Загрузка документа…
НАРЫН РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 28-февралы №13/11
Депутаттардын Нарын райондук кеңешинин ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө Жобосун бекитүү жана ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоонун булагын аныктоо жөнүнө
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ишке ашыруу максатында депутаттардын Нарын райондук Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Нарын райондук Кеңешинин ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндө Жобосу бекитилсин. (Тиркелет).
2. Депутаттардын Нарын райондук Кеңешинин ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булагы болуп Нарын облустук «Теңир Тоо» газетасы белгиленсин.
3. Райондук Кеңештин аппараты ушул токтомду жана ушул Жобону каттоодон өткөрүлсүн.
4. Токтом тиркемеси менен мамлекеттик жана расмий тилде облустук «Теңир Тоо» газетасынын бетинде расмий жарыялансын.
5. «Теңир Тоо» газетасында расмий жарыяланган күнү райондук Кеңештин аппараты тарабынан эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жүзүндө жана электрондук түрүндө, жарыяланган булагы көрсөтүлүү менен Нарын облустук юстиция башкармалыгына Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү калтырамын.
7. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Нарын райондук кеңешинин төрагасы |
М. Курманкожоев |
| Депутаттардын Нарын райондук кеңешинин 2011-жылдын 28-февралындагы №13/11 токтому менен бекитилген |
ЖОБО
1. «Депутаттардын Нарын райондук Кеңешинин ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндөгү» Жобо (мындан ары-Жобо) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү» жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү» Мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан.
2. Райондук Кеңештин ченемдик укуктук актылары өздөрүнөн жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан өз компетенциясынын чегинде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында кабыл алынат. Райондук Кеңештин ченемдик укуктук актылары (мындан ары-ченемдик укуктук актылары) токтом түрүндө чыгарылат жана аларга райондук Кеңештин төрагасы кол коет.
3. Ченемдик укуктук актыларды депутаттардын Нарын райондук Кеңешинин аппараты каттайт.
4. Укук ченемдерин (укуктук ченемдерди) белгилөөгө, өзгөртүүгө же жокко чыгарууга багытталган, граждандардын жана граждандыгы жок адамдардын укук нормаларын камтыган жана граждандык, саясий, социалдык-экономикалык жана башка укуктарын, эркиндигин жана милдеттерин (алардын Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларында бекемделген ишке ашырылыш гарантияларын, укуктарды, эркиндикти жана милдеттерди) козгогон райондук Кеңештин ченемдик укуктук актылары катталат.
Ченемдик укуктук актыларды каттоо ага каттоо номерин ыйгаруу (каттоо № 2011-1, бул жерде 2011-кабыл алган жыл, ал эми 1-болсо ченемдик укуктук актыларды каттоо жөнүндө журналдагы тартиби боюнча номуру) жана алардын төмөнкүдөй реквизиттери көрсөтүлүү менен ченемдик укуктук актыларды каттоо жөнүндө журналга жазуу жолу менен ишке ашырылат:
1) актынын түрү көрсөтүлөт;
2) ченемдик укуктук актыны кабыл алган органдын аталышы;
3) ушул ченемдик укуктук актыны жөнгө салуу предметти билдирген аталыш;
4) кабыл алынган жер жана күн;
5) каттоо номуру;
6) ченемдик укуктук актыга кол койгон жактын Ф.А.А.
5. Мамлекеттик каттоого төмөнкүлөр алынбайт:
а) төмөнкүдөй жекече укук актылары:
- жекече мүнөздөгү (кызматка дайындоо же бошотуу, сыйлоо же жаза колдонуу жөнүндө ж.б);
- аракети бир жолку колдонуу менен чектелген;
- колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен;
- оперативдик-башкаруу мүнөзүндөгү (бир жолку тапшырмалар);
б) жогору турган мамлекетик органдардын чечимдери аткаруу бийлигинин системасынын органдарына жана уюмдарына маалымдалуучу актылар;
в) аткаруу бийлигинин жогору турган органдардын чечимдерин же алардын өзүлөрүнүн чечимдерин аткаруу уюштурууга багытталган жана жаңы укук нормаларын камтыбаган актылар;
г) эгерде укук нормаларын камтыбаса, техникалык актылар (тарифтөө- квалификациялоо справочниктери, статистикалык байкоолордун түрлөрү ж.б.);
д) сунуш кылган актылар.
6. Ченемдик укуктук актылар Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилет.
7. Ченемдик укуктук актылар катталгандан кийин алардын көчүрмөлөрү райондук Кеңештин аппараты тарабынан эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жүзүндө жана электрондук түрүндө, жарыяланган булагы көрсөтүлүү менен Нарын облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук акты жарыяланган күнү жөнөтүлөт. Нарын облустук юстиция башкармалыгы ченемдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине алар өздөрүнө келип түшкөн күнү жөнөтүшөт.
8. Ченемдик укуктук актыларга киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул Жободо көрсөтүлгөн тартипте катталууга тийиш.
9. Ченемдик укуктук акты (анын түзүмдүк элементи) мыйзамда белгиленген тартипте консититуцияга ылайык келбейт же жараксыз деп табылса, ал жөнүндө маалымат тиешелүү сот тарабынан ушул ченемдик укуктук актыны каттаган райондук Кеңештин аппаратына соттун чечими күчүнө кирген күнү жиберилет. Ошол ченемдик укуктук актыны каттаган аппарат андай маалыматты алган күнү Нарын облустук юстиция башкармалыгы соттун чечими жөнүндө расмий кат жиберет.
Соттун жүйөлүү чечими акыркы (кат жүзүндөгү) формада ал күчүнө кирген күндөн баштап он күндүн ичинде райондук Кеңештин аппаратына жөнөтүлүүгө тийиш, аппарат болсо соттун чечимин алган күнү аны Нарын облустук юстиция башкармалыгына жиберет.
Соттун ченемдик укуктук актыны (анын түзүмдүк элементин) жараксыз деп табуу жөнүндө чечими белгиленген тартипте жокко чыгарылган учурда, андай чечим аны кабыл алган сот тарабынан ушул пунктта каралган тартипте жиберилүүгө тийиш.
Нарын райондук кеңешинин төрагасы |
М. Курманкожоев |