Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

(Жошолу айылдык кеңешинин 2015-жылдын 18-апрелиндеги № 19/3  токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ)

  ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жошолу айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XVIII заседаниеси

 

2015-жылдын 6-апрели № 18/4

Жаңы-Турмуш айылынын тургуну Джусуматов Нурлан Кочоновичке тиешелүү эски калкты турмуш-тиричилик жактан тейлөө комбинатынын ордун балдар бакчасына өткөрүп берүү боюнча Н.К.Джусуматовдун макулдугунун негизинде

Жошолу айылдык Кеңешинин заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Турмуш айылынын тургуну Н.К.Джусуматовго тиешелүү эски калкты турмуш-тиричилик жактан тейлөө комбинатынын ордундагы 531,6 чарчы метр жер аянты анын макулдугунун негизинде жана айыл өкмөтүнө тиешелүү 2853 чарчы метр жер аянты балдар бакчасын куруу үчүн өткөрүлүп берилсин.

2. Балдар бакчасына тиешелүү документтерди даярдап берүү жагы Алай райондук архитектура , курулуш, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан, ал эми каттоодон өткөрүп берүү жагы Ош облустук жана шаардык Юстиция башкармалыгынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айылдык кеңештин экономикалык саясат, муниципалдык менчик, калкты жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына, айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Топчубаевге, ал эми көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Ж.Өмүрзаковго милдеттендирилсин.

 

Жошолу айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А. Иманахунов