Загрузка документа…
ЧЕК-АБАД АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чек-Абад айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
2014-жылдын 25-декабры № 5
Чек-Абад айылдык кеңешинин иш планын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы У.М.ЭРАЛИЕВДИН билдирүүсүн угуп айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Чек-Абад айылдык Кеңешинин иш планы бекитилсин. (иш план тиркелет).
Чек-Абад айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т.Сатыбалдиев |
| Чек-Абад айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын ХIII-сессиясынын 5 токтомуна тиркеме. |
Чек-Абад айылдык Кеңешинин 2015-жылга иш-планы
I-квартал.
Чек-Абад айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы социалдык экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана 2015-жылга алдындагы милдеттер жөнүндө отчету.
Р.Эргашев – айыл өкмөтүнүн башчысы.
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларында тарбиялык иштердин жана тамак-аш берүүнүн абалы жөнүндө.
Г.Жанибекова – айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси.
II-квартал.
Чек-Абад айыл өкмөтүнүн аймагында айыл чарба иштеринин жана дыйкан чарбаларды сугат суусу менен камсыз кылуунун абалы жөнүндө.
С.Токторов-аыл өкмөтүнүн башчысынын орунбасары.
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы элдерге медицина кызматын көрсөтүүнүн абалы жөнүндө.
Н.Аширкулов-№ 3 ҮДТнун башкы дарыгери
III-квартал.
Айыл өкмөтүнүн айыл чарбасына жарактуу мамлекеттик фондунун жеринен пайдалануунун абалы жөнүндө
Д.Давидов-айыл өкмөтүнүн жер адиси.
Айыл өкмөтүнө караштуу мектептерде окуу жылына окуу-тарбия иштеринин абалы жөнүндө.
Г.Жанибекова – айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси.
IV-квартал
Чек-Абад айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2015-жылга бюджети жөнүндө.
И.Мамитхонов – айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы.
Чек-Абад айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын кошумча доклады.
С.Эралиев – бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы.
Айыл өкмөтүнө караштуу элди таза-суу менен камсыз кылуу боюнча «Ак-Суу» ишканасынын башчысынын отчету.
А.Жусмаматов-«Ак-Суу» ишканасынын башчысы.