Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2012-жылдын 16-апрели №9
Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 32-беренесине ылайык, шаардык кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу, ошол чечимдердин шаарда жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышын көзөмөлгө алуу максатында, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө айтылган депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен, депутаттардын Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинде төмөндөгүдөй туруктуу депутаттык комиссиялар түзүлсүн:
1.1. Өнөр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия;
1.2. Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия;
1.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыштар, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия;
1.4. Бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия;
1.5. Социалдык маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия (маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт, туризм, коомдук уюмдар, партиялар, массалык маалымат каражаттар маселелери);
1.6. Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлкжер, агрардык, экология, өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия.
2. Бул токтом мыйзамдарда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (А.Алимбекова) жана шаардык «Ош шамы» гезитине жарыялансын (Б.Матисаков).
3. Бул токтомду көзөмөлдөө депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин аппарат:жетекчиси З.М.Сасыкбаевге жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы
|
Т.Сабиров
|