ТоктомКүчүндө

Ош шаардык кеңешинин 2012-жылдын 13-апрелиндеги № 1 «Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин III чакырылышында шайланган депутаттардын ыйгарым укуктарын таануу жөнүндө» токтому

Редакция13.04.2012 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин кезектеги I сессиясы (III чакырылышы)

 

2012-жылдын 13-апрели № 1

Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин III чакырылышында шайланган депутаттардын ыйгарым укуктарын таануу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 22-декабрындагы № 29-Жарлыгына, "Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 38-беренесине ылайык, 2012-жылдын 4-мартында өткөрүлгөн Ош шаардык Кеңешине депутаттарды шайлоонун жыйынтыктары жөнүндөгү Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы С.Маматалиеванын билдирүүсүнүн негизинде, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин III чакырылышынын I сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2012-жылдын 4-мартында өткөрүлгөн шайлоолордо шайланган Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын ыйгарым укуктары таанылсын.

 

Ош шаардык

кенешинин төрагасы

 

 

Т.Сабиров