Загрузка документа…
ЖАЛАЛ АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013 жылдын 23 майы №8
“Султанат Оман” кайрымдуулук уюмунун салымы менен жаңы курулган жер үйлөрдү муниципалдык менчике баланска өткөрүү жана мекеме-ишканаларга кызматтык батирге берүү жөнүндө
Жалал-Абад шаардык мэриясынын 19.03.2013-жыл № 8-1/329 сандуу шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясында каралып чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Султанат Оман” кайрымдуулук уюму курулган жер үйлөрдү баланска алуу шаардык муниципалдык менчикти башкаруу комитетине жүктөлсүн.
2. Жалал-Абад шаарынын Тарсус көчөсүндө “Султанат Оман” кайрымдуулук уюму тарабынан курулган жети үйдөгү 14-батирди мекеме-ишканаларга муниципалдык менчикти башкаруу комитети тарабынан кызматтык батирлерди №1-тиркемедеги тизмеге ылайык бөлүштүрүп берилсин.
3. Шаардык муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин төрагасы (К. Алдосов) мекеме-ишканаларга 14-батирди муниципалдык менчикти башкаруу комитети тарабынан тизме боюнча бөлүп берүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысынын милдетин аткаруучу Б. Беркбаевага милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Жалал-Абад шаардык кеңешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Токтом расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага | М.Тагаев |
| Шаардык кеңештин 23.05.2013 ж. VII- сессиясынын № 9 токтомуна №1 тиркеме |
“Султанат Оман” кайрымдуулук уюму тарабынан курулган 14-батирди мекеме-ишканаларга бөлүштүрүп берүү тизмеси
№ | Мекеме-ишканалардын аталышы | Бөлүнгөн квартира | сунуш |
1. | Жалал-Абад шаардык мэриясы ММБ | 1 |
|
2. | Жалал-Абад областтык прокуратура | 2 |
|
3. | Жалал-Абад шаардык билим берүү башкармалыгы | 1 |
|
4. | Жалал-Абад шаардык үй-бүлөлүк даарыгерлер борбору | 1 |
|
5. | Жалал-Абад областтык СНБ | 2 |
|
6. | Жалал-Абад шаардык Союз “Афганцев” | 1 |
|
7. | Жалал-Абад Мамлекеттик университети | 1 |
|
8. | Жалал-Абад областтык Т.Тыныбеков атындагы филормония | 1 |
|
9. | Жалал-Абад областтык биргелешкен оорукана | 1 |
|
10. | Жалал-Абад Ички Иштер башкармалыгы | 3 |
|
| Баардыгы | 14 |
|
Жооптуу катчы м.а. | Б. Беркбаева |