Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сүлүктү шаардык Кеңешинин XX сессиясы
2016-жылдын 17-февралы № 131
Сулукту шаарынын жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдарынын (мэрия, кенеш) резервдик фонду жөнүндө
Шаардык бюджетти бекитүүдө каралбаган, шаардык мэрия менен шаардык кенеш тарабынан социалдык – маданий жана башка иш-чараларды откоруу жана материалдык жардамдарды уюштуруу боюнча, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” мыйзамынын 21 беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарынын талаптарына ылайык финансы жана бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын сунуштарын эске алып Сулукту шаардык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сулукту шаарынын жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдарынын (мэрия,кенеш) резервдик фонду жөнүндө Жобо бекитилсин (тиркелет).
2.Фонд Сулукту шаарынын кабыл алынуучу жергиликтуу бюджетинин жергиликтуу бюджеттин чыгымдарынын коломуно карата 1 пайызга чейинки олчомдо тузулушу аныкталсын.
3.Бул токтомдун жана Жобонун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык каржы болумуно жүктөлсүн.
4.Токтомдун жана Жобонун аткарылышын көзөмөлгө алуу, финансы жана бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Сүлүктү шаардык Кеӊешинин төрагасы |
К. Исмаилов |
| Шаардык кенештин 17.02.2016-ж. №131 токтомуна тиркеме |
Сулукту шаарынын жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдарынын (мэрия,кенеш) резервдик фонду жөнүндө
ЖОБО
Жалпы жоболор
1.1. Ушул Жобо Сулукту шаарынын жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдарынын (мэрия, кенеш) резервдик фондунун каражаттарынын түзүлүшүнүн жана чыгымдалышынын тартибин жөнгө салат.
1.2. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Мыйзамынын 21 беренесине ылайык, натыйжалуу иш жүргүзүү үчүн Сулукту шаарынын жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдарынын (мэрия,кенеш) резервдик фонду түзүлөт. (мындан ары - Фонд).
1.3 Сулукту шаарынын жергиликтуу оз алдынча башкаруунун резервдик фонду жергиликтуу бюджеттин чыгымдарынын коломуно карата 1 пайызга чейинки олчомдо тузулот
1.4 Сулукту шаарынын жергиликтуу оз алдынча башкаруунун резервдик фондусунун акча каражатынын 70%ти аткаруу бийлигине-шаардын мэриясына, 30%ти окулчулуктуу органына-шаардык кенешке болуп беруу оз ара макулдашуу менен аныкталат.
2.Фондду колдонуу тартиби.
2.1. Фонддун бөлүнгөн бюджеттик каражаттары, Сулукту шаарынын бюджетин кароодо жана бекитүүдө каралбаган, материалдык жардам жана экономика, социалдык – маданий жана башка иш-чаралар боюнча чыгымдарды жабуу үчүн колдонулат.
2.2. Маселелерди чечүү үчүн Фонддун каражаттары төмөндөгү максаттарга бөлүнөт жана колдонулат:
- майрам күндөрү расмий иш-чараларды өткөрүүгө;
- Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине жана катышуучуларына, эмгек ардагерлерине, ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана шаардын аз камсыз болгон катмарына бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө;
- шаардын аймагында жайгашкан, социалдык – маданий жана административдик объектилерди жана инфраструктураларды курууга, оңдоого жана материалдык – техникалык базасын жакшыртууга жарым-жартылай каржылоого колдоо көрсөтүүгө;
- расмий даталарга арналган, шаардык масштабда өтүүчү иш-чараларды өткөрүүгө;
- кесиптик майрамдарга байланыштуу эмгек сиңирген жумушчуларды сыйлоого;
- спорт иш-чараларынын катышуучуларына, ошондой эле шаардын илимий жана маданий иштерине финансылык колдоо көрсөтүүгө;
- Коомдук – саясий, социалдык – маданий, каада-салт жана этностор аралык иш-чараларга байланыштуу тренингтерди, кеңешмелерди, тегерек столдорду, жыйындарды жана конференцияларды өткөрүүгө;
- Өкүлчүлүктүү чыгымдарга (шайлоочуларды, делегацияларды, өкүлчүлүктөрдүн жана башка эл аралык түзүмдөрдүн өкүлдөрүн кабыл алуу);
- жумушчуларга, анын ичинде пенсияга чыгууда, ошондой эле Кеңеште мурун иштеген пенсионерлерге бир жолку материалдык жардам көрсөтүүгө.
2.3. Резервдик фонддун каражаттарын төмөндөгүлөргө колдонууга тыюу салынат:
- киреше алып келген, ишмердүүлүккө же коммерциялык максаттарга;
- өкмөттүк эмес уюмдардын ишин кармоого жана камсыздоого;
- бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акысынын көлөмүн жогорулатууга;
- шаарда өткөрүлүүчү юбилейлерди, тойлорду жана башка көңүл ачуучу иш-чараларды уюштурууга.
3. Каржылоонун шарттары.
3.1. 5 миң сомго чейин акча каражатты шаарда жашаган бир кайрылуучуга (юридикалык, жеке жак) берүү жөнүндө маселелердин чечимин шаардын мэри жана шаардык кеңештин төрагасы кабыл алат.
3.2. 5 миң сомдон жогору акча каражатын бөлүү жөнүндө маселелердин чечимин жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдарынын алдында тузулгон комиссиясы менен макулдашуу аркылуу шаардын мэри жана шаардык кеңештин төрагасы кабыл алат.
3.3. Шаарда жашаган бир кайрылуучуга акча каражат, Сулукту шаарынын жергиликтуу башкаруу органынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүндө, 1 жолу гана берилет.
4. Эсеп жана отчёттуулук
4.1. Каражаттарды башкаруучу жана алуучулар Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, Фонддун акча каражаттарынын сакталышы, максаттуу жана натыйжалуу колдонулушу үчүн жеке жоопкерчилик алып барышат.
4.2. Фонд боюнча эсеп жана отчёттулукту Сулукту шаардын мэриясынын жана Сулукту шаардык кеңешинин башкы бухгалтери жүргүзөт.