Загрузка документа…
ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Төө-Моюн айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз сессиясы
2013-жылдын 5-марты № 4-5
Айылдык кеңештин 2013-жылга иш-аракеттеринин планын бекитүү жөнүндө
Айлдык кеңештин 2013-жылга иш-аракеттер планынын долбоору боюнча айылдык кеңештин төрагасы А.Кадыровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеңештин 2013-жылга түзүлгөн иш-аракеттеринин планы бекитилсин.(тиркеме № 2).
2. Иш-аракеттер планында белгиленген иш чаралардын өз мөөнөттөрүндө жана талап даражасында аткарылышын камсыз кылуу айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларына, айыл өкмөтүнүн тийиштүү кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасы АКадыровко жүктөлсүн.
Төө-Моюн айылдык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кадыров
|
| Тоо-Моюн айылдык кеңешинин 2013-жылдын 5-мартындагы кезектеги °№ 3-сессиясынын № 4-5 токтому менен бекитилген(тиркеме № 2) |
Айылдык кенештин Регламентинин долбоору жонундо(даярдайт: Регламент™ даярдоо боюнча жумушчу топ. Докладчы: айылдык кенештин торагасынын орунбасары С. Айдаров).
Айылдык кенештин 2013-жылга иш-аракеттер планын бекитуу.(Даярдайт: туруктуу комиссиялардын торагалары.Докладчы: айылдык кенештин торагасы А. Кадыров).
Айыл окмотунун 2012-жылга тузулгон бюджетинин аткарылышы боюнча отчетун жана айыл окмотунун 2013- жылга бюджетин бекитуу.(даярдайт: айылдык кенештин бюджет боюнча туруктуу комиссясы. Докладчы: айыл окмо~унун ФЭБнун башчысы).
1. Айыл окмотунун аймагында "Айыл мыйзамынын" талаптарынын аткарылышын, анын ичинде, каада-салттарды тартипке салууда жамаат мучолорунун катышуусун актиедештируу, ошондой эле оз алдынча башкарууну мындан ары оркундотуу багытында жургузулуп жаткан иштердин абалы жонуно.(даярдайт: айылдык кенештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы.Докладчы: айыл окмотунун башчысынын орунбасары М. Осмоное).
2. "Жеке-Мисте", "Найман", "Авиз" айылдарында жеке турак жай жана башка кошумча курулуштарды курууда айылдардын башкы планына ылайык жургузулушу, архитектурэлык , курулуш куруу нормаларынын жана стандарттарынын сакталышынын абалы.(Даярдайт: Айыл чарбасы, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссия. Докладчы: айыл окмотунун жер, турак жай жана муниципалдык менчик боюнча адиси).
3. Айылдьж аймактагы мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана жалпы билим беруучу уюмдарында тарбиялануучуларга жана окуучуларга тамак беруудо белгиленген нормалардын, санитардык-гигиеналык эрежелердин сакталышы.(даярдайт: социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия.Докладчылар: мектеп директорлору, балдар бакчаларынын башчылары).
1 .Айылдык аймакты социалдык- экономикалык жана маданий жактан онуктуруу боюнча программага ылайык айыл окмоту тарабынан жургузулуп жаткан уюштуруучулук- практикзлык иштердин жарым жылдык жыйынтыгы жонундо айыл окмотунун башчысынын отчету.(Даярдайт: айылдык кенештин туруктуу комиссиялары Докладчы: айыл окмотунун башчысы).
2. Айылдык аймактагы саламаттыкты сактоо мекемелеринде мамлекеттик келилдик программасына ылайык калкка медициналык-санитардык кызмат корсотуунун денгээли, жургузулуп жаткан санитардык-профилактикалык иштердин абалы жана кайрылуучуларга тузулгон шарттар жонундо.(Даярдайт: Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия.Докладчылар:Башкы дарыгер, ФАПтардын башчылары).
3. Социалдык жактан колдоого муктаж уй-булолорго айыл окмоту, мамлекет жана эл эралык уюмдар тарабынан берилуучу материалдык, гуманитардык жардамдарды дайындоодо коп балалуу, аз камсыз болгон уй-булолордун муктаждык даражасын аныкттоо багытында жургузулуп жаткан иштердин абалы.(Даярдайт: социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия.Докладчы:айыл окмотунун социалдык коргоо боюнча адиси).
1. Айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага беруу, перспективдуу планга ылайык алардан натыйжалуу пайдалануу жана ижара акыларынын оз моонотторундо толонуп барышын камсыз кылуу боюнча жургузулуп жаткан иштер жонундо.(Даярдайт: айыл чарбасы, жер жана муниципалдык менчик ошондой эле бюджет, каржы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиялары. Докладчылар: айыл окмотунун жер, турак жай жана муниципалдык менчик боюнча адиси, ижара акылар боюнча бухгалтер).
2. Калкты жана социалдык обьектилерди кузгу-кышкы мезгилге даярдоонун абалы тууралуу.(Даярдайт:Бюджет, каржы, экономика маселелери ошондой эле социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиялары.Докладчы:айыл окмотунун башчысынын орунбасары М. Осмоное).
3. Айыл окмотунун 2013-жылга кабыл алынган бюджетинин аткарылышынын 9 айлык жыйынтыгы жонундо.(Даярдайт: бюджет, каржы, экономика боюнча туруктуу комиссия.Докладчы: айыл окмотунун ФЭБнун башчысы А. Дубанаеө).