Загрузка документа…
ЖАЛАЛ АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013 жылдын 23 майы №8
Жалал-Абад шаарынын аймагында ичүүчү сууга жана канализацияга болгон тарифтери жөнүндө
Жалал-Абад шаардык мэриянын 22.08. 2012-жылдагы №4-5/1311 сандуу каты, «Жалал-Абадсууканал» башкармасы менен реконструкция жана өнүктүрүү Европалык банкынын ортосундагы «Жлал-Абад шаарын суу менен камсыз кылуу жана канализацияны реабилитациялоо» долбоордук келишимдин шарттарын жана Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин атаандаштыкты өнүктүрүү департаментинин түштүк аймактар аралык бөлүмүнүн 06.08.2012-жылдагы №6/5 буйругу шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясында каралып чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XVII-сессиясынын 15.06.2011-жылдагы X-токтому күчүн жоготту деп табылсын.
2. Жалал-Абад шаарынын аймагында ичүүчү сууга жана канализацияга болгон тарифтери 1-тиркемеге ылайык бекитилип, 2013-жылдын 1-июнь айынан тартып эсептелсин.
3. Шаардагы массалык маалымат каражаттары аркылуу ичүүчү сууга жана канализацияга болгон тарифтин жогорулагандыгы жөнүндө түшүндүрүу иштерин жүргүзүү жагы “Жалал-Абадсууканал” башкармасына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысынын м.а. Б.Беркбаевага милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | М.Тагаев |
| Шаардык кеңештин 23.05.2013-ж. VII- сессиясынын № 8 токтомуна №1 тиркеме |
Жалал-Абад шаарынын ичүүчү суунун жана саркынды суунун, (канализация) тарифи
№ к/н | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Өлчөө бирдиги | Тарифи (Наркы же баасы) |
1. | Ичүүчү суу Анын ичинен: калкка Бюджеттик ишканалар Башка ишканалар | м 3/сом - - - | 8,81 6,0 10,0 15,08 |
2. | Саркынды сууларды кабыл алып тазалоо (канализация) Анын ичинен: калкка Бюджеттик ишканалар Башка ишканалар |
м 3/сом - - - |
5,73 4,10 7,0 8,60 |
Жооптуу катчы м.а. | Б. Беркбаева |