды кабыл алууга, шайлоочулардын алдында отчет берүүгө көмөктөшөт, аларды маалымат менен камсыз кылат, депутаттардын укуктарын жана милдеттерин ишке ашырууга байланышкан маселелерди карайт;
- мамлекеттик органдар, коомдук уюмдар, жарандар менен мамилелерде шаардык кеңештин атынан чыгат;
- аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары менен шаардык кеңештин өз ара аракеттенүүсүн уюштурат;
- өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча буйруктарды чыгарат;
- шаардык кеңештин чыгымдар сметасына жана бекитилген бюджетине ылайык шаардык кеңешке бөлүнгөн каражаттарды тескейт;
- шаардык кеңеште иш кагаздарын жүргүзүүнүн жобосун бекитет;
- шаардык кеңештин чыгымдар сметасынын долбоорун иштеп чыгууну камсыз кылат жана бюджеттик жылдын бүтүшүнөн 3 айдан кечиктирбестен аны шаардык кеңештин кароосуна коет;
- шаардык кеңештин төрагасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө расмий өтүнүч жасайт;
Шаардык кеңештин төрагасы шаардык кеңештин сессиясына отчет берет. Жыл сайын өзүнүн ишмердиги, шаардык кеңештин жана анын органдарынын ишин уюштуруу боюнча шаардык кеңештин сессиясында отчет берет.
Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары депутаттардын, ошондой эле шаардык төрагасынын сунушу менен депутаттардын ичинен ачык добуш берүү аркылуу шайланат.
Шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы саныньш көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп табылат.
Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин коомдук башталыштарда жүзөгө ашырат.
Эгерде төраганын орун басарлык кызматына талапкер көпчүлүк депутаттардын колдоосун ала албаса, жаңы талапкерди көрсөтүү жүргүзүлөт, жаңы талкуу жана добуш берүү жургүзүлөт.
Төраганын орун басары шайлангандыгы жөнүндө шаардык кеңештин токтому кабыл алынат.
3.4. Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары :
- шаардык кеңештин төрагасынын тапшырмасын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүк болбогон учурда анын ордуна иштейт;
- шаардык кеңештин депутаттык фракциялары мененен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;
3.5. Өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүк болбогон учурда шаардык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын өзүнүн өтүнүчү боюнча, шаардык кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу шаардык кеңештин төрагасынын жана төраганын орун басарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
Шаардык кеңештин төрагасынын жана төраганын орун басарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу жөнүндө депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн ачык добушу менен токтом кабыл алынат.
4.1. Шаардык кеңештин аппарат жетекчиси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте шаардык кеңештин төрагасы тарабынан дайындалат.
4.2. Шаардык кеңештин аппарат жетекчиси шаардык кеңештин аппаратын жетектейт жана туруктуу жана убактылуу комиссиянын ишин координациялайт.
4.3. Кара-Кол шаардык кеңешинин аппараты депутаттардын Кара-Кол шаардык кеңешинин, туруктуу комиссиялардын,депутаттык топтордун, төраганын, төраганын орун басарынын ишин укуктук,уюштуруучулук, документалдык,аналитикалык, маалыматтулук, материалдык - техникалык жактан камсыз кылууну жүзөгө ашыруучу туруктуу орган болуп эсептелет.
4.4. Өзүнүн ишинде аппарат Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана " Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, Кара-Кол шаарынын Мыйзамын (Уставын), шаардык кеңештин Регламентин,шаардык кеңештин чечимдерин, төраганын буйруктарын, шаардык кеңештин иш планын жетекчиликке алат.
5.1. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык шаардык кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу жана аткарылышына контролдук кылуу үчүн шаардык кеңеш депутаттардын санынын ичинен туруктуу комиссияларды, зарыл болгон учурда убактылуу комиссияларды түзөт.
5.2. Туруктуу комиссиялар шаардык кеңеш тарабынан шаардык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө түзүлөт. Комиссиялардын тизмеси, алардын сандык курамы жана шайлоонун тартиби шаардык кеңеш тарабынан аныкталат. Шаардык кеңеш ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде зарылчылыкка жараша, жаңы туруктуу комиссияларды түзөт, мурда түзүлгөндөрүн таратат жана кайра уюштурат, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизе алат.
Шаардык кеңештин депутаты бир гана туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү тең укукка ээ.
Шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын курамына кеңештин төрагасы жана анын орун басары шайланышы мүмкүн эмес.
Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү комиссиянын торгасын жана төраганын орун басарын ачык добуш менен шайлайт, аларды ачык добуш менен шаардык кеңеш бекитет. Эгерде шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алса, комиссиянын төрагасы жана анын орун басары шайланды деп эсептелинет.
Жүйөлүү себепсиз 3 айдын ичинде өзүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда туруктуу комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн чечими менен туруктуу комиссиянын төрагасы жана төраганын орун басары кайрадан шайланышы мүмкүн. Бул учурда туруктуу комиссиянын төрагасы жана төраганын орун басарын кайрадан шайлоо жөнүндө чечим алардын тике катышуусуз кабыл алынышы мүмкүн.
Комиссиялар өзүнүн ишинин негизги багыттары боюнча кичи комиссияларды түзө алышат. Туруктуу комиссиянын иши мыйзамдуулук, коллегиялуулук, объективдүүлүк, маселелерди эркин талкуулоо жана чечим кабыл алуу принциптерине негизделет.
Туруктуу комиссиялар өзүлөрүнүн компетенциясына таандык маселелер боюнча тиешелүү чечим жана корутунду кабыл алат.
5.3. Тиешелүү комиссиянын төрагалары туруктуу комиссияны жетектөөнү жүзөгө ашырат. Туруктуу комиссиялар шаардык кеңештин алдында жоопкерчиликтүү жана ага отчет берет.
Туруктуу комиссиялардын чечимдери шаардык кеңештин сессиясы менен жокко чыгарылышы мүмкүн.
Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары: -шаардык кеңештин сессиясына киргизилип жаткан маселелерди өзүлөрүнүн жыйналышында алдын ала карайт, бул маселелерди даярдоо боюнча кызмат адамдарынын маалыматтарын жана отчетторун угат;
шаардын экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүүсүнө байланышкан маселелерди даярдоону жана алдын ала кароону жүзөгө ашырат, аларды тиешелүү кортунду менен шаардык кеңештин сессиянын кароосуна киргизет;
өзүнүн аймагьш экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана шаардын бюджетинин пландарынын долбоорлорун, пландардьш аткарылышы жана бюджеттин толтурулушу жөнүндө отчетторду, мунципалдык менчик объектилерин кароо жана башкарууну алдын ала карайт, алар боюнча өздөрүнүн сын-пикирлерин даярдайт, шаардык бюджеттин долбоорунун тиешелүү бөлүмдөрү жана башкалар боюнча корутунду жана сунуш берет;
шаардык кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибине тиешелүү маселени киргизүү зарылчылыгы жөнүндө же болбосо ал маселени киргизбөө жөнүндө өзүнүн аргументтелген корутундусу менен чечим кабыл алууга укуктуу ;
даярдоодо шаардык кеңештин сессиясынын күн тартибинин долбоорунан иштеп чыгууну талап кьшган маселени чыгарып салууну сунуш кылат;
өзүнүн ишин уюштуруу маселелерин чечет;
кабыл алынган чечимдеринин аткарьшышына контролдукту жүзөгө ашырат;
шаардык кеңеш кабыл алган чечимдердин иш жүзүнө ашырьшышына контролдук кылат;
каралып жаткан маселени башка туруктуу комиссияга талкуулоо үчүн берүү боюнча шаардьж кеңештин төрагасына сунуш берет;
башка туруктуу комиссия карап жаткан маселе боюнча өзүнүн оюн билдирет;
шаардык кеңеш берген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат;
Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча мэриянын аппаратынын жана аймактьгк өз алдьшча башкаруу органдарынын, шаардьш аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин угууга укуктуу.
Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча мэриянын тутумдук бөлүмдөрүнүн, менчигинин түрүнө карабастан шаардын аймагында ишканалардын, уюмдардын жетекчилеринен туруктуу комиссиянын ишине зарыл болгон материалдарды жана документтерди, шаардык кеңештин аткарылышы боюнча маселелер боюнча түшүндүрмөнү талап кылууга укуктуу.
Туруктуу комиссиялар алар тараптан каралып жаткан маселелерди даярдоо үчүн шаардык кеңештин депутаттарынын ичинен ( алардын макулдугу менен), мамлекеттик органдардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын,коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн, ошондой эле адистерден жумушчу топ түзө алат.
Туруктуу комиссиялар алардын кароосунда турган маселелер боюнча шаардык кеңештин башка туруктуу комиссияларынын ойлорун сурай алат.
5.4. Туруктуу комиссиялардын жыйналыштары зарылчьшыкка жараша чакырылат.
Шаардык кеңештин депутаты ал мүчө болгон туруктуу комиссиянын ишине (жыйналышына) катышууга милдеттүү. Комиссиянын мүчөсү комиссиянын ишине (жыйналышына) эки иреттен ашык катышпаган учурда, комиссиянын тиешелүү мүчөсү туруктуу комиссиянын чечими менен комиссиянын курамынан чыгарьшат.
Шаардык кеңештин депутаты туруктуу комиссиянын жыйналышына катышууга мүмкүнчүлүгү жоктугу жөнүндө туруктуу комиссиянын төрагасына алдын ала маалымдайт .
Эгерде туруктуу комиссиянын курамынын жарымынан ашыгы катышкан учурда, туруктуу комиссиянын жыйналышы укук ченемдүү болот.
Туруктуу комиссияда бардык маселелер жыйналышка катышып жаткан туруктуу комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу чечилет.
Зарыл болгон учурда туруктуу комиссиялар жабык жана көчмө жыйналыштарды өткөрө алат.
Туруктуу комиссиянын жыйналыштарына мына ушул туруктуу комиссиянын мүчөсү болуп эсептелбеген шаардык кеңештин депутаты кеңеш берүүчү добуш укугу менен катыша алат жана талкууланып жаткан маселе боюнча өзүнүн оюн айта алат.
Туруктуу комиссиялардын чечимдерине анын төрагалары же алар жок учурда туруктуу комиссиялардын төрагаларынын орун басарлары кол коет.
Бир нече туруктуу комиссиянын карамагына кирген маселелер туруктуу комиссиялардын демилгеси боюнча, ошондой эле шаардык кеңештин тапшырмасы боюнча комиссиялар тарабынан даярдалат жана бирге каралат.
Эгерде туруктуу комиссиялардын ар биринин курамынын жарымынан ашыгы катышкан учурда, туруктуу комиссиялардын кошмо жыйналыштары укук ченемдүү болот. Туруктуу комиссиялардын кошмо жыйналыштарын бири бири менен макулдашуу боюнча комиссиялардын төрагалары алып барат.
Бир нече туруктуу комиссиялардын жыйналыштарын өткөрүүдө чечим жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Туруктуу комиссиялардын кошмо жыйналыштары кабыл алган чечимдерге тиешелүү туруктуу комиссиялардын төрагалары кол коет.
Туруктуу комиссялар кошо даярдаган маселелер боюнча туруктуу комиссиялар биргелешкен баяндама жана кошумча баяндама менен чыга алышат.
Туруктуу комиссиялардын жыйналыштарынын протоколуна алардын төрагалары тарабынан кол коюлат, туруктуу комиссиялардын кошмо жыйналыштарынын протоколуна тиешелүү туруктуу комиссиялардын төрагалары тарабынан кол коюлат.
5.5. Туруктуу комиссиянын төрагасы:
- туруктуу комиссиянын ишин коомдук башталышта жетектейт;
- туруктуу комиссиянын мүчөлөрү менен биргеликте туруктуу комиссиянын планын жана жыйналыштарынын күн тартибинин долбоорун түзөт;
- туруктуу комиссиянын жыйналыштарын чакырат жана туруктуу комиссиянын жыйналышына
- зарыл болгон документтерди жана башка материалдарды даярдоону уюштурат;
- туруктуу комиссиянын чечими менен туруктуу комиссиянын мүчөлөрүнө тапшырма берет, аларды туруктуу комиссиянын ишине байланышкан документтер жана материалдар менен тааныштырат;
- туруктуу комиссиянын жыйналыштарына төрагалык кылат;
- шаардык кеңештин төрагасы, шаардык кеңештин аппарат жетекчиси менен дайым болот, комиссияда каралган маселелер, ошондой эле туруктуу комиссиянын церин жана сунуштарын ишке ашыруу боюнча кабыл алынган чаралар жөнүндө аларды кабардар кылат;
- туруктуу комиссиянын иши боюнча ар жыл сайын шаардык кеңештин сессиясында отчет берет;
- туруктуу комиссиянын атына келип түшкөн документтер жөнүндө туруктуу комиссиянын мучөлөрүн кабардар кылат.
5.6. Ар бир депутат туруктуу комиссияда кароо үчүн өзүнүн сунуштарын берүүгө, аларды даярдоого жана талкуулоого, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен таандык болуп, шаардык кеңештин кароосуна кирген маселелер боюнча жергиликтүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органыньш, ошондой эле шаардын аймагында жайгашкан мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын иши боюнча текшерүү жүргүзүүнүн зарылчьшыгы жөнүндө сунуштар киргизүүгө укуктуу;
Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү укуктуу:
- туруктуу комиссиянын жыйналышынын күн тартибине далкуулануучу маселенин кароо тартиби жана мааниси боюнча сунуштарды жана сын -пикирлерди киргизүүгө;
- туруктуу комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча туруктуу комиссиянын жыйналыштарында кызмат адамдарын угуу жөнүндө сунуш киргизүүгө;
- туруктуу комиссиянын чечимдеринин долбооруна түзөтүү киргизүүгө; -өзүнүн негизделген сунуштары менен чыгып сүйлөөгө, аныктама берүүгө;
- туруктуу комиссиянын карамагына таандык маселелер боюнча маалымат алууга.
Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү туруктуу комиссиянын ишине активдүү катышууга, ал кабыл алган чечимдерди турмушка ашырууга жардам кылууга, туруктуу комиссиянын тапшырмасын аткарууга милдеттүү.
Туруктуу комиссиянын иши боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсүнө же мүчөлөрдүн тобуна туруктуу тапшырмалар берилиши мүмкүн.
Туруктуу комиссия карап жаткан бардык маселелерди чечүүгө активдүү катышуу үчүн туруктуу комиссиянын мүчөсүнө шарттар түзүлөт жана ал үчүн зарыл болгон документтер берилет.
Туруктуу комиссиянын мүчөлөрү туруктуу комиссиянын тапшырмасы менен же өзүнүн демилгеси менен туруктуу комиссиянын карамагына кирген маселелерди жеринде текшерет,өздөрүнүн тыянагын жана сунушун туруктуу комиссияга билдирет.
Сунуштары туруктуу комиссиянын колдоосун ала албаган туруктуу комиссиянын мүчөсү, аларды оөзеки же жазуу жүзүндө ошол маселе талкууланып жаткан шаардык кеңештин сессиясына киргизе алат.
Комиссия мүчөсүнүн ыйгарым укуктары кеңеш тарабынан анын өтүнүчү боюнча, ошондой эле ал өзүнүн милдеттерин аткарууга мүмкүндүк болбогон жагдайларга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
5.7. Зарыл болгон учурда өзүнүн компетенциясына таандык болгон маселелерди иштеп чыгуу, алдын ала кароо, билүү же изилдөө үчүн шаардык кеңеш убактылуу комиссияларды түзө алат. Маселени даярдоо үчүн түзүлгөн убактылуу комиссия, ошол маселе боюнча дайыма башкы комиссия болуп эсептелет.
Убактылуу комиссиялар өз ишин шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары үчүн белгиленген тартипке ылайык жүргүзөт.
6.1.1.Депутаттык фракция (мындан ары -фракция ) -тизме боюнча бир саясий партиядан шайланган шаардык кеңештин депутаттарынын бирикмеси.
Фракция өзүнүн курамына башка партиялардан өткөн депутаттарды кошууга укуксуз.
6.1.2.Фракция анын түзүлгөнү, аталышы, курамынын тизмеси, лидеринин фамилиясы жана фракциянын башка жетекчилери жөнүндө жарыяланган учурдан тартып расмий статуска ээ болот.
6.1.3. Мөөнөтүнөн мурда кеткен депутаттын ордуна келген депутат, мандат алган учурдан щгеяуу фракциянын мүчөсү болуп калат.
6.1.4.Бир саясий партиядан шайланган депутаттын ошол эле партиянын фракциясына кирүүдөн баш тартуусуна жол берилбейт.
6.1.5. Фракция ушул Регламентке карама каршы келбеген фракция жөнүндө жобонун негизинде ишти жүзөгө ашырат.
6.1.6. Фракция алар боюнча саясий көз карашын аныктоо үчүн шаардык кеңеш карай турган маселелерди алдын ала кароого укуктуу. Фракция кароонун натыйжалары боюнча фракция мучөлөрү үчүн милдеттүү чечим кабыл алат. Фракция ушул Регламентте белгиленген тартипте, өз мүчөлөрүнө түзөтүүлөрдү киргизүү жана жарьшлоо үчүн ыйгарым укуктарды берүүгө укуктуу.
6.1.7.Фракциянын иши төмөнкү учурларда токтотулат:
- шаардык кеңештин ыйгарым укуктары токтогондо;
- шаардык кеңеш өзүн өзү таркатканда.
6.1.8.Партиянын ишинин токтотулушу же токтотулуп турушу шаардык кеңештеги анын фракциясынын укуктук абалына таасирин тийгизбейт.
6.2.Фракциянын жетекчилиги
6.2.1 Фракцияны ал шайлаган лидер жетектейт.
6.2.2.Фракциянын лидеринин ыйгарым укуктары:
- Шаардык кеңеште жана анын чегинен тышкары жакта фракциянын атынан чыгат;
- фракциянын ишин уюштурат жана координациялайт;
- фракциянын чечимдерине кол коет;
- ички фракциялык тартипти контролдоону жүзөгө ашырат;
- фракциянын чечими боюнча шаардык кеңештин түзүмдөрүнө талапкерлерди сунуш кылат;
- фракциянын чечимдеринин аткарьшышьш контролдойт;
- фракциянын чечими боюнча жыйналышта талкууланып жаткан маселе боюнча анын саясий көз карашын жарыялайт;
- фракциянын чечими боюнча жыйналышта фракциянын коалицияга киргени жөнүндө жарыялайт;
- шаардык кеңештин жетекчилиги жана мамлекеттик бийликтин башка бутактары менен фракциянын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;
- эсептөө комиссиясынын курамына өкүлдөрдү сунуш кылат;
- шаардык кеңештин туруктуу, убактылуу комиссияларынын жыйналыштарьша, ошондой эле шаардык кеңештин иш -чараларына фракциянын мүчөлөрүнүн катышуусун камсыз кылат;
- фракциянын жобосуна ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат;
6.2.3.Фракциянын лидери төраганын ,төраганын орун басарынын, туруктуу жана убактылуу комиссиянын төрагасынын жана төраганын орун басарынын кызмат орундарын бир учурда ээлей албайт.
6.3.Фракциянын укуктары
6.3.1.Фракция төмөнкүлөргө укуктуу:
1) шаардык кеңеш карап жаткан маселелер боюнча саясий көз карашын билдирүүгө;
2) башка фракциялар менен коалицияга биригүүгө;
3) Төрагага шаардык кеңештин кезексиз жыйналышын чакыруу жөнүндө сунуш киргизүүгө;
4) фракциянын өкүлүн фракциянын атынан билдирүүлөр, баяндамалар, кошумча баяндамалар, билдирмелер жана сунуштар менен чыгып сүйлөөгө өкүлдөөгө;
5) башка фракциялар менен биргелешкен жыйналыштарга катышууга, фракциянын жыйналышына кызыкдар адамдарды чакырууга, эксперттер жана адистар менен кеңешүүгө;
6) шаардык кеңештин ар жылдык жумуш планы боюнча сунуштарды киргизүүгө;
7) шаардык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын курамына фракция мүчөлөрүнүн талапкерлигин сунуш кылууга жана аларды чакыртып алуу боюнча сунуштарды киргизүү;
8) айрым маселелерди иликтоо боюнча жумушчу топторун түзүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
9) “Өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамыньш 24 -беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-8 пункттарында каралган негиздер боюнча фракция мүчөлөрүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөттүнөн мурда токтотуу боюнча сунуштарды киргизүүтө;
10) шаардык кеңештин сессиясынын протоколуна киргизүү үчүн кандай гана болбосун талкууланып жаткан маселе боюнча фракциянын өзгөчө пикирин берүүгө;
11) фракциянын материалдарын жана документтерин жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого;
12) фракция мүчөлөрүнүн аракеттерине шайлоочулардын кайрылууларын кароого жана фракциялык тартипти чьщдоо максатында зарыл чараларды көрүүгө;
13) өзүнүн өкүлүн туруктуу, убактьшуу комиссиясынын төрагасынын жана орун басарынын кызмат ордунан чакыртып алууга;
14) фракция жөнүндө жобого ылайык өзүнүн мүчөлөрүнө таасир этүү чараларын көрүүгө;
15) Конституцияда жана ушул Регламентте каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга;
6.3.2. Фракциялардын Конституцияда жана ушул Регламентте кепилденген укуктары депутаттык көпчүлүк тарабынан чектелиши мүмкүн эмес.
6.4. Фракциялардын коалициясы
6.4.1.Фракциялардын коалициясы (мындан ары-коалиция) ишин коалициялык макулдашуунун жана жобонун негизинде жүзөгө ашыруучу фракциялардын ыктыярдуу бирикмеси болуп саналат.
Фракциялар депутаттык көпчүлүктүн коалициясына же депутаттык азчьшыкка биригүүтө укуктуу.
6.4.2.Коалициялык макулдашууда төмөнкүлөр чагьшдырылышы мүмкүн:
1. коалицияны түзүүнүн негизи болуп калган, макулдашылган саясий көз караштар;
2. коалициянын саясий багытталгандыгы;
3. коалициянын иш принциптери;
4. коалициянын чечимдерди кабыл алуу тартиби;
5. коалициянын ишин токтотуу шарттары.
6.4.3.Коалициялык макулдашууга фракциялардын коалицияга кирүү жөнүндө чечимдери жана алар кабыл алынган жыйындардын протоколдору тиркелет.
6.4.4.Коалицияга кирген фракциялардын көз караштарын макулдашуу максатында, коалициянын жамааттык органы түзүлүшү мүмкүн.
6.4.5.Коалициянын атынан, эгерде бул коалициялык макулдашууда аныкталса, коалицияга кирген фракциянын лидерлери же болбосо коалициянын жетекчиси чыгат.
6.4.6.Коалициянын жумушун маалыматтык жана техникалык жактан камсыз кылуу фракциялардын катчылыктары, эгерде анын түзүлүшү коалициялык макулдашууда аныкталса, коалициянын катчылыгы жүзөгө ашырат. Коалициянын жумушун уюштуруу тартибинин башка масел ел ери коалициялык макулдашууда аныкталышы мумкүн.
6.4.7.Шаардык кеңештин сессиясынын жыйнальппында уюшулгандыгын жарыялаган учурдан тартып коалиция расмий статуска ээ болот.
6.4.8.Төмөнкү учурдан тартып коалиция өз ишин токтотот:
фракция же фракциялар өзүн андан чыкканын жарыялагандыгынын натыйжасында депутаттык көпчүлүктүн статусу жоюлганда;
анын жетекчиси же ыйгарым укуктуу өкүлү коалициянын таратылышы жөнүндө
6.5. Депутаттык көпчүлүк жана азчылык
6.5.1.Депутаттык мандаттардын теңинен көбүнө ээ болгон фракция же фракциялардын коалициясы депутаттык көпчүлүк болуп эсептелинет.
6.5.2.Депутаттык көпчүлүктүн коалициясына кирбеген фракция же фракциялар депутаттык азчылыкты түзөт.
6.5.3.Депутаттык азчылыктын фракциясы же фракциялары өзүн оппөзиция катары жарыялоого укуктуу.
7.1. Шаардык кеңештердин сессиялары алардын ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп эсептелет. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү шаардык кеңештин Регламента менен аныкталат.
7.2. Жаңы шайланган шаардык кеңештин биринчи сессиясы мурдагы чакырылган кеңештин төрагасы тарабынан шаардык кеңештин депутаттарын шайлоодон кийин эки жумалык МӨӨНӨТТӨН кечиктирбестен чакырьшат. Шаардык кеңештин биринчи сессиясын тиешелүү шаардык кеңештин курагы боюнча улуу депутаты ачат. Шаардык кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине шаардык кеңештин Регламентин бекитүү, шаардык кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо киргизилет.
8.1.Шаардык кеңештин иш планы бир жылга түзүлөт. Шаардык кеңештин иш планынын долбоору шаардык кеңештин аппараты тарабынан түзүлөт.
8.2.Шаардык кеңештин депутаттары, шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары,депутаттык фракциялары,шаардын мэри шаардык кеңештин иш планына сунуштарды берүү укугуна ээ.
Шаардык кеңештин бекитилген иш планындагы маселелердин аталышын өзгөртүү, жаңы маселелерди киргизүү, маселелерди алып салуу шаардык кеңештин сессиясынын чечими менен жүргүзүлөт.
8.3.Шаардык кеңештин иш планын бекитүү учуруна сунуш кылынган маселелер боюнча документтердин долбоорунун бар болушу талап кынынбайт.
Шаардык кеңештин ишин пландоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте пландан сырткары маселелердин долбоорлорун шаардык кеңешке даярдоо жана киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.
9.1. Шардык кеңештин кароосуна киргизүүгө сунуш кынынган документтердин тобу ушул Регламент менен белгиленген тартипте камтууга тийиш:
-баяндамачыны көрсөтүү менен маселени даярдоого жооптуу адам кол койгон бирге жиберилүүчү кат. Эгерде документ шаардык кеңештин мурда кабыл алган токтомун аткаруу боюнча даярдалса,анда бирге жиберилүүчү катта тиешелүү таяныч кылынат;
- шаардык кеңештин токтомунун долбоору.
Эгерде шаардык кеңештин токтомунун долбоору материалдык жана финансылык ресурстардын түшүшүн же чыгышын алдьш ала караштырган учурда, анда иштеп чыккандар тарабынан каржылоо булактары менен тиешелүү эсептер (экономикалык негиздөө) көрсөтүлөт.
9.2. Шаардык кеңештин токтомунун долбоору шаардык кеңештин аппараты тарабынан шаардык кеңештин туруктуу комиссияларына жөнөтүлөт. Шаардык кеңештин төрагасы шаардык кеңештин бир же бир нече туруктуу комиссияларына токтомдун долбоорун алдын ала сунуш кылууга укуктуу.
Токтомдун долбоорун шаардык кеңештин сессиясында караганга чейин аны алдын ала талкулоо жалпы шаардык талкуулоо, коомдук жана депутаттык угуулар формасында жургүзүлүшү мүмкүн.
9.3. Туруктуу комиссиялардын жыйналышында алдын ала каралган маселелер гана сессияга чыгарылат.
9.4. Шаардык кеңештин сессиясында маселени кароонун негизги жол-жоболору:
-ушул Регламентте каралган тартипте баян дама, кошумча баяндамалар;
-баяндамачыга жана кошумча баяндамачыга суроолор жана суроолорго жооптор;
-талкууланып жаткан маселе боюнча жарыш сөздор;
-баяндамачынын жана кошумча баяндамачыньш жыйынтык сөзү;
-добуш берүү мотивдери боюнча чыгып сүйлөөлөр; -документтин долбоорун кабыл алуу;
-кабыл алынган документтин долбооруна түзөтүүлөрдү, кошумчаларды киргизүү;
-добуш берүү мотивдери боюнча чыгып сүйлөөлөр;
-документти жалпы жолунан кабыл алуу боюнча добуш берүү.
9.5. Токтомдун долбоорун кароодо анын негизги жоболору ,аны кабыл алуу маселесинин зарылчылыгы талкууланат, токтомдун долбоорунун концепциясына жалпы баа берилет.
9.6. Шаардык кеңештин төрагасы, төраганын орун басары, шаардын мэри алдын ала жазылуусу жок кезексиз чыгып сүйлөө укугуна ээ.
9.7. Депутат 1 (бир) жолу жарыш сөзго чыгууга укуктуу. Ал эми күн тартибиндеги талкууланып жаткан маселе боюнча 3 (үч) жолу суроо берүүгө укуктуу.
9.8. Төрагалык кылуучу сессияда чыгып сүйлөөлөрдүн мазмунунун күн тартибине ылайык келүүсүнө, чыгып сүйлөөнүн белгиленген узактыгын сактоого көз салат, зарыл болгон учурда ал жөнүндө чыгып сүйлөөчүтө эскертет.
Эгерде чыгып сүйлөөчү сессияда төрагалык кылуучунун көрсөтмөсүн элес албаса, өзүнүн сөзүндө намыска тийүүчү сөздөргө жол берсе, анда төрагалык кылуучу аны тартипке чакырат же сөздөн ажыратат.
9.9. Жарыш сөз аяктагандан кийин баяндамачы жана кошумча баяндамачы жыйьштык сөз менен чыгып сүйлөөгө укуктуу, добуш берүү мотивдери боюнча чыгып сүйлөө жүргүзүлөт жана документтин долбоорун негиз катары кабыл алуу маселеси добушка коюлат.
Туруктуу комиссиялар жарыш сөздүн жыйынтыгы менен документтин долбооруна аны негиз катары кабыл алууга чейин өзгөртүү киргизүүгө жана шаардык кеңештин сессиясында добуш берүүгө чейин ал жөнүндө билдирүүгө укуктуу. Туруктуу комиссиянын сунушу менен шаардык кеңештин сессиясы протоколдук чечим менен документтин долбоорун негиз катары кабыл алууну добушка койгонду кийинки сессия болгон убакка чейин токтотуп турууга укуктуу.
9.10 Шаардык кеңештин сессиясы документтин долбоорун негиз катары кабыл алууга чейин ( ошонун ичинде жарыш сөздор жүрүп жатканда) жазуу жүзүндөгү арызы же оөзеки арызы менен шаардык кеңештин сессиясында добуш берүү жолу менен депутаттар документтин долбоорун чакыртып алууга укуктуу. Бул учурда жарыш сөздор токтойт. Сессия менен документтин долбоорунун үстүндө мындан ары иштөө тартиби аныкталат.
9.11. Токтомдун долбоорун талкуулоонун жыйынтыгында шаардык кеңеш томендөгү чечимдердин бирин кабыл алат:
- токтомдун долбоорун толугу менен кабыл алуу;
- токтомдун долбоорун анын жоболорун талкуулоо менен кабыл алуу ;
- токтомдун долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жана айтылган сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен анын үстүндө иштөөнү улантуу;
9.12. Токтомдун долбоорун анын жоболорун талкулоо менен кароодо бардык жазуу жүзүндө түшкөн сунуштар угулат, алар талкууланат жана добушка чыгарылат.
Четке кагылган сунуштар шаардык кеңештин жооптуу туруктуу комиссиясына чаласьш оццоо үчүн жөнөтүлөт,алар макул болбогон учурда өздөрүнүн сунуштарынын вариантын берет.
Добушка биринчи депутаттардын, андан кийин туруктуу комиссиянын сунуштары коюлат. Эгерде шаардык кеңеш сунуштардын ичинен бирөөнү да колдобосо, пункт четке кагылды деп эсептелет.
9.13. Токтомдо аны ишке ашыруунун тартиби белгиленет, атап айтканда :
1) Мөөнөтү конкреттештирилет, пункттарды же толугу менен токтомду ишке киргизүүнүн жолу аныкталат;
2) органдарга жана кызмат адамдарына мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгуу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилет, укук ченемдик актыларды жакшыртуу, аларды кабыл альшган токтомдорго ылайык келтирүү үчүн мөөнөттөр белгиленет;
9.14. Шаардык кеңештин ар бир токтомунда жана чечиминде анын аткарылышын контроль кылуучу адам (шаардык кеңештин тутумдук түзүмү) көрсөтүлөт.
Документтин жоболорун ишке ашыруунун эффективдүүлүгүнүн деңгээлин,аны аткаруунун кыйынчьшыгынын себебин табуу, аткарууга жолтоо болгон адамдарды ( органдарды) аныктоо, аларды жоопкерчиликке тартуу, ошондой эле зарыл болгон учурда сот тартибинде документтин жоболорун аткарууну камсыз кылуу контролдоонун максаты болуп эсептелет. Шаардык кеңеш контролдоону жүктөгөн адамга ( органга), аталган ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн эч кандай атайын ишеним каттар талап кынынбайт.
Токтомдун же чечимдин тапшырма берүүчү пунктунда аткаруучу ( бир же бир канча ) же шаардык кеңештин тутумдук түзумү жана эреже катары аткаруунун мөөнөтү көрсөтүлөт.
9.15. Токтомдордун аткарьшышынын жүрүшү боюнча билдирүү угулгандан кийин шаардык кеңеш укуктуу :
-аткарылган катары токтомду контролдон чыгарууга;
-аткарылган катары токтомдун айрым пункттарын контролдон чыгарууга;
-контролдоо укуктарын узартууга;
-контролдоо укуктарын башка адамга же органга жүктөөгө;
-токтомду жокко чыгарууга;
-токтомду өзгөртүүгө же аны толуктоого;
-кошумча токтом кабыл алууга.
9.16. Контролдоо боюнча отчеттуулуктун мөөнөтү же токтомдун өзүндө белгиленет, же шаардык кеңештин төрагасы токтомдун аткарылышын контролдогон адамга ( органга) шаардык кеңештин сессиясында билдирүү жасоону тапшырууга укуктуу.
9.17. Сессиянын протоколунда көрсөтүлөт:
-сессиянын датасы,өткөрүлгөн орду ,шаардык кеңештин чакырылышынын жылы, сессиянын катар номери;
-шаардык кеңешке белгиленген депутаттардын саны, шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы саны, сессияда катышкан депутаттардын саны;
-сессиянын күн тартибиндеги маселе жана баяндамачынын (кошумча баяндамачынын) аты-жөнү;
-сессияда чыгып сүйлөгөн адамдардын тизмеси;
-добуш берүүнүн жыйынтыктары ;
-сессиянын жүрүшүндө көрсөтүлгөн кошумча материалдар.
Депутаттардын аты-жөнү алардын депутаттык фракцияларын көрсөтүү менен, а башка адамдардын аты-жөнү ээлеген кызматын жана иштеген жерин көрсөтүү менен коштолот.
9.18. Сессиянын протоколу сессиянын иши бүткөн мезгилден кийин 5 күндүн ичинде бүткөрүлөт жана шаардык кеңештин төрагасы тарабынан кол коюлат. Шаардык кеңештин сессиясынын токтомдорунун чаласын оңдоо үчүн сессиянын протоколунан көчүрмөлөр бир жумалык мөөнөттө бүткөрүлөт.
Протоколдун нак өзү шаардык кеңештин жалпы бөлүмүнө сактоого тапшырьшат. Депутаттын өтүнүчү боюнча аппарат ага пртоколдун көчүрмөсүн тааньппуу үчүн берет.
9.20. Депутаттарды табелдик каттоо барагы шаардык кеңештин аппаратында сакталат.
Негиз катары кабыл алынган документтин долбоорунун нак өзү, аларга киргизилген түзөтүүлөр шаардык кеңештин аппаратында сакталат.
9.21. Документти кабыл алгандан кийин бир жумалык моонотто шаардык кеңештин аппаратынын кызматкерлери документтин долбоорун атккаруучу менен биргеликте аны иштеп чыгат. Каралган документтин текстине сунуш киргизген депутаттар виза койгондон кийин шаардык кеңештин токтомуна шаардык кеңештин төрагасы тарабынан кол коюлат. Шаардык кеңештин токтомуна тиркемелерге шаардык кеңештин аппарат жетекчиси тарабынан кол коюлат.
9.22. Шаардык кеңештин сессиясы менен кабыл алынган ченемдик укуктук актылар аларды күндүк мөөнөттө шаардык кеңештин аппаратынын жалпы бөлүмү тарабынан документти даярдаган жооптуу аткаруучу түзгөн тизме боюнча туруктуу комиссияларга, шаардын мэрине, башка кызыкдар адамдарга таркатьшат. Шаардык кеңештин кайрылууларынын текста алардын даректерине биринчи кезекте жөнөтүлөт.
10.1. Шаардык кеңештин сессиясы, шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде жарымы катышса, укук ченемдүү болот. Шаардык кеңештин сессиясы төрага тарабынан зарылчьшык болгон учурда ,бирок кварталына кеминде бир жолу чакырылат.
Сессия өткөрүлүүчү күнгө 3-5 күн калган да сессияны өткөрүүнүн убактысы, орду жөнүндө шаардык кеңештин аппараты тарабынан депутаттар кабардар кылынат, ошондой эле сессиянын материалдары менен камсыз кылынат.
Сессиянын кароосуна маселелер сессиянын башталыш күнүнөн 20 күндөн кечиктирбестен демилгечилер тарабынан киргизилет.
Белгиленген мөөнөттө чакырьшган сессиядан сырткары кезексиз сессиялар өткөрүлүшү мүмкүн.
Маселелер төрага, туруктуу комиссиялар, жалпы сандан 1/3 кем эмес депутаттык топтор жана шаардын мэри тарабынан киргизилиши мүмкүн.
Эгерде маселе олуттуу мүнөзгө ээ болбосо, бирок анын сессияда бекитилиши сөзсүз болсо, анда бул учурларда маселени депутаттарды суроо жолу менен талкуулоого жол берилет.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте шаардык кеңештин жабык сессиялары өткөрүлүшү мүмкүн.
10.2. Шаардык кеңештин сессиясына материалдарды таркатуу шаардык кеңештин төрагасынын же анын орун басарынын же сессияда төрагалык кылган депутаттын визасы болгондо ишке ашырылат.
10.3. Шаардык кеңештин сессиялары (күн тартибиндеги айрым маселени кароо) жабык өткөрүлүшү мүмкүн. Бул учурда сессия (күн тартибиндеги маселени жабык кароо) жабык сессия өткөрүү (күн тартибиндеги маселени жабык кароо) жөнүндөгү шаардык кеңештин чечимине ылайык өткөрүлүшү мүмкүн.
10.4. Сессияда катышкан шаардык кеңештин депутаттарынын саны табелдик каттоонун жыйынтыгы менен аныкталат.
Депутаттарды табелдик каттоо ар бир сессиянын алдында башталат жана анын бүтүшүнө чейин каттоо убактысын көрсөтүү менен улантьшат.
10.5. Жыл ичинде жүйөлүү себептерсиз шаардык кеңештин экиден ашуун сессияларында катышпаган депутаттардын тизмеси шаардык кеңештин чечими менен шаардык жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо үчүн берилиши мүмкүн.
Жүйөлүү себептерсиз сессиянын ишине эки иреттен ашык катышпаган депутат шаардык кеңештин кезектеги сессиясында оөзеки түпгүндүрмө берүүгө милдеттүү.
Жыл ичинде шаардык кеңештин сессияларында жүйөлүү себептерсиз экиден ашуун катышпагандыгы, ошондой эле шаардык кеңештин чечимдерин, ташпырмаларын аткарбагандыгы үчүн кеңештин депутаттары алардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен депутатты депутаттык мандатынан ажыратышы мүмкүн.
Депутаттын шаардык кеңештин сессияларына катьшшагандыгынын жүйөлүү себептери болуп документ менен ырасталган оору, иш сапары ,эмгек өргүүсү жана башка жүйөлүү себептер саналат.
10.6. Шаардык кеңештин протоколдук чечими менен шаардык кеңештин сессиясынын жумушчу органдары (катчылык,эсептөө комиссиясы, зарыл болгондо башка комиссиялар) түзүлүшү мүмкүн.
10.7. Шаардык кеңештин сессиясынын күн тартиби сессиясын күн тартибинин кезектеги маселелерин жана аны кароонун тартибин камтышы керек.
10.8. Шаардык кеңештин аппараты менен биргеликте шаардык кеңештин төрагасы даярдаган тартибинин долбоору депутаттарга таркатылат. Кеңештин кезектеги сессиясыньш күн тартиби кезектеги сессиясын ына чейин эки жумадан кечиктирбестен шаардык кеңештин аппаратынын сунуштарын эске алуу менен жана ушул Регламентке ылайык шаардык кеңештин аппараты тарабынан аныкталат.
Кезексиз сессия өткөрүлгөн учурда күн тартибинин долбоору жана маселелерди кароого зарыл материалдар депутаттарга сессиясын алдында каттоо жүрүп жатканда таркатьшат.
10.10. Шаардык кеңештин сессиясын сессияга төрагалык кылуучу алып барат. Шаардык кеңештин төрагасы сессиясын төрагалык кылуучусу болот. Ал жок болгон учурда төраганын орун басары же төрага, төраганын орун басары тарабынан шаардык кеңештин протоколдук чечими менен бул тапшырма берилген башка депутат ( өзүн алып салуу боюнча айтпаган) сессияга төрагалык кылат.
Сессияда төрагалык кылуучу, ал баяндамачы болгон маселени кароодо, сессияны алып барууну төраганын орун басарына өткөрүп бериши керек.
10.11. Шаардык кеңештин сессиясында төрагалык кылуучу укуктуу:
-сүйлөөчүнү сөздөн ажыратат, эгерде ал Регламент™ бузса, күн тартиби боюнча эмес сүйлөсө,
-этикалык жүрүм-турум эрежелерин сактабаса;
-аныктама үчүн депутаттарга жана кызмат адамдарына кайрьшууга;
-пландаштырьшбаган талаш-тартыштарды токтотуп турууга;
-депутатты тартипке чакырууга, ушул Регламенттин жоболоруна ылайык депутатка сөгүш берүүнү шаардык кеңешке сунуштоого ;
-сессиясын жыйналыш залында өзгочо шарттар пайда болгон, ошондой эле коомдук тартип одоно бузулган учурда сессияны токтотууга.
10.12. Шаардык кеңештин сессиясы учурунда сессиясын катышуучуларынын эч комиссиясынын төрагалык кылуучусунун макулдугусуз сөз сүйлөй албайт.
10.13. Шаардык кеңештин сессиясында төрагалык кылуучу милдеттүү:
-Регламентти сактоого жана күн тартибин карманууга;
-сессияда депутаттардын укугун сактоону камсыз кылууга; -сессиясын жыйналыш залында тартипти камсыз кылууга;
-сүйлөө регламентинин убактысын сактоону контролдоону жүзөгө ашырууга, белгиленген убакыттын өткөнүн чыгып сүйлөөчүгө эскертип турууга;
-бардык түшкөн сунуштарды жазып коюуга жана түшкөнү боюнча аларды добушка коюуга, добуш берүүнүн жыйынтыгын айтууга; -кезек боюнча сөз берүүгө;
-сессияны алып баруунун тартиби боюнча депутаттардын сунуштарын, анын ичинде өзүнүн альтернативдик сунуштарын угууга ( окууга) жана кезексиз добушка коюуга;
-сессиясын катышуучуларына сый мамиле көрсөтүүгө, сессиясын катышуучуларынын сөздөрүнө персоналдык сын-пикирди айтуудан жана баа берүүдөн,сөздөрдөн кийин комментарий берүүдө өзүн өзү токтотууга ;
-добушка коюулуучу ар бир сунуштарды редакциялоого, добушка коюлгандын ар бири боюнча бланктарды толтурууну жетектөөгө.
11.1. Ушул Регламентте добуш берүүнүн жыйынтыгын аныктоо үчүн колдонулуучу төмөндөгү түшүнүктөр колдонулат:
-шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы саны - шайланган депутаттардын жалпы саны б.а. 31 депутат;
-жыйналышта катышып жаткандардын саны- добуш берүүнүн алдында акыркы каттоо учурунда катталган шаардык кеңештин депутаттарынын саны;
11.2. Шаардык кеңеш сессияда чечимдерди ачык же жашыруун добуш берүү жолу менен кабыл алат.
Добуш берүүнүн ушул Регламент белгилеген түрүн өзгөртүү жөнүндө шаардык кеңештин чечими шаардык кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу мене кабыл алынат.
Бардык маселелер боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы шаардык кеңештин жыйналышынын протоколуна киргизилет.
11.З. Бир маселе боюнча добуш берүүдө шаардык кеңештин депутаты бир добушка ээ, аны чечимди кабыл алууга " макул" же "каршы"деп берет, же чечимди кабыл алууда калыс болот.
11.4. Ачык добуш берүүнүн алдьшда сессиясын төрагалык кылуучусу добушка канча сунуш коюлуп жатканын, кандай көпчүлүк добуш менен чечим кабыл алынышын (шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү, сессияга катышып жаткан депутаттардын санынын көпчүлүгү) айтат. Добушка коюу жарыялангандан кийин аны эч ким бөлүүгө акысы жок.
Добуштарды эсептегенден кийин сессиясын төрагалык кылуучусу чечим кабыл алынгандыгын же кабыл алынбагандыгын ( четке кагылгандыгын) жарьшлайт. Кворум жок болгондо сессиясын төрагалык кылуучусу добуш берүүнү кийинки шаардык кеңештин сессиясынын жыйналышына жылдырат.
11.5. Жашыруун добуш берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Жашыруун добуш берүү бюллетендерди колдонуу менен жүргүзүлөт.
Жашыруун добуш берүүнү жүргүзүү жана анын жыйынтыктарын аныктоо үчүн шаардык кеңеш эсептөө комиссиясынын курамьш шаардык кеңештин депутаттарынын ичинен аныктайт.
Шайлоо органынын курамына көрсөтүлгөн депутаттар, добуш берүү мезгилинде эсептөө комиссиясынын курамындагы өзүнүн ишин токтотуп турат.
Эсептөө комиссиясы өзүнүн курамынан комиссиянын төрагасын жана катчысын шайлайт.
Эсептөө комиссиясы өзүнүн чечимдерин өзүнүн мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алат.
Жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендер эсептөө комиссиясынын көзөмөлүндө анын сунушу менен шаардык кеңештин чечими бекиткен формада жана шаардык кеңештин депутаттарынын тиешелүү санына ылайык санда даярдалат.
Добуш берүү бюллетенинде чечимдин долбоору боюнча жооптун "ооба", "каршы" варианттары каралышы керек. Эсептөө комиссиясында калган бюллетендер эсептөө комиссиясынын төрагасы тарабынан анын мүчөлөрүнүн катьппуусунда жок кылынат.
Добуш берүүнүн убактысы жана орду, аны өткөрүүнүн тартиби ушул Регламентке ылайык эсептөө комиссиясы тарабынан белгиленет жана эсептөө комиссиясынын төрагасы тарабынан жарыяланат.
11.6. Депутаттардын тизмесине ылайык шаардык кеңештин ар бир депутатына анын шаардык кеңештин депутатынын күбөлүгүн көрсөткөндүгү боюнча жашыруун добуш берүүчү бир бюллетень берилет, ал жөнүндө депутат көрсөтүлгөн тизмедеги өзүнүн фамилиясынын тушуна кол коет.
Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан ар бир бюллетендин сырткы жагына кол коюлууга тийиш.
Жашыруун добуш берүүчү бюллетень эсептөө комиссиясы тарабынан бекитилген атайын ящиктерге салынат.
Депутаттардын эрктеринин жашыруун билдирүүсү үчүн эсептөө комиссиясы шарт түзүүгө милдеттүү.
Депутаттардын добуштарын эсептөөдо белгисиз формадагы бюллетендер, ошондой эле депутаттардын эрк-ниетин билдирүүсүн аныктоо мүмкүн болбогон бюллетендер жараксыз деп эсептелет жана бюллетенге киргизилген кошумчалар( точка, үтүр түрүндөгү жана башка ушул сыяктуу эркин белгилер) добуштарды эсептөөдо эсепке алынбайт.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө эсептөө комиссиясы протокол түзөт, ага эсептөө комиссиясынын бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлат.
Эсептөө комиссиясынын төрагасынын баяндамасынын негизинде сессиясын төрагалык кылуучусу чечим кабыл алындыбы же жокпу жарыялайт. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары шаардык кеңештин токтому менен бекитилет.
Добуш берүүнү өткөрүүнүн жүрүнгүндө ката табылса, шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кайталап добуш берүү жүргүзүлөт.
11.7. Эгерде ушул Регламентте башка тартип каралбаса, жол-жобо маселелери боюнча чечим кан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
11.8. Добуш берүүгө коюла турган сунуштар же түзөтүүлөр угузулууга тийиш, бул учурда алардын демилгечиси аталат.
12.1. Шаардык кеңештин сессиясында протокол алып барьшат. Шаардык кеңештин сессиясынын жыйналышынын протоколдорун алып баруу шаардык кеңештин аппараты тарабынан жүргүзүлөт.
Шаардык кеңештин сессиясынын жыйналышынын протоколунда чагылдырылат: -жыйналышты өткөрүүнүн датасы, убактысыюрду; -жыйналышта катышып жаткан депутаттардын саны; -сессиянын күн тартибиндеги маселелер;
- мына ушул жыйналыш үчүн депутаттар арасында таркатышкан документтердин аталышы жана редакциясы;
- сессияда төрагалык кылуучунун жана чыгып сүйлөөчүлөрдүн аты-жөнү;
-добушка коюлган бардык маселелер жана сунуштар, аларды чечүүнүн ыкмалары;
-добуш берүүнүн жыйынтыктары жана кабыл алынган чечимдер.
Сессиянын жыйналышында төрагалык кылуучу тарабынан протоколго кол коюлат.
13.1. Шаардык кеңештин ченемдик укуктук актылары шаардык кеңештин сессиясынын токтому жана төраганын буйругу түрүндө чыгарылат.
13.2. Шаардык кеңештин токтомдору, ушул Регламентте каралган учурларды кошпогондо, шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
13.3. Шаардык кеңештин сессиясынын токтомдоруна шаардык кеңештин төрагасы тарабынан кол коюлат.
14.1. Шаардык кеңештин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө туруктуу комиссиялардын же шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн сунуштары шаардык кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизилет жана алар тарабынан биринчи кезекте каралат.
14.2. Шаардык кеңештин Регламентинин жоболорун түшүндүрүү жана аны сактоону контролдоо шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын бирине жүктөлөт. Шаардык кеңештин Регламентинин жоболоруна түшүндүрмө шаардык кеңештин сессиясында берилет жана зарыл учурда шаардык кеңештин токтому менен бекитилет.
14.3. Шаардык кеңештин Регламентин бузуу менен кабыл алынган чечимдер жараксыз.