Редакцияот 10.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2017-жылдын 10-марты № 47

Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 2-июнундагы № 162 "Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Кыргыз илимий гематология борборун түзүү жөнүндө" Жарлыгынын 1-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 26-декабрындагы № 353 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз онкология жана радиология илим-изилдөө институту жөнүндө" Жарлыгы.

2. Ушул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Президент

А. Атамбаев