Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын XXX сессиясы
2016-жылдын 10-февралы № 1
Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2016-жылга карата келечектүү иш планын бекитүү жөнүндө
2016-жылга карата Жалал-Абад шаардык кеӊештин келечектүү иш планы Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» жана башка мыйзамдардын негиз кылып түзүлдү. Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин жооптуу катчысынын шаардык кеңештин 2016-жылга карата келечектүү иш планын бекитүү жөнүндө маалыматын угуп чыгып, шаардык кеңештин кезектеги XXХ-cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2016-жылга карата келечектүү иш планы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жалал-Абад шаардык кеңешинин аппаратына 2016-жылга карата кабыл алынган келечектүү пландын негизинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигине мамлекетик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б. Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарына расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык Кеӊешинин төрагасы |
Э.Ормоков |
| Жалал-Абад шаардык кеңешинин «10» февраль 2016-жылдагы XХХ- сессиясынын № 1- токтомуна №1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамдарына, Жалал-Абад шаардык кеңештин регламентине жана башка укуктук ченемдик актыларга таянып 2015-жылга карата шаардык кеңештин келечектүү иш планында приоритеттик багыты катары төмөнкүлөрдү эсептейт:
Жергиликтүү бюджетти бекитүү, анын аткаруусун көзөмөлдөө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде жергиликтүү салыктарды, төлөмдөрдү жана жыйымдардын төлөнүшүнө көзөмөл жүргүзүү;
Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигин эффективдүү пайдаланууну көзөмөлдөө;
Шаардын социалдык – экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программасынын аткарылышын көзөмөлдөө;
Жалал-Абад шаарынын сырткы архитектуралык абалы жөнүндө.
№ | Иш чаранын аталышы | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар |
I. Шаардык Кеңештин сессиясында каралуучу маселелер | |||
| Шаардык кеңештин 2016-жылга келечектүү иш планын бекитүү; | 2016-жылдын I-кварталы | Э.Ормоков (төрага) Б.Беркбаева (жоопту катчы) |
| Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2014-жылдын аткарылышын угуу жана бекитүү; | 2016-жылдын Февраль-март | Шаардык финансы бөлүмү, шааардык салык инспекциясы, бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясы, мэрия жана анын структуралык бөлүмдөрү, бюджеттик мекеме-ишканалар. |
| Жалал-Абад шаарынын 2016-жылга шаардык бюджетинин түзүлүшүн бекитүү жана 2017-2018-ж.ж. бюджетинин божомол (прогноз) көрсөткүчтөрүн кароо жөнүндө; | 2016-жылдын I-кварталы | Шаардык финансы бөлүмү, шааардык салык инспекциясы, бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссия |
| Шаардын базарларынын жана соода түйүндөрүнүн абалы, ал жерде сатылып жаткан азык-түлүк жана күнүмдүк товарлардын сапаты жөнүндө | 2016-жыл февраль-март айлары | Өнөр-жай, ишмердүүлүк, соода жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясы, мэрия, керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаменти |
| Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2015-жылдын аткарылышын угуу жана бекитүү; | 2016-жылдын Апрель-май | Шаардык финансы бөлүмү, шааардык салык инспекциясы, бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясы, мэрия жана анын структуралык бөлүмдөрү, бюджеттик мекеме-ишканалар. |
| Шаардагы муниципалдык мүлктү ревизиялоо, муниципалдык менчикте турган имараттардын пайдалануусуна анализ жүргүзүү | 2016-жылдын I-кварталы | Курулуш коммуналдык чарба, транспорт жана байланыш боюнча туруктуу комиссиялар, муниципалдык менчикти башкаруу комитети (ММБК). |
| Шаардагы парктардын жана эс алуучу аянттардын жалпы абалы (парк жана эс алуучу аянттардагы жерлердин жана имараттардын ижарага берилгендиги жөнүндө, пакртардагы аттракциондордун сапаты жана техникалык коопсуздугун кароо) | 2016-жылдын III-кварталы | Курулуш коммуналдык чарба, транспорт жана байланыш боюнча туруктуу комиссия, ММБК |
| Депутаттардын шайлоочулар менен жолугушуусун уюштуруу | 2016-жылдын 2-квартал | Шаардык кеӊештин аппараты, мэрия, аймактык башкаруулар |
| Жалал-Абад шаарындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринини абалы жөнүндө. Шаардыктарды медициналык санитардык жардам көрсөтүүсүнүн сапаты жөнүндө | 2016-жылдын Апрель | Социалдык, укуктук маселелер, Регламент, мыйзамдуулук, коомдук уюмдар, партиялар менен байланышуу боюнча шаардык кеңештин туруктуу комиссиясы, саламаттыкты сактоо мекемелери, ҮДБ |
| Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруучу мекеме-ишканалардын, салык инспекциясынын бюджеттин толтуруу боюнча ишмердүүлүгүн кароо | 2016-жылдын октябрь-сентябрь | Бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссия, ММБК, керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаменти, шаардык салык инспекциясы |
| Шаардык кеңештин төрагасынын аткарган иштери боюнча маалыматын угуу | 2016-жылдын декабрь | Шаардык кеңештин төрагасы
|
Шаардык кеңештин аппаратынын уюштуруу иштери | |||
| Шаардык кеңештин сессиясын даярдоо, туруктуу комиссиялардын отурумдарын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу иштери | Планга ылайык | Шаардык кеңештин аппараты |
| Туруктуу комиссияларга, аймактык депутаттык топторго иш план түзүү жана ишти уюштуруу боюнча усулдук жана практикалык жардам көрсөтүү | Ар дайым | Шаардык кеңештин аппараты |
| Ч. Айтматов, Достук, Спутник, Курманбек, Тайгараев аймактык башкармаларынын ишине усулдук жана практикалык жардам берүү | Ар дайым | Шаардык кеңештин аппараты |
| Депутаттардын жана аппарат кызматкерлеринин семинар-тренингдерге, коомдук иш чараларга катышуусун камсыздоо | Зарылдыкка жараша | Шаардык кеңештин аппараты |
| Шаардык кеңешке түшкөн арыз, каттар жана документтер менен иштөө | Ар дайым | Шаардык кеңештин аппараты |
| 23-февраль, 8-март, Нооруз, 9-май жеңиш күнүн, Эгемендүүлүк күнүн, улгайган адамдар күнүн, шаар күнүн, майыптар күнүн, Жаңы жыл майрамын өткөрүү боюнча уюштуруу иштерине катышуу
| Календарь боюнча
| Шаардык кеңештин аппараты |