Загрузка документа…
ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төө-Моюн айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XII сессиясы
2014-жылдын 14-февралы № XII-2
Аксакалдар кеңеши тууралуу ЖОБОнун долбоору жөнүндө
Төө-Моюн айылдык аймагында аксакалдар кеңешин түзүүнүн максаты, анын укук, милдеттери жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну мындан ары өркүндөтүүдө анын ролу жөнүндөгү айылдык кеңештин төрагасы А.Кадыровдун маалыматын угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төө-Моюн айылдык аймагындагы Аксакалдар кеңеши жөнүндөгү Жобо бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнө:
-кабыл алынган ЖОБОго ылайык кийинки сессияга чейин ар бир айылда элдик жыйындарды өткөрүү менен аксакалдар кеңешинин курамына талапкерлерди аныктоо жана бекитүү үчүн айылдык кеңешине снуштоо.
-аксакалдар кеңешин материалдык-техникалык жактан камсыз кылууга зарыл болгон акча каражаттарын аныктап чыгуу жана 2014-жылдын бюджетинин долбоорун түзүүдө эске алуу.
3.Айылдык кеңешинин депутаттары өздөрү шайланган округдарында элдик жыйындарды өткөрүүгө көмөк көрсөтүшсүн жана аксакалдар кеңеши жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн (төрагасы Ы.Темиров).
Төө-Моюн айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кадыров
|
| Төө-Моюн айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясынын 2014-жылдын 14-февралындагы №XII-2 токтому менен бекитилди |
Аксакалдар кеңеши жөнүндө
ЖОБО.
2013-2017-жылдардын мезгилинде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегияснда белгиленген“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жандандыруу, алардын жоопкерчилигин жогорулатуу, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө айыл тургундарынын катышуусун активдештирүү” талаптарын жүзөгө ашырууда жергиликтүү расмий бийлик органдарынын аракети, таасири жетишсиз болуп жаткандыгын эске алуу менен, бул ишке аксакалдардын, кадыр-барктуу инсандардын турмуштук тажрыйбасын, мартаба-аброюнун салмагын да пайдалануу зарылчылыгы келип чыгууда. Аксакалдар кеңешин түзүү мезгилдин талабы. Бул идея-аймактын калкынын ынтымагынын, “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган”биримдигинин негизинде жергиликтүү маселелерди чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жамааттын кызматташтыгын ачыктык жана айкындуулук аркылуу активдештирүү.
I. Жалпы жоболор.
1.1.Аксакалдар кеңеши-жергиликтүү жамааттын ыктыярдуу негизде түзүлүүчү аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунун бир бутагы болуп эсептелет. Аксакалдар кеңеши-айылдык аймакта жашаган бардык элдердин биримдигин, кызыкчылыктарын коргоо, эзелтен келе жаткан ата-бабалардын мыйзамга карама-каршы келбеген каада-салттарын, ыйман, адеп-ахлак асыл нарктарын, кабыл алынган “Айыл мыйзамынын” талаптарын сактоо, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, коомдук жана мамлекеттик турмуштун маанилүү маселелерин калкка түшүндүрүү иштеринде улуу муундун өкүлдөрүнүн турмуштук тажрыйбасын, кадыр-баркын пайдалануу менен аймакты ар тараптан өнүктүрүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруучу-тескөөчу органдарына көмөктөшүүнү көздөйт.
1.2.Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү”мыйзамынын 55-беренесине, Айыл мыйзамынын IV бөлүмүнө ылайык айылдык кеңештин аймагында бир аксакалдар кеңеши түзүлөт. 1.3. Аксакалдар кеңешин уюштуруунун тартиби, укуктары жана милдеттери, башка коомдук уюмдар менен болгон мамилелери ушул ЖОБО менен аныкталат. ЖОБО айылдык кеңеш тарабынан бекитилет.
II.Аксакалдар кеңешин уюштуруунун принциптери.
2.1.Аксакалдар кеңеши өз ишмердүүлүгүн төмөндөгү принциптердин негизинде жүргүзөт: – ыктыярдуулуктун;
- мүчөлөрүнүн тең укуктуулугунун;
– коллегиялуулуктун;
– иш аракетинин ачык-айкындуулугунун.
2.2.Аксакалдар кеңешинин мүчөлүгүнө айыл башчысынын демилгеси менен чакырылган айыл жашоочуларынын жалпы чогулуштарында курагы 55 жаштан жогору болгон айылдын кадыр-барктуу, урмат-сыйга ээ, ошол айылда туруктуу жашаган жана адамдык сапаттары боюнча аксакалдар кеңешинин алдына кюлган милдеттерди аткарууга татыктуу жарандардын ичинен ар бир айылдан бирден талапкер көрсөтүлөт. Аксакалдар кеңешинин курамы 7 адмдан турат жана эки жылдык мөөнөткө түзүлөт. Аксакалдар кеңеши юридикалык тарап болуп эсептелбейт. Аксакалдар кеңешинин курамы айылдык кеңештин сессиясында бекитилип, катоого алынган учурдан баштап өз ишин жүргүзөт.
2.3.Аксакалдар кеңешинин мүчөсү укуктуу:
–аксакалдар кеңешинин укук, милдеттерине тийиштүү маселелерде өз көз карашын билдирүүгө, сунуш киргизүүгө;
– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагындагы маалыматтарды алууга; - аксаклдар кеңеши тарабынан өткөрүлүүчү бардык иш чараларга катышууга.
2.4.Аксакалдар кеңешинин мүчөсү милдетүү:
–аксакалдар кеңешинин ишмердүүлүгүнө активдүү катышууга;
–аксакалдар кеңешинин чечимдерин турмушка ашырууга;
– жарандардын укуктарын сыйлоого.
2.5.Аксакалдар кеңешинин төрагасы айылдык кеңештин төрагасынын сунушу боюнча аксакалдар кеңешинин мүчөлөрүнүн ичинен, алардын ачык, жөнөкөй көпчүлүк добушу менен шайланат. Төраганын орунбасары, катчысы аксакалдар кеңешинин төрагасынын сунушу менен кенештин мучөлөрүнүн ичинен, алардын жөнөкөй көпчүлүк добуш менен шайланышат. Аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү өздөрүнүн арыздарынын, айылдык кеңештин депутаттар тобунун демилгесинин, айыл жашоочуларынын жалпы чогулуштарынын чечиминин негизинде айылдык кеңеш тарабынан анын курамынан чыгарылат жана өзгөртүү киргизилет. Аксакалдар кеңешинин төрагасы, орунбасары, катчысы өздөрүнүн арызынын же аксакалдар кеңешинин мүчөлөрүнүн 2|3 демилгеси боюнча анын курамынан чыгарылып, кайра шайланышат. . 2.6.Аксакалдар кеңешинин (мындан ары-кеңеш) чогулуштары зарылчылыка жараша, бирок үч айда кеминде бир жолу, кабыл алынган иш планга ылайык өткөрүлөт. Кенештин чогулуштары айылдардын, ошондой эле аймактын жашоо-турмушуна байланыштуу жергиликтүү маанидеги бардык маселелерди карай алат. Чогулуш кеңештин мүчөлөрүнүн 2/3 катышса укук ченемдүү деп эсептелет жана чечимдер катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Чечимдер токтом түрүндө жол-жоболоштурулуп, сунуш иретинде болот. Токтомдорго төрага жана катчы кол коюшат. Кенештин кезексиз чогулуштары анын мүчөлөрүнүн 1/3 талабы менен да чакырылышы мүмкүн. Кеңештин кайрылууларына аймактагы ишкана, мекеме, уюмдар менчигинин түрүнө карабастан, мыйзамдарда белгиленген тартиптерде жооп берүүгө милдетүү.
2.7.Аксакалдар кеңешинин төрагасы кеңештин жалпы ишин жетектейт, чогулуштарын чакырат, алып барат жана иш пландын долбоорун бекитүүгө сунуштайт. Мүчөлөр арасында милдеттерди бөлүштүрөт, тапшырмаларды берет. Кабыл алынган токтомдор боюнча чаралар көрүлүшүн, кеңештин мүчөлөрүнүн өз милдеттерин, тапшырмаларын аткарышын көзөмөлдөйт. . 2.8.Төраганын орунбасары төрага жок мезгилдерде анын милдеттерин жүзөгө ашырат жана төраганын тапшырмаларын аткарат. . 2.9. Катчы кеңештин чогулуштарынын протоколдорун, башка иш кагаздарын жүргүзөт жана төраганын тапшырмаларын аткарат. 2.10.Аксакалдар кеңеши өз ишмердигин коомдук башталыштарда жүргүзөт. Анын ишин материалдык, техникалык жактан камсыз кылуу жергиликтүү бюджет тарабынан жүргүзүлөт.
III.Аксакалдар кеңешинин укуктары.
3.1.Айылдык кеңештин сессияларынын, айыл өкмөтүнүн отурумдарынын,айылдык элдик чогулуштардын күн тартибине жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушунун чечүүгө зарыл көйгөйлөрү боюнча маселелерди сунуш кылууга жана аларга катышууга. 3.2.Аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын, жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча артыкчылыктуу багыттарды айылдык кеңешке жана айыл өкмөтүнө сунуш катары киргизүүгө;
3.3.Аймактагы билим берүү, саламаттыкты сактоо уюмдарынын, соода түйүндөрүнүн жана башка калкка кызмат көрсөтүүчү жеке жана юридикалык жактардын ишин жакшыртуу боюнча сунуштарды берүүгө.
3.4.Айылдык аймактын жашоочуларынын (жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн) арасында”Айыл мыйзамынын” эрежелеринин аткарылышын талап кылууга, адеп-ахлакка жат көрүнүнштөрдү, мыйзамга карама-каршы үрп-адаттарды жоюу, аймакты көрктөндүрүү, айлана чөйрөнү коргоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө, зарыл учурда чара көрүү үчүн айыл өкмөтүнө, укук коргоо органдарына, аксакалдар сотуна, тийиштүү ишкана, мекеме, уюмдарга кайрылууга.
3.5.Эмгекте ийгиликтерге жетишкен, коомдук иштерде, үй-бүлөдө жамаат мүчөлөрүнө өрнөк боло алган инсандарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттин сыйлыктарына сунуш кылууга.
IV.Аксакалдар кеңешинин милдеттери.
4.1.Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, жергиликтүү жамааттын “Айыл мыйзамынын” талаптарын сактоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук ченемдик актыларын турмушка ашыруу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө жана аларды аткарууга тартууга.
4.2.Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн катышуусун активдештирүү, айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу иштеринде ички ресурстарды мобилизациялоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөтүүгө.
4.3.Айылдык аймакта каада-салт, үрп-адат, ырым-жырымдарды, маркумду узатуу, той, жана майрамдык салтанаттарды тартипке салуу, ашыкча ысырапкерчиликти кыскартуу жаатында үгүт-насаат иштерин жүргүзүүгө жана өрнөк болууга.
4.4.Аз камсыз болгон, жардамга муктаж үй-бүлөлөрдү аныктоодо, аларга гуманитардык жардамдарды туура бөлүштүрүүдө, мамлекеттик жөлөк пул чегерүүдө маалыматтардын так болушу үчүн айыл өкмөтүнө көмөктөшүүгө.
V. Аксакалдар кеңешинин айылдык аймактагы ишкана, мекеме, уюмдар менен өз ара мамилеси.
5.1.Аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү өздөрүн көрсөткөн айыл жашоочуларынын жыйындарында мезгил-мезгили менен отчет берип турушат.
5.2.Аксакалдар кеңеши ЖОБОдо белгиленген милдеттерди аткарууда айылдык кеңештин алдында жооптуу.
5.3.Аксакалдар кеңеши айылдык аймактагы ишкана, мекеме , уюмдар менен мамилесин ЖОБОдо белгиленген милдеттерди, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдеринен келип чыккан талаптарды ишке ашыруу боюнча өз ара сүйлөшүү жана макулдашуу аркылуу жүргүзөт.