Загрузка документа…
| Лейлек райондук кеӊешинин 2008-жылдын 14-октябрындагы №1/2 токтому менен кабыл алынган. 2011-жылдын 23-августундагы №17/1 токтому менен толуктоолор жана озгортуулор киргизилген тиркеме |
Райондук Кеӊештин Типтүү регламенти
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жѳнүндѳ" Мыйзамына ылайык депутаттардын райондук кеӊеши райондун ѳкүлчүлүктүү органы болуп саналат. Райондук кеӊештин ыйгарым укугунун мѳѳнѳтү тѳрт жыл.
Райондук кеӊеш ѳзүнүн ишин КР Конституциясына, КР Мыйзамына, КР Президентинин жана ѳкмѳтүнүн ченемдик-укуктук актыларына, жана ушул Регламентке ылайык алып барат.
Райондук кеӊештин Регламента райондук кеӊештердин ишин уюштуруу тартибин, алардын укуктук жана уюштуруучу негиздерин, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын структураларын, сессияларды ѳткѳрүү мѳѳнѳтүн аныктайт.
Райондук кеӊештин сессиясы кварталында кеминде бир жолу жана жалпы депутаттардын 1/3 талабы боюнча ѳткѳрүлѳт.
Райондун аймагында жайгашкан бардык мекеме-уюмдар менчик формасына карабастан райондук кеӊештин токтомдорун аткарууга милдетүү.
Райондук кеӊештин токтомдору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынып салынышы же жокко чыгарылышы мүмкүн.
2.1. Райондук кеӊештер "'Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жѳнүндѳ" КР Мыйзамынын 27-статьясына ылайык тѳмѳндѳгү маселелер боюнча токтомдорду карайт жана кабыл алат:
1) аймактын социалдык-экономикалык ѳнүгүүсүн жана калктын социалдык коргоо боюнча программаларды аткаргандык үчүн бекитүү жана кѳзѳмѳл жүргүзүү;
2) райондук бюджетти бекитүү анын аткарылышы жѳнүндѳ отчетту, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жѳнүндѳ маалыматты угуу;
3) интенсивдүү жана алыскы жайыттарды пайдалануу маселелери;
4) район борборундагы райондук социалдык-маданий маанидеги объекттеринин күтүлүшүнѳ кѳзѳмѳл жүргүзүү;
5) тийиштүү аймакта жылына кеминде бир жолу иштин абалы жѳнүндѳ райондук мамлекеттик администрациянын башчысынын маалыматын угуу;
6) райондук мамлекеттик администрация башчысына ѳзүнүн милдетин аткарбагандык же талаптагыдай аткарбагандык үчүн райондук кеӊештин депутаттарынын жалпы санынын үчтѳн экисинин добуш берүүсү менен ишеним кѳрсѳтпѳѳнү билдирүү;
7) райондук кеӊештин регламентин кабыл алуу.
7) райондук Кеӊештин регламентин кабыл алуу-деген сѳздѳн кийин - «жана ага ѳзгѳртүүлѳрдү жана толуктоолорду киргизүү».
8) бир жыл ичинде жергиликтүү Кеӊештин сессияларына жүйѳлүү себепсиз катышпагандыгы үчүн жана райондук кеӊештин токтомдорун жана тапшырмаларын аткарбагандыгы үчүн, райондук кеӊештин депутаттары райондук кеӊештин депутаттарынын жалпы санынын кѳпчүлүк добушу менен депутаттык полномочиесин аткаруудан чакыртылып алынышы мүмкүн.
9) депутаттын чакыртылып алынгандыгы жѳнүндѳгү райондук кеӊештин токтому депутатты шайлаган округдун шайлоочуларына билдирилет жана мыйзам чегинде бошогон мандаттын ордун толуктап берүү үчүн андан кийинки шайлоочулардын коп добушун алган талапкерди аныктап берүүгѳ областтык шайлоо комиссиясьша жѳнѳтүлѳт.
Райондук кеӊештин тѳрагасы жана райондук кеӊештин тѳрагасынын орун басары Райондук кеӊештин тѳрагасы:
3.1. Райондук кеӊештин сессиясын чакырат, тѳрагалык кылат, токтомдорго, протоколдорго жана райондук кеӊештин башка документтерине кол коет, алардын аткарылышына кѳзѳмѳл жүргүзѳт.
3.2. Жарандардын арыздарын, даттанууларын жана кайрылууларын карайт.
3.3. Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жѳнүндѳ, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу сунуштары менен жогорку органдарга кайрылат.
3.4. Кеӊештин регламентинин аткарылышына кѳзѳмѳл жүргүзѳт.
3.5. Райондук кеӊештин тѳрагасынын орун басарына талапкерлигин шайлоо тууралуу сунушту киргизет.
3.6. "'Муниципалдык кызмат тууралуу" КР Мыйзамына ылайык ѳзүнүн буйругу менен жоопту катчыны жана райондук кеӊештин аппаратынын жооптуу кызматкерлерин (башкы, жетектѳѳчу адистер) кызматка алат жана кызматтан бошотот.
3.7. Кыргыз Республикасынын мыйзам чегинде кеӊештин компетенциясына кирген дагы башка маселелерди чечет.
3.8. Райондук кеӊештин жаны чакырылышындагы биринчи жаны сессиясына чейин ѳзүнүн кызматын аткарат.
Райондук кеӊештин тѳрагасынын орун басары:
3.9. Райондук кеӊештин тѳрагасынын орун басары райондук кеӊештин тѳрагасынын милдетинин, ал жок болгон учурда же тѳрага ѳзүнүн милдетин аткара албай калган учурда аткарат.
3.10. Коомдук башталыштарда ѳзүнүн ишин жүргүзѳт.
Жооптуу катчы:
4.1 Депутаттарды алар ѳзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууда тийиштүү маалымат менен камсыздайт.
4.2. Райондук кеӊештин келечектүү планын аткарууну камсыздайт.
4.3. Райондук кеӊештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын иш-аракетин координациялайт.
4.5. Райондук кеӊешке түшүүчү документтердин эсебин алат жана аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алат.
4.6. Райондук кеӊештин сессиясынын материалдарын даярдайт жана алардын райондук кеӊештин депутаттарына чейин жеткирүүсүнѳ кѳзѳмѳл кылат.
4.7. Депутаттарды, уюмдардын, ишканалардын жетекчилерин, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын коомдук ѳкүлдѳрүн жана башка адамдарды сессия ишине катышууга чакырууну уюштурат.
4.8. Райондук кеӊештин сессиясына депутаттардын катышуусунун эсебин алууну жүргүзѳт.
5.1. Кеӊештин туруктуу комиссиялары ѳз ишин "Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жѳнүндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзѳт.
5.2. Туруктуу комиссиядан райондук кеӊештин карамагына таандык маселелерди алдын ала карап чыгуу жана даярдоо, жана отурумдарда кабыл алынган чечимдердин аткарылышын уюштуруу жана кѳзѳмѳлдѳѳ үчүн түзүлѳт. Туруктуу комиссиялар зарылчылыгына жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес отурумду ѳткѳрѳт.
5.3. Туруктуу комиссиялар райондук кеӊештин ыйгарым укугунун мѳѳнѳтүндѳ райондук кеӊеш тарабынан түзүлѳт. Комиссиялардын тизмеги, алардын сандык курамы жана шайлоо тартиби райондук кеӊеш тарабынан аныкталат. Райондук кеӊештин депутаты бир гана туруктуу комиссиянын мүчѳсү боло алат.
5.4. Райондук кеӊеш атайын тапшырмаларды аткаруу максатында убактылуу комиссияларды түзѳ алат.
5.5. Убактылуу комиссиялар кѳрсѳтүлгѳн мѳѳнѳттѳ тапшырмаларды аткарышы боюнча жыйынтыктарын жѳнүндѳ райондук кеӊешке отчет берет.
5.6. Тапшырмаларды аткаргандан кийин убактылуу комиссиялар ѳз ишмердүүлүгүн токтотот.
6.1. Райондук кеӊештин биринчи сессиясы 6.1. Кайрадан шайланган райондук кеӊештин биринчи сессиясы райондук кеӊешке шайлоо ѳткѳрүлгѳндѳн кийин эки жумалык мѳѳнѳттѳн кечиктирбестен мурдагы чакырылыштагы райондук кеӊештин тѳрагасы же депутаттардын ичинен чыккан демилгечи топ тарабынан чакырылат. Райондук кеӊештин биринчи сессиясын кайрадан шайланган райондук кеӊештин курагы боюнча аксакал депутат ачат.
6.2. Райондук, кеӊештин сессиясы депутаттардын жалпы санынан үчтѳн экиси катышканда ишти алып барууга укуктуу.
6.3. Райондук кеӊештин биринчи сессиясынын күн тартибине райондук кеӊештин Регламенти, тѳрагасын анын орун басарын шайлоо маселеси райондук кеӊештин жана структураны түзүү жана райондук кеӊештин ишине байланышкан башка маанилуу маселелер коюлат.
6.4. Райондук кеӊештин тѳрагалыгына талапкер кѳрсѳтүү тартиби жана шайлоого байланыштуу башка процедуралык маселелерди кароо ушул Регламентке ылайык каралат.
7.1. Сессиянын күн тартиби жана иш тартиби сессиянын тѳрагасы тарабынан сунушталат, депутаттар талкуулайт жана бекитет. Ошол күнгѳ райондук кеӊештин сессиясынын күн тартиби сессиянын күн тартибинин кезектеги маселесин жана аларды карап чыгуунун тартибин камтууга тийиш.
7.2. Депутат киргизген сессиянын күн тартибине ѳзгѳртүүлѳр же толуктоолор тууралуу сунуш депутаттар тарабынан талкууланат жана бекитилет. Райондук кеӊештин аппараты менен биргеликте, райондук кеӊештин тѳрагасы даярдаган райондук кеӊештин кезектеги сессиясынын күн тартибинин долбоору депутаттарга таркатылып берилет.
7.3. Райондук кеӊештин иш планы бир жылга түзүлѳт. Райондук кеӊештин иш планынын долбоорун даярдоону райондук кеӊештин аппараты жүргүзѳт.
7.4. Райондук кеӊештин депутаттары райондук кеӊештин туруктуу комиссиялары, райондук жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы - акими райондук кеӊештин иш планына маселелерди киргизүү укугуна ээ.
7.5. Райондук кеӊештин бекитилген иш планына маселелерди аныктоону ѳзгѳртүү, жаӊы маселелерди киргизүү, маселелерди алып салуу райондук кеӊештин сессиясынын токтому менен таризделет.
8.1. Ушул регламентте белгиленген тартипте райондук кеӊештин кароосуна коюла турган документтердин пакети тѳмѳнкүлѳрдү камтууга тийиш:
- докладчыны кѳрсѳтүү менен маселени даярдоого жооптуу адам тарабынан кол коюлган коштомо кат. Эгерде документ райондук кеӊеш тарабынан мурда кабыл алынган токтомду аткаруу үчүн даярдалса, анда коштомо катка тийиштүү шилтеме жасалат;
- райондук кеӊештин токтомунун долбоору.
Эгерде райондук кеӊештин токтомунун долбоору материалдык же финансылык ресурстардын түшүүсүн же чыгымын караган сунуштар камтылса, анда иштеп чыгуучулар тарабынан каржылоо булактары кѳрсѳтүлүү менен тийиштүү эсеп-кысаптар берилет.
8.2. Токтом долбоору каралганда райондук кеӊештин депутаттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ѳкүлдѳрүнүн, талкуулоого катышуу үчүн чакырылган адамдардын сунуштары жана сын-пикирлери угулат.
Райондук бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгашаларды караган токтом долбоорун карап чыккан учурда милдеттуу тартипте райондук мамлекеттик администрация башчысы - акиминин корутундусу угулат.
8.3. Райондук кеӊештин токтомунун долбоорун талкуулоонун натыйжасы боюнча тѳмѳнкүдѳй чечимдердин бири кабыл алынат:
а) жалпысынан токтом кабыл алынсын;
б) жеткире иштеп чыгууга жѳнѳтүлсүн;
в) күн тартибинен алынып салынсын.
8.4. Токтомдо аны ишке ашыруунун тартиби белгиленет. атап айтканда:
1) мѳѳнѳтү айкындалат жана колдонууга киргизүү ыкмасы жана пункттарын аткаруу, же жалпысынан токтомду аткаруунун жолдору аныкталат;
2) Мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгуу боюнча органдарга жана кызмат адамдарына ачык-айкын тапшырмалар берилет, ченемдик-укуктук актыларды ѳркүндѳтүү үчүн, аларды кабыл алынган токтомго ылайык келтирүүнүн мѳѳнѳтү аныкталат.
8.5. Райондук кеӊештин (шаардык кеӊештин структуралык түзүмү) ар бир токтомунда жана чечиминде анын аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳчү адам кѳрсѳтүлѳт.
Документтин жоболорун ишке ашыруунун натыйжалуулук деӊгээлин, аларды аткарууга кыйынчылык келтирген себептерди табуу, аткарууга тоскоолдук кылган адамдарды (органдарды) аныктоо, аларды жоопкерчиликке тартуу, ошондой эле зарыл болгон учурда сот тартибинде документтин жоболорун аткарууну камсыз кылуу кѳзѳмѳлдѳѳ максаты болуп саналат.
Токтомдун же чечимдин тапшырма коюлган пунктунда аткаруучу (бир же бир нече) же райондук кеӊештин структуралык түзүмү, ошондой эле эреже катары аткаруу мѳѳнѳтү кѳрсѳтүлѳт.
8.6. Кѳзѳмѳл жасоо боюнча отчеттуулук мѳѳнѳтү же токтомдун ѳзүндѳ же райондук кеӊештин тѳрагасы тарабынан белгиленет.
8.7. Райондук кеӊештин аппараты депутаттарга жана жергиликтүү коомчулукка сессиянын ѳтѳ турган күнү, убактысы, күн тартиби жана сессиянын ѳтѳ турган жери жѳнүндѳ аны ѳткѳрүүгѳ 5 кун калгандан кечиктирбестен маалымдайт. Токтомдун долбоорун райондук кеӊештин депутаттарына жеткирүү сессияга чейин 3 күн калгандан кечиктирбестен жүргүзүлѳт.
Райондук кеӊештин сессиясын сессияда тѳрагалык кылуучу алып барат. Сессияда тѳрагалык кылуучу кызматы боюнча райондук кеӊештин тѳрагасы болуп саналат. Ал катышпаган учурда, сессияда тѳраганын орун басары же тѳрага. тѳраганын орун басары же болбосо райондук кеӊештин протоколдук чечими менен тапшырылган башка депутат (ѳзүнүн талапкерлигин алып салуу жѳнүндѳ билдирбеген) тѳрагалык кылат.
8.8. Райондук кеӊештин кезексиз сессиясын чакыруу кеӊештин терагасынын демилгеси, ар кандай туруктуу комиссиялардын же болбосо депутаттардын жалпы санынын үчтѳн бир бѳлүгүнүн демилгеси боюнча жүргүзүлѳт.
8.9. Кезексиз сессияны чакыруу жѳнүндѳ депутаттардын сунушу каралуучу маселелер кѳрсѳтүлүп жана кезексиз сессияны ѳткѳрүүнүн зарылчылыгы негизделүү менен кеӊештин тѳрагасына берилет.
8.10. Сессияга материалдарды даярдоо райондук кеӊештин иш планына ылайык жооптуу адамдар тарабынан жүргүзүлѳт. Пландан тышкаркы маселелер алардын демилгечилери тарабынан даярдалат.
8.11. Кезектеги сессияга киргизилген маселелер боюнча материалдар (токтомдун долбоору, маалыматтар, маалымат-кат, кайрылуулар ж.б.) сессия ѳткѳргѳн күнгѳ чейин 7 күндѳн кечиктирилбестен райондук кеӊештин жооптуу катчысына жазуу түрүндѳ берилууге тийиш.
8.12. Райондук кеӊеш жылына кеминде бир жолу тийиштүү аймактагы иштин абалы жѳнүндѳ райондук мамлекеттик администрация башчысынын маалыматын угат.
Райондук мамлекеттик администрация башчысынын - акиминин маалыматынын тексти райондук кенештин отурумунда аны карап чыгууга 10 кун калгандан кечиктирбестен райондук кецешке киргизилет.
8.13. Райондук мамлекеттик администрация башчысына ѳзүнүн милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн ишеним билдирбѳѳ жѳнүндѳ чечим райондук кеӊештин депутаттарынын жалпы санынын 3/2 добуш берүүсү менен кабыл алынат.
8.14 Райондук мамлекеттик администрация башчысы тарабынан киргизилген райондук бюджет жана аны аткаруу жѳнүндѳ отчет, аймакты социалдык-экономикалык ѳнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программалары райондук кеӊеш тарабынан карап чыгууга жатат жана райондук кеӊештин депутаттарынын жалпы санынын теӊ жарымынан ашыгы ага добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.
8.15. Алдыдагы финансылык жылга райондук бюджетти кабыл алуу процесси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте башталат.
9.1. Райондук кеӊештин токтомдору депутаттар тарабынан талкуулангандан кийин сессияга катышкан депутаттардын кѳпчүлүк добуш берүүсү менен кабыл алынат.
9.2. Туруктуу комиссиялардын курамын ѳзгѳртүү тууралуу, ошондой эле мурда кабыл алынган токтомдорду ѳзгѳртүүлѳр тууралуу, токтом кѳпчүлүк добуш берүү менен кабыл алынат.
9.3. Райондук кеӊештин сессиясынын күн тартибинде каралуучу маселелер боюнча токтом кабыл алынат жана ага райондук кеӊештин тѳрагасы кол коет.
9.4. Депутаттын билдирүүсү жана/же анын жазуу же оозэки түрүндѳ билдирилген макулдугу токтом менен кошо сессиянын протоколунда чагылдырылат.
9.5. Токтом долбоору ар бир пункту боюнча талкууланат жана жалпы кабыл алынат.
10.1. Райондук кеӊештин сессиясы уюштуруу иштерин тутумдаштыруу максатында жумушчу органды - секретариатты, зарылчылык болгондо, эсептѳѳ жана башка комиссияларды түзѳт.
Жумушчу орган - сессияга катышкан депутаттардын кѳпчүлүк добуш берүүсү менен бекитилет.
10.2. Сессиянын секретариаты райондук кеӊештин аппараты менен биргеликте сессиянын жүрүшүнүн стенограммасын алып барат. чыгып сүйлѳгѳндѳрдү тактайт, регламенттин сакталышын кѳзѳмѳлдѳйт, депутаттарга түшүндүрмѳ берет.
10.3. Секретариат райондук кеӊештин аппараты менен биргеликте сессиянын протоколун тариздейт.
Райондук кеӊештин отурумунун протоколунда: отурумду ѳткѳрүү күнү, убактысы жана орду; отурумга катышкан депутаттардын саны; сессиянын күн тартибине коюлган маселелер; ошол отурум үчүн депутаттардын арасына таратылган документтердин аталышы жана редакциясы; сессияда тѳрагалык кылуучунун жана чыгып суйлѳѳчүлѳрдүн аты-жѳнү; добушка коюлган бардык маселелер менен сунуштар, добуш берүүнүн натыйжасы жана кабыл алынган чечимдер чагылдырылып кѳрсѳтүлѳт.
Протоколго сессиянын отурумунда тѳрагалык кылуучу кол коет.
Райондук кеӊештин сессиясынын протоколдорунан, токтомдорунан кѳчүрмѳлѳрдү алуу жана алардан жазып алууларды тариздѳѳ, райондук кеӊештин жооптуу катчысынын уруксаты менен, райондук кеӊештин аппараты тарабынан жүргүзүлѳт.
Кѳчүрмѳсүн алуу жѳнүндѳ маалымат ѳзүнчѳ журналда катталат.
10.4. Райондук кеӊештин депутаты ѳзүнүн чыгып сүйлѳгѳн сѳзүнүн стенограммасы менен таанышууга жана аны жарыялаганга чейин стенограмманын кѳчүрмѳсүн алууга укуктуу.
11.1. Райондук кеӊештин депутаты сессиянын жумушчу органына шайланат же шайланышы мумкун, ошондой эле ошол органга ѳз талапкерин кѳрсѳтүшү мумкун.
Депутаттарды кѳрсѳтүлгѳн укуктарын ишке ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жѳнүндѳ" жана башка Мыйзам актыларынын ошондой эле типтүү райондук кеӊештин Регламентине ылайык ишке ашат.
12.1. Райондук кеӊештин тѳрагасы жана анын орун басары, райондук кеӊештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары ѳзүнүн алып баруусундагы маселелер боюнча коомдук угууларды ѳткѳрүүнү демилгелеши мүмкүн.
Коомдук угулар, Кыргыз Республикасынын шартына ылайыкташтырылган жана эл аралык практикаларынын негизинде иштелип чыгылган жобонун негизинде ѳткѳрүлүшү мүмкүн.
13.1. Райондук кеӊештин тѳрагасы жашыруун добуш берүү жолу менен райондук кеӊештин депутаттарынын арасынан шайланат. Райондук кеӊештин тѳрагасынын тѳрагалык кызматына талапкер райондук кеӊештин депутаттары тарабынан, ошондой эле ѳзүн-ѳзү кѳрсѳтүү жолу менен депутаттардын ѳздѳрү тарабынан кѳрсѳтүлѳт. Жалпы депутаттардын кѳпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
13.2. Кѳрсѳтүлгѳн талапкер ѳз талапкерлигин алып коюуга укуктуу.
13.3. Кѳрсѳтүлгѳн талапкер жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизилет.
13.4. Райондук кеӊештин тѳрагасынын орун басарынын кызматына талапкерди райондук кеӊештин тѳрагасы кѳрсѳтѳт. Жалпы депутаттардын кѳпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
Тѳраганын орун басары ачык добуш менен шайланат.
14.1. Райондук кеӊештин биринчи сессиясында жашыруун добуш берүүнү уюштуруу жана ѳткѳрүү үчүн 3-5 депутат санында эсептѳѳ комиссиясы түзүлѳт.
14.2. Эсептѳѳ комиссиясы ѳзүнүн отурумунда милдеттерди бѳлүштүрѳт (тѳраганы, катчыны жана мүчѳлѳрдү бекитет). Жабык добуш берүү үчүн бюллетендерди, урнаны жана кабинаны даярдайт.
14.3. Добуш берүүнү камсыз кылуу үчүн эсептѳѳ комиссиясы сессияда катышкан депутаттардын тизмесин тактайт. Эсептѳѳ комиссиясы жашыруун добуш берүүнүн материалдарынын сакталышын камсыз кылат жана райондук кеӊештин аппаратына ѳткѳрүп берет.
14.4. Райондук кеӊештин тѳрагалыгынын кызматына талапкерлер алфавиттик тартипте бюллетенге киргизилет. Добуш берүүнүн натыйжасы добуш берүүчүнүн бюллетендерди эсептеп чыгуунун жыйынтыгы боюнча чыгарылат.
14.5. Бюллетенге талапкердин паспорттук маалыматтарынын же инсандын башка күбѳлүктѳрүнүн негизинде аты-жѳнү жазылат. Бюллетенге кандайдыр бир башка маалыматты киргизүүгѳ жол бербейт.
14.6. Ар бир талапкер боюнча "Макул", "Каршы", "Жараксыз бюллетен*' бюллетендерди эсептѳѳ комиссиясы жыйынтыктайт, протокол менен бекемдейт жана бекитүү үчүн сессиянын кароосуна алып чыгат.
14.7. Добуштардын алда канча кѳп санын алган райондук кеӊештин тѳрагалыгынын кызматына талапкер тѳрт жылдык мѳѳнѳткѳ райондук кеӊештин тѳрагалыгына шайланды деп эсептелет.
14.8. Тѳраганын орун басары кызматына талапкерлер ачык добуш берүүгѳ коюлат. Добуш берүүлѳрдү ѳткѳрүү жана натыйжасын эсептеп чыгарууну эсептѳѳ комиссиясы жүргүзѳт.
14.9. Сессияда катышкан депутаттардын алда канча кѳп добуштарынын санын алгач талапкер райондук кеӊештин тѳрагасынын орун басарлык кызматына шайланат.
1. Райондун мамлекеттик администрация башчысы-аким (мындан ары-аким) кызматына талапкерлер (үчтѳн кем эмес) Кыргыз Республикасынын Премьер-министри (мындан ары – Премьер-министр) тарабынан тиешелүү райондук кеӊешке киргизилет.
2. Райондук кеӊеш Премьер-министр талапкерлерди киргизген күндѳн тартып 15 жумушчу күндүн ичинде жашыруун добуш берүү жолу менен чечим кабыл алат жана райондун акими кызматына дайындоо үчүн талапкер боюнча сунушту Премьер-министрге киргизет.
3. Эгерде жогоруда кѳрсѳтүлгѳн мѳѳнѳт бүткѳнгѳ чейин райондук кеӊеш талапкерди аныктай албаса же акимдин кызматына дайындоо үчүн талапкер боюнча тиешелүү сунушту киргизбесе, Премьер-министр райондук кеӊешке башка талапкерлерди (үчтѳн кем эмес) берет.
4. Бир эле талапкер Премьер-министр тарабынан тиешелүү райондук кеӊешке катары менен эки жолу киргизилиши мүмкүн эмес.
5. Райондун акими кызматына дайындоо үчүн талапкерлер боюнча добуш берүү эгерде райондук кеӊештин депутаттарынын жалпы санынан үчтѳн экиден кем эмеси катышкан учурда болуп ѳттү деп эсептелет.
6. Акимдин кызматына талапкерлер Премьер-министрдин ыйгарым укуктуу ѳкүлү тарабынан райондук кеӊешке кѳрсѳтүлѳт.
7. Ар бир акимдин кызматына талапкерлери боюнча тиешелүү райондук кеӊешке тѳмѳнкүдѳй маалыматтар кѳрсѳтүлѳт:
- биографиялык маалымат (фамилиясы, аты-жѳнү, тѳрѳлгѳн жери, жылы, айы, улуту, орто билим алган жери, үй-бүлѳлүк абалы, туруктуу жашаган жери, партияга тиешелиги);
- паспорттун кѳчүрмѳсү, сүрѳт;
- билими тууралуу маалымат (жогорку, атайын), билими тууралуу документтин кѳчүрмѳсү, илимий даражасы тууралуу жана илимий наамы;
- эмгектик ишмердиги тууралуу маалымат, эмгек китепчесинин кѳчүрмѳсү, мамлекеттик же ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган документтин кѳчүрмѳсү.
8. Ар бир акимдин кызматына талапкер боюнча кыскача анкеталык маалыматы, профессионалдык жана иштиктүү сапаттары боюнча мүнѳздѳмѳ, талапкерди кѳрсѳткѳн жагдайлар менен Премьер-министрдин колу коюлган расмий каты менен жол-жоболоштурулат.
9. Премьер-министр тарабынан сунушталган акимдик кызматка дайындалуучу талапкерлерди райондук кеӊешинин карап чыгуусун уюштуруу үчүн райондук кеӊеши тарабынан курамы 3-5 депутаттан турган эсептѳѳ комиссиясы түзүлѳт.
10. Эсептѳѳ комиссиясы тарабынан добуш берүү бюллетендерин иштетип чыгып, анын сактоосун камсыз кылат, отурумунун протоколдорун алып баруусун уюштурат, ушул Тартипте кѳрсѳтүлгѳн башка ыйгарым укуктарга ээ.
Эсептѳѳ комиссиясын материалдык-техникалык жактан камсыздоо райондук мамлекеттик администрациясына жүктѳлѳт.
11. Бюллетенге Премьер-министр тарабынан киргизилген райондук акимдин кызматына коюлуучу талапкерлер гана киргизилет.
12. Райондук акимдин кызматына коюлган талапкерлерге добуш беруу райондук кенеш тарабынан аныкталган, атайын болунгон болмодо ишке ашырылат.
13. Депутаттардын катышуусуна, добуш беруунун уюштурулуусуна, болмонун жабдылуусуна жана тийиштуу тартиптин сакталуусуна райондук кенештин торагасы жооптуу.
14. Добуш берүү процедурасын камсыздоо жоопкерчилиги эсептоо комиссиясына берилет.
Эсептоо комиссиясы:
добуш берүүнүн алдында райондук кеӊештин депутаттарын каттоодон ѳткѳрѳт
жашыруун добуш берүү үчүн райондук кеӊештин депутаттарына кол коюунун негизинде бюллетендерди берет.
райондук кеӊештин депутаттарынын жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендер менен кабиналарга ѳтүүсүн кѳзѳмѳлдѳйт жана добуш берүүнүн жашыруун болуусун камсыздайт.
15. Добуш берүүдѳн мурда бюллетендер урнасы райондук кеӊештин депутаттарынын жана Премьер-министрдин ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн алдында эсептѳѳ комиссиясы тарабынан текшерилет, пломбаланат жана ага мѳѳр басылат.
16. Ар бир депутат жеке добуш берет. Башкалардын ордуна добуш берүүгѳ жол берилбейт.
17. Бюллетень добуш берип жаткан депутат тарабынан кабинада же жашыруун добуш берүү үчүн болунгон бѳлмѳдѳ толтурулат. Депутат добуш берүү бюллетенин толтуруп жаткан учурда анын жанына башка адамдардын келүүсүнѳ тыюу салынат.
18. Депутат жашыруун добуш берүү бюллетенинде ѳзү добуш берип жаткан бир гана талапкердин фамилиясынын тушуна “Макул” деп белги коё алат, же болбосо “Баардык талапкерлерге каршы” деген сапка коёт.
19. Формасы аныкталбаган бюллетендер жана ошондой эле “Макул” деген белги эки же андан ашык талапкерге коюлган бюллетендер жараксыз деп эсептелет.
20. Райондук аким кызматынын талапкерине райондук кеӊештин депутаттарынын жалпы санынын кѳпчүлүк бѳлүгу добуш берген болсо, анын талапкерлиги жарамдуу деп эсептелет.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча эсептѳѳ комиссиясынын эки нускадагы протоколу түзүлѳт жана аларга эсептоо комиссиясынын бардык мүчѳлѳрүнүн колдору коюлат.
Райондук кеӊештин чечими камтылган протоколдун биринчи нускасы Премьер-министрге жиберилет, экинчи нускасы райондук кеӊештин жооптуу катчысында сакталат, үчүнчү нускасы бирдиктүү маалымат базасына киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттикке жиберилет.
21. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары эсептѳѳ комиссиясынын протоколунун негизинде райондук кеӊештин сессиясынын чечими менен бекитилет. Кеӊештин сессиясы ѳзүнүн чечими менен эсептѳѳ комиссиясынын протоколун бекитет.
22. Талапкерликке макулдук берүү тууралуу кеӊештин сессиясынын чечими райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимди дайындоо сунушу менен Премьер-министрге жиберилет.
23. Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча эч бир дагы талапкер райондук кеӊештин депутаттарынын жалпы санынан коп добушка ээ боло албаса, добуш берүүнүн экинчи түрү ѳткѳрүлѳт. Экинчи тур биринчи тур ѳткѳрүлгѳн күнү ѳткѳрүлѳт.
24. Биринчи турда эӊ коп сандагы добушка ээ болгон эки талапкер добуш берүүнүн экинчи турундагы бюллетенге киргизилишет. Добуш берүүнүн ирээти жыйынтыктарды чыгаруу ушул Тартипте белгиленген тартипте ѳткѳрүлѳт.
25. Эгерде добуш берүүнүн экинчи турунун жыйынтыктары боюнча эч бир талапкер райондук кеӊештин депутаттарынын жалпы санынан коп добушка ээ боло албаса, Премьер-министр тарабынан киргизилген райондук акимдин кызматынын талапкерликтери четке чыгарылат; бул тууралуу райондук кеӊештин тѳрагасы 24 сааттын ичинде жазуу түрүндѳ Премьер-министрге кабар берет.
Мындай учурда Премьер-министр бул Тартипте негизделген ирээтте башка талапкерлерди сунуштайт.