Загрузка документа…
ЖАЛАЛ АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013 жылдын 23 майы №5
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдында түзүлүп жаткан, долбоорлорду ишке ашыруу жана контролдоо бөлүмү боюнча жобону, штат бирдиктерин жана сметасын бекитүү жөнүндө
Жалал-Абад шаардык кеңешине Жалал-Абад шаарынын мэриясынан келип түшкөн каты шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясында каралып чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдында түзүлүп жаткан, долбоорлорду ишке ашыруу жана контролдоо бөлүмүнүн жобосу 1-тиркемеге ылайык бекитилисин (1-тиркеме тиркелет).
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдында түзүлүп жаткан, долбоорлорду ишке ашыруу жана контролдоо бөлүмүнүн смета чыгымдары менен штат бирдиктери 2,3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысынын милдетин аткаруучу Б. Беркбаевага милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Токтом массалык маалымат каражттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | М.Тагаев |
| Шаардык кеңештин 23.05.2013-ж. VII- сессиясынын № 5 токтомуна №1-тиркеме |
Ж О Б О
Жалал-Абад шаарынын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо долбоорун ишке ашыруу жана көзөмөлдөө бөлүмү жөнүндө.
1. Жалал-Абад шаарынын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо боюнча долбоорун ишке ашыруу жана көзөмөлдөө бөлүмү (мындан ары – бөлүм)- бул Жалал-Абад шаарынын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын куруу жана реабилитациялоо маселелери боюнча Жалал-Абад шаардык мэриясынын инвесторлор жана жарандык коом менен макулдашылган жана өз ара айкашылган ишти камсыз кылган бөлүм болуп эсептелет.
2. Бөлүм Жалал-Абад шаарынын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын курууда жана реабилитациялоодо катышкан ишкана, уюм жана кызматтардын ишмердүүлүгүн координациялоону, өз ара аракеттешүүсүн жана козөмөлдөөнү ишке ашырат.
3. Бөлүм өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле ушул Жобону колдонот.
4. Бөлүмдүн ишин алып барууга кеткен чыгымдар шаардын каржы башкармалыгынын макулдашуусу менен Шаардык Кеңештин сессиясында бекитилген смета боюнча жергиликтүү бюджеттин каражатынан жумшалат.
5. Бөлүмдү каржылоо Жалал-Абад шаардык мэриясынын бухгалтериясы аркылуу жүргүзүлөт. Ишке ашыруу жана көзөмөлдөө бөлүмү юридикалык жак болуп эсептелет. Бөлүм мамлекеттик жана расмий тилдеги аталышы менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрө, белгиленген үлгүдөгү штамп жана бланкаларга, ошондой эле банктарда эсептик счетуна ээ.
6. Бөлүмдүн турган жери: Ж. Бакиев көчөсүнүн №38 жайгашкан Жалал-Абад шаардык мэриясынын имаратында орун алган.
7. Жалал-Абад шаарынын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо боюнча долбоорун ишке ашыруу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн негизги милдеттери:
· Жалал-Абад шаарынын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын куруу жана реабилитациялоо боюнча долбоорлоруна жана программаларына байкоо жүргүзүү жана баалоо;
· тартылган инвестициялардын эсебинен курулууга тийиш болгон обңектилердин долбоордук-сметалык иш кагаздарын окуп чыгуу жана өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү;
· Жалал-Абад шаарынын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын курууда жана реабилитациялоодо катышкан бөдрөдтүк (подрядных) уюмдардын ишин уюштуруу жана координациялоо;
· курулуш-монтаждык иштеринин көлөмүн аткаруу учурунда курулуш нормаларын жана эрежелерин сактоого, колдонулуучу материалдардын сапатына көзөмөл жүргүзүү;
· аткарылган иштин этаптарын өткөрүп алууну иш жүзүнө ашыруу.
8. Жалал-Абад шаарынын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо долбоорун ишке ашыруу жана көзөмөлдөө бөлүмү жүктөлгөн тапшырмаларга ылайык төмөнкү функцияларды иш жүзүнө ашырат:
· Жалал-Абад шаарынын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын куруу жана реабилитациялоого байланышкан маселелер боюнча АӨБ, ЕӨРБдин миссиясына сунуштарды киргизет;
· шаардын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын куруу жана реабилитациялоого байланышкан иш чараларга даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө бардык физикалык жана юридикалык жактардын иш аракеттерин бир ыңтайга келтирет;
· шаардын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын куруу жана реабилитациялоо долбоорлорун иштеп чыгууну координациялайт;
· миссия менен биргеликте имараттардын жана курулуштардын, инженердик коммуникациялардын техникалык абалын текшерүүгө жана долбоордук-сметалык иш кагаздарын даярдоого катышат;
· шаардын таламдаш ишканалары жана кызматтары менен шаардын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын куруу жана реабилитациялоо маселелери боюнча өз ара аракеттешет;
· шаардын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын куруу жана реабилитациялоо программаларын, долбоорлорун ишке ашырууда байкоо жүргүзүп, баалоону жана көзөмөлдү жүзөгө ашырат;
· долбоорлорду ишке ашырууда анын натыйжалуулугуна жана аткарылган иштин сапатына жоопкерчилик тартат;
· долбоорго чейинки документтерди иштеп чыгууга, миссия жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органы менен биргеликте конкурстук негизде мамлекеттик сатып алууларды, тейлөө мүдөөлөрүн пайдаланып, тапшыруучуну тандоо иштерин ишке ашырууга катышат;
· долбоордун иш кагаздарын окуп таанышып чыгуу, талдоо, аткарылган иштин актыларындагы баа коюунун жана коэффициенттерди пайдалануунун тууралыгын текшерүүгө катышат;
· кошумча иштер келип чыкканда, долбоордун иш кагаздарына өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүүдө миссия менен макулдашат;
· куруу жана реабилитациялоо участокторун текшерүүнү уюштурат жана обьектилерди долбоордоого, техникалык шарттарды чогултууга карата баштапкы маалыматтарды берет, ошондой эле шаардын кызыккан ишканалары, кызматтары жана миссиясы менен керектүү макулдашууларды жүргүзөт;
· белгиленген тартипте долбоорду мамлекеттик экспертизадан өткөрүүнү көзөмөлдөйт, ошондой эле экспертиза берген корутундунун негизинде долбоордук-сметалык иш кагаздарына өз учурунда эскертүүлөрдү жана түзөтүүлөрдү киргизүүнү камсыз кылат;
· отчеттуулуктун бардык белгиленген формаларын өз убактысында түзүүнү жана сунуштоону камсыз кылат;
· аткарылган иш актыларындагы баа коюу жана коэффициенттерди колдонуунун тууралыгы үчүн көзөмөл жүргүзөт;
· долбоордук-сметалык иш кагаздарынан, курулуш көлөмдөрүнүн долбоордук чечимдеринен, колдонулуп жаткан курулуш материаларынын түрлөрүнөн (иштеп даярдалган буюм жана конструкциялар), инженердик-технологиялык жабдуулардан четтеп кетүүгө жол бербөө боюнча чара көрөт;
· суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын куруу жана реабилитациялоо обьектилерине дайыма техникалык көзөмөлду жүргүзүп турат;
· курулушту каржылоо эрежелери менен белгиленген тартипте аткарылган курулуш-монтаждык иштерин өткөрүп алуу актыларын түзүүнү камсыз кылат;
· көрүнбөгөн иштерди өткөрүп берүүдө, ошондой эле жооптуу конструкцияларды ушул иштердин күбөлөндүрүү актыларын түзүү аркылуу эки арадагы өткөрүп берүүгө катышат;
· реабилитациядан өтүп жаткан суу менен жабдуу жана канализация тутумдарында жана курулуш обьектилеринде аткарылып жаткан курулуш-монтаждык иштеринин жасалуу сапатына ыкчам текшерүүлөрдү жүргүзүп жана ал иштерге тоскоолсуз катыша алат;
· мамлекеттик жана жумушчу комиссиянын колдонулуп жаткан курулуш нормалары, эрежелери жана ишти өткөрүп берүүгө ылайык бүткөн курулуш обьектилерин пайдаланууга берүү боюнча даярдык иштерине катышат;
· өз ыйгарым укугунун алкагында суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын куруу жана реабилитациялоо маселелери боюнча жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларын өз убактысында карап чыгат.
9. Бөлүм өзүнө жүктөлгөн тапшырмаларды жана функцияларды ишке ашыруу максатында төмөнкү укуктарга ээ:
· ишкана жана уюмдар, шаардык мэриянын кызматтарынын суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын куруу жана реабилитациялоо маселелери боюнча ишмердүүлүгүн координациялоого;
· келип чыккан маселелерди ыкчам чечүү үчүн таламдаш ишканалардын, шаардык кызматтардын адистерин, миссиянын серепчилерин тартууга;
· ишке ашып жаткан долбоор боюнча курулуштун жана реабилитациянын жүрүшү жөнүндө, аймактарды куруу жана реабилитациялоого катышкан жетекчилердин, бөдрөттүк (подрядных) уюмдардын отчетторун угууга;
· натыйжалуу жумушу, өзгөчө маанилүү тапшырмаларды аткаргандыгы үчүн жана Кыргыз Республикасынын маанилүү датасына арнап бөдрөттүк уюмдардын, ишканалардын жана шаардык кызматтардын адистерин сыйлоо жөнүндө сунуш киргизүүгө;
· Жалал-Абад шаардык мэриясына реабилитацияга тийиш болгон имарат, курулуш жана инженердик коммуникациялардын техникалык абалын текшерүү боюнча жумушчу комиссиясын түзүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
· уюмдардан, ишканалардан жана шаар кызматтарынан суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын куруу жана реабилитациялоого байланышкан маалыматтарды жана керектүү иш кагаздарын белгиленген тартипте сурап билүүгө жана алууга;
· аймактарды куруу жана реабилитациялоо маселелери боюнча Жалал-Абад шаардык мэриясынын расмий өкүлү катарында чыгууга;
· бөлүмдүн ишин алып барууга кеткен чыгымдардын сметасын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен макулдашууга;
· бөлүмдүн кызматкерлер ортосундагы милдеттерин бөлүштүрүүгө;
· күндөлүк көйгөйлөрдү өз убактысында чечүү максатында суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын куруу жана реабилитациялоо долбоорун ишке ашырууга байланышкан шаардык мэриянын токтомдорунун, буйрутмаларын долбоорлорун даярдоого;
· берилген ыйгарым укуктун алкагында таламдаш ишканалар жана шаар кызматтары менен суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын куруу жана реабилитациялоо боюнча күндөлүк маселелерди чечүүгө;
· бөлүмдү мамлекеттик, коомдук уюмдарда, ишканаларда жана шаар кызматтарында анын ыйгарым укугуна кирген маселелер боюнча көрсөтүүгө;
· бөлүмдүн ыйгарым укуктарына тийиштүү болгон маселелерди чечүү боюнча Жалал-Абад шаардык мэриясынын кароосуна сунуштарды киргизүүгө.
Бөлүмдүн түзүмү, штаттык саны бөлүм башчы тарабынан бекитилет.
4. Бөлүм төмөнкү курамдан турат:
1) Бөлүм башчы;
2) Бөлүмдүн башкы адиси;
3) Бухгалтер адиси.
· Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоого;
· жогоруда көрсөтүлгөн долбоорлорду ишке ашырууда таламдары көрсөтүлгөн жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоону жана коргоону камсыз кылууга;
· жарандардан келип түшкөн арыз, кайрылуу жана каттарды өз учурунда карап, аларга керектүү чараларды кабыл алууга;
· өз ыйгарым укуктарын аларга берилген укуктун чегинде жана кызматтык милдеттерине ылайык иш жүзүнө ашырууга;
· Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамдары менен белгиленген мамлекеттик жана эмгек тартибин, кызматтык этиканын нормаларын сактоого;
· бөлүм башчынын буйруктарын жана буйрутмаларын, шаар мэриясынын, кызмат адамдарынын буйрутмаларын, чечимдерин алардын ыйгарым укугунун чегинде аткарууга;
· кызматтык милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн өзүнүн кесиптик деңгээлин жана квалификациясын жогорулатууга.
· бөлүм Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, шаардык Кеңештин, Жалал-Абад шаардык мэриясынын башка мыйзам ченем актыларына ылайык негизги милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ыйгарым укуктарга ээ;
· бөлүмдү Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте кызматка дайындалып жана кызматтан бошотулуучу башчы жетектейт;
· бөлүм башчы бөлүмдүн ишмердүүлүгүнө жалпы жетекчиликти ишке ашырат жана бөлүмгө жүктөлгөн тапшырмалардын аткарылуусуна, алардын өз функцияларын жүзөгө ашыруусуна жеке жоопкерчилик тартат.
Бөлүм башчы:
· бөлүмдүн адистеринин ыйгарым укуктарын жана милдеттерин аныктайт;
· шаардык мэрия башкармалыгына бөлүмдүн адистерин кызматка дайындоо же болбосо кызматтан бошотуу жөнүндө сунуштарын киргизет;
· бөлүмдүн ишин координациялайт, бөлүмдүн ишмердүүлүгүнө байланышкан жана анын компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат;
· бөлүмдүн адистерин сыйлоо же жаза берүү жөнүндө сунуш киргизет;
· эмгекти уюштурууну жакшыртуу боюнча иш чараларды кабыл алат;
· бөлүм башчы жок болгон учурда анын милдеттери бөлүмдүн адистеринин бирине жүктөлүүсү мүмкүн;
· бөлүм бүтүндөй шаар мэрине жана анын орун басарына отчет берүүгө милдеттүү.
Бөлүмдү кайра түзүү жана жоюу Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын куруу жана реабилитациялоо долбоорлорун ишке ашыруу аяктаган соң жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык ишке ашырылат.
Жооптуу катчынын м.а. | Б. Беркбаева |
| Шаардык кеңештин 23.05.2013-жылдагы кезектеги VII сессиясынын №5 токтомуна №3 тиркеме |
Nо | Кызматы | Бирдиктердин саны | Кызматтык маяна | Мамлекеттик (муницип.) стаж | Класстык чин | Үстөк кошуулар | Нормадан тышкаркы иш күн | Бир айлык эмгек акы (бир кишиге) | Бир айлык эмгек акы(бардыгына) | 13 - эмгек акы | Бир жылга эсеп | ||
жыл | % | сумма | |||||||||||
1 | 2 | 3 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 |
1 | Жетекчи | 1 | 10000 | 14 | 25 | 2500 | 1400 | 5000 |
| 18900 | 18900 | 11025 | 143325 |
2 | Башкы адис | 1 | 8000 | 5 | 15 | 1200 | 600 | 4000 |
| 13800 | 13800 | 8050 | 104650 |
3 | жетек.адис.-бухгалтер | 1 | 7500 | 14 | 25 | 1875 | 600 | 3750 |
| 13725 | 13725 | 8006 | 104081 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Итого | 3 | 25500 |
|
| 5575 | 2600 | 12750 | 0 | 46425 | 46425 | 27081 | 352056 |
Шаардык кенештин жооптуу катчынын м.а. | Б. Беркбаева |
| Шаардык кеңештин 23.05.2013-жылдагы кезектеги VII сессиясынын №5 токтомуна №2 тиркеме |
Долбоорлорду ишке ашыруу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн 2013-жылга сметасы (01-июндан тартып)
Берене-нин коду | Беренелердин аталышы | Бир жылына | Анын ичинде кварталга | |||
I | II | III | IV | |||
2111 | Айлык акы | 352,1 |
| 46,4 | 139,4 | 166,3 |
2121 | Соц.фонд толомдору | 60,7 |
| 8,0 | 24,0 | 28,7 |
2215 | Ар турдуу чыгымдары | 57,2 |
| 8,0 | 24,6 | 24,6 |
| бардыгы | 470,0 | 0,0 | 62,4 | 188,0 | 219,6 |
Жооптуу катчынын м.а. | Б. Беркбаева |