Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык Кеңешинин XXV чакырылышынын V сессиясы
2015-жылдын 29-июну № 4
Жалал-Абад шаарындагы Т.Тайгараев аймактык башкармалыгына караштуу коңуштарга айыл статусун ыйгарууну сунуштоо жөнүндө
(Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2019-жылдын 26-декабрындагы № 8 токтомунун редакциясына ылайык)
Жалал-Абад шаардык кеӊешине шаар мэриясына келип түшкөн 08.05.2015-ж. №4-3/848 катыны жана Т.Тайгараев атындагы АБтан келип түшкөн №95-катыны шаардык кеӊештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Эрматовдун баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын админстрациялык аймактык түзүлүшү тууралуу 2008-жылдын 6-мартында кабыл алынган мыйзамынын 12-беренесине ылайык Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XХIV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарындагы Т.Тайгараев аймактык башкармалыгына караштуу Качкынчы, Кызыл-Суу жана Камандар конуштарына айыл статусун ыйгарууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облустындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө сунушталсын.
(Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2019-жылдын 26-декабрындагы № 8 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына (С.Авазов) ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө жеткирүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Н.Нишанов |