ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2015-жылдын 1-декабры № 1
Чон-Алай айылдык аймагынын бюджетинин 2015-жылдын 9 ай ичинде аткарылышын кароо жөнүндө
Чоң-Алай айылдык аймагынын башчысы К.Абдылдаевдин жана ФЭБунун башчысы Т.Эсенбаевдин Чоң-Алай айылдык аймагынын бюджетинин 2015-жылдын 9 ай ичинде аткарылышы тууралуу отчетун угуп Чоң-Алай айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын депутаттары карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай айылдык аймагынын 2015-жылдагы бюджетинин 9 ай ичинде аткарылышы депутаттар тарабынан бир добуштан канааттандыраарлык деп табылсын. (тиркеме тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана социалдык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча комитетине тапшырылсын
Чоң-Алай айылдык Кеӊешинин төрагасы: |
Д. Молдоболотов
|
Чоң-Алай айылдык аймагынын 2015-жылдагы жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн ар түрдүү чыгымдарынын кошумча долбоору
К№ | Чыгашанын аталышы | Сумма (сом) |
| Мектеп |
|
1 | Чоң-Алай РЭТке карызды төлөө үчүн | 311500 |
2 | А.Саит орто мектебине тамак-аш программасын жакшыртуу үчүн суу түтүгүн тартууга | 195000 |
3 | Чак орто мектебине тамак-аш программасын жакшыртуу боюнча | 150000 |
4 | Кармышев орто мектебине көмүр сатып алуу үчүн | 220000 |
| Бардыгы | 876500 |