Загрузка документа…
ЛЕЙЛЕК РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-августу №17/1
«Депутаттардын Лейлек райондук Кеӊешинин типтүү регламентине ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү жѳнүндѳ»
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Мыйзамынын 31-беренесинин 5.5, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жѳнүндѳгү» Мыйзамынын 10-беренесинин 2-пункттарына жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин Коллегиясынын 2011-жылдын 12-августундагы №08/02 токтому менен кабыл алынган «Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акимдин кызматына дайындалуучу талапкерлер тууралуу райондук кеӊештин депутаттарынын чечим кабыл алууларынын сунуш-кѳрсѳтмѳ тартиби» жѳнүндѳгү сунуштамасынын негизинде депутаттардын Лейлек райондук кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1) Депутаттардын Лейлек райондук кеӊешинин 2008-жылдын 14-октябрындагы №1/2 токтому менен кабыл алынган «Депутаттардын Лейлек райондук кеӊешинин типтүү регламентинин IV-бѳлүгүнѳ 15-глава катары «Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин кызматына дайындалуучу талапкерлер тууралуу райондук кеӊештин депутаттарынын чечим кабыл алууларынын сунуш-кѳрсѳтмѳ берүүсүнүн тартиби» киргизилсин.
2) Суралсын Кыргыз Республикасынын Баткен облустук юстиция башкармалыгынан депутаттардын Лейлек райондук кеӊешинин регламентине кийирилген толуктоолорду жана ѳзгѳртүүлѳрдү ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине каттоо жагы.
Депутаттардын Лейлек райондук кеӊешинин тѳрагасы |
А.Жалилов |