Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2012-жылдын 27-июну № 327
"Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган транспорт каражатын сатуу тартиби жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- "Бишкек шаарынын муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуу тартиби жөнүндө" жобо (1-тиркеме);
- администрациянын жана юридикалык жактын профсоюздук уюмунун отурумунун протоколунун үлгүсү (2-тиркеме);
- транспорт каражатынын техникалык абалынын актысынын үлгүсү (3-тиркеме);
- транспорт каражатынын баланстык наркы жөнүндө маалымкаттын үлгүсү (4-тиркеме);
- транспорт каражатын сатып алуу-сатуу келишиминин үлгүсү (5-тиркеме).
2. Бишкек шаарынын мэриясы транспорт каражатын сатуу боюнча ачык аукционду даярдоо жана өткөрүү боюнча комиссиянын иш-регламентин иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын кароосуна киргизсин.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик жана жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (У.Е.Адылбеков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б.О.Дюшембиевге жүктөлсүн.
Бишкек шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А. Кайыпов |
| Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 27-июнундагы N 327 токтомуна 1-тиркеме |
Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган транспорт каражаттарын сатуу тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Бул жобо Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган транспорт каражаттарын сатуу тартибин аныктайт.
2. Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган транспорт каражаттарын сатуу боюнча уюштуруучу болуп бул жобо менен аныкталган тартипте муниципалдык менчикти башкаруу жана тескөө боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) саналат.
3. Менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатып алуучулар (мындан ары - талапкер) боло алышат.
4. Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган транспорт каражаттарын мамлекеттик каттоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан сатып алуу-сатуу келишиминин негизинде жүргүзүлөт.
5. Муниципалдык юридикалык жак - бул өз балансында транспорт каражаттары бар уюм, мекеме, ишкана.
2. Транспорт каражатын баалоо
6. Транспорт каражатын баалоону ыйгарым укуктуу органдын табыштамасы боюнча лицензияланган көз карандысыз баалоочу гана жүзөгө ашырат.
7. Көз карандысыз баалоочу транспорт каражатын баалоо боюнча корутундуда баалоо учуруна рыноктун конъюнктурасын эске алуу менен транспорт каражаттын абалы боюнча рыноктук наркын көрсөтөт.
8. Көз карандысыз баалоочу транспорт каражатын баалоо боюнча корутундунун ишенимдүүлүгү үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык юридикалык жоопкерчилик тартат.
3. Транспорт каражатын сатуу тартиби
9. Транспорт каражатын сатууну каалаган муниципалдык юридикалык жак сатуу зарылчылыгынын негиздемесин бул транспорт каражаттын паспорттук-техникалык маалыматтарынын тиркемелери менен ыйгарым укуктуу органга арыз берет.
10. Транспорт каражатын сатуу үчүн ыйгарым укуктуу органдын дарегине төмөнкү документтерди берүүсү керек:
- муниципалдык юридикалык жактын сатуу зарылчылыгынын негиздемеси менен транспорт каражатын сатууга арызы;
- администрациянын жана юридикалык жактын профсоюздук уюмунун отурумунун протоколу;
- транспорт каражатынын техникалык абалы жөнүндө акт;
- муниципалдык юридикалык жактын жетекчиси жана башкы бухгалтери тарабынан күбөлөндүрүлгөн баланстык нарк жөнүндө маалымкат;
- транспорт каражатынын техникалык паспорту.
11. Ыйгарым укуктуу орган тиркелген документтери менен катышуучулардын арыздарын кабыл алат жана каттоону жүргүзөт. Аукцион өткөрүү жөнүндө маалымат аны өткөрүү күнүнө чейин 30 (отуз) күндөн кем эмес мезгилде массалык-маалымат каражаттарында кулактандыруу жарыяланышы керек.
12. Транспорт каражатын сатууга арыз ыйгарым укуктуу орган тарабынан келип түшкөн күндөн тартып бир айдын ичинде каралат.
13. Муниципалдык юридикалык жактын жетекчиси берилген документтердин ишенимдүүлүгү үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамына ылайык жоопкерчилик тартат.
14. Көз карандысыз баалоочу тарабынан транспорт каражатын баалоо боюнча корутунду берилгенден кийин ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте ачык аукцион аркылуу транспорт каражатын сатууга укуктуу.
15. Ачык аукционду даярдоо жана өткөрүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлүүчү комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат.
16. Ачык аукционду даярдоо жана өткөрүү боюнча комиссиянын курамына Бишкек шаардык кеңештин депутаттары, ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрү, муниципалдык юридикалык жактын өкүлдөрү жана жарандык коомдун 2 өкүлү кирет. Транспорт каражатын сатуу боюнча ачык аукционду даярдоо жана өткөрүү боюнча комиссиянын курамы Бишкек шаарынын мэри тарабынан бекитилет.
17. Ачык аукционду өткөрүү боюнча комиссия комиссиянын мүчөлөрүнүн бирине аукциончунун иш-милдетин жүктөйт.
18. Ачык аукционго коюлуучу транспорт каражаттары лотторго бөлүштүрүшү керек.
Талапкер ачык аукционго катышуу укугун алуу үчүн ачык аукциондун уюштуруучусуна төмөнкүлөрдү берет:
а) лоттун номерин көрсөтүү менен соодага катышуу ниети жөнүндө жазуу түрүндөгү арыз;
б) талапкер - жеке жактын инсандыгын тастыктоочу документ;
в) талапкер - юридикалык жактын жетекчиси экендигин тастыктоочу документ, же талапкер - жеке же юридикалык жактын атынан чыгуу укугуна ишеним кат;
г) кепилдик төгүм (шерт пул) төлөнгөндүгүн тастыктоочу төлөм документтери.
19. Кепилдик төгүм (шерт пул) талапкерлер тарабынан ыйгарым укуктуу органдын күнүмдүк эсебине накталай эмес которуу жолу аркылуу же ыйгарым укуктуу органдын кассасына накталай төлөө жолу менен киргизилет.
Кепилдик төгүмдүн өлчөмү транспорт каражаттарын сатуу боюнча комиссия тарабынан айтылган лоттун старттык наркынын 10 (он) пайызынан ашпаган өлчөмдө аныкталат.
20. Ачык аукциондун жеңүүчүсү менен келишим түзүүдө кепилдик төгүмдүн (шерт пулдун) суммасы транспорт каражатынын сатуу наркына кошулат.
21. Эгер талапкер ачык аукциондо бир нече объекттер боюнча катыша турган болсо, кепилдик төгүм (шерт пул) ар бир объект боюнча өзүнчө киргизилет.
22. Кепилдик төгүм (шерт пул) 10 (он) календардык күндүн ичинде төмөнкүлөргө кайтарылып берилет:
а) соодада утпай калган ачык аукциондун катышуучуларына;
б) эгерде ачык аукцион болбой калса;
в) ачык аукционду өткөрүү күнүнө 3 күн калганда ачык аукционго катышуудан баш тарткан учурда.
23. Транспорт каражатын сатуу боюнча ачык аукциондо протокол жазылат жана ачык аукцион өткөрүү күнүндө комиссия тарабынан бекитилет.
24. Сатып алуу-сатуу келишимин түзүү укугу старттык баадан (баалануучу наркы) эң көп сумманы сунуш кылган ачык аукциондун жеңүүчүсүнө берилет.
25. Транспорт каражатын сатуу жөнүндө протокол бекитилгенден кийин муниципалдык юридикалык жак ачык аукцион өткөрүү күнүндө ачык аукцион жеңүүчүсү менен сатып алуу-сатуу келишимин түзөт.
26. Ачык аукцион жеңүүчүсү сатып алуу-сатуу келишимин түзүүдөн баш тарткан учурда, кепилдик төлөмдүн суммасына жоопкерчилик тартат.
Бул учурда ачык аукциондун жеңүүчүсү болуп бир кадамга төмөн сумманы сунуштаган талапкер саналат жана сатып алуу-сатуу келишимин түзүү укугу кийинки талапкерге өтөт.
27. Жарыяланган старттык баа боюнча транспорт каражатын сатып алууга кызыкдар катышуучулар жок болгон учурда, транспорт каражаттарды сатуу боюнча комиссия старттык бааны төмөндөтүү, бирок 25 пайыздан көп эмес көлөмдө төмөндөтүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
28. Ачык аукциондун жеңүүчүсү транспорт каражаты үчүн ачык аукциондун протоколуна кол коюлган күндөн тартып 10 (он) календардык күндөн кеч эмес акы төлөөнү жүргүзүшү керек.
29. Сатып алуучу тарабынан акы төлөнгөндүгү жөнүндө документтери көрсөтүлгөндөн кийин ыйгарым укуктуу орган транспорт каражаттарды сатып алуу-сатуу келишимин 5 нускада бекитет.
Мында:
- 1 нуска - ыйгарым укуктуу органда калат;
- 1 нуска - сатып алуучуга жөнөтүлөт;
- 1 нуска - транспорт каражатын мамлекеттик каттоодон өткөрүү иш-милдетин аткарган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлөт;
- 1 нуска - Жол кыймылы коопсуздугу башкармалыгына жөнөтүлөт;
- 1 нуска - муниципалдык юридикалык жакка өткөрүлүп берилет.
30. Муниципалдык юридикалык жак транспорт каражатын сатуу боюнча ачык аукцион өткөрүү менен, анын ичинде транспорт каражатын баалоо кызматтарын төлөөгө байланышкан чыгымдарды төлөөнү жүргүзөт.
31. Транспорт каражатын жол-жоболоштуруу менен байланышкан чыгымдар аукцион жеңүүчүсүнүн эсебинен жүргүзүлөт.
32. Эгерде муниципалдык мүлк анын чарбалык башкаруу укугуна өткөрүлүп берилген болсо, транспорт каражатын сатуудан түшкөн акча каражаттар муниципалдык юридикалык жактын тескөөсүндө калат.
33. Эгерде муниципалдык юридикалык жак толук бюджеттик каржылоодо турган болсо, транспорт каражатын сатуудан түшкөн акча каражаттар жергиликтүү бюджетке жөнөтүлөт.
| Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 27-июнундагы N 327 токтомуна 2-тиркеме |
Үлгү
Администрациянын жана юридикалык жактын
профсоюздук уюмунун отурумунун
ПРОТОКОЛУ
__________________________________________________________________
(юридикалык жактын аталышы)
______________ шаары 20_-жылдын "___" _____________
Күн тартиби
Транспорт каражатын сатуу жөнүндө ________________________________
Катышты: _________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Токтом кылышты:
1. ________________________________________________ жаранга, уюмга
(аты-жөнү, уюм)
мам. номери ___________________________________________________________ кыймылдаткычы _________________________________________________________ чанагы ________________________________________________________________ шасси _________________________________________________________________ чыккан жылы ___________________________________________________________ _____________________________________________________________ сатылсын.
2. Транспорт каражатынын техникалык абалын баалоо боюнча комиссия төмөнкү курамда түзүлсүн: _____________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
3. Сатылуучу транспорт каражатын жана техникалык документтерди ыйгарым укуктуу органга сатуу үчүн даярдасын.
Катчы ____________________________________________________________
(аты-жөнү)
Жетекчи __________________________________________________________
(аты-жөнү)
Бишкек шаардык кеңешинин
аппарат жетекчиси Э.Нурдавлетов
| Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 27-июнундагы N 327 токтомуна 3-тиркеме |
Үлгү
БЕКИТЕМИН
___________________________
20__-жылдын "___" _________
Транспорт каражатынын техникалык абалынын
АКТЫСЫ
______________ шаары 20_-жылдын "___" _____________
Транспорт каражатынын техникалык абалын баалоо боюнча комиссия төмөнкү курамда: ______________________________________________________
(юридикалык жактын аталышы)
Комиссиянын төрагасы:
_______________________________________________________________________
(кызматы, аты-жөнү)
Комиссиянын мүчөлөрү:
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ транспорт каражатынын техникалык абалын текшерип көрүүнү жүргүзүштү.
1. Маркасы, модели жана түсү _____________________________________
2. Мам. номери ___________________________________________________
3. Чыг. жылы _____________________________________________________
4. Жалпы жүрүү аралыгы ___________________________________________
5. Кыймылдаткычы _________________________________________________
6. Шасси _________________________________________________________
7. Чанагы ________________________________________________________
8. Баштапкы (тарыхый) наркы __________________________________ сом
9. Амортизациялык эскирүүсү __________________________________ сом
10. Баланстык наркы __________________________________________ сом
11. Техникалык паспорту __________________________________________
(номери, ким тарабынан берилген)
12. Транспорт каражатынын сырткы абалы ___________________________ _______________________________________________________________________
(комплекттүү, комплектүү эмес)
13. Транспорт каражатында төмөнкү деталдар, түйүндөр, агрегаттар жок: __________________________________________________________________
14. Негизги түйүндөрдүн жана агрегаттардын техникалык абалынын мүнөздөмөсү
шасси ____________________________________________________________
чанагы ___________________________________________________________
кыймылдаткычы ____________________________________________________
кыймыл берүү кутусу ______________________________________________
алдыңкы көпүрөсү _________________________________________________
арткы көпүрөсү ___________________________________________________
башка түйүндөрү жана агрегаттары _________________________________
15. Транспорт каражатынын техникалык абалы жөнүндө корутунду _____ _______________________________________________________________________
16. Ээсинин дареги _______________________________________________
Төрага ___________________________________________________________
(аты-жөнү)
Комиссиянын мүчөлөрү _____________________________________________
(аты-жөнү)
_____________________________________________
_____________________________________________
Бишкек шаардык кеңешинин
аппарат жетекчиси Э.Нурдавлетов
| Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 27-июнундагы N 327 токтомуна 4-тиркеме |
Үлгү
Транспорт каражатынын баланстык наркы жөнүндө
МААЛЫМКАТ
__________________________________________________________ берилди
(транспорт каражаты, номердик агрегаты)
Маркасы __________________________________________________________
Мам. номери ______________________________________________________
Чыккан жылы ______________________________________________________
Жалпы жүрүү аралыгы ______________________________________________
Кыймылдаткычынын N _______________________________________________
Шасси ____________________________________________________________
Чанагы ___________________________________________________________
Баштапкы (тарыхый) наркы _____________________________________ сом
Амортизациялык эскириши ______________________________________ сом
Баланстык наркы ______________________________________________ сом
Жетекчи __________________________________________________________
(аты-жөнү)
М.О.
Башкы бухгалтер __________________________________________________
(аты-жөнү)
Бишкек шаардык кеңешинин
аппарат жетекчиси Э.Нурдавлетов
| Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 27-июнундагы N 327 токтомуна 5-тиркеме |
Үлгү
БЕКИТЕМИН
___________________________
20__-жылдын "___" _________
Транспорт каражатын сатып алуу-сатуу
КЕЛИШИМИ
Сатуучу __________________________________________________________
(юридикалык жактын аталышы)
________________________________________________ негизинде аракеттенген
(уставдын, жобонун, жеке демилгенин)
________________________________________________________________ атынан
Сатып алуучу _____________________________________________________
(юридикалык жана жеке жактын аталышы)
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамына ылайык төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүштү:
1.1. Транспорт сатуу боюнча ачык аукциондун протоколунун негизинде, сатуучу сатып алуучуга менчикке ___________________________________ _______________________________________________________________________
(транспорт каражатынын аталышы)
өткөрүп берет.
1. Маркасы, модели жана түсү _____________________________________
2. Мам. номери ___________________________________________________
3. Чыккан жылы ___________________________________________________
4. Жалпы аралыгы _________________________________________________
5. Кыймылдаткычы _________________________________________________
6. Шасси _________________________________________________________
7. Чанагы ________________________________________________________
1.2. Сатуучу транспорт каражаты менен бирге анын техникалык паспортун өткөрүп берет.
1.3. Сатып алуучу транспорт каражаты үчүн ачык аукциондун протоколу менен белгиленген сумманы __________________________________________ _______________________________________________________________________
(сумма жазуу түрүндө)
20__-жылдын "__" _________ чейин төлөйт.
1.4. Бул келишим тараптар өзүнө алган милдеттерин толук аткарган күндөн тартып күчүнө кирет.
1.5. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон 5 нускада түзүлдү.
Мында бирден нуска Муниципалдык юридикалык жакка, Жол кыймылы коопсуздугу башкармалыгына, транспорт каражатын мамлекеттик каттоодон өткөрүү иш-милдетин аткарган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, муниципалдык мүлктү башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, сатып алуучуга берилет.
Сатуучу Сатып алуучу
______________________ ______________________
"__" _________________ "__" _________________
М.О. М.О.
(юридикалык жак үчүн)
Бишкек шаардык кеңешинин
аппарат жетекчиси Э.Нурдавлетов