Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-февралы № 2/5
Исфана шаарынын аймагындагы маданий билим берүү жана ушул сыяктуу объектилердин аталыштарын берүү жана жаныча аталыш берүү жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө
Исфана шаардык Кеңешинин Исфана шаарынын аймагындагы маданий билим берүү жана ушул сыяктуу объектилердин аталыштарын берүү жана жаныча аталыш берүү жөнүндө Жобону угуп жана талкуулап депутаттардын Исфана шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаарынын аймагындагы маданий билим берүү жана ушул сыяктуу объектилердин аталыштарын берүү жана жаныча аталыш берүү жөнүндө Жобо бекитилсин. (Жобо тиркелет).
2. Исфана шаарынын аймагындагы маданий билим берүү жана ушул сыяктуу объектилердин аталыштарын берүү жана жаныча аталыш берүү ушул жобого ылайык жүргүзүлсүн.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Баткен областтык бөлүмүнөн суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин билим берүү, маданият, мамлекеттик тил жана каада-салт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Депутаттардын Исфана шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Рахманкулов |
| Депутаттардын Исфана шаардык кеңешинин IV чакырылышынын - II сессиясынын 2013-жылдын 27 - февралындагы №2/5 токтомуна тиркеме |
Исфана шаарынын аймагындагы маданий билим берүү жана ушул сыяктуу объектилердин аталыштарын берүү жана жаныча аталыш берүү жөнүндө ЖОБО
Исфана шаарынын аймагында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы георгафиялык аталыштар жөнүндө» мыйзамдын негизинде көпчүлүк айылдарга, поселкаларга жана Объектилерге тарыхый аттары кайтарылып берилип, Кыргыз Республикасынын административдик аймактык бөлүнүшү жөнүндө китепке киргизилген.
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө» мыйзамынын 7-статьясына ылайык айылдагы, поселкадагы парктарга, аянттарга, көчөлөргө, маданий, билим берүү объектилерин атоо жана жаныча аталыштарды берүү, аларга көрүнүктүү инсандардын наамын ыйгаруу жергиликтүү Кеңештердин ыйгарым укуктарына кирет.
Ошондуктан жергиликтүү Кеңештердин чечими менен географиялык объектилердин атын атоо мурда аталбаган жана жаныдан түзүлгөн объектилерге гана берилет.
Жергиликтүү Кеңештердин ыйгарым укугуна кирген объектилерге аталыштарды берүү жана аларга көрүнүктүү инсандардын аттарын ыйгаруу өзгөчө учурларда мыйзамдын чегинде ишке ашырылууга тийиш.
I. Айылдарда, поселкаларда парктарга, аянттарга, аллеяларга, көчөлөргө, билим берүү жана ушул сыяктуу башка маданий объектилерге белгилүү мамлекеттик, коомдук ишмерлердин атын берүү, алардын козу өткөндөн 5 жылдан кийин гана Кыргыз элинин алдында төмөндөгүдөй синирген эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын атуулдарынын ысымдары ыйгарылышы мүмкүн:
- Советтер Союзунун Баатыры.
- Социалисттик эмгектин Баатыры.
- Кыргыз Республикасынын Баатыры.
- Мурдакы СССР Жогорку Советинин депутаты.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты.
- Кыргыз Республикасынын Эмгек синирген жана Эл ишмерлери.
- «Манас» орденинин кавалери.
- Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы менен 3 жолудан кем эмес сыйлангандар.
- Кыргыз Республикасынын тармактык министрликтеринде министр болуп эмгектенгендер.
Шаардык Кеңештин атына:
- Маданий билим берүү жана ушул сыяктуу объектилерге жаныча аталышты берүү жөнүндө демилгелүү топтун арызы. (Эгерде көрүнүктүү инсандын аты коюлса, анын өмүр таржымалы, синирген эмгеги жөнүндө маалымат).
- Объект жайгашкан айылдагы, шаардагы элдик жыйындын токтому. Эгерде айыл кичине болсо (500 түтүнгө чейин) элдик жыйынга алардын үчтөн экиси, андан көп болсо шаардык Кеңеш тарабынан аныкталган контингент боюнча делегат шайлоо жолу менен конференция өткөрүү.
- Эгерде айрым объектилерди атоодо эл арасында талаш-тартыштар, пикир аркылуу чечилет. Чогулушка же конференцияга аталган шаардык Кеңештин төрагасы сөзсүз катышуусу зарыл.
- Объектин эмгек жамаатынын жалпы чогулушунун токтому, мекеме, уюмдун жогорку органдарынын окулунун катышуусу менен.
- Исфана шаардык Кеңештин токтому.
Шаардык Кеңештин токтомунун негизинде аталган объектинин эмгек жамааты тааныштырылат, жергиликтүү газета-радио аркылуу жарыяланат.
Объектинин көрнөктөрү, мөөрү, штампы райондук ички иштер бөлүмүнүн уруксаты менен өзгөртүлөт.
Объектти көрүнүктүү инсандын атына кайра атоо жөнүндө презентация (салтанаттуу чогулуш) өткөрүлөт.
Жобо Исфана шаардык Кеңешинин сессиясында бекитилген күндөн баштап күчүнө кирет.
Депутаттардын Исфана шаардык кеңешинин жооптуу катчысы |
З. Туяков |