Загрузка документа…
| Депутаттардын Нарын райондук Кеңешинин 2011-жылдын 5-сентябрындагы кезексиз XVII сессиясынын (II чакырылыштагы) № 17/1 токтомунуна тиркеме.
|
Депутаттардын Нарын райондук Кеңеши
1.1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык депутаттардын Нарын райондук Кеңеши райондун аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат. Райондук Кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтү төрт жыл.
1.2. Райондук Кеңеш өзүнүн ишин КР Конституциясына, КР Мыйзамына, КР Президентинин, КР Жогорку Кещешинин жана Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларына жана ушул Регламентке ылайык алып барат.
1.3. Райондук Кеңештин Регламенти райондук Кеңештин ишин уюштуруу тартибин, алардын укуктук жана уюштуруучу негиздерин, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын структураларын, сессияларды өткөрүү мөөнөтүн аныктайт.
1.4. Райондук Кеңештин сессиясы кварталына кеминде бир жолу жана райондук Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн биринин талабы боюнча өткөрүлөт.
1.5. Райондун аймагында жайгашкан бардык мекемелер, уюмдар менчигинин формасына карабастан райондук Кеңештин токтомдорун аткарууга милдетүү.
1.6. Райондук Кеңештин токтомдору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынып салынышы же жокко чыгарылышы мүмкүн.
2.1. Райондук Кеңеш Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 5-бөлүмүнө ылайык төмөндөгү маселелер боюнча токтомдорду кабыл алат:
1). районду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн стратегиясын, болжолун, пландарын жана программасын, райондо айлана-чөйрөнү калыбына келтирүүнүн жана коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына көзөмөлдү ишке ашыруу;
2). райондук бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту, ошондой эле атайын фонддорду пайдаланууну бекитүүнүн тартиби;
3). талап кылынбаган жана пайдаланылбаган жайыттарды пайдалануунун маселелери;
4). тиешелүү аймакта иштердин абалы жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын отчетун жылына бирден кем эмес угуу;
5). жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысын - акимин кызмат ордуна дайындоо үчүн Мыйзамда белгиленген тартипте талапкерлик боюнча сунуш киргизүү;
6). райондук Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен өз милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн
жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына ишеним көрсөтпөө;
7). мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8). мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдарына киргизүү максатында администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
9). Кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат ордунан бошотуу, Кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
10). райондук Кеңештин регламентин кабыл алуу;
11). райондук Кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдоо;
12). Өкмөт тарабынан аныкталган типтүү ченемдердин негизинде райондук Кеңештин аппаратынын түзүмүн жана штаттык санын бекитүү;
13). мыйзамга ылайык долбоорлук иштерди, курулушту, жолдорду, көпүрөлөрдү, турак жай фондун, ошондой эле коммуналдык чарба, экономика, социалдык чөйрө жаатындагы жана райондук маанидеги оюн-зоок обьектилерин куруу, күтүү жана модернизациялоо боюнча сунуштарды киргизүү;
14). райондук маанидеги социалдык-маданий мекемелерди ачуу, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө маселелерди макулдашуу;
15). райондук маанидеги илимий, окуу-тарбия, маданий-тарбия, жаштардын спорттук иш-чараларын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
16). мыйзамга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары менен күч-аракетти бириктирүү, анын ичинде коомдук пайдалуу иштерди жана тейлөө кызматтарын жүзөгө ашыруу максатында чек аралык кызматташуу маселелери, ошондой эле жалпы кызыкчылыкты көздөгөн иш-чараларды жүзөгө ашыруу же жумуштарды аткаруу максатында ата мекендик жана чет өлкөлүк чарбакер субъекттер жана коомдук бирикмелер менен кызматташуу жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарын коргоо, коомдук пайдалуу жумуштарды жана тейлөө кызматтарын жүзөгө ашыруу максатында чечимдерди кабыл алуу;
17). райондун символикасын бекитүү;
18). судьялардан, прокурорлордон, улуттук коопсуздуктун мамлекеттик органынын аймактык бөлүмдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика органдарынын, ошондой эле ведомстволук аймакта жайгашкан башка мекемелер менен уюмдардын жетекчилеринен башка мамлекеттик бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн ишине контролду ишке ашыруу, алар милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда жогоруда көрсөтүлгөн органдардын жетекчилерин кызмат ордунан четтетүү боюнча маселелерди коюу;
19). Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка маселелер.
Райондук Кеңештин төрагасы:
3.1. Райондук Кеңештин сессиясын чакырат, сессияларда төрагалык кылат, токтомдорго, протоколдорго жана райондук кеңештин башка документтерине кол коет, алардын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт. Райондук Кеңеш тарабынан жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат.
3.2. Жарандардын арыздарын, даттанууларын жана кайрылууларын карайт.
3.3. Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдарын ыйгаруу сунуштары менен жогорку органдарга кайрылат.
3.4. Райондук Кеңештин регламентинин аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
3.5. Райондук Кеңештин төрагасынын орун басарлыгына талапкерди шайлоо тууралу сунушту киргизет.
3.6. Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык кызмат жөнүндөгү” Мыйзамына жана “Муниципалдык кызматынын бош администрациялык кызмат ордун ээлөө боюнча конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү” Жобого ылайык өзүнүн буйругу менен райондук Кеңештин аппаратынын жооптуу катчысын, жооптуу кызматкерлерин (башкы, жетектөөчү адистери ж.б.) конкурстук комиссиянын токтомунун негизинде кызматка дайындайт жана бошотот. Ошондой эле райондук Кеңештин тейлөө кызматкерлерин кызматка алат жана кызматтан бошотот.
3.7. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде райондук Кеңештин компетенциясына кирген дагы башка маселелерди чечет.
3.8. Райондук Кеңештин жащы чакырылышындагы биринчи жаңы сессиясына чейин өзүнүн кызматын аткарат.
Райондук Кеңештин төрагасынын орун басары:
3.9. Райондук Кеңештин төрагасынын орун басары райондук Кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат. Ал жок болгон учурда же төрага өзүнүн милдетин аткара албай калган учурда анын милдеттерин аткарат.
3.10. Коомдук башталыштарда өзүнүн ишин жүргүзөт.
Жооптуу катчы:
4.1 Депутаттарды алар өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууда тийиштүү маалымат менен камсыздайт.
4.2. Райондук Кеңештин келечектүү планын аткарууну камсыздайт.
4.3. Райондук Кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын иш-аракетин координациялайт.
4.5. Райондук Кеңешке түшүүчү документтердин эсебин алат жана аткарылышын көзөмөлгө алат.
4.6. Райондук Кеңештин сессиясынын материалдарын даярдайт жана аларды райондук Кеңештин депутаттарына чейин жеткирүүсүнө көзөмөл кылат.
4.7. Депутаттарды, уюмдардын, ишканалардын жетекчилерин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коомдук өкүлдөрүн жана башка адамдарды сессиянын ишине катышууга чакырууну уюштурат.
4.8. Райондук Кеңештин сессиясына депутаттардын катышуусунун эсебин алууну жүргүзөт.
4.9. Райондук Кеңештин аппаратынын ишин уюштуруу менен көзөмөлдөйт жана координациялайт.
5.1. Райондук Кеңештин туруктуу комиссиялары өз ишин Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 32, 33, 34-беренелерине ылайык өз иштерин жүргүзөт.
5.2. Туруктуу комиссиялар райондук Кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала карап чыгуу жана даярдоо отурумдарда кабыл алынган чечимдердин аткарылышын уюштуруу жана көзөмөлдөө үчүн түзүлөт. Туруктуу комиссиялар зарылчылыгына жараша, бирок иш планына ылайык отурумду өткөрөт.
5.3. Туруктуу комиссиялар райондук Кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүндө райондук Кеңеш тарабынан түзүлөт. Комиссиялардын тизмеги, алардын сандык курамы жана шайлоо тартиби райондук Кеңеш тарабынан аныкталат. Райондук Кеңештин депутаты бир гана туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат.
5.4. Райондук Кеңеш атайын тапшырмаларды аткаруу максатында убактылуу комиссияларды түзө алат.
5.5. Убактылуу комиссиялар көрсөтүлгөн мөөнөттү тапшырмалардын аткарылышы боюнча райондук Кеңешке отчет берет.
5.6. Тапшырмаларды аткаргандан кийин убактылуу комиссиялар өз ишмердүүлүгүн токтотот.
6.1. Кайрадан шайланган райондук Кеңештин биринчи сессиясы райондук Кеңешке шайлоо өткөрүлгөндөн кийин эки жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен мурдагы чакырылыштагы райондук Кещештин төрагасы же депутаттардын ичинен чыккан демилгечи топ тарабынан чакырылат. Райондук Кеңештин биринчи сессиясын кайрадан шайланган райондук Кеңештин курагы боюнча улуу депутаты ачат.
6.2. Райондук Кеңештин сессиясы депутаттардын жалпы санынын кеминде жарымы катышканда ишти алып барууга укуктуу.
6.3. Райондук Кеңештин шайланган депутаттары депутаттык фракцияларга биригишет. Райондук Кеңеште көпчүлүк деп, депутаттык мандаттардын жарымынан көбүнө ээ болгон райондук Кеңештеги фракциялардын коалициясын түзүү жөнүндө расмий жарыялаган фракция же фракциялардын коалициясы саналат. Фракциялардын курамына же көпчүлүктүн фракцияларынын коалициясына кирбеген фракция же фракциялар райондук Кеңеште азчылык деп саналат.
6.4. Райондук Кеңештин биринчи сессиясынын кън тартибине райондук Кеңештин Регламенти, төрагасын жана анын орун басарын шайлоо маселеси райондук Кенештин структурасын тъзъъ жана райондук Кещештин иштерине байланышкан башка маанилъъ маселелер коюлат.
6.5. Райондук Кеңештин төрагалыгына талапкер көрсөтүү тартиби жана шайлоого байланыштуу башка процедуралык маселелерди кароо ушул Регламентке ылайык каралат.
7.1. Сессиянын күн тартиби жана иш тартиби сессиянын төрагасы тарабынан сунушталат, депутаттар талкуулайт жана бекитет. Ошол күнгө райондук Кеңештин сессиясынын күн тартиби сессиянын күн тартибинин кезектеги маселесин жана аларды карап чыгуунун тартибин камтууга тийиш.
7.2. Депутат киргизген сессиянын күн тартибине өзгөртүүлөр же толуктоолор тууралу сунуш депутаттар тарабынан талкууланат жана бекитилет. Райондук Кеңештин аппараты менен биргеликте, райондук Кеңештин төрагасы даярдаган райондук Кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибинин долбоору депутаттарга таркатылып берилет.
7.3. Райондук Кеңештин иш планы жарым жылдык же бир жылдык болуп түзүлөт. Райондук Кеңештин иш планынын долбоорун даярдоону райондук Кеңештин аппараты жүргүзөт.
7.4. Райондук Кеңештин депутаттары, райондук Кеңештин туруктуу комиссиялары, райондук мамлекеттик администрация башчысы - акими райондук Кеңештин иш планына маселелерди киргизүү укугуна ээ.
Райондук Кеңештин бекитилген иш планына маселелерди аныктоону өзгөртүү, жаңы маселелерди киргизүү, маселелерди алып салуу райондук Кеңештин сессиясынын токтому менен таризделет.
8.1. Ушул регламентте белгиленген тартипте райондук Кеңештин кароосуна коюла турган документтердин пакети төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- докладчыны көрсөтүү менен маселени даярдоого жооптуу адам тарабынан кол коюлган коштомо кат. Эгерде документ райондук Кеңеш тарабынан мурда кабыл алынган токтомду аткаруу үчүн даярдалса, анда коштомо катка тийиштүү шилтеме жасалат;
- райондук Кеңештин токтомунун долбоору.
Эгерде райондук Кеңештин токтомунун долбоору материалдык же финансылык ресурстардын түшүүсүн же чыгымын караган сунуштар камтылса, анда иштеп чыгуучулар тарабынан каржылоо булактары көрсөтүлүү менен тийиштүү эсеп-кысаптар берилет.
8.2. Токтом долбоору каралганда райондук Кеоештин депутаттарынын, райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрүнүн, талкуулоого катышуу үчүн чакырылган адамдардын сунуштары жана сын-пикирлери угулат.
Райондук бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгашаларды караган токтом долбоорун карап чыккан учурда милдеттүү тартипте райондук мамлекеттик администрация башчысы - акиминин корутундусу угулат.
8.3. Райондук Кеңештин токтомунун долбоорун талкуулоонун натыйжасы боюнча төмөнкүдөй чечимдердин бири кабыл алынат:
а) жалпысынан токтом кабыл алынсын;
б) жеткире иштеп чыгууга жөнөтүлсүн;
в) күн тартибинен алынып салынсын.
8.4. Токтомдо аны ишке ашыруунун тартиби белгиленет, атап айтканда:
1). мөөнөтү айкындалат жана колдонууга киргизүү ыкмасы жана пункттарын аткаруу, же жалпысынан токтомду аткаруунун жолдору аныкталат;
2). Мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгуу боюнча органдарга жана кызмат адамдарына ачык-айкын тапшырмалар берилет, ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү үчүн, аларды кабыл алынган токтомго ылайык келтирүүнүн мөөнөтү аныкталат.
8.5. Райондук Кеңештин (Кеңештин структуралык түзүмү) ар бир токтомунда жана чечиминде анын аткарылышын көзөмөлдөөчү адам көрсөтүлөт.
Документтин жоболорун ишке ашыруунун натыйжалуулук деңгээлин, аларды аткарууга кыйынчылык келтирген себептерди табуу, аткарууга тоскоолдук кылган адамдарды (органдарды) аныктоо, аларды жоопкерчиликке тартуу, ошондой эле зарыл болгон учурда сот тартибинде документтин жоболорун аткарууну камсыз кылуу көзөмөлдөө максаты болуп саналат.
Токтомдун тапшырма коюлган пунктунда аткаруучу (бир же бир нече) же райондук Кеңештин структуралык түзүмү, ошондой эле эреже катары аткаруу мөөнөтү көрсөтүлөт.
8.6. Көзөмөл жасоо боюнча отчеттуулук мөөнөтү же токтомдун өзүндө же райондук Кеңештин төрагасы тарабынан белгиленет.
8.7. Райондук Кеңештин аппараты депутаттарга жана жергиликтүү коомчулукка сессиянын өтө турган күнү, убактысы, күн тартиби жана сессиянын өтө турган жери жөнүндө аны өткөрүүгө 5 күн калгандан кечиктирбестен маалымдайт. Токтомдун долбоорун райондук Кеңештин депутаттарына жеткирүү сессияга чейин 3 күн калгандан кечиктирбестен жүргүзүлөт.
Райондук Кеңештин сессиясын сессияда төрагалык кылуучу алып барат. Сессияда төрагалык кылуучу кызматы боюнча райондук Кеңештин төрагасы болуп саналат. Ал катышпаган учурда, сессияда төраганын орун басары же болбосо райондук Кеңештин протоколдук чечими менен тапшырылган башка депутат (өзүнүн талапкерлигин алып салуу жөнүндө билдирбеген) төрагалык кылат.
8.8. Райондук Кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу Кеңештин төрагасынын демилгеси, ар кандай туруктуу комиссиялардын же болбосо депутаттардын жалпы санынын үчтөн бир бөлүгүнүн демилгеси боюнча жүргүзүлөт.
8.9. Кезексиз сессияны чакыруу жөнүндөгү депутаттардын сунушунда каралуучу маселелер көрсөтүлүп, кезексиз сессияны өткөрүүнүн зарылчылыгы негизделүү менен Кеңештин төрагасына берилет.
8.10. Сессияга материалдарды даярдоо райондук Кеңештин иш планына ылайык жооптуу адамдар тарабынан жүргүзүлөт. Пландан тышкаркы маселелер алардын демилгечилери тарабынан даярдалат.
8.11. Кезектеги сессияга киргизилген маселелер боюнча материалдар (токтомдун долбоору, маалыматтар, маалымат-кат, кайрылуулар ж.б.) сессия өткөргөн күнгө чейин 7 күндөн кечиктирилбестен райондук Кеңештин жооптуу катчысына жазуу түрүндө берилүүгө тийиш.
8.12. Райондук Кеңеш жылына бир жолудан кем эмес өзүнүн иштеринин жыйынтыгы жана ошол тийиштүү аймактагы иштердин абалы жөнүндө райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акимдин отчетун угат.
Райондук мамлекеттик администрация башчысы - акимдин отчетунун маалыматынын тексти райондук Кеңештин отурумунда аны карап чыгууга 10 күн калгандан кечиктирбестен райондук Кеңешке киргизилет.
8.13. Райондук мамлекеттик администрация башчысына - акимге өзүнүн милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы ъчън ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү чечим райондук Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добуш берүүсү менен кабыл алынат.
8.14. Райондук мамлекеттик администрация башчысы - аким тарабынан киргизилген райондук бюджет жана аны аткаруу жөнүндө отчет, аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программалары райондук Кеңеш тарабынан карап чыгууга жатат жана райондук Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын тең жарымынан ашыгы ага добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.
8.15. Райондук бюджетти кабыл алуу процесси Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте башталат.
9.1. Райондук Кеңештин токтомдору депутаттар тарабынан талкуулангандан кийин сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добуш берүүсү менен кабыл алынат.
9.2. Туруктуу комиссиялардын курамын өзгөртүү тууралу, ошондой эле мурда кабыл алынган токтомдорду өзгөртүүлөр тууралу, токтом көпчүлүк добуш берүү менен кабыл алынат.
9.3. Райондук Кеңештин сессиясынын күн тартибинде каралуучу маселелер боюнча токтом кабыл алынат жана ага райондук Кеңештин төрагасы кол коет.
9.4. Депутаттын билдирүүсү жана анын жазуу же оозэки түрүндө билдирилген макулдугу токтом менен кошо сессиянын протоколунда чагылдырылат.
9.5. Токтом долбоору ар бир пункту боюнча талкууланат жана жалпы кабыл алынат.
9.6. Кеңештин токтомун бастырып чыгаруу, Кеңештин токтомдорунун аткарылышын көзөмөлдөө райондук Кеңештин аппаратына жүктөлөт.
10.1. Райондук Кеңештин сессиясы уюштуруу иштерин тутумдаштыруу максатында жумушчу органды - секретариатты, зарылчылык пайда болгондо эсептөө жана башка комиссияларды түзөт.
Жумушчу орган - сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добуш берүүсү менен бекитилет.
10.2. Сессиянын секретариаты райондук Кеңештин аппараты менен биргеликте сессиянын жъръшънън стенограммасын алып барат, чыгып сүйлөгөндөрдү тактайт, Регламенттин сакталышын көзөмөлдөйт, депутаттарга түшүндүрмө берет.
10.3. Секретариат райондук Кеңештин аппараты менен биргеликте сессиянын протоколун тариздейт.
Райондук Кеңештин отурумунун протоколунда: отурумду өткөрүү күнү, убактысы жана орду; отурумга катышкан депутаттардын саны; сессиянын күн тартибине коюлган маселелер; ошол отурум үчүн депутаттардын арасына таратылган документтердин аталышы жана редакциясы; сессияда төрагалык кылуучунун жана чыгып сүйлөөчүлөрдүн аты-жөнү; добушка коюлган бардык маселелер менен сунуштар, добуш беръънън натыйжасы жана кабыл алынган чечимдер чагылдырылып көрсөтүлөт. Сессиянын протоколуна сессиянын отурумунда төрагалык кылуучу кол коет.
Райондук Кеңештин сессиясынын протоколдорунан, токтомдорунан көчүрмөлөрдү алуу жана алардан жазып алууларды тариздөө, райондук Кеңештин жооптуу катчысынын уруксаты менен, райондук Кеңештин аппараты тарабынан жүргүзүлөт. Көчүрмөсүн алуу жөнүндө маалымат өзүнчө журналда катталат.
10.4. Райондук Кеңештин депутаты өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүнүн стенограммасы менен таанышууга жана аны жарыяланганга чейин стенограмманын көчүрмөсүн алууга укуктуу.
11.1. Райондук Кеңештин депутаты сессиянын жумушчу органына шайланат же шайланышы, ошондой эле ошол органга өз талапкерлигин көрсөтүшү мүмкүн.
Депутаттардын көрсөтлгөн укуктарын ишке ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” жана башка Мыйзам актыларынын, ошондой эле райондук Кеңештин Регламентине ылайык ишке ашат.
11.2. Күн тартибинин иштөө тартиптери боюнча сунуштарды берүүгө, аны добушка койдурууга
11.3. Сессиянын токтомдоруна өзгөртүүлөрдү, кошумчаларды сунуш кылууга жана добушка койдурууга
11.4. Райондук Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча мекеме, ишканалар, уюмдар ж.б. органдардын жетекчилеринин отчетторун угууну күн тартибине киргизүунү сунуштоого
11.5. Ыйгарым укуктарына ылайык депутаттык изилдөө, текшеръъ жүргүзүү үчүн сессиянын токтомун чыгарууну сунуштоого
11.6. Сессиянын Регламентин жана иштөө тартибин толук сактоого
11.7. Райондук Кеңештин депутаттары бир жыл ичинде экиден ашуун райондук Кеңештин сессияларына жүйөлүү себептерсиз катышпагандыгы, ошондой эле райондук Кеңештин чечимдерин жана тапшырмаларын аткарбагандыгы үчүн депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен райондук Кеңештин депутатын чакыртып алуу жөнүндөгү маселени козгоого укуктуу
11.8. Депутаттарга сессиянын жумушчу органдарына чакырылгандарга орой мамиле жазоого, аброюн кетирүүгө жол берилбейт
11.9. Сессиянын ишине активдүү катышууга жана ар бир талкууланган маселенин чечилишине өзүнүн жекече пикирин сактоо менен добуш берүүгө
12.1. Райондук Кеңештин төрагасы жана анын орун басары, райондук Кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары өзүнүн иш алып баруусундагы маселелер боюнча коомдук угууларды өткөрүүгө демилгечи болушу мүмкүн.
Коомдук угуулар Кыргыз Республикасынын шартына ылайыкташтырылган жана эл аралык практикаларынын негизинде иштелип чыгылган Жобонун негизинде өткөрүлүшү мүмкүн.
13.1. Райондук Кеңештин төрагасы жашыруун добуш берүү жолу менен райондук Кеңештин депутаттарынын арасынан шайланат. Райондук Кеңештин төрагасынын төрагалык кызматына талапкер райондук Кеңештин депутаттары тарабынан, ошондой эле өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен депутаттардын өздөрү тарабынан көрсөтүлөт. Жалпы депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
13.2. Көрсөтүлгөн талапкер өз талапкерлигин алып коюуга укуктуу.
13.3. Көрсөтүлгөн талапкер жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизилет.
13.4. Райондук Кеңештин төрагасынын орун басарынын кызматына талапкерди райондук Кеңештин төрагасы көрсөтөт. Жалпы депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
Төраганын орун басары ачык добуш менен шайланат.
14.1. Райондук Кеңештин биринчи сессиясында жашыруун добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү үчүн 3-5 депутат санында эсептөө комиссиясы түзүлөт.
4.2. Эсептөө комиссиясы өзүнн отурумунда милдеттерди бөлүштүрөт (төраганы, катчыны жана мүчөлөрдү бекитет). Жабык добуш берүү үчүн бюллетендерди, урнаны жана кабинаны даярдайт.
14.3. Добуш берүүнү камсыз кылуу үчүн эсептөө комиссиясы сессияда катышкан депутаттардын тизмесин тактайт. Эсептөө комиссиясы жашыруун добуш берүүнүн материалдарынын сакталышын камсыз кылат жана райондук Кеңештин аппаратына өткөрүп берет.
14.4. Райондук Кеңештин төрагалык кызматына талапкерлер алфавиттик тартипте бюллетенге киргизилет. Добуш берүүнүн натыйжасы добуш берүүчүнүн бюллетендерин эсептеп чыгуунун жыйынтыгы боюнча чыгарылат.
14.5. Бюллетенге талапкердин паспорттук маалыматтарынын же инсандын башка күбөлүктөрүнүн негизинде аты-жөнү жазылат. Бюллетенге кандайдыр бир башка маалыматты киргизүүгө жол бербейт.
14.6. Ар бир талапкер боюнча берилген бюллетендерге: “Макул”, “Каршы” деген жазуулар киргизилет. Эсептөө комиссиясы добуш берүүнү жыйынтыктайт, жараксыз бюллетендерди аныктап протокол менен бекемдейт жана бекитүү үчүн сессиянын кароосуна алып чыгат.
14.7. Добуштардын алда канча көп санын алган райондук Кеңештин төрагалыгынын кызматына талапкер төрт жылдык мөөнөткө райондук Кеңештин төрагалыгына шайланды деп эсептелет.
14.8. Төраганын орун басары кызматына талапкерлер ачык добуш берүүгө коюлат. Добуш берүүлөрдү өткөрүү жана натыйжасын эсептеп чыгарууну эсептөө комиссиясы жүргүзөт.
14.9. Сессияга катышкан депутаттардын алда канча көп добуштарынын санын алган талапкер райондук Кеңештин төрагасынын орун басарлык кызматына шайланат.
15.1. Райондун мамлекеттик администрация башчысы - аким (мындан ары - аким) кызматына талапкерлер (үчтөн кем эмес) Кыргыз Республикасынын Премьер-министри (мындан ары - Премьер-министр) тарабынан райондук Кеңешке киргизилет.
15.2. Райондук Кеңеш Премьер-министр талапкерлерди киргизген күндөн тартып 15 жумушчу къндън ичинде жашыруун добуш берүү жолу менен чечим кабыл алат жана райондун акими кызматына дайындоо үчүн талапкер боюнча сунушту Премьер-министрге киргизет.
15.3. Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин райондук Кеңеш талапкерди аныктай албаса же акимдин кызматына дайындоо үчүн талапкер боюнча тиешелүү сунушту киргизбесе, Премьер-министр райондук Кеңешке башка талапкерлерди (үчтөн кем эмес) берет.
15.4. Бир эле талапкер Премьер-министр тарабынан тиешелүү райондук Кеңешке катары менен эки жолу киргизилиши мүмкүн эмес.
15.5. Райондун акими кызматына дайындоо үчүн талапкерлер боюнча добуш берүү эгерде райондук Кеңештин депутаттарынын жалпы санынан үчтөн экиден кем эмеси катышкан учурда болуп өттү деп эсептелет.
15.6. Акимдин кызматына талапкерлер Премьер-министрдин ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан райондук Кеңешке көрсөтүлөт.
15.7. Ар бир акимдин кызматына талапкерлери боюнча тиешелүү райондук Кеңешке төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт:
- биографиялык маалымат (фамилиясы, аты жөнү, туулган жери, жылы, айы, улуту, орто билим алган жери, үй-бүлөлүк абалы, туруктуу жашаган жери, партияга тиешелүүлүгү);
- паспорттун көчүрмөсү, сүрөт;
- билими тууралуу маалымат (жогорку), билими тууралуу документтин көчүрмөсү, илимий даражасы тууралу жана илимий наамы;
- эмгектик ишмердиги тууралу маалымат, эмгек китепчесинин көчүрмөсү, мамлекеттик же ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган документтин көчүрмөсү.
15.8. Ар бир акимдин кызматына талапкер боюнча кыскача анкеталык маалыматы, профессионалдык жана иштиктүү сапаттары боюнча мүнөздөмө, талапкерди көрсөткөн жагдайлар менен Премьер-министрдин колу коюлган расмий каты менен жол-жоболоштурулат.
15.9. Премьер-министр тарабынан сунушталган акимдик кызматка дайындалуучу талапкерлерди райондук Кеңештин карап чыгуусун уюштуруу үчүн райондук Кеңеш тарабынан курамы 3-5 депутаттан турган эсептөө комиссиясы түзүлөт.
15.10. Эсептөө комиссиясы тарабынан добуш берүү бюллетендерин иштеп чыгып, анын сактоосун камсыз кылат, отурумунун протоколдорунун алып баруусун уюштурат, ушул тартипте көрсөтүлгөн башка ыйгарым укуктарга ээ.
Эсептөө комиссиясын материалдык - техникалык жактан камсыздоо райондук мамлекеттик администрациясына жүктөлөт.
15.11. Бюллетенге Премьер-министр тарабынан киргизилген райондук акимдин кызматына коюлуучу талапкерлер гана киргизилет.
15.12. Райондук акимдин кызматына коюлган талапкерлерге добуш берүү райондук Кеңеш тарабынан аныкталган, атайын бөлүнгөн бөлмөдө ишке ашырылат.
15.13. Депутаттардын катышуусуна, добуш берүүнүн уюштурулуусуна, бөлмөнүн жабдылуусуна жана тийиштүү тартиптин сакталуусуна райондук Кеңештин төрагасы жооптуу.
15.14. Добуш берүү процедурасын камсыздоо жоопкерчилиги эсептөө комиссиясына берилет.
Эсептөө комиссиясы:
добуш берүүнүн алдында райондук Кеңештин депутаттарын каттоодон өткөрөт;
жашыруун добуш берүү үчүн райондук Кеңештин депутаттарына кол коюунун негизинде бюллетендерди берет;
райондук Кеңештин депутаттарынын жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендер менен кабиналарга өтүүсүн көзөмөлдөйт жана добуш берүүнүн жашыруун болуусун камсыздайт.
15.15. Добуш берүүдөн мурда бюллетендер урнасы райондук Кеңештин депутаттарынын жана Премьер-министрдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдында эсептөө комиссиясы тарабынан текшерилет, пломбаланат жана ага мөөр басылат.
15.16. Ар бир депутат жеке добуш берет. Башкалардын ордуна добуш берүүгө жол берилбейт.
15.17. Бюллетень добуш берип жаткан депутат тарабынан кабинада же жашыруун добуш берүү үчүн бөлүнгөн бөлмөдө толтурулат. Депутат добуш берүү бюллетенин толтуруп жаткан учурда анын жанына башка адамдардын келүүсүнө тыюу салынат.
15.18. Депутат жашыруун добуш берүү бюллетенинде өзү добуш берип жаткан бир гана талапкердин фамилиясынын тушуна “Макул” деп белги кое алат, же болбосо “Баардык талапкерлерге каршы” деген сапка коет.
15.19. Формасы аныкталбаган бюллетендер жана ошондой эле “Макул” деген белги эки же андан ашык талапкерге коюлган бюллетендер жараксыз деп эсептелет.
15.20. Райондук аким кызматынын талапкерине райондук Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк бөлүгү добуш берген болсо, анын талапкерлиги жарамдуу деп эсептелет.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча эсептөө комиссиясынын эки нускадагы протоколу түзүлөт жана аларга эсептөө комиссиясынын бардык мүчөлөрүнүн колдору коюлат.
Райондук Кеңештин чечими камтылган протоколдун биринчи нускасы Премьер-министрге жиберилет, экинчи нускасы райондук Кеңештин жооптуу катчысында сакталат, үчүнчү нускасы бирдиктүү маалымат базасына киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттикке жиберилет.
15.21. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары эсептөө комиссиясынын протоколунун негизинде райондук Кеңештин сессиясынын чечими менен бекитилет. Кеңештин сессиясы өзүнүн чечими менен эсептөө комиссиясынын протоколун бекитет.
15.22. Талапкерликке макулдук беръъ тууралу Кеңештин сессиясынын чечими райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акимди дайындоо сунушу менен Премьер-министрге жиберилет.
15.23. Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча эч бир дагы талапкер райондук Кеңештин депутаттарынын жалпы санынан көп добушка ээ боло албаса, добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Экинчи тур биринчи тур өткөрүлгөн күнү өткөрүлөт.
15.24. Биринчи турда эң көп сандагы добушка ээ болгон эки талапкер добуш берүүнүн экинчи турундагы бюллетенге киргизилишет. Добуш берүүнүн ирээти жыйынтыктарды чыгаруу ушул Тартипте белгиленген тартипте өткөрүлөт.
15.25. Эгерде добуш берүүнүн экинчи турунун жыйынтыктары боюнча эч бир талапкер райондук Кеңештин депутаттарынын жалпы санынан көп добушка ээ боло албаса, Премьер-министр тарабынан киргизилген райондук акимдин кызматынын талапкерликтери четке чыгарылат, бул тууралу райондук Кеңештин төрагасы 24 сааттын ичинде жазуу түрүндө Премьер-министрге кабар берет.
Мындай учурда Премьер-министр бул Тартипте негизделген ирээтте башка талапкерлерди сунуштайт.
16.1. Кеңештин көзөмөлдөө ыйгарым укуктарын ишке ашыруу жана Кеңештин төрагасынын, орун басарынын, комиссияларынын жана анын жооптуу кызматкерлеринин эң башкы милдеттеринин бири болуп эсептелет.
16.2. Депутаттардын Нарын райондук Кеңеши тарабынан районго, республикага, өзү жашаган аймакка көрүнүктүү эмгек сиңирген адамдарга “Нарын районунун Ардактуу атуулу” наамы райондук Кеңештин туруктуу комиссиясынын сунушу боюнча райондук Кеңештин сессиясында каралып ыйгарылат. Нарын районунун Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылган инсанга Сертификат, күбөлүк, төш белги берилет жана райондук Кеңештин төрагасынын колу менен күбөлөндүрүлөт.
16.3. Депутаттардын Нарын райондук Кеңеши райондун Гербин, Туусунун сүрөттөлүшүн, Гимнинин текстин бекитет.
16.4. Депутаттардын Нарын райондук Кеңеши райондук мамлекеттик администрациясы менен бирдикте айрым маселелер боюнча буйрук чыгарат.
16.5. Райондун эмгек алдынкыларына депутаттардын Нарын райондук Кеңешинин Ардак Грамоталары ыйгарылат.
17.1. Депутаттар Регламентке өзгөртүү, толуктоо киргизүүгө сунуш бере алат. Сунуштар атайын түзүлгөн жумушчу топто каралат.
17.2. Райондук Кеңештин Регламентин, типтүү Регламенттин негизинде, депутаттардан турган жумушчу топ иштеп чыккандан кийин Кеңештин сессиясында бекитүүгө коюлуп, сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
|
|