Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-сентябры № 80/23-6
“Кара-Көл шаардык кеңешинин 24.04.2015-жылдагы № 70/19-6 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Кара-Көл шаарынын мэри М.Д.Койчиевдин 10.09.2015-ж. чыг.№05-23/1688 сандуу кайрылуу катын талкуулап чыгып, шаардык кеңештин бюджет , экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясы (Жетешикова Г.С.) даярдаган токтомдун долбоорунун кабыл алынгандыгы боюнча 2015-жылдын 28-сентябрындагы 25 депутат кол койгон сунушунун негизинде Кара- Көл шаардык кеңешинин кезексиз XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык кеңешинин 24.04.2015-жылдагы № 70/19-6 токтомундагы 4250,0 миң сомдук бош калган жана үнөм каражат тиркемеде көрсөтүлгөн иш чараларга каржылансын. (тиркелет)
2. Шаардык каржы бөлүмү ( Осмонкулов Ж.Т.) бул токтомго ылайык шаардык бюджеттин 2015-жылдын чыгаша бөлүгү боюнча тиешелүү тактоолорду ( уточнение) киргизсин жана мыйзам чегинде каржылансын.
3. Бул токтомдун аткарылышы шаардык мэрияга (Койчиев М.Д.), ШММБнын башчысы (Сарбалаев К.С.) жана шаардык каржы бөлүмүнө ( Осмонкулов Ж.Т.) ал эми көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына ( Жетешикова Г.С.) жүктөлсүн.
Кара-Көл шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Женбеков М.К. |
| Тиркеме №1 Бекитилди: Шаардык кеңештин “28”_09_2015-ж._№80/23-6 |
Кара-Көл шаардык мэриясынын 2015-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен кошумча чыккан иштерге 2014-жылдын жыйынтыгы менен 4250,0миң сомдук бош калган жана үнөм каражаттардын эсебинен жасалуучу иш-чаралардын
Реестри
№ | Аткарылуучу жумуштун аталышы | Мекеменин аталышы | Статья | Сумма (миң сом) |
1 | М.Сабиров көчөсүндөгү курулуп жаткан 32 батирлүү үйгө кошумча: негизги дубалдарын ички беттерин бекемдөө үчүн 1464,1 миң сом, сырткы беттерин бекемдөө 375,7 миң сом, жалпы 1839,8 миң сом | ШММБ | 3111 | 1839,8 |
2 | М.Сабиров көчөсүндөгү курулуп жаткан 32 батирлүү үйдү электр энергия менен камсыз кылуу максатында трансформатор жана электр жабдыктарын сатып алууга | ШММБ | 3112 | 636,0 |
3 | М.Сабиров көчөсүндөгү шаардык борбордук китепкананын имаратын ремонттоого деффектик ведомостто каралбай калган иш чараларга | ШММБ | 3111 | 349,7 |
4 | Кетмен-Төбө шаарчасына таза суу чыгаруу боюнча ремонт иштерине сарпталган | ШММБ | 3111 | 180,6 |
5 | Жазы-Кечүү айылынын аймактык башкармалыгына трансформатор орнотуу үчүн | ШММБ | 3111 | 30,6 |
6 | М.Фрунзе атындагы №3-орто мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн деффектик ведомость жана сметасын түзүүгө | ШММБ | 2215 | 300,0 |
7 | Кетмен-Төбө шаарчасына таза суу чыгаруу үчүн Саргата насостук станциясына ЭЦВ-12-160-65 насосун сатып алууга | ШММБ | 3112 | 195,0 |
8 | ЖДПБнун ГСВ №2(47,8 ми сом) жана төрөт үйү, жугуштуу оорулар бөлүмдөрүнүн (76,6миң сом) канализация, суу түтүктөрүн алмаштыруудагы кошумча ремонт иштерине | ШММБ | 3111 | 124,4 |
9 | АТК көчөсүнүн тургундарынын таза суу менен камсыз кылуу кошумча чыккан иштерге | ШММБ | 3111 | 111,0 |
10 | Кара-Көл шаарынын Ак-Кыя көчөсүнүн 1-12 үйүнүн жашоочусу Сонунбү Шакулуевага материалдык жардам | Соцкоргоо | 2721 | 40,0 |
11
| Токтогул ГЭСтер Каскады тарабынан көрсөтүлүүчү кызмат акыга | ШММБ | 2215 | 442,9 |
| Жалпы: |
|
| 4250,0
|