Загрузка документа…
СУМСАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 8-июну № 3
Сумсар айылдык кеңешинин Регламенти жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 11-пунктуна ылайык Сумсар айылдык Кеңешинин V чакырылышынын Vl сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Сумсар айылдык кеңешинин Регламенти кабыл алынсын (тиркелет, тиркеме №2).
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик укуктук ченемдик актыларынын Реестрине киргизүү үчүн токтомду Жалал-Абад областынын юстиция башкармалыгына жөнөтүү Сумсар айылдык Кеңешинин төрагасы А.Оморовко тапшырылсын.
Токтом расмий түрдө райондук “Чаткал оттору” гезитине жарыялангандан 10 күндөн кийин күчүнө кирет.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Сумсар айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары-Регламент боюнча жумушчу топтун жетекчиси С.Т.Турдумамбетовага тапшырылсын.
Сумсар айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Оморов |
| Тиркеме 2013-жылдын 8-июнунда Сумсар айылдык rеңешинин сессиясында кабыл алынган. |
l бөлүм. Жалпы жоболор.
ll бөлүм. Сумсар айылдык Кеңешинин сессиялары.
lll бөлүм. Сумсар айылдык Кеңешинин чечимдери.
lV бөлүм. Сумсар айылдык Кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссиялары.
V бөлүм. Сумсар айылдык Кеңешинин төрагасы.
Vl бөлүм. Сумсар айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары.
Vll бөлүм. Сумсар айылдык Кеңешинин катчысы.
Vlll бөлүм. Сумсар айылдык Кеңешинин депутаттарынын укуктары жана милдеттери.
lX бөлүм. Сумсар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун, кызмат ордуна киришүүсүнүн жана кызмат ордунан бошотуунун тартиби.
X бөлүм. Сумсар айылдык Кеңешинин Регламентин кабыл алуу, ага Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү.
1.1. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык
Сумсар айылдык Кеңеши (мындан ары-Кеңеш) төрт жылдык мөөнөткө түзүлүүчү Сумсар айыл аймактык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.
1.2. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” жана колдонуудагы башка мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтомдорун, Сумсар айылдык жергиликтүү жамаатынын Уставын жана ушул Регламентти жетекчиликке алат.
2.1. Сессиялар Кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп эсептелет. Сессиялар депутаттардын жалпы санынын кеминде жарымы катышса укук ченемдүү болот.
Кеңеш, эгерде мыйзамда башкача каралбаса, Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алат.
Кеңештин депутаттары ушул Регламентти, Кеңештин, анын органдарынын иштөө тартибин аныктоочу башка ченемдик актыларды сактоого, Кеңештин сессияларына, өзү курамына кирген туруктуу комиссиянын, башка органдардын заседаниелерине катышууга милдеттүү.
Депутаттардын сессияларга катышуусунун эсебин алууну Кеңештин катчысы жүргүзөт. Сессияга катышууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда депутат себебин көрсөтүү менен Кеңештин катчысына күн мурунтан маалымдайт.
2.2. Кеңештин иши жылдык пландын негизинде жүргүзүлөт.
Пландын долбоору депутаттардын сунушу боюнча түзүлөт жана Кеңештин сессиясында бекитилет.
2.3. Жаңы шайланган Кеңештин биринчи сессиясы мурдагы чакырылган Кеңештин төрагасы тарабынан Кеңештин депутаттарын шайлоодон кийин эки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат. Кеңештин биринчи сессиясын курагы боюнча улуу депутаты ачат.
2.4. Кеңештин сессияларында төмөнкүдөй маселелер чечилет:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджет жана анын аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндө маалыматты угуу;
3) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын контролдоо;
4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
5) жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тартибин аныктоо жана муниципалдык менчиктин пайдаланылышына контролду ишке ашыруу;
6) айыл өкмөтүнүн башчысынын иши жөнүндөгү отчётун угуу;
7) мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8) жергиликтүү жамааттын Уставын бекитүү;
9) тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
10) Кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген Кеңештин төрагасынын чечимдерин жокко чыгаруу;
11) Кеңештин Регламентин кабыл алуу;
12) өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;
13) Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде айыл өкмөтүнүн сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү;
14) муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен камсыз кылууну пайдалангандык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу тиричилик таштандыларын жыйнагандык, ташып чыгаргандык жана жок кылгандык үчүн тарифтерди бекитүү;
15) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырымдарды тыюу салганга чейинки чектөөлөрдү аныктоо;
16) ирригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо;
17) жергиликтүү жамааттын Уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү.
2.5. Кеңештин сессияларында кошумча иретинде төмөнкүдөй маселелер чечилет:
1) айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;
2) мыйзамда белгиленген тартипте айыл өкмөтүнүн башчысына ишенбөөчүлүк билдирүү;
3) мамлекеттик фонддун айыл чарбасына жарактуу жана чабынды жерлерин ижарага берүүнүн тартибин аныктоо;
4) талап кылынбаган жана пайдаланылбаган жайыттарды пайдалануу.
2.6. Кеңештин сессиялары коомчулук үчүн ачык. Ар бир жаран Кеңеш тарабынан бекитилген Регламентке ылайык сессияларга катышууга укугу бар.
Кеңеш, эгерде каралуучу маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга таандык болсо, сессияны жабык өткөрүү жөнүндө чечим кабыл ала алат.
Кеңеш сессиялардын датасы жана күн тартиби жөнүндө жарандарды алдын ала кабардар кылуу боюнча бардык чараларды көрүүгө, алардын сессияга кириши үчүн бардык шарттарды түзүүгө, ошондой эле көрүлгөн чаралар жөнүндө жергиликтүү жааматка маалымдоого милдеттүү.
2.6. Кеңештин сессиялары ачык, кварталына кеминде бир жолу же депутаттардын жалпы санынын кеминде үчтөн биринин талабы боюнча өткөрүлөт.
2.7. Сессияны чакыруу убактысы, өткөрүү орду жана күн тартибинде каралуучу маселелер жөнүндө Кеңештин төрагасы чечим кабыл алат. Ал чечимди Кеңештин катчысы сессияга чейин 5 күндөн кечиктирбестен депутаттарга жана тиешелүүлөргө кабарлайт жана калкка жеткирет.
2.8. Чечимдердин долбоорлорун жана талкууланып жаткан маселелерге тиешелүү материалдарды сессияга чейин 3 күндөн кечиктирбестен Кеңештин катчысы депутаттарга жеткирет.
2.9. Кеңештин кезексиз сессиялары Кеңештин төрагасынын, туруктуу комиссиялардын демилгелери боюнча же депутаттардын кеминде үчтөн бир бөлүгүнүн сунушу боюнча чакырылат. Кезексиз сессия аны чакыруу жөнүндө сунуш алынгандан тартып 7 күндөн кечиктирилбестен өткөрүлүүгө тийиш.
Кезексиз сессияны чакыруу жөнүндө сунуш күн тартибине киргизүүгө сунуш кылынган маселелерди көрсөтүү жана кезексиз сессиянын зарылчылыгын негиздөө менен жазуу жүзүндө Кеңештин төрагасына жөнөтүлөт.
2.10. Кеңештин сессиясына планда каралган маселелерди бекитилген иш планга ылайык аларды даярдоо үчүн жоопкерчилик жүктөлгөн адамдар даярдайт. Пландан тышкаркы маселелерди аларды киргизүүнүн демилгечилери даярдашат.
2.11. Кеңештин чечими боюнча же Кеңештин төрагасынын буйругу боюнча Кеңештин компетенциясына кирген маселелерди даярдоо үчүн депутаттардын, адистердин, ошондой эле жарандар менен коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн ичинен жумушчу комиссиялар (топтор) түзүлүшү мүмкүн.
2.12. Кезектеги сессиянын күн тартибине киргизүү үчүн сунуш кылынган маселелер боюнча материалдар (чечимдердин долбоорлору, суроо-талаптар, кайрылуулар жана башкалар) сессияга чейин 5 күндөн кечиктирилбестен Кеңештин катчысына (маселенин аталышы, маселени талкуулоо зарылчылыгы, убактысы менен) жазуу жүзүндө берилүүгө тийиш. Андай болбогон учурда маселе кийинки жыйналышка которулат.
2.13. Кеңештин кароосуна сунуш кылынган чечимдердин долбоорунда аткаруучулар, аткаруу мөөнөттөрү, чечимдер күчүнө кире турган убактысы көрсөтүлүүгө тийиш.
2.14. Кеңештин сессиясында добуш берүү ачык, кол көтөрүү менен жүргүзүлөт. Кеңеш зарыл деп тапкан учурда добуш берүү башкача ыкма менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
2.15. Добуш берүүнүн натыйжалары протоколго киргизилет.
2.16. Кеңеш ар бир сессияда катышып олтурган депутаттардын көпчүлүгүнүн добушу менен күн тартибин жана сессиянын иштөө тартибин кабыл алат.
2.17. өзгөчө учурларда гана күн тартибине Кеңештин макулдугу менен сессияга түздөн-түз коюлуучу маселелер киргизилиши мүмкүн.
Сессиянын күн тартибине кошумча маселелерди киргизүү жөнүндөгү чечим ар бир сунуш боюнча добуш берүү менен жалпы депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
2.18. Кеңеш сессиянын күн тартибин бекиткенден кийин маселелерди талкуулоо күн тартибинде белгиленген тартип боюнча жүрөт. Маселелерди талкуулоо тартибиндеги өзгөртүүлөр Кеңештин макулдугу менен жүргүзүлөт.
2.19. Тигил же бул себептерден улам бул сессияда каралбаган маселелер Кеңештин кийинки сессиясында каралууга тийиш.
2.20. Сессияда докладдар үчүн убакыт, эреже каратары 20 мүнөткө чейин, кошумча докладдар үчүн 10 мүнөткө чейин берилет. Жарыш сөзгө чыккандарга 5 мүнөткө чейин, арыздар, кошумча сунуштар, сессияны алып баруунун тартиби жана башка билдирүүлөр үчүн 3 мүнөткө чейин убакыт бөлүнөт.
Жалпы шайланган депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугу менен төрагалык кылуучу доклад же сөз сүйлөө үчүн убакытты узарта алат.
2.21. Сессиянын жүрүшүндө ага катышып олтурган депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугу болбосо, ар бир депутат бир маселе боюнча эки жолудан ашык сүйлөй албайт.
2.22. Эгерде сөз сүйлөп жаткан адам талкууланып жаткан маселеден алыстаса, төрагалык кылуучу аны талкууланып жаткан маселеден алыстабоого чакыра алат. Оратор сөз сүйлөө үчүн берилген убакыттан ашып кетсе же талкууланбаган маселе боюнча сөз сүйлөсө, төрагалык кылуучу экинчи жолу эскертүүдөн кийин аны сөз сүйлөөдөн ажырата алат.
3.1. Сессияда каралган маселелер боюнча Кеңеш чечим кабыл алат.
3.2. Кеңештин чечимдери сессияда талкуулангандан кийин ачык, анын ичинде атын атоо менен же жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.
3.3. Кеңештин чечимдери токтом түрүндө чыгарылат жана ага Кеңештин төрагасы кол коёт.
3.4. Кеңештин чечимине макул болбогон депутат өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө же оозеки баяндоого укуктуу, ал Кеңештин сессиясынын протоколуна киргизилет.
3.5. Депутаттардын көпчүлүгү чечимдин сунуш кылынган долбоорун жактап добуш берсе, ал негиз катары алынат. Чечимдин сунуш кылынган долбоору негиз катары кабыл алынбаса, ал статьялар боюнча каралышы мүмкүн.
3.6. Чечимдин долбооруна түзөтүү киргизүүнү каалаган депутат аны төрагалык кылуучуга жазуу жүзүндө берет. Түзөтүү талкууга коюлат жана жалпы депутаттардын жарымынан ашыгы жактап добуш берсе, кабыл алынат.
Бардык түзөтүүлөр каралып чыккандан кийин чечимдин долбоору бүтүндөй кабыл алынат.
3.7. Кеңештин чечимдерин чыгаруу жоопкерчилиги Кеңештин катчысына жүктөлөт.
Кеңештин чечимдерине кол коюлгандан кийин аларды 2 күндүк мөөнөттө Кеңештин катчысы тиешелүүлөргө жеткирет.
3.8. Кеңештин карамагына таандык маселелер боюнча чечимдери, мыйзамдарда башка тартип каралган учурларды кошпогондо, шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
3.9. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына каршы келген учурда Кеңештин чечимдерин жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
4.1. Кеңештин карамагына таандык маселелерди алдына ала кароо жана даярдоо, ошондой эле чечимдерди ишке ашырууга катышуу, ушул чечимдердин аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн Кеңеште туруктуу комиссиялар түзүлөт. Комиссияларды түзүү жөнүндөгү чечим Кеңештин сессиясында кабыл алынат.
4.2. Туруктуу комиссиялар Кеңештин негизги түзүмдүк органдары болуп саналат. Алар Кеңештин алдында жооптуу жана ага отчёт берет.
Туруктуу комиссиялар Кеңештин депутаттарынын ичинен түзүлөт. Туруктуу комиссиялардын курамына Кеңештин төрагасы жана анын орун басары шайланышы мүмкүн эмес. Депутат Кеңештин бир гана туруктуу комиссияларынын мүчөсү боло алат.
Туруктуу комиссиялар кеминде 3 депутаттан түзүлөт, аларды шайлоо Кеңештин сессиясында жүзөгө ашырылат. Ар бир комиссиянын курамы үчүн добуш берүү тизме менен жүргүзүлөт. Чечим шайланган депутаттардын санынын көпчүлүк ачык добуш менен кабыл алынат.
4.3. Туруктуу комиссиялардын чогулушу бекитилген пландарга ылайык эки айда кеминде бир жолу чогулат.
Кеңештин туруктуу комиссиялары:
-Кеңештин кароосуна киргизилүүчү экономикалык, социалдык жана тиешелүү улуттук маданий өнүгүүгө байланышкан маселелерди даярдоого катышат;
-аймактын социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чыңдоо боюнча Кеңешке сунуштарды киргизет;
-аймакты экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана бюджеттин пландарынын долбоорлорун, пландардын аткарылышы жана бюджеттин толтурулушу жөнүндө отчётторду алдын ала карайт, алар боюнча өздөрүнүн сын-пикирлерин даярдайт, зарылчылык туулса, аларды Кеңешке киргизет;
-Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына жана айылдык жамааттын Уставынын жоболорунун аткарылышына контролду ишке ашырат.
4.4. Кеңештин туруктуу комиссиялары өздөрүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча жергиликтүү администрация органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана аймакта жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин угууга укуктуу жана өздөрүнүн ишине адистерди, практик кызматчыларды жана башка адамдарды тарта алышат.
4.5. Туруктуу комиссия комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен көпчүлүк добуш менен төраганы жана анын орун басарын шайлайт. Төрага Кеңештин сессиясында шайланган депутаттардын көпчүлүгү тарабынан ачык добуш берүү менен бекитилет.
4.6. Туруктуу комиссиянын төрагасы:
-комиссиянын ишин уюштурат;
-комиссиянын мүчөлөрүнүн ортосунда ишти бөлүштүрөт, аларга тапшырмаларды берет;
-комиссиянын иш планын, жыйналыштардын күн тартибинин долбоорун түзөт;
-комиссиянын даярдаган чечимдеринин, сын-пикирлеринин жана сунуштарынын долбоорлорун Кеңешке сунуш кылат;
-комиссиянын жыйналыштарын чакырат жана алып барат;
-комиссиянын иши жөнүндө Кеңешке жана Кеңештин төрагасына маалымдайт;
-комиссиянын чечимдеринин аткарылышы жөнүндө, комиссияга келип түшкөн каттарга берилген жооптор жөнүндө комиссиянын мүчөлөрүнө маалымдайт;
-башка уюмдар менен мамилелерде комиссиянын атынан иш алып барат;
-комиссиянын төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна талапкерди комиссияга сунуш кылат;
-төраганын орун басары убактылуу жок болгон учурда комиссия мүчөлөрүнүн ичинен аны алмаштыруучуну дайындайт.
4.7. Туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары:
- туруктуу комиссия бөлүштүргөн милдеттерге ылайык функцияларды аткарат;
-төрага жок болгон учурда аны алмаштырат;
-туруктуу комиссиянын жыйналышынын протоколун жүргүзөт;
-комиссияга келип түшкөн документтердин эсебин уюштурат;
-комиссиянын чечимдерин, комиссияга келип түшкөн каттарга, документтерге жоопторду даярдайт;
-комиссиянын жыйналыштарына катышуу үчүн депутаттарды, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын, коомдук уюмдардын, калктын өкүлдөрүн, адистерди чакырат.
4.8. Туруктуу комиссиялар Кеңештин сессияларында төмөнкүчө жоюлат:
-туруктуу комиссиянын өзүнүн же Кеңештин төрагасынын сунушу боюнча;
-комиссиянын жыйналыштары 4 ай бою өткөрүлбөсө;
-комиссияда 3 төн аз мүчө калганда.
4.9. Атайын милдеттерди аткаруу үчүн Кеңеш убактылуу комиссияларды түзө алат.
Убактылуу комиссиялардын милдеттери, ыйгарым укуктары жана иштөө мөөнөттөрү аларды түзүү учурунда аныкталат.
Убактылуу комиссиялардын иши аларга жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы менен токтотулат.
5.1. Кеңештин төрагасы сессияда депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн жашыруун добушу менен Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө депутаттардын ичинен шайланат.
5.2. Кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук негизде, бирок Кеңештин сессияларынын ишинин мезгилинде бир жолку компенсация алуу менен аткарат.
5.3. Кеңештин төрагасы:
-Кеңештин сессиясын чакырат;
-сессияларга төрагалык кылат;
-сессияларды жана сессиянын кароосуна киргизилүүчү маселелерди даярдоого жетекчилик кылат;
-Кеңештин иш пландарын түзүүнү камсыз кылат;
-Кеңештин Регламентинин сакталышына көз салат;
-Кеңештин сессиясынын протоколдоруна жана башка документтерине кол коёт;
-депутаттар өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырышында аларга көмөк көрсөтөт, аларды зарыл маалыматтар менен камсыз кылууну уюштурат;
-Кеңеште, анын органдарында же шайлоо округдарында иштөө үчүн депутаттарды кызматтык же өндүрүштүк милдеттерден бошотуу менен байланышкан маселелерди карайт;
-Кеңештин туруктуу жана башка комиссияларынын жана жумушчу топторунун ишин координациялайт;
-мамлекеттик жана коомдук уюмдар менен болгон мамилелерде Кеңештин атынан иш алып барат;
-Кеңештин тышкы байланыштарын уюштурат;
-Кеңештин төрагасынын орун басарынын кызматына шайлоо үчүн талапкерликти сунуш кылат;
-Кеңештин ишинде маалымдуулукту камсыз кылуу жана коомдук пикирди эске алуу боюнча чараларды көрөт;
-жарандардын кайрылууларын жана арыздарын кароону уюштурат;
-Кеңештин чечимдеринин менчиктин түрүнө карабастан Кеңештин аймагында жайгашкан бардык органдар, бирикмелер, ишканалар, мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышын уюштурат жана контролдойт;
-Кеңеш тарабынан жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат.
5.4. Кеңештин төрагасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө расмий өтүнүч жасайт.
5.5. өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, депутаттардын үчтөн биринин демилгеси боюнча депутаттардын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүк ачык добушу менен Кеңештин төрагасы ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
5.6. Кеңештин төрагасы өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз менен кайрылууга укуктуу. Мындай учурда чечим Кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат. Кеңеш отставканы кабыл албаган учурда Кеңештин төрагасы өзүнүн ыйгарым укуктарын арыз берген күндөн тартып календардык 60 күн өткөндөн кийин токтотууга укуктуу.
5.7. Кеңештин төрагасы ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Кеңештин жаңы төрагасы шайланганга чейин анын милдеттерин Кеңештин төрагасынын орун басары аткарат.
6.1. Кеңештин төрагасынын орун басары Кеңештин төрагасынын сунушу боюнча депутаттардын ичинен сессияда ачык добуш берүү жолу менен депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат.
6.2. Кеңештин төрагасынын орун басары:
-Кеңештин төрагасынын тапшырмасын аткарат;
-Кеңештин төрагасы жок болгондо же милдетин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда анын ордуна иштейт;
-Кеңештин туруктуу комиссияларынын ишин контролдойт;
-Кеңеш тарабынан берилген башка милдеттерди аткарат.
6.3. Кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин коомдук башталыштарда жүзөгө ашырат.
6.4. Кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан депутаттардын үчтөн биринин демилгеси боюнча депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк ачык добуш менен бошотулат.
6.5. Кеңештин төрагасынын орун басары өз ыйгарым укуктарын ыктыярдуу токтотушу анын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде канааттандырылат. Кеңеш отставканы кабыл албаган учурда Кеңештин төрагасынын орун басары арыз берген күндөн тартып календардык 60 күн өткөндөн кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотууга укуктуу.
6.6. Кеңештин жаңы төрагасы шайланган учурда Кеңештин төрагасынын орун басары ыктыярдуу түрдө отставкага кетүү жөнүндө арыз берет. Ал Кеңештин төрагасы тарабынан каралат.
7.1. Кеңештин катчысынын функцияларын Сумсар айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы аткарат.
7.2. Кеңештин катчысы:
-Кеңештин сессияларынын протоколдорун жүргүзөт;
-Кеңешке келип түшкөн документтердин эсебин уюштурат;
-Кеңештин сессиясына даярдалган материалдарды депутаттарга өткөрүп берет;
-сессияга катышуу үчүн депутаттарды жана башкаларды чакырат;
-Кеңештин сессияларына катышкан депутаттардын жана башкалардын эсебин жүргүзөт;
-Кеңештин сессиясынын чечимдерин толтурат, аларды депутаттарга жана башка тиешелүүлөргө таратып берет;
-Кеңеш тарабынан берилген башка функцияларды аткарат.
Кеңештин депутаттарынын укуктарын ишке ашыруу тартиби жергиликтүү Кеңештердин жана анын органдарынын ишин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдары жана башка мыйзам актылары, ошондой эле ушул Регламент менен аныкталат.
9.1. Айыл өкмөтүнүн башчысы Кеңештин депутаттары (депутаты) тарабынан көрсөтүлүүчү, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким (мындан ары-аким) тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү жолу менен Кеңештин чакырылыш мөөнөтүнө Кеңештин депутаттары тарабынан шайланат.
Жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттыкты сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана менчик чарбакер субьекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат.
Кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу бар, соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
9.2. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаңы шайланган Кеңештин биринчи жыйналышынын күнүнөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен дайындалат.
Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган күндөн тартып 20 календардык күндүн ичинде өткөрүлөт.
9.3. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн субьект тарабынан каттоо үчүн шайлоо күнүнө чейин 5 жумуш күнүнөн кечиктирилбестен аймактык шайлоо комиссиясына төмөндөгүдөй документтер сунушталат:
-айыл башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечим;
-ат салышууга макулдугу жөнүндө талапкердин арызы;
-сүрөтү бар кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракчасы;
-фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган жерин, датасын, улутун, иштеген жерин, ээлеген кызмат ордун (кызматынын түрүн), эмгек ишмердигин, үй-бүлөлүк абалын, партияга таандыгын жана туруктуу жашаган жерин көрсөтүү менен талапкердин өмүр баянынын маалыматтары;
-паспортунун ксерокөчүрмөсү;
-нотариалдык күбөлөндүрүлгөн билими тууралуу документтери;
-нотариалдык күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
-кылмыш жасагандыгы үчүн соттолбогондугу тууралуу тиешелүү органдын расмий документи.
9.4. Аймактык шайлоо комиссиясы докуметтерди кабыл алган күндөн тартып,
3 календардык күндүн ичинде айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүнүн тартиби мыйзамдын талаптарына шайкеш келе тургандыгын текшерет жана талапкерди каттоо жөнүндө, же каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечим чыгарат. Аймактык шайлоо комиссиясы талапкерди каттоого тоскоол болгон талапкердин документтериндеги шайкеш келбестиктерди тапса, документтерди кабыл алгандан кийин 24 сааттын ичинде ошол шайкеш келбестиктер жөнүндө талапкерди көрсөткөн субьектиге кабар берүүгө милдеттүү. Талапкерди көрсөткөн субьект кабар алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизип, аймактык шайлоо комиссиясына оңдолгон документтерди тапшырууга укуктуу.
9.5. Талапкерлерди каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда аймактык шайлоо комиссиясы аны кабыл алган учурдан тартып бир сутканын ичинде талапкерди көрсөткөн субьектиге баш тартуунун негиздерин баяндоо менен шайлоо комиссиясынын чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.
9.6. Талапкерди каттоодон баш тартуу жөнүндөгү чечим Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн.
9.7. Аймактык шайлоо комиссиясы бардык талапкерлерди каттагандан кийин 2 календардык күндүн ичинде айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону уюштурат.
Айыл өкмөтүнүн аппараты жай берүү, добуш берүү үчүн кабиналарды, добуш берүү үчүн үкөктөрдү орнотуу жана шайлоону өткөрүүгө байланыштуу башка маселелерди чечүү жолу менен аймактык шайлоо комиссиясына шайлоону өткөрүүгө көмөк көрсөтүүгө милдетүү.
9.8. Талапкер добуш берүүгө чейин эки күн калгандан кечиктирбестен кайсы учурда болсо да аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз берүү менен шайлоого мындан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Мындай учурда талапкерди каттаган аймактык шайлоо комиссиясы талапкерди каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.
9.9. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү укугу бар субьект добуш берүүгө чейин 2 календардык күндөн кечиктирбестен кайсы учурда болсо да аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз берүү менен талапкерди чакыртып алууга укуктуу. Мындай учурда субьект тарабынан көрсөтүлгөн талапкерди каттаган аймактык шайлоо комиссиясы талапкерди каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.
9.10. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо Кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Эгерде Кеңештин сессиясына анын депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиси катышса, айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлдү деп эсептелет.
Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет.
Эгерде:
-бир гана талапкер катталып, депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
-эки талапкер катталса жана алардын бири да добуштардын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи түрү өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер депутаттардын добуштарынын бирдей санын алып калса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
-экиден ашык талапкер катталса жана алардын бири да депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көбүрөөк санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын бирдей санын алса, добуштардын санынын көбүрөөгүн алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштарды бирдей санын алса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
-талапкерлер үчүн дегенге караганда депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү “бардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн берилсе, кайра шайлоо өткөрүлөт;
-добуш берүү күнүнө карата бир да талапкер катталбаса же катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартышса, кайра шайлоо өткөрүлөт;
-кворумдун жоктугунан шайлоо болбой калса, Борбордук шайлоо комиссиясы 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт. Мындай учурда кайра шайлоо мурда каттоодон өткөн талапкерлер боюнча өткөрүлөт.
9.11. Борбордук шайлоо комиссиясы айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган күндөн тартып 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт.
Жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан кайра шайлоо дайындалган күндөн тартып 15 календардык күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт.
9.12. Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын жарыялайт жана тиешелүү протокол түзөт.
Шайланган айыл өкмөтүнүн башчысына аймактык шайлоо комиссиясынын тиешелүү күбөлүгү берилет.
9.13. Белгиленген мөөнөттө Кеңештин депутаттары тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калса, Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу менен Президент Кеңешти таратууну жүзөгө ашырат жана Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт.
Айыл өкмөтүнүн жаңы башчысы дайындалганга чейин райондун акими өз тескемеси менен айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучуну дайындайт.
9.14. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызматына талапкерлер боюнча добуш берүү процессин уюштурууну камсыздоо Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланган, курамы үч депутаттан турган эсептөө комиссиясы ишке ашырат.
Эсептөө комиссиясы өзүнүн отурумунда милдеттерди бөлүштүрөт (төраганы, катчыны шайлайт), жашыруун добуш берүү үчүн үкөктөрдү жана кабиналарды даярдайт.
Добуш берүүнү камсыздоо үчүн эсептөө комиссиясы сессияга катышкан депутаттардын тизмесин тактайт, жашыруун добуш берүүнүн протоколдорунун, бюллетендердин сакталышын камсыздайт жана сессиядан кийин катчыга өткөрүп берет.
Бюллетендин формасы эсептөө комиссиясы тарабынан иштелип чыгат жана Кеңештин депутаттары тарабынан бекитилет.
Айыл өкмөтүнүн башчылыгына талапкерлер бюллетенге алфавиттик тартипте киргизилет. Бюллетенге талапкерлердин аты-жөнү анын паспорту же инсандыгын тастыктаган башка документтердин негизинде киргизилет. Бюллетенге башка маалыматтарды киргизүүгө жол берилбейт.
Добуш берүүнүн алдында бюллетендер үчүн үкөк эсептөө комиссиясы тарабынан Кеңештин депутаттарынын көз алдында текшерилет жана печатталат.
Ар бир депутат жекече добуш берет. Экинчи жак үчүн добуш берүүгө жол берилбейт. Бюллетендер депутаттар тарабынан жашыруун добуш берүүчү кабинада же атайын бөлмөдө толтурулат. Добуш берүү учурунда депутаттардын жанында башка жактын болушуна жол берилбейт.
Депутат жашыруун добуш берүү бюллетениндеги жактап добуш берип жаткан талапкердин тушундагы “макул” же “талапкерлердин бардыгына каршы” позицияларынын бирине белги коёт. Белгисиз формадагы, “макул” позициясындагы белги бир нече талапкерлерге коюлган жана бир эле мезгилде бирден ашык позицияга белги коюлган, же эч белги коюлбаган бюллетендер жараксыз деп эсептелет.
Добуш берүүнүн жыйынтыгы бюллетендерди саноонун натыйжасында аныкталат.
Депутаттар добуш берип бүткөндөн кийин эсептөө комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыгын депутаттардын көз алдында ар бир бюллетенди депутаттарга көрсөтүү менен аныктайт. Алгач жараксыз бюллетендерди бөлүп алат. Андан кийин ар бир талапкер боюнча “макул”, “бардыгына каршы” позициялары боюнча бюллетендерди эсептейт. Добуш берүүнүн жыйынтыгын эсептөө комиссиясы бекитүү үчүн сессиянын кароосуна коет.
9.15. Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен ишенбестик билдирген учурда айыл өкмөтүнүн башчысы аким тарабынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн. Айыл өкмөтүнүн башчысына ишенбестик билдирүү жашыруун добуш берүү менен аныкталат.
10.1. Кеңештин Регламенти Регламент боюнча жумушчу тобу тарабынан иштелип чыгат жана Кеңештин сессиясынын бекитүүсүнө киргизилет.
Регламент, ага өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кеңешке шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
10.2. Регламент боюнча жумушчу топ Кеңеш тарабынан шайланган 3 депутаттан турат. Ага Кеңештин төрагасынын орун басары башчылык кылат.
10.3. Ар бир депутат Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү сунуштарын бере алат. Ал сунуштар карап чыгуу үчүн Регламент боюнча жумушчу топко жөнөтүлөт.
Регламент боюнча жумушчу топ сунуштарды кабыл алат же четке кагат.
Кабыл алынган түзөтүүлөр бекитүү үчүн Кеңештин сессиясына киргизилет.
Четке кагылган түзөтүүнүн автору аны Кеңеш карап чыгышын талап кылууга укуктуу.
Сумсар айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Оморов |