Редакцияот 26.05.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXVI сессиясы

 

2015-жылдын 26-майы № 01-05/155

Сере көчөcүнө Р.Газиевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери маркум Газиев Рустамжандын ысымын өзү жашаган кварталындагы Сере көчөсүнө ыйгаруу боюнча, шаардык Кеңештин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 7-статьясына жана Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1 пунктунун 23-пунктчасына ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаарынын Сере көчөсүнө Газиев Рустамжандын ысымы ыйгарылсын.

2. Ноокен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынан жана Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан тийиштүү иш кагаздарын ушул токтомго ылайыкташтырып иштеп чыгуусу суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаардын мэри К.М.Эгембердиевге милдеттендирилсин.

4. Сере көчөсүнүн жашоочуларына көчөнүн аталышы алмашкандыгына байланыштуу паспорт жана үй документтерин алмаштыруудагы кеткен чыгымын төлөп берүү жагы маркум Р.Газиевдин жакын туугандарына (жубайы, балдары, бир туугандары) милдеттендирилсин.

5. Көчөнүн аталышынын жазылышы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен илүүнү жана өз каражатынан жүргүзүүнү камсыз кылуу маркум Р.Газиевдин жакын туугандарына (жубайы, балдары, бир туугандары) милдеттендирилсин.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

  

Кочкор-Ата шаардык

Кеӊешинин төрагасы

 

А.М. Нусупбеков