Редакцияот 21.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛПАК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жалпак-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XII сессиясы

 

2015-жылдын 21-февралы № 01

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин2015-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын жана Жалпак-Таш айылдык кенешинин Регламентине ылайык Жалпак-Таш айылдык кенешинин 2015-жыл үчүн иш планы айылдык кеңештин сессиясында талкууланып,каралып, Жалпак-Таш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2015-жылга карата иш планы бекитилсин (тиркеме тиркелет).

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин төрагасына милдеттендирилсин.

 

Жалпак-Таш айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Суранов М.Р 

 

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2015-жылдын “21”февралындагы № 01 токтому менен бекитилген

 

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин 2015-жыл үчүн

иш планы

 

2015-жылы Жалпак-Таш айылдык кеңешинин сессиясында каралуучу негизги маселелер:

1. Айылдык кеңештин 2015-жыл үчүн иш планын бекитүү (2015-жыл, 1-квартал, айылдык кеңештин төрагасы жана айылдык кеңештин жооптуу катчысы)

2. Жалпак-Таш айыл өкмөтүндөгү иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык менчиктин пайдаланышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн программаларынын аткарылышы жана калктын социалдык жактан корголушу жөнүндө 2014-жыл үчүн жылдык отчет (2015-жыл, 1-квартал, Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Паизов С.)

 3. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча аткарылышы (2015-жыл, 1-квартал, айылдык кеңештин бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы жана Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи)

 4. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча 2014-жылдын эсебинен үнөмдөлгөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө (2015-жыл, 1-квартал, айылдык кеңештин бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясы жана Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи)

5. 2015-жылга бюджетин кирешелер, чыгашалар боюнча бекитүү. Айыл өкмөтүнүн 2015-жыл үчүн структурасын жана штаттын санын бекитүү (2015-жыл, 1-квартал, айылдык кеңештин бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссия», Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи)

 6. Жалпак-Таш айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн 2015-жыл үчүн программасын жана аларды контролдоонун, күтүлүү натыйжаларын бекитүү (2015-жыл, 1-квартал, Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Паизов С.)

 7. Жалпак-Таш айыл аймагындагы маданият үйүнүн жана китепкананын калкты тейлөөдөгү ишмердүүлүгү жана алдыдагы милдеттери жөнүндө (2015-жыл, 4-квартал, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн соц.адиси)

8. Бюджеттин 2015-жылдагы кирешелер жана чыгашалар боюнча 6 айлык планынын аткарылышы жөнүндө (2015-жыл, 3-квартал, «Бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссия», Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи)

 9. Өзгөн РИИБнин Жалпак-Таш айыл аймагы боюнча административдик участкаларынын тескөөчүлөрүнүн Жалпак-Таш айыл аймагы боюнча 2015-жыл үчүн иш планын бекитүү (2015-жыл, 1-квартал, Өзгөн РИИБнин административдик участкалардын тескөөчүлөрү, айыл өкмөтүнүн соцадиси, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссия)

 10. Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн коомдук алдын-алуу борборунун Жалпак-Таш айыл аймагы боюнча 2015-жылда кылмыштуулукту алдын-алуу, коомдук тартипти сактоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери жана алдыдагы милдеттери жөнүндө (2015-жыл, 4-квартал, Өзгөн РИИБнин административдик участкалардын тескөөчүлөрү, айыл өкмөтүнүн соцадиси, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссия)

 11. Саламаттыкты сактоо мекемелеринин калкты тейлөөдө аткарып жаткан иштери жөнүндө (2015-жыл, 3-квартал, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн соцадиси)

 12. Социалдык тармактагы мекемелердин жаңы окуу жылына, кышка даярдыгы жөнүндө (2015-жыл, 3-квартал, Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөт башчысынын орун басары )

 13. Жалпак-Таш айыл аймагындагы ветсервистердин ишмердүүлүгү жөнүндө (2015-жыл, 3-квартал, айыл чарба жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн ветадиси)

 14. Жайыт комитетинин 2014-жылда аткарган иштери жана бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету жана 2015-жыл үчүн бюджетинин жана иш планын бекитүү жөнүндө (2015-жыл, 1-квартал, айыл чарба жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия, Жайыт комитетинин башчысы)

 15. Жалпак-Таш айыл аймагынын калкын таза суу менен камсыз кылуунун абалы жана 2015-жылда аткарылуучу иш чаралар жана алдыдагы милдеттер жөнүндө (2015-жыл, 1-квартал, айыл өкмөт башчысынын орун басары, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия)

 16. Жайлоого кетүүчү мал жандыктар үчүн тарифтик өлчөмүн бекитүү (2015-жыл, 1-квартал, айыл чарба жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн ветадиси

17. Мал жандыктарды алдын-ала эмдөө жана ветеринардык көзөмөлдөн өткөрүү боюнча тарифтик өлчөмдөрүн бекитүү (2015-жыл, 1-квартал, айыл чарба жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн ветадиси)

 18. Жазгы талаа иштерин өз убагында камсыз кылуу максатында айдоо, малалоо, себүү, арык тартуу ж.б. жумуштардын баасын бекитүү (2015-жыл, 1-квартал, айыл чарба жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссия, айыл көмөтүнүн жер адиси)

II. Уюштуруу-массалык иштер

 

№

Иш чаранын мазмуну

Мөөнөтү

Аткаруучулар, жооптуулар

Эскертүү

1

Убактылуу комиссиялардын сандык, сапаттык курамын бекитүү (зарылдыкка жараша)

Жыл ичинде

Кеңештин төрагасы, айыл өкмөтүнүн башчысы

 

2

Жалпак-Таш айылдык кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бекитүү (зарылдыкка жараша)

Жыл ичинде

Кеңештин төрагасы жана кеңештин жооптуу катчысы

 

3

Коомдук бюджеттик угууларды өткөрүү, депутаттык окууларды өткөрүү

Жыл ичинде

Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары жана жооптуу катчы, «Бюджет, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси

 

4

Жарандардын кайрылууларына ылайык тейлөөлөр (жол оңдоо, ичкен суу, таштанды чыгаруу жана жашылдандыруу, жарык менен камсыздандыруу ж.б.) боюнча депутаттык угууларды өткөрүү (депутаттык саат, депутаттык күн); протоколдук тапшырмалардын аткарылуу жүрүшүн ж.б. маселелерди кароо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу.

Жыл ичинде

Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары жана жооптуу катчы, туруктуу комиссиялардын төрагалары

 

5

Депутаттардын атуулдук коомдордун активдери менен тегерек столдо жолугушуусун уюштуруу

Жыл ичинде

Кеңештин төрагасы, туруктуу комиссиялар

 

6

Депутаттардын шайлоочулар менен жолугушуусу (отчету)

Жылына кеминде бир жолу

Кеңештин төрагасынын орун басары, туруктуу комиссиялар

 

7

Айыл өкмөтүнүн жылдык отчетун элдик курултайда угуу

Жылына бир жолу

Кеңештин төрагасы, айыл өкмөт башчысы

 

8

Алдыңкы айыл кеңештин иш тажрыйбасын жеринде уюштуруу (тажрыйба алмашуу)

Жыл ичинде

Кеңештин төрагасы

 

9

Депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө (зарылдыкка карай). Айылдык кеңештин жана туруктуу комиссиялардын ишмердүүлүгү жана алдыдагы милдеттери жөнүндө.

Жыл ичинде

Кеңештин төрагасынын орун басары, жооптуу катчы, турук. комиссиянын төрагалары

 

10

Бешинчи чакырылыштагы Жалпак-Таш айылдык кеңеши тарабынан кабыл алган чечимдеринин аткарылышынын абалы жөнүндө

2015-ж., ар кварталда

Кеңештин жооптуу катчысы жана туруктуу комиссиялардын төрагалары