Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 18-апрели № 16/110
Сары-Булак айылдык округунун депутаттарынын айылдык Кеңешинин ченемдик укуктук актыларын каттоо тартиби жөнүндө Жобосун бекитүү жана ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоонун булагын аныктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу максатында Сары-Булак айылдык округунун депутаттарынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Тиркелген : Сары-Булак айылдык округунун депутаттарынын айылдык Кеңешинин ченемдик укуктук актыларын каттоо тартиби жөнүндө Жобосу бекитилсин.
2. Сары-Булак айылдык округунун депутаттарынын айылдык Кеңешинин ченемдик укуктук актыларын расмий жарылоо булагы болуп райондук «Эмгек Туусу» газетасы белгиленсин
3. Айылдык округунун аппараты ушул токтомду, ушул токтом менен бекитилген Жобого ылайык каттоодон өткөрсүн.
4. Сары-Булак айылдык округунун башчысы каражат таап, ушул токтомду жана тиркемени мамлекеттик жана расмий тилде «Эмгек Туусу» газетасынын бетинде жарыяланышын камсыз кылсын.
5. Токтомдун аткарылышын өзүмдүн көзөмөлүмө калтырам.
6. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Сары-Булак айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Байтереков |
| Сары-Булак айылдык округунун 2011-жылдын 31-мартындагы № 110 токтому менен бекитилген
|
1. Сары-Булак айылдык округунун депуттарынын айылдык Кеңешинин ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө Жобо (мындан ары - жобо) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдарга ылайык иштелип чыккан.
2. Айылдык Кеңештин ченемдик укуктук актылары өздөрүнөн жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан өз компетенциясынын чегинде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында кабыл алынат. Айылдык Кеңештин ченемдик укуктук актылары ( мындан ары - ченемдик укуктук актылар) токтом түрүндө чыгарылат жана аларга айылдык Кеңештин төрагасы кол коёт.
3.Ченемдик укуктук актыларды төмөнкү орган каттайт.
1) Сары-Булак айылдык округунун аппараты
4. Укук ченемдерин (укуктук ченемдерди) белгилөөгө, өзгөртүүгө же адамдардын укук нормаларын камтыган жана граждандык, саясий, социалдык-экономикалык жана башка укуктарын, эркиндигин жана милдеттерин (алардын Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укук актыларында бекемделген ишке ашырылыш гарантияларын, укуктарды, эркиндикти жана милдеттерди) козгогон айылдык Кеңештин ченемдик укуктук актылары катталат.
Ченемдик укутук актыларды каттоо ага каттоо номерин ыйгаруу жана алардын төмөнкүдөй реквизиттери көрсөтүлүү менен ченемдик укуктук актыларды каттоо жөнүндө журналга жазуу жолу менен ишке ашырылат.
1. актынын түрү көрсөтүлөт;
2. ченемдик укуктук актыны кабыл алган органдын аталышы;
3. ушул ченемдик укуктук акты жөнгө салуучу предметти билдирген аталыш;
4. кабыл алынган жер жана күн;
5. каттоо номери
6. ченемдик укуктук актыга кол койгон жактын Ф.А.А.
5. Мамлекеттик каттоого төмөнкүлөр алынбайт:
а) төмөнкүдөй жекече укук актылары :
-жекече мүнөздөгү (кызматка дайындоо же бошотуу, сыйлоо же жаза колдонуу жөнүндө ж.б.)
-аракети бир жолку колдонуу менен чектелген;
-колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен;
-оперативдик-башкаруу мүнөзүндөгү (бир жолку тапшырмалар);
б) жогору турган мамлекеттик органдардын чечимдери аткаруу бийлигинин системасынын органдарына жана уюмдарына маалымдалуучу актылар;
в) аткаруу бийлигинин жогору турган органдарынын чечимдерин же алардын өзүлөрүнүн чечимдерин аткарууну уюштурууга багытталган жана жаңы укук нормаларын камтыбаган актылар;
г) эгерде укук нормаларын камтыбаса, техникалык актылар( тарифтөө-квалификациялоо справочниктери, статистикалык байкоолордун түрлөрү ж.б.)
д) сунуш кылган актылар.
6. Ченемдик укуктук актылар Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилет.
7. Ченемдик укуктук актылар катталгандан кийин алардын көчүрмөлөрү айылдык округунун аппараты тарабынан эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жүзүндө жана электорондук түрүндө, жарыяланган булагы көрсөтүлүү менен Нарын облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук акты жарыяланган күнү жөнөтүлөт. Нарын облустук юстиция башкармалыгы ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине алар өздөрүнө келип түшкөн күнү жөнөтүшөт.
8. Ченемдик укуктук актыларга киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул Жободо көрсөтүлгөн тартипте катталууга тийиш .
9.Ченемдик укуктук акты (анын түзүмдүк элементи) мыйзамда белгиленген тартипте конституцияга ылайык келбейт же жараксыз деп табылса, алжөнүндө маалымат тиешелүү сот тарабынан ушул ченемдик укуктук актыны каттаган айылдык округунун аппаратына соттун чечими күчүнө кирген күнү жиберилет. Ушул ченемдик укуктук актыны каттаган аппарат андай маалыматты алган күнү Нарын облустук юстиция соттун чечими жөнүндө расмий кат жиберет.
Соттун жүйөлүү чечими акыркы ( кат жүзүндөгү ) формада ал күчүнө кирген күндөн баштап он күндүн ичинде айылдык округунун аппаратына жөнөтүлүүгө тийиш, аппарат болсо соттун чечимин алган күнү аны Нарын облустук юстиция башкармалыгына жиберет.
Соттун ченемдик укуктук актыны (анын түзүмдүк элементин) жараксыз деп табуу жөнүндө чечими белгиленген тартипте жокко чыгарылган учурда, андай чечим аны кабыл алган сот тарабынан ушул пункта каралган тартипте жиберилүүгө тийиш.