Загрузка документа…
ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төө-Моюн айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XII сессиясы
2014-жылдын 14-февралы № XII-3
Коомдук тартипти сактоо боюнча ыктыярдуу элдик кошуун тууралуу ЖОБОнун долбоору жөнүндө
Төө-Моюн айылдык аймагында коомдук тартипти сактоо боюнча ыктыярдуу элдик кошуунду түзүүнүн максаты, кошуундун мүчөлөрүнүн укук, милдеттери жана коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуудагы анын ролу жөнүндөгү айылдык кеңештин төрагасы А.Кадыровдун маалыматын угуп жана талкуулап айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Төө-Моюн айылдык аймагындагы коомдук тартипти сактоо боюнча ыктыярдуу элдик кошуун жөнүндөгү ЖОБО бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнө:
-кабыл алынган ЖОБОго ылайык кийинки сессияга чейин ар бир айылда ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөлүгүнө талапкерлерди көрсөтүү боюнча элдик жыйындарды өткөрүү жана бекитүү үчүн айылдык кеңешине сунуштоо;
-ыктыярдуу кошуунду материалдык-техникалык жактан камсыз кылууга зарыл болгон акча каражаттарын аныктап чыгуу жана 2014-жылдын бюджетинин долбоорун түзүүдө эске алуу.
3. Айылдык кеңешинин депутаттары өздөрү шайланган округдарында элдик жыйындарды өткөрүүгө көмөк көрсөтүшсүн жана коомдук тартипти сактоо боюнча ыктыярдуу элдик кошуун жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн (төрагасы Ы.Темиров).
Төө-Моюн айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кадыров
|
| Төө-Моюн айылдык кеңешинин VI . чакырылышынын 2014-жылдын 14- . февралындагы № XII-3- токтому менен бекитилди. |
Өлкөбүз өз алдынча мамлекет болгон мезгилден бери коомдук тартипти сактоо боюнча ыктыярдуу элдик кошуундардын мүчөлөрү коомдогу стабилдүүлүктү камсыз кылууда, жарандардын укуктарынын, мыйзамдуу таламдарынын сакчылыгында укук коргоо органдары менен бир катарда туруп, өздөрүнүн баа жеткис салымын кошуп келе жатат. Эгемендүүлүккө ээ болгонго чейинки убактагы ыктыярдуу элдик кошуундардын күжүрмөн тарыхы да өзгөчө сыймык, канааттануу менен эске алынып турушу зарыл. Кошуундун көптөгөн мүчөлөрү өз милдеттерин аткаруудагы эр жөрөктүүлүгү жана кайраттуулугу үчүн элдин алкышына ээ болуп, мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышкан. Өткон мезгилдерде кошуун кандай аталбасын, ал мекендештеринин мыйзамдуу укуктарын, тынчтыгын коргоо өз милдетим деп эсептеген мекенчил (патриот) азаматтардын кошууну болуп калат. Мындай адамдарга айрыкча бүгүнкү күндө суроо-талап жогору, бүгүнкү күндө да алар сый-урматка татыктуу.
I.ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР.
1.1.Айылдык аймакта ыктыярдуу элдик кошуундарды түзүүнүн максаты-ар бир айылда коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу иштеринде айылдык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине жакындан көмөк көрсөтүү менен мыйзамдуулук өкүм сүргөн, адеп-ахлак нормалары үстөмдүк кылган атмосфераны түзүү. . 1.2.Кошуун өз алдынча башкаруу жамаатынын “Айыл мыйзамынын” IV бөлүмүнү 5-пунктуна жана “Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 18,55-беренелерине, “Ички иштер органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 4-беренесине ылайык түзүлүп, айылдык кеңеште катталган учурдан баштап өз статусун алат. Кошуун өз ишин ушул ЖОБОго, “Айыл мыйзамына” жана Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына ылайык жүргүзөт. Кошуунду түзүү тартиби, кошуунга мүчөлүк, укуктары жана милдеттери, башка ишкана, мекеме жана уюмдар менен өз ара мамилеси ушул ЖОБО менен аныкталат. ЖОБО айылдык кеңеште бекитилет.Кошуун мүчөлөрү жүргүзгөн иш аракеттеринде өздөрүн шайлаган айыл жашоочуларынын чогулушуна жана аларды каттаган айылдык кеңешке отчет берип турат.
II.КОШУУНГА М/ЧӨЛ/К.
2.1.Коомдук тартипти сактоо боюнча ыктыярдуу кошуундун мүчөлөрү айылдардын жашоочуларынын жалпы чогулуштарында ар бир айылдан 4-6 адам көрсөтүлүп, жалпы курамы айылдык кеңеш тарабынан бекитилип, катоого алынат.
2.2.Ыктыярдуу кошуунга курагы 18 жаштан жогору болгон, ден-соолугу чың, психикалык жактан токтоо, жүрүш-турушу үлгүлүү айылдык аймактын жашоочулары мүчө боло алышат.
2.3.Кошуундун мүчөлүгүнө кабыл алуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:
1.Кадрлар баракчасы. . 2.Паспортунун ксереокөчүрмөсү. . 3.Аскердик билетинин же эсепке алуу документинин ксереокөчүрмөсү. 4.2 даана 3х4 өлчөмүндөгү сүрөт. . 5.Жашаган жеринен айыл башчысы жана маала комитетинин төрагасы тарабынан тастыкталган мүнөздөмө. . 6.Айылдык кеңештин төрагасынын атына арыз.
2.4.Кошуундун мүчөлөрү өз милдеттерин коомдук негизде жүргүзүшөт. Айылдык кеңештин чечими менен кошуундун активдүү мүчөлөрү жергиликтүү салыктардан бошотулушу жана башка жеңилдиктер берилиши мүмкүн.
2.5.Кошуундун мүчөлөрүнө айылдык ички иштер бөлүмү менен макулдашылып, айылдык кеңеш тарабынан бекитилген үлгүдөгү төш белги, күбөлүк берилет.
2.6.Төш белги жана күбөлүктөрдү дярдоо үчүн керектелүүчү каражаттар жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат.
III.КОШУУНДУН ИШИН УЮШТУРУУ ЖАНА БАШКАРУУ.
3.1.Штабдын курамына: штаб башчысы , кошуундун командири, кошуундун мүчөлөрү тарабынан шайланган ар бир айылдан бирден кошуундун мүчөсү жана айылдык ички иштер бөлүмүнүн башчысы сунуш кылган милиция кызматкери кирет. 3.2.Штаб: -кошуундун күндөлүк иштерин уюштурат жана башкарат; -аймактагы коомдук тартип боюнча жалпы абалды талдайт, аткарылган иштерди талкуулап, алдыдагы милдеттерди белгилейт; . -кошуун мүчөлөрүнүн укуктук билимин жогорулатуу боюнча окууларды уюштурат; -кошуундун коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жылдык планын, ыкчам иш чараларынын пландарын түзөт, алардын аткарылышын көзөмөлдөйт; . -айылдарда мезгил-мезгили менен өткөрүлүүчү кайгуулдардын, күзөттөрдүн графигин түзөт, кошуун мүчөлөрүнө тапшырмаларды берет; . 3.3.Штабдын жыйындары зарылчылыка жараша, бирок бир айда кеминде бир жолу иш планга ылайык өткөрүлөт; . 3.4.Штабдын жыйыны штаб мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса укук ченемдүү болот жана чечимдер жыйынга катышкан мүчөлөрдүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
3.5..Айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин ичинен кошундун штабынын башчысы дайындалат.
IV.ШТАБДЫН БАШЧЫСЫ.
4.1.Ыктыярдуу кошуундун жалпы ишин координациялайт. . 4.2.Штабдын жыйынын чакырат жана алып барат. . 4.3.Зарыл болгон маалымат, билдирүү, кайрылууларды даярдайт, кошуундун атынан тийиштүү ишкана, мекеме , уюмдарга жөнөтөт. . 4.4.Коомчулук, ишкана, мекеме, уюмдар менен кошуундун тыгыз байланышта иш жүргүзүүсүн камсыз кылат. . . 4.5.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына билдирүүлөрдү берип турат.Иш кагаздарына кол коет. . 4.6.Кошуундун мүчөлөрүн айыл өкмөтүнүн жана мамлекеттин сыйлыктарына көрсөтөт.
V.КОШУУНДУН КОМАНДИРИ.
5.1.Айылдык кеңештин төрагасынын сунушунун негизинде кошуундун мүчөлөрүнүн макулдугу менен айылдык кеңеш кошундун командирин бекитет. . 5.2.Кошуундун командири штабдын башчысынын орунбасары болуп эсептелет. Ал жок кезде анын милдеттерин аткарат жана анын башка тапшырмаларын жүзөгө ашырат. 5.3.Иш пландардын, штаб тарабынан белгиленген милдеттердин, тапшырмалардын иш жүзүндө аткарылышын камсыз кылат. . 5.4.Кошуундун мүчөлөрүн сыйлоо, аларга жаза чараларын көрүү боюнча штабка сунуш берет. . 5.5.Штабдын жыйынына кошуундун иши боюнча маселелерди алып чыгат.
VI.КОШУУНДУН М/ЧӨЛӨР/Н/Н УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ.
6.1.УКУКТАРЫ: . -көчөлөрдө, жолдордо, аянттарда, коомдук жана башка массалык иш чаралар өткөрүлүүчү жерлерде жарандардан коомдук тартипти сактоону талап кылууга; -коомдук тартипти сактоо боюнча иш чараларда укук коргоо органдарына жардам көрсөтөт; . –коомдук тартипти чыңдоо, укук бузуулардын алдын алуу боюнча ички иштер бөлүмүнө көмөктөшөт; . –зөөкүрлүк, араккечтик, мамлекеттик, коомдук мүлктү, ошондой эле жарандардын менчик мүлкүн уурдоо, зыян келтирүү жана башка укук бузууларга каршы иштерге катышат; . –адеп-ахлак эрежелерин сактоо, коомго жат иштердин алдын алуу боюнча эмгек коллективдеринде, билим берүү уюмдарында жана калк арасында түшүндүрүү, тарбия иштерин жүргүзүүгө катышат; . –жаш балдардын кароосуз калышына жана жашы жетпегендер тарабынан укук тартибин бузууларына каршы өткөрүлүүчү иш чараларына катышат; . –жол-транспорттук, ошондой эле табигый кырсыктан, массалык баш аламандыктан, укук бузуулардан жапа чеккен адамдарга кечиктирилгис жардам көрсөтүү чараларын көрөт, өзгөчө кырдаалдарда адамдарды, мүлктөрдү коргоого жана коомдук тартипти сактоого катышат; . –Кыргыз Республикасынын чек арасын коргоодо чек ара аскерлерине жардам көрсөтөт; . –жаратылышты коргоо иштерин жүргүзүү боюнча иш чараларга катышат; . – айыл аймагындагы маданий, спорттук жана башка акы төлөнүп кирүүчү иш чараларга акысыз кирет.
6.2.МИЛДЕТТЕРИ: . –коомдук тартипти сактоо, укук бузуулардын алдын алуу, мамлекеттик мыйзамдардын, “Айыл мыйзамынын”, адеп-ахлак эрежелеринин талаптарын сактоо духунда жарандар арасында түшүндүрүү иштерине активдүү катышууга; . –жарандарга сылык мамиле кылууга жана эмгекте, окууда, турмуш-тиричиликте башкаларга үлгү болууга; . –укук бузууларды, кылмышты жана башка коом жат иштерди токтотууда мыйзамда каралган чараларды чечкиндүү колдонууга; . –өз милдеттерин, кошундун командиринин тапшырмаларын, штабдын талаптарын, ошондой эле коомдук тартипти сактоо боюнча биргелешкен иш чараларды аткарууда милиция кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн так жана ак ниеттүүлүк менен аткарууга; . –даярдалып жаткан кылмыштын же жарандарга, ишкана, мекеме, уюмдарга коркунуч келтирүүчү табигый кырсык жана башка шашылыш кырдаалдардын пайда болушу жөнүндө фактылар маалым болсо кошундун штабына, милиция бөлүмүнө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өз убагында билдирүү, ошондой эле алардын зыяндуу таасирлерин жоюуга карата чараларды көрүүгө; . –айылдык кеңештин депутаты кайрылган учурда, ал тарабынан табылган мыйзамдын бузулуу фактыларын жоюуда ага жардам көрсөтүүгө; . –өзүн ыктыярдуу кошуундун мүчөлүгүнө сунуш кылган жамаатка отчет берип турууга.
Ыктыярдуу кошуундун мүчөсүнүн иш аракеттери жөнөкөй адамгерчилик нормаларына жана мыйзамдарга гана негизделүүгө, айланадагы жарандар үчүн түшүнүктүү болууга жана алардын колдоосуна ээ болууга тийиш.