Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын XIX сессиясы
2015-жылдын 16-июну № 19/4
Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин атын
өзгөртүү жана ЖОБОсун бекитүү жөнүндө
Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин атын озгортуу жана ЖОБОсун бекитуу жонундо сунушту угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жонундо” Мыйзамынын 31-беренесинин 5-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кенешинин IV чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаар башкармалыгынын алдындагы мунципалдык менчик департаменти Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти деп озгортулсун жана ЖОБОсу тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)
2. Mамлекеттик реестрге киргизуу жагы Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Баткен областык болумунон суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо Исфана шаардык Кенешинин муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жуктолсун.
Исфана шаардык Кеӊешинин төрагасы |
А. Рахманкулов |
| Исфана шаардык Кенешинин IV чакырылышынын 2015-жылдын 16-июнундагы кезектеги XIX сессиясынын №19/4 токтомуна тиркеме. |
Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин ( ММД )
ЖОБОСУ
1.Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин
жалпы жобосу.
1.1 Муниципалдык менчик департаменти (мындан ары –департамент) Исфана шаар мэриясынын түзүмдүк болуму болуп саналат .
1.2 Департамент оз иш аракеттеринде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын , Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Указдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн укуктук актыларын жана ЖОБОСУН, Исфана шаардык Кенешинин жана Исфана шаарынын мэринин токтомдорун жана буйруктарын жетекчиликке алат.
1.3 Департамент юридикалык жак болуп саналат, оздук жеке баланска ,банктык мекемелерде эсеп кассалык счетко, мамалекеттик тилде жана орус тилинде озунун аталышы корсотулгон тоголок моорго, штампка, иш-каналык жеке бланкага жана башка тийиштүү документтерге ээ.
1.4.Мекеменин мамлекеттик тилде аталышы: «Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти » Мекеменин мамлекеттик тилде кыскартылган аталышы: Исфана шаар мэриясынын алдындагы « ММД» Мекеменин расмий тилде аталышы: « Департамент муниципальной собственности при мэрии города Исфана.
Мекеменин расмий тилде кыскартылган аталышы: « ДМС» при мэрии г.Исфана»
1.5 Департамент жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы ,Баткен областы Лейлек району Исфана шаары, И.Раззаков көчөсү №10
2.Департаменттин негизги функциялары жана милдеттери
2.1 Департаменттин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
· Исфана шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктөрдү жана жер ресурстарын белгиленген тартипте натыйжалуу башкаруу жана тескөө;
· Департаменттин курамдык болукторунун уюштуручулук .укуктук ,маалыматтык аналитикалык жана контролдук –башкаруу иш аракеттери менен камсыз кылуу;
· Турак жай жана турак жайдык эмес фонддордун объектилерин муниципалдык менчиктик баланска алуу жана кармоо;
· Шаардык мэриясынын карап чыгуусунда Департаменттин курамдык болумдорун кайра уюштуруу;
· Мөөнөттүү эмгек келишиминин негизинде жумушка алуу;
· Аткарган иштин көлөмүнө жараша түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде эмгек акы төлөп берүү;
· Исфана шаарынын аймагынан Муниципалдык менчик Департаментине тушуучу киреше булактарын табуу , жыйноо , уюштуруу жана көзөмөлдөө;
· Муниципалдык менчик объектилерин каттого алуу ,алардын колдонуусунун, сакталуусунун жана эксплуатациялануусунун үстүнөн жургузуу жана аларды максаттуу онуктуруу;
· Муниципалдык менчик объектилерин негизги каражаттарынын ар бирин Реестрде каттодон откоруу менен камсыз кылуу;
· Даярдоо жана шаардын мэринин чечими менен зарылчылык пайда болгондо ,жер участокторун сатып алуу,сатуу,алмаштыруу жана ижарага алуу келишимдерин тузуу жана ишке ашыруу.
· 3 (үч) жылга чейинки мөөнөткө (кыска мөөнөткө) муниципалдык менчиктеги жерлерге ижара келишимин түзүү
· Шаардык жер саясатты, анын ичинде, шаардык жерлерди, жер үчүн акынын өлчөмдөрүн баалоо жана аларды алуу тартибинин методологиясын жана критерийлерин, шаардык жерлерди жогорку натыйжалуу пайдаланууну экономикалык стимулдаштыруу механизмин, экологиялык жактан таза жана рационалдуу, жер пайдалануунун механизмин өзүнө камтыган жер мамилелерин жөнгө салуучу экономикалык –укуктук системаны ишке ашырууну иштеп чыгууда жана камсыз кылууда катышуу;
· Исфана шаарында жер участокторуна укуктарды берүү боюнча арыздарды кароо жана жер маселелери боюнча комиссияга тийиштүү материалдарды анын ичинде , Исфана шаарында жер участокторуна укуктарды берүү боюнча сатууларды уюштуруу жана жүргүзүү бөлүгү боюнча даярдоо;
2.2 Департамент озунун компетенциясынын чегинде томонку функцияларды аткарат;
· Муниципалыдык менчиктик объектилеринин негизги каражаттарын Реестрден откорот;
· Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине тийиштүү болгон кыймылсыз объекттердин реестрин жүргүзүүнү жүзөгө ашырат, Исфана шаарынын мүлкүнө тийиштүү мамлекеттик каттоо органдарында муниципалдык менчик укуктарды каттоодо Исфана шаар мэриясын көрсөтөт;
· Исфана шаарынын муниципалдык менчик чарба жүргүзүүдө, оперативдүү башкарууда, мөөнөттүү (убактылуу) кайтарымсыз пайдаланууда бекитүүнү жол- жоболоштурат;
· Муниципалдык жана мамлекеттик мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын чарба жүргүзүүсүндө жана оперативдүү башкаруусунда турган жер участокторду кошо, Исфана шаарынын муниципалдык мүлкүнүн сакталышын жана багыты боюнча пайдаланышын контролдоону (көзөмөлдөөнү) жүзөгө ашырат;
· Исфана шаарынын мүлкүн, жер участокторун кошо ижарага берүүчү катары чыгат;
· Исфана шаар мэриясына Исфана шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз мүлктүн обьекттерине жана жер участокторуна чектелген буюм укуктарды берүүдөн жана менчиктештирүүдөн каражаттардын шаардын бюджетине түшүү болжолун даярдайт жана берет, бул түшүүлөрдү камсыз кылуу үчүн тийиштүү чараларды көрөт, ошондой эле жогоруда саналган каражаттардын түшүүсүнө көзөмөлдү жүзөгө ашырат;
· Исфана шаарынын турак эмес жайлар фондунун обьекттерин сатуу боюнча ишти жүзөгө ашырат, Исфана шаарынын муниципалдык менчигинде турган турак эмес жайларды, ошондой эле жер участокторун сатуу жөнүндө сунуштарды колдонуудагы мыйзамдарга ылайык уюштурат жана киргизет;
· Исфана шаарынын мүлкүнүн наркын көз карандысыз баалоону жүргүзүү боюнча ишти уюштурат;
· Исфана шаарында жер участокторуна укуктарды берүү маселелери боюнча чечимдердин (токтомдордун) ижара жана сатуу-сатып алуу келишимдердин долбоорлорун даярдайт;
· Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилүүчү жер участокторду пайдалануу үчүн ижара акыларды эсептөөнү жүргүзөт;
· Юридикалык жана жеке жактардын аларга жер участокторун берүү жөнүндө арыздарын (өтүнүч каттарын) кароо мөөнөтүн бузууларга жол бербөө жана четтетүү боюнча чараларды көрөт;
· Жарнактык щиттердин, тышкы жана ички жарнактардын устунон «Жарнак жонундо мыйзамдын» негизинде ,менчиктик формасына карабастан алардын устунон контролдоону ишке ашырат;
· Шаар мэриясынын чечими менен муниципалдык мулкту , юридикалык жана жеке жактарга менчикке, чарбачылыкка , оперативдик башкарууга ,колдонууга жана ижарага беруугө байланыштуу болгон келишимдерди даярдайт:
· Жер участкалырын ижара же менчиктик укуктарынан толом алуу шартты башкаларга беруудогу документтерди даярдоого катышат;
· Соода (ачык аукциондордо ,конкурстарда )жургузууго байланыштуу болгон уюштуруучулук иш-чараларда жана жер участкаларына болгон менчикке ээлик жана ижарага беруу укуктарын сатууда туздон –туз катышат;
· Жер участкаларын сатуудан тушкон акча каражаттарынын оз убагында келип тушуусун контролдойт жана учетко алат .Шаардын мэринин чечими менен акча каражаттарын чогултуу иш –аракеттерин ишке ашырат:
· Озунун курамдык болумдорунун иш-аракеттерин координациялайт жана башкарат:
· Муниципалдык менчиктик объектилеринин абалдарынын начарлоосуна жол берген юридикалык же жеке жактарды административдик жана башка турдогу жоопкерчиликке тартуу санкцияларын колдонот жана ошондой эле зарылчылык пайда болсо келишимди бузууга чейин барып,белгиленген тартипте келтирилген жоготууну толотуу же кайтаруу чараларын корот;
· Муниципалдык менчиктик объектилерди керектуу абалда кармоо ,чыгарылган продукция,кызмат жана ошондой эле ижара акысын белгилоо жана анын ондоолусу боюнча аткарылган иштер учун бааларды жана тарифтерди белгиленген тартипте иштеп чыгуу жана аныктоо тиркемелерин киргизет;
· Турак жайдык эмес фонддорду болуштурууну конкурстук жана тендердик негизинде ишке ашырат,ижара келишмдерин тузот,имараттарды ижарага алган жеке жана юридикалык жактардан ижара чогултат:
· Шаардык уюмдарга жана мекемелерге же болбосо муниципалдык ишканаларга ижарага берилген турак жайдык эмес имараттардын жана негизги каражаттардын колдонулуусун учетко алат жана контрол жургузот ;
· Мамлекттик откоруп алуу коммисиясынын мучосу –укугунун негизинде муниципалдык менчиктик толук капиталдык ремонттон ,реконструкциядан отуп буткон объектилерди откоруп алууда катышат ;
· Шаардык мэриянын карооосуна пайда келтирбеген ишканаларды же иштерди кайра профилдоо жана инвестиция кылуу аркылуу алардын экономикалык абалын ондоо же муниципалдык мулкторду башка ишканаларга откоруп беруу боюнча сунуш киргизет;
· Акционердик жана башка коомчулуктар ,уставдык фонддор менен биргелешип
· ишкана , турак-жай курууга шаар мэринин макулдашуусу менен кирет же баштайт;
· Муниципалдык менчиктик мулктордун камсыздандыруусун ишке ашырат;
· Юридикалык жана жеке жактарга муниципалдык (комуналдык) мулкторду имараттарды ,жер участкаларын жана авто унаа койуучу жайларды чарбачылык жургузууго ,оперативдик башкарууга ,ижарага берууго жана колдонууга берет жана ошондой эле муниципалдык мулкторду сатууну(турак жайдык эмес имараттарды ,автоунааларды ) тийиштуу мыйзамдардын негизинде ишке ашырат:
3.Департаменттин укуктары
3.1 Жуктолгон милдеттерин жана функцияларынын аткарылуусун камсыз кылуу максатында департемент томонку укуктарга ээ:
· Озунун компетенциясынын чегинде буйрук катарында чыга турган департементинин бардык курамдык болуктору жана башка жактар тарабынан созсуз турдо аткарылууга тийиш болгон чечим кабыл алуу ,жана ошондой эле алардын аткарылуусун текшерууго :
· Шаар мэриясынын карап чыгуусуна Департаменттин курамдык болумдорунун кайра уйюштуруу, жабуу же болбосо жаны курамдык болумдорду уюштурууга байланыштуу болгон суроолорду киргизууго;
· Курамдык болумдорго тапшырмаларды берууго , алардын аткарылуусу жонундо отчет талап кылууга жана башкаруучулардын жоопкерчиликтуулугу боюнча чечим кабыл алууга ;
· Курамдык болумдордун иш-аракеттерин координациялоого :
· Департамент курамдык болумдорунун иш-аракеттеринин эффективдуулугун аныктооо максатында жана чечимдердин аткарылуу натыйжаларына карата комплекстуу текшеруу откорууго;
· Юридикалык жана ЖЕКе жактардан муниципалдык менчиктерди керектуу абалда кармоо боюнча тузулгон келишимдик жоопкерчиликтердин аткаруусун талап кылууга жана Исфана шаарынын мэриясына алардын дагы жакшыраак колдонуу боюнча сунуш киригизууго:
· Мулкторду колдонуучулар тарабынан же ижарачылар тарабынан имараттарды колдонуу боюнча тузулгон келишимдик жоопкерчиликтердин аткарылбоо учурларында ,аларды жоюу максатында керектуу чараларды корууго;
4.Департаменттин ишин уюштуруу жана башкаруу
4.1 Муниципалдык менчик департаментинин башчысы – шаардык Кеңештин макулдугу менен өткөрүлгөн конкурстун натыйжасында шаар мэри тарабынан дайындалуучу жана жумуштук орундан бошотулуучу –башчы тарабынан башкарылат . Департаменттин кызматчылары конкурстардын натыйжасында дайындалат жана жумуштан Департаменттин башчысы тарабынан КРнын мыйзамдарына ылайык бошотулат.натыйжасында шаар мэри тарабынан дайындалуучу муниципалдык кызмат оруну.
4.2 Муниципалдык менчик департаментинин башчысы төмөнкүлөрдү аткарат:
· Департаменттин иш аракеттирин оз алдынча озунун компетенциясынын чегинде чечет жана уюштурат ,ошондой эле департаментке жуктолгон милдеттердин жана функциялардын аткарылуусу учун жеке жоопкерчиликти озуно алат;
· Келишимдерди тузууго ишеним кагаздарды берууго ,буйруктарды чыгарууга,акчалай каражаттарды жана мулкторду башкарууга жана колдонууга укуктуу;
· Башка юридикалык жана ЖЕКе жактардын алдында Департаменттин окулу болот. Кадрларды тандоодо конкурстун негизинде иш алып барат жана дайындайт.
· Департаменттин кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындайт жана кызматынан бошотот.
· Департаменттин курамдык болумдорунун жана штаттык аппараттын жадыбалын анын курамын, кызматтык нускамаларын бекитет:
· Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык деп кызматкерлерине карата сыйлоо чараларын колдонот жана аларды жазалайт. негизинде жумуш кунунун тартибин белгилейт:
· Департаменттин кызматкерлеринин иш акыларынын шарттарын жана формасын бекитилген иш акы фондусунун чегинде аныктайт:
· Диссциплинардык толотуп алуу жана дем беруу чараларын корот:
· Депанртаменттин кызматкерлерин иш сапарга жиберүү маселелерин белгиленген тартипте чечет;
Администрация жана коллективдин мучолорунун ортосундагы жумуш келишимдер Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин чегинде контарктык негизинде башкарылат.
5. КАРЖЫЛОО БУЛАКТАРЫ
5.1 Департаменттин иш-аракетин каржылоо шаардык бюджеттин эсебинен жана атайын каражаттын эсебинен жүргүзүлөт. Ошондой эле мамлекеттик бюджеттен шаардык чарбачылыкка иш аракеттерди ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн каражаттар жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каражаттар эсептелинет. Өзүнүн бюджети болуп бир жылдык түзүлгөн акча каражаты шаардык Кеңеш тарабынан бекитилген сметанын негизинде аткарууга алынат. Муниципалдык менчик департаменти сметада бекитилген өз эсебиндеги акча каражаттарын болуштуруучу болуп эсептелет.
5.2.Департаменттин мулктору анын курамдык болумдорунун балансында турган мулктордон турат.
5.3.Департамент анын балансында турган мулкторду оперативдик башкаруу укугунун негизинде башкарат жана колдонот.
6.ДЕПАРТАМЕНТТИ ЛИКВИДАЦИЯ КЫЛУУ ЖАНА КАЙРА УЮШТУРУУ
6.1.Департаментти ликвидация кылуу жана кайра уюштуруу, КРнын мыйзамдарында каралган жоболордун негизинде,керектуу тартипте ишке ашырылат.Департаментти ликвидация кылуу чечими шаар мэри же сот тарабынан чыгарылат.
6.2.Департаментти ликвидация кылууга жана кайра уюштурууга томонкулор негиз боло алат:
- шаар мэринин чечими;
- департаментке башкарууга берилген мулкту туура колдонууга жатпаган же мулкко залал келтируу фактылары;
- департамент тарабынан башкарылган жана колдонулган турак жай-коммуналдык
чарбалык обьектилеринин менчиктик формаларынын озгортулуусу.
6.3. Департаментти ликвидация кылуу жана кайра уюштуруу учурунда андан айдалган
жумушчулардын укуктары жана кызыкчылыктары КРнын мыйзамдарынын чегинде сакталат.