Загрузка документа…
КР Президентинин 2017-жылдын 10-мартындагы № 47 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2000-жылдын 26-декабры ПУ № 353
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз онкология жана радиология илим-изилдөө институту жөнүндө
Калк арасында онкологиялык оорулардын алдын алуунун натыйжалуулугун жана сапатын андан ары жогорулатуу жана онкологиялык оорулууларга медициналык жардам көрсөтүү, аларга диагноз коюунун жана дарылоонун алдыңкы ыкмаларын ишке киргизүү, ошондой эле онкология жана радиология жагында илимий изилдөөлөрдү координациялоо максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз онкология жана радиология илим-изилдөө институту Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология борбору деп аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология борборунун статусу (мындан ары - Улуттук борбор) онкология жана радиология боюнча мамлекеттик негизги илимий-медициналык мекеме катары аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө:
- Улуттук борбордун дарылоо-диагноздоо базасын өнүктүрүүгө инвестиция, анын ичинде чет өлкөлүк инвестиция тартуу боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алсын;
- Ош шаарында Улуттук борбордун филиалын түзсүн;
- Улуттук борбордун уставын иштеп чыксын жана бекитсин, ошондой эле ушул Указдан келип чыккан финансылык, уюштуруу жана башка маселелерди чечсин;
- өз чечимдерин ушул Указга ылайык келтирсин.
4. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Президент | А. Акаев
|