Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-июну № 1
Шаардык кеңештин 2014-жылы жана 2015-жылдын I жарым жылдыгында кабыл алынган токтомдордун аткарылышы тууралуу маалымат
Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин иштөө Регламентинин негизинде шаардык кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдордун аткарылыш тууралуу жооптуу катчынын маалыматын угуп чыгып, шаардык кеңештин кезектеги XXIV-cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2014-жылы жана 2015-жылдын I-жарым жылдыгында кабыл алынган токтомдордун аткарылышы тууралуу маалымат эске алынсын.
Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2014-жылы жана 2015-жылдын I-жарым жылдыгында кабыл алынып, толугу менен же жарым жартылай аткарылбаган токтомдорун аткаруу жана ал токтомдор боюнча маалымат берүү жагын шаардык мэрияга (С.Авазовго) милдеттендирилсин.
3. 2015-жылдын 5-мартындагы кезектеги XXI-сессиясынын «Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык мекемелердин атайын жана жүк ташуучу, эл ташуучу автоунааларынын, тракторлорунун күйүүчү майларды пайдалануунун Жобосун бекитүү жөнүндө» №2-токтомун аткарбаган жетекчилерди жеке жоопко тартуу жагы шаар мэрине сунушталсын жана бул маселе боюнча шаардык кеӊешке маалымат берүү жагы милдеттендирилсин.
Шаардык кеңешинин аппаратына кабыл алынган токтомдорду аткарылышын камсыздоо үчүн чейрек сайын аткаруу бийлигинен маалымат алуу жагы милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министирлигине мамлекетик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б. Беркбаева) милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам.
7. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарына расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Н.Нишанов |
Урматтуу депутаттар, президиум жана сессиянын катышуучулары!
Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин VI-чакырылышынын депутаттары тарабынан 2014-жылы жана 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгында жалпысынан 11 сессия өткөрүлүп, 74 токтом кабыл алынган. Кабыл алынган токтомдор Кыргыз Республикасынын «Ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү» мыйзамынын 29-беренесине ылайык гезит бетине жана сайтка жарыялангандан соң, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлиги тарабынан жүргүзүлүүчү укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик Реестрине каттоого берилди. Кабыл алынган токтомдор массалык маалымат каражаттарында жарыялангандан кийин өз күчүнө кирип, аткаруу бийлигине, башкача айтканда шаардык мэрияга жана анын структуралык бөлүмдөрүнө аткарууга журнал аркылуу таратылып, берилүүдө.
2014-жылга карата жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, жыл ичинде кошумча бөлүнүп берилген, бекитилген бюджетке өзгөртүү жана толуктоо киргизүү менен кошумча каржы булактарын таап, кошумча чыгымдалган каражаттар боюнча кеңири маалыматты аткаруу бийлиги жана Жалал-Абад шаарынын финансы бөлүмү тарабынан берилет. Ал эми калган токтомдордун аткарылышына бир аз токтоло кетсем.
Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин 09.06.2014-жылдагы кезексиз ХV-сессиянын «Жалал-Абад шаарында курулуучу 60 батирлүү көп кабаттуу үйдүн курулушуна жарыяланган тендер жөнүндө» №5-токтому Жалал-Абад райондор аралык сотунун чечими менен жокко чыгарылып, тараптардын тынчтык келишиминин негизинде 2015-жылдын 29-апрелинде жергиликтүү бюджетке кайтарылган.
Шаардык кеңештин 2014-жылга карата бекитилген келечектүү иш планындагы «Муниципалдык менчикти башкаруу комитети тарабынан шаардагы автостоянкаларга жана жер аянттарына түзүлгөн келишимдерди кароо жөнүндө (жеӊил жана капиталдык курулуштар боюнча)» жана «Шаардын көчөлөрүнө басылган асфальттардын сапаты жана абалы жөнүндө» маселелер саясий абалга байланыштуу каралбай калган.
Жалал-Абад шаардык кеңешинин 09.07.2013-жылдагы кезектеги VIII-сессиясынын «Жалал-Абад шаарында жайгашкан К.Батыровго тиешелүү болгон кыймылсыз мүлктөрүн улутташтыруудан кийин муниципалдык менчикке баланска өткөрүп берүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштоо жөнүндө» №4-токтомун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайрылып, жообунда бул маселе КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан жөнгө салынаарын билдирген кат келген. КРнын Өкмөтүнөн келген катты негиз кылып област боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүккө кайрылып, ал жактан да так жооп болгон жок. Азыркы учурда соттук аткаруучулар тарабынан шаардагы К.Батыровго тиешелүү болгон кыймылсыз мүлктөрдү баалоо, тактап айтканда баланстык калдык баасын чыгарып, муниципалдык менчикке өткөрүү үчүн иш чаралар жүрүп жаткандыгын билдиргенбиз. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында бул маселе боюнча КРнын Өкмөтүнө кат менен кайрылып, бирок ушул күнгө чейин так маалымат келген жок..
Шаардык кеңештин ХII-сессиясынын №7-токтому менен бекитилген коомдук автотранспортто жүрүүнүн акысын жогорулатуу, XVI-сессиясынын №1-токтому менен бекитилген ичүүчү сууга жана канализацияга болгон тарифтери жөнүндө токтомдору аткарылып, калктын арасында тарифтердин жогорулагандыгы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, токтомдор толугу менен аткарылды.
2014-жылдын 15-октябрында «Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигинин балансындагы кызматтык батир жөнүндө» №10-токтомун аткаруу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетине милдеттендирилген. Муниципалдык менчикти башкаруу комитети тарабынан 22.10.2015-жылы чыгыш№1125-каты аркылуу КРнын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 11-беренесине ылайык баланстан баланска өткөрүп берүү мыйзамсыз экендигин маалымдап, аткаруусуз калгандыгын билдирген.
Ал эми Жалал-Абад шаарынын Борбордук базарындагы жана «Шабдалызар» муниципалдык базарларындагы күнүмдүк акы төлөп кызмат көрсөтүү үчүн наркы шаардык кеӊештин кезектеги XIX-сессиясында бекитилген. Ал эми бул токтомго макул болбой «Шабдалызар» муниципалдык базарынын ижарачылары арыз менен аткаруу бийлигине жана шаардык кеӊешке кайрылып, №6-токтому менен «Шабдалызар» муниципалдык базарынын ижарачыларына таштандылардын өздөру алып чыга турган шарты менен мурда бекитилген 21 сом, 16 сомго кайрадан бекитилип берилди.
2015-жылдын 5-мартындагы кезектеги XXI-сессиясынын «Жалал-Абад шаарында мектеп, бала бакча жана балдар үйүн куруу үчүн жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндө» №8-токтому аткаруусуз калган. Себеби бул маселе аткаруу бийлиги тарабынан коомдук угууга коюлганда, эл тарабынан колдоо тапкан эмес.
2015-жылдын 5-мартындагы кезектеги XXI-сессиясынын «Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык мекемелердин атайын жана жүк ташучу, эл ташуучу автоунааларынын, тракторлорунун күйүүчү майларды пайдалануунун Жобосун бекитүү жөнүндө» №2-токтому бир нече ирет эскертилгендигине карабастан аткарылбай келе жатат. Бул боюнча Жалал-Абад шаардык кеӊешинин аппаратынын кызматкерлери шаардык финансы бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте текшерүү иштерин жүргүзүп, техникаларды текшергенде бир да пломба басылбагандыгы аныкталып акты түзүлдү.
Жалпысынан алганда кабыл алынган 74 токтомдон 1 токтом мыйзам чегинде сот органдары аркылуу жокко чыгарылып, 3 токтом аткаруусуз калып, ал эми 1 токтом «Нак сүт» мал чарбачылыгы боюнча - учурда укук коргоо органдары тарабынан малдар убактылуу камакка алынгандыгына байланыштуу аткарылууда экендигин билдиремин.