Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 11-апрели № 5
Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык Нарын шаарындагы жер тилкелерине укуктарды берүүдө Нарын шаардык мэриясынын «Курулуш куру жана жер пайдалануу» комиссиясынын Жобосун жана сандык курамын бекитүү жөнүндө
Нарын шаарындагы жер тилкелерин берүү маселелерин оптималдаштыруу жана жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын «Жер» жана «Жарандык» Кодекстерине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 «Муниципалдык менчикте турган жер тилкелерине менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттаы жөнүндө» типтүү Жобону бикитүү тууралуу токтомунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-майындагы №252 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объектерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн обьектерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндөгү», Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому менен бекитилген «Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер тилкелерин берүүнүн тартиби жөнүндөгү» жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы №50 токтомдору менен бекитилген «Көп кабаттуу турак үйдүн жер тилкелеринин чек арасын аныктоо жана уруксат документтерин беръънън тартиби жөнүндөгү Жоболорунун, депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесин бекитүү жөнүндөгү» 2004-жылдын 4-июнунда №2 токтомунун жана Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинин сунуш катынын негизинде депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаарындагы жер тилкелерин берүү маселелерин оптималдаштыруу жана жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык Нарын шаарындагы жер тилкелерине укуктарды берүүдө Нарын шаардык мэриясынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу» комиссиясынын Жобосу бекитилсин (№1-тиркеме).
2. Нарын шаарындагы жер тилкелерине укуктарды берүүдө Нарын шаардык мэриясынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу» комиссиясынын Жобосуна ылайык комиссиянын сандык курамы бекитилсин.(№2-тиркеме)
3. Нарын шаардык Кеңешинин сессиясында бекитилген Жобо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Нарын шаарында муниципалдык жер тилкелерин ижарага берүүдө, сатууда жана турак жай курууга берүүдө Жобого ылайык иш алып баруу түзулгон комиссиянын төрагасына жана курамына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө шаардык Кеңештин алдындагы туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Байгубатовго, шаардык мэриянын биринчи вице-мэри А.Сурановго тапшырылсын.
Нарын шаардык кеңешинин төрагасы
|
А. Көкөтаев
|
| Депутаттардын Нарын шаардык кеңешинин XXV чакырылыштагы XXIII сесиясынын 2012- жылдын 11-апрелиндеги №5 токтомуна 1-тиркеме
|
«Курулуш куруу жана жер пайдалануу» комиссиясы тууралуу ЖОБО
Бул жобо Кыргыз Республикасынын Жер жана Жарандык Кодекстерине. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу Өз алдынча башкаруу», Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнундө» Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» Жобону бекитүү тууралуу токтомуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты
1. Нарын шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссия (мындан ары -комиссия) ез иш-аракетин Нарын шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү, ошондой эле жерлерди пайдалануу шарттарын аныктоо же өзгөртүү менен байланышкан маселелерди чечүүдө Нарын шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун коллегиялдуу органы болуп саналат.
2. Жергиликтүү ыйгарым укуктуу органдын (мэрия) сунушу боюнча Нарын шаардык Кеңешинин токтому менен комиссиянын курамы бекитилет. Комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу жана өкүлдүк органдарынын, коомчулуктун, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү кирет.
3. Нарын шаарынын Муниципалдык менчик департамента комиссиянын ишмердүүлүгүн уюштурууну камсыздоону жүзөгө ашырат. Нарын шаарынын Муниципалдык менчик департаментинин жер маселелери боюнча адиси комиссиянын катчысы болуп эсептелет.
4. Комиссиянын төрагасы жана анын орун басарлары мэриянын сунушу менен, жалпы комиссиянын курамындагы мучөлөрүнүн копчулук добушу менен шайланат.
5. Комиссия төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
а) комиссия жер участоктун планын жана ага тиркелген бардык материалдарды алгандан кийин 3 иш күндүн ичинде карайт;
б) жер участокторуна менчик жана же ижара укуктарды сатуу мүмкүндүгү женүндө чечимдерди кабыл алат;
в) соодага коюлуучу жер участокторуна укуктардын түрүн (менчик, ижара), аны берүү ыкмаларын (аукцион, конкурс же түз сатуу), аукциондук кадамды (эгер аукцион өткөрүлгөн учурда), конкурстун шарттарын жана аларды өткөрүү үчүн башка зарыл мүнөздемелөрдү аныктайт;
г) соода же түз сатуу өткерүлгөндө тооруктун ар бир предмета боюнча старттык бааны комиссия көз каранды эмес баалоочулардын корутундусунун негизинде белгилейт.
д) соодага жана түз сатууларга коюлуучу жер участокторунун наркынын көлөмдерүн аныктайт;
е) тооруктардын жыйынтыктарын белгиленген тартипте бекитет;
ж) топтолгон документтерди толуктап карайт жана Нарын шаарында жеке менчик турак жай курууга жер участогун алуучулардын кезек тизмесин түзөт;
з) жер участокко укук берүүгө байланышкан башка маселелерди ушул Жободо жана башка нормативдик укуктук актыларда каралган компетенциясынын чегинде карайт.
6. Комиссиянын укугу:
а) Нарын шаарынын мэриясынын тийиштүү кызматтарынан, бөлүмдөрүнөн жана чарба жүргүзүп жаткан субьекттерден отурумда карала турган маселелерге таандык документтерди, корутундуларды, экспертизанын актыларын жана башка материалдарды алууга;
б) өзгөчө учурларда мурда кабыл алынган чечимдерди кайра кароого жана кароонун жыйынтыктары боюнча мурда кабыл алынган чечимдерди күчүнө калтыруу же аларды жокко чыгаруу жана башка чечим кабыл алуу жөнүндө жаңы чечимдерди кабыл алууга;
в) эгер комиссиянын кароосуна материалдарды Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын бузуу менен даярдаса, Нарын шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин дисциплинардык жоопко тартуу жөнүндө өтүнүүге;
г) Нарын шаардык мэриясынын алдындагы жер комиссиясынын комиссиянын мүчөлөрү үч жолу комиссиянын жыйындарына келбесе, аны алмаштыруу жөнүндө Нарын шаардык мэриясына өтүнүүгө;
д) жеке турак үйлөрдү куруу үчүн укуктарды акысыз берүү менен байланышкан маселелерди чечүүдө Нарын шаары боюнча жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө маселелерди кароого жан чечимдерди кабыл алууга.
7. Комиссия өз ишмердүүлүгүн отурум формасында жүзөгө ашырат. Отурумдардын жыйынтыктары протокол түзүү менен ишке ашырылат, аларга комиссиянын катчысы. терагасы жана катышкан бардык мүчөлөр кол коюшат.
Ар бир каралган маселелер боюнча чечимдер чыгарылганда бирдиктүү чогултулган протокол тузулот, комиссиянын терагасы, катышкан бардык мүчөлерү жана катчысы кол коюшкандан кийин толуктоолорду, ондоолорду киргизууго. жекече протоколдорду тузгонго жол берилбейт.
8. Комиссиянын отурумдары комиссиянын терагасы аныктаган күндөрдө бир айда бир жолу өткөрүлөт.
9. Комиссиянын төрагасы комиссиянын отурумун өткөрөт, эгер ал жок болсо. комиссиянын төрагасынын орун басарларынын бири өткөрөт.
10. Эгер отурумда комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса комиссия чечим кабыл алууга укуктуу.
11. Комиссиянын чечимдери катышып жаткандардын көпчүлүгүнүн добуштары менен ачык добуш берүү менен, жөнөкөй жол аркылуу кабыл алынат. Добуштар тең болгон учурда комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
12. Нарын шаарынын Муниципалдык менчик департаментинин архивинде комиссиянын отурумунун протоколдору жана комиссиянын иш-аракети менен байланышкан башка материалдар мыйзам тарабынан белгтшенген тартипте сакталат.
13. Комиссиянын протоколуна комиссиянын терагасы, катчысы жана отурумда катышкан мүчөлөру кол коюшат.
14. Комиссиянын мүчөлөрү отурум өткөрүүгө 3 күн калганда ыйгарым укуктуу орган тарабынан маалым болушат жана келэ^рки отурумдун материалдары менен камсыз кылынат.
15. Отурум башталганда төрагалык кылуучу талкуулануучу маселенин мүнөзүнө жана ыйгарым укуктуу органдардан жана эксперттерден келип түшкөн расмий корутундулардын мазмунуна карата иш тартибин аныктайт.
16. Комиссия отурумунда томондогу маселелерди карайт жана проткол тузуп чечим чыгарат:
а) женилдетилген типтеги обьектилереге, жер участокко менчик же ижара укугун беру мумкундугу жонундо чечим чыгарат:
б) жер участокторду жеке менчик турак жай курууга беүү;
в) жеке менчик турак жай куруучулардын кезекке туруу тизмесин тескейт, ага озгортуу жана кошумчаларды киргизет.
17. Комиссиянын отурумунда кабыл алынган чечимдин негизинде Нарын шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик департаменти 5 (беш) күндүк мөөнөттүн ичинде жер участогуна менчик укугун сатуу-сатып алуу же ижаралоо женүндө келишим түзөт.
18. Нарын шаарынын мэриясы комиссияга отурумдарды өткөрүү, архивди жайгаштыруу жана башка иш-аракет үчүн зарыл жайларды берет.
19. Эгер комиссиянын мүчөсү түз каржылык кызыкчылыкка же арызы каралып жаткан жак менен туугандык мамиледе болсо, ал бул маселени кароого катышуудан бошотулат жана добуш берүүдө катышууга укугу жок.
20. Комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөенетүнен мурда токтотуу төмөнкү учурларда болот:
а) Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын чечими боюнча жана Нарын шаардыкмэриясынын сунушу менен;
б) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча. Нарын шаардык мэриясынын сунушубоюнча;
Наарын шаарды кеңешинин аппарат жетекчиси |
А. Абдыкеримов
|
| Депутаттардын Нарын шаардык кеңешинин 11-апрели 2012-жылдагы 25-чакырылыштагы 23-сессиясынын №5токтомуна № 2тиркеме |
«Курулуш куруу жана жер пайдалануу» комиссиясынын КУРАМЫ
1. Комиссиянын терагасы-1
2. Комиссиянын төрагасынын орун басарлары-2
-биринчи орун басары- 1 (Нарын шаардык архитектура башкармалыгынан)
-орун басары-1 ( Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинен)
Комиссиянын мүчөлөрү;
-Нарын шаардык Кенешинин депутаттарынан-4;
-Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынан -1
-Нарын шаардык жашылдандыруу мекемесининен-1
-Коомдук, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлү-( шаардык мэриянын сунушу менен )
Кеңеш берүүчү укугу менен
-Нарын суу канал ишканасынын өкүлү - 1
-Нарын шаардык мамлекеттик өрткө каршы кызматынын өкүлү -1
-Нарын шаардык өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын өкүлү-1
-«Таза-Нарын» муниципалдык ишканасынын өкүлү-1
-Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан
Нарын шаардык кеңешинин аппарт жетекчиси |
А. Абдыкеримов |